(Проза)
Автор Сансызбай Канназаров
1-БӨЛҮМ
Гүлназдын өмүрүндөгү эң бактылуу күндөрүнүн бири – дарыгерден:
– Сиз кош бойлуусуз, куттуктайбыз. Бул биринчи балабы? – деген сөздү уккан күнү болду.
Ошол күнү ал өзүн таптакыр башка дүйнөгө кирип кеткендей сезди. Көчөдө жел согуп турганы да, асмандагы булуттар да, айланадагы адамдар да ага өзгөчө кубаныч тартуулап жаткандай сезилди.
– Мен эми эне болом. Жүрөгүмдүн астында кичинекей жүрөк пайда болуп жатат. Оо, Жараткан, ушул күндөргө жеткиргениңе шүгүр! – деп, жүрөгү кубанычка толуп жүрдү. Ай санап, күн санап, наристесин бооруна кысып ала турган күндү чыдамсыздык менен күттү. Төрөтканадан чыккан алгачкы ыйы али да эсинде. Ал ый Гүлназдын өмүрүндөгү эң жакшы аткарылган тилегинин күүсүндөй жаңырды. Наристесин биринчи жолу колуна алганда:
– Кош келиңиз, кичинекей периштем. Сен менин жүрөгүмдүн бөлүкчөсүсүң. Сенин бактылуу жашооң үчүн колдон келгендин баарын кылам, – деп, баласынын кулагына шыбырап, бооруна кысып, маңдайынан өөп жиберди. Бир нече ай бою эне-баланын жашоосу башкалар үчүн кадимки эле күнүмдүк көрүнүштөрдүн бири болгон менен, Гүлназ үчүн таптакыр башкача – кубанычка жана шаттыкка толгон мезгил болду. Кайын атасы акылдашып, балага Аззам деп ат койду. Түн ортосунда Аззам ойгонуп ыйласа, анын ар бир үнү Гүлназга эң сонун обондой угулчу. Кыз чагында апасынан жана жеңелеринен уккан бешик ырларын эстеп, уулуна кошо ырдап, бешигин терметип ырдап берчү. Баласынын кичинекей манжаларын назик кармап, бетинен улам өөп койчу.
Бирок убакыт өткөн сайын Гүлназдын жүрөгү бир нерсени сезгендей болду. Уулу Аззамды теңтуш балдар менен салыштырганда, айырмасын байкап жүрдү. Башка балдар эмгектеп, тили чыгып, түшүнүксүз болсо да кайсы бир сөздөрдү айта башташты. Аззам бир жашка чыкса да, өз алдынча атын атап чакырбаса, ордунан кыймылдап эмгектебей, баспай койчу. Эки жашка чыкканда барып, болгону “Ата” деген сөздү так айтып үйрөндү. Башка сөздөрдү дегеле айта берчү эмес.
Бир күнү Гүлназ уулун шаардагы балдар дарыканасына алып барды. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүп, жыйынтыгын тынчсызданып күттү. Тилекке каршы, жыйынтык күткөндөй болгон жок. Ак халатчан дарыгер көпкө чейин унчукпай , бир нерселерди кагазга жазып отуруп:
– Балаңыздын мээсинин өнүгүшүндө кемчиликтер бар окшойт. Биз аны дагы бир жолу тереңдетип текшеришибиз керек. Азырынча айланадагы нерселерди өз убагында кабыл ала албай жатат. Кудай кааласа, баары жакшы болуп кетет. Мен азыр бир-эки дары жазып берем. Ошолорду убагында берип туруңуз. Анан кайрадан келип текшертип көрөсүз, жыйынтыгын ошондо билебиз, – деди.
Дарыгердин бул сөздөрү Гүлназдын жүрөгүнө ок сыяктуу сайылды. Дарылануучу жайдан чыгаары менен көз жашына ээ боло албай ыйлап жиберди. Көчө тараптагы маршруткага түшүп баратып, жашын сүртүп баласына карады. Бейкапар наристеси энесине карап жылмайып койду. Ошол күлкүсүн көрүп, Гүлназ дагы да ичтен эзилип ыйлап алды. Түнү бою көзүнө уйку келбей, терезеден айга тигиле карап:
– Сен эч кимден кем эмессиң. Кем болушуң мүмкүн эмес. Кудай буюрса, бул ооруну чогуу жеңебиз, уулум, – деп, уктап жаткан баласына көз кыры менен улам карап койду.
2-БӨЛҮМ
Аззам айланасында болуп жаткан окуяларды таптакыр жакындан кабылдайт. Кыймылы жай болсо да, анын ар бир кадамы өзүнчө бир жаңылык сыяктуу. Айланадагы жарыкты да, көлөкөнү да, түрдүү үндөрдү да, атүгүл жакындарынын ага болгон мамилесин да башкача кызыгуу сезими менен кабыл алат. Көчөдө болуп жаткан ызы-чуулар Аззамдын жүрөгүнө коркуу жаратат. Машиналардын үнү, адамдардын сүйлөшүүсү, күлүп келип бетинен чымчып ойногондоруна чейин анын башын айлантат. Бирок үйдөгү кичинекей гана бөлмөнүн ичиндеги үндөр анын жан дүйнөсүнө тынчтык тартуулап, рахат алып тургандай. Ал болгону өзүнүн ички дүйнөсүндө сүйлөшөт.
Айландагылар үчүн анын эки ооз сөзү жетишсиздей көрүнөт. Бирок Аззамдын ар бир кадамы өзүнчө кубулуш эле. Аззам жети жашка толгондо Нукустагы шаардык билим бөлүмүнө караштуу 27-мектептин 1-“З” коррекциялық классына кабыл алынды. Класс жетекчиси коррекциялык тажрыйбасы мол Саидова Сайёра эже болчу. Коомдо өзгөчө мүмкүнчүлүккө ээ он бешке жакын баланы тажрыйбасына таянып окутуп жаткан. Алгач окуучулардын мүнөз-күлкүлөрүн байкап жүрүп, бир күнү ар кимиси ар кандай кыйкырып кыймылда отурган балдарын тынчтандыруу үчүн музыка коюп берди. Музыканы угары менен эле класс ичиндеги ызы-чуу тып этип токтоп калды. Балдар ар кимиси ар кандай кабыл алып жатышты. Бири уялып башын партага коюп жатса, экинчиси деңиз толкунуна түшкөн сыяктуу теңселип отурду. Ал эми Аззам көзүн жумуп алып, колдорун асманга сунуп, чайкала баштады. Сырттан караган адамга бул көрүнүш, адаттан тыштай сезилиши мүмкүн. Бирок мугалими Сайёра эженин көзү менен караганда, ар бир баланын жасап жаткан кыймыл-аракети ошол музыкадан ырахат алып жаткандыгынын белгиси болчу. Күндөр өтүп жатты. Аззамдын башка балдар менен аралашып кетиши албетте оңой эмес эле. Себеби алар билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй үстүнөн күлүшү мүмкүн. Ошентсе да, коррекциялық класстагы окуучулар өз дүйнөсүндө, башкалар түшүнө алгыс деңгээлде бактылуу болушчу. Алар мугалими койгон оюнчуктар менен сүйлөшүп ойношот. Өз кубанычын бизге жагымсыздай сезилген кыйкырык-шаң аркылуу билдиришет. Ар бир оюнчук алар үчүн өзүнчө кубаныч эле.
Сайёра эже балдарын карап туруп:
– Оюнчуктар менен тааныштыңар. Эми силерди түстөрдүн дүйнөсүнө алып барайын! – деп, ар биринин алдына бирден сүрөт, аппак кагаз жана түркүн түстүү карандаштарды коюп чыкты.
– Кана, Аззам, экөөбүз ушул сүрөттү тартып көрөлү. Мына бул карандаштардын арасынан өзүңө жакканын тандап ал, – деди.
Аззам алгач мугалиминин айткандарын толук түшүнбөсө да, колдорун карап, “сүрөт салабыз” дегенин түшүндү. Анан өзү жактырган бир карандашты алып, ак кагазга чиймелеп из сала баштады.
– Кана, Зульфия кызым, Азатбек, Азизбек! – деп, Сайёра эже башкаларга да карандаш узатып, сүрөт тарттырды.
Балдардын сүрөт тартып жатканы сырт көзгө жөн гана ак кагаздын бетине карандашты ары-бери чиймелеп жаткандай көрүнөт. Бирок Сайёра эже үчүн ар бир окуучунун аракетке катышып жатканы – тапшырманы аткарууга болгон умтулуусунун белгиси болчу.
3-БӨЛҮМ
Гүлназ менен Аззам үчүн мектеп бул жөн гана сынактарды жеңип өтүүчү машыгуучу жай эмес, көздөрдө жалын болуп жанган үмүттүн мекени эле. Коррекциялык класстагы мугалим Сайёра эже балдарга жөн гана сабак өтпөстөн, ар бир баланын жүрөгүнөн орун табууга аракет кылган акылман устаз болчу. Ага бир нече практикант студенттер жардам берип, ар бир балага өзгөчө көңүл буруп, жаңы усулдарды ойлоп таап, иш жүзүндө сынап турушчу.
– Гүлназ, Аззамдын жөндөмүн ачыш үчүн биз да, сиз да сабырдуу болушубуз керек. Биз аны өзү түшүнө алган жол менен өнүктүрөбүз. Класстагы ар бир окуучу менен практикант студенттер түрдүү оюндарды уюштуруп, алардын күчтүү жактарын ачууга аракет кылып жатышат. Ошондуктан бизден талап кылынганы – сабыр гана! – деди Сайёра эже.
Аззам алгач мектепке көнө албай жүрдү. Бирок күн өткөн сайын, “Аззам, мектепке кеттик” деп айта электе эле баштыгын асынып, шашып бут кийимин кийиши, мугалимдер менен практикант студенттердин тынымсыз мээнетинин үзүрү экенин айкындап турду.
Бул күнү да адаттагыдай Аззам шашып бут кийимин кийип, көчөгө жүгүрүп чыкты. Аны ким мектепке алып барары ага кызык деле эмес эле. Ар күнү үйрөнчүк жол менен көчөнүн башына чуркап жөнөдү. Мурда дайыма апасы коштоп барчу. Бирок бүгүн аны атасы коштоп бармак болду.
Аззам шашып алдыга кетти. Атасы артынан жеткенде, уулунун алда качан мектепке баруучу автобуска отуруп алганын көрүп таң калды. Анткени мурда ага “Аззам, түшөбүз” дебейинче, эч качан автобуска отурчу эмес. Автобус жүрүп кетти. Аззам болсо мектепке жеткенче кабатыр болуп, чыдамсыз отурду. Атасы уулунун бул толкундануусун сүйүнүү менен карап турду.
Автобустан түшө сала мектепке чуркап жөнөдү. Атасы болсо артынан карап:
– Оо, Кудай, шүгүр сага! Бар болгону эки айдын ичинде мектепке барчу жолду жаттап алган турбайбы? – деп таңдануусун жашыра алган жок. Мектепке кире бериштен көптөгөн мугалимдердин арасынан өз мугалимин тааныган Аззам Сайёра эжесине карай колун жайып чуркап барып, кучагына кирди. Бул көрүнүштү көргөн атасынын көзү жайнап, тамагына бир нерсе тыгылып кеткендей болуп жашып кетти. Аздап көзүн сүртүп, кайра артка бурулуп, баласын класстын ичинде издеп турду. Мугалиминин колунан кармап алып, кубаныч менен секирип бара жаткан уулун көрүп, ичинен сүйүнүп күлүп койду. Мектеп алдындагы орундукка барып, жаңы эле көз алдында болгон окуянын чын эле болгонун ишене албай бир аз ойго чөмүлдү. Анан телефонун алып, жубайына чалды:
– Алло, Гүлназ.
– Алло…
– Сага жаңылыгым бар.
– Кандай жаңылык, аманчылыкпы?
– Аманчылык, аманчылык. Биздин Аззамда чоң өзгөрүү бар…
– Кандай өзгөрүү?
Атасы көз алдында болуп өткөн окуяларды бирден-бирден таңдана айтып берди.
– Оо, көз тийбесин! Күн өткөн сайын окууга болгон ынтасы артып жатат. Ал эч нерсе эмес. Классына кирип эшигинен шыкаалап көрсөң, тактайга мугалим көрсөткөн тамгаларды так жазып жатат, – деди Гүлназ.
– Анда мен барып көрөйүн.
Ал уулунун классын таап барса, эшиги ачык экен. Эшик жанында 30–35 жаштардагы эки келинчек кубана балдарын карап турушкан экен. Ал да акырын барып, салам айтып, аларга кошулду.
– Аззам, мага кара! Бүгүн биз тамгаларды үн чыгарып айтпайбыз. Мен кайсы тамганы айтсам, сен ошол тамганы жаз. Болобу, балам? Кана, Аззам тамгаларды жаза алабы? Баарыбыз бирге көрөлү, ээ?! – деди мугалим, практикант кыздарга көзүн кысып.
– Албетте, биздин Аззам жазат. Ишенбесеңиз, тамга айтып көрүңүз, дароо жазып берет! – деди алардын бири шыктандырып.
– Анда кана, “А”ны жазалы! – деди мугалим.
Айта электе эле тактайда чоң “А” пайда болду.
– Айттым го! – деп, практикант кыз колун чаап жиберди. Ага кошулуп бүт класс кубаныч менен кол чаап жиберди.
Аззам кубанып:
– А-а-а! – деп кош буттап секирип турду.
Анын тактайга жазган ар бир тамгасы жөн гана билим эмес, жаңы дүйнөгө ачылган эшик эле. Практикант студенттер ар кадамда окуучуларды колдоп, кучактап, беттеринен өөп шыктандырып турушту.
Ал күнү сабак бүткөнгө чейин атасы сырттан уулун карап турду. Баласын класстан алганда мугалимине:
– Бүгүнкү сабагыңыз өзгөчө болду. Чоң рахмат сиздерге! – деди.
– Биз күн сайын ушундай кылып окуучулардын ынтасын арттырабыз. Ар бир оюн аркылуу, ар бир усул менен алардын ичиндеги жашыруун мүмкүнчүлүктөрүн ачууга аракет кылабыз. Үн менен түскө, тамгалар менен окуяларга өзгөчө эмоция кошуу аркылуу, балдарды көндүрүп жатабыз. Коррекциялык класстагы ар бир ийгиликтин артында чоң мээнет жатат! – деди Сайёра эже. Чындыгында эле ар бир жетишкендиктин артында мугалим менен практикант студенттердин түгөнгүс эмгеги бар эле. Атүгүл Аззам сүрөт тартып, курала турган оюнчуктар менен көп кабаттуу үйлөрдү чогултуп чыгарганда да, анын артында Сайёра эже менен практиканттардын үзүрлүү мээнети жаткан. Кийинки күндөрү баласы сабакта кандай өнүгүп жатканын көрүү үчүн Гүлназ менен жолдошу кезектешип мектепке барып, Аззамды коштоп жүрүүнү адат кылышты.
4-БӨЛҮМ
Гүлназ үчүн ар бир аткан таң жаңыдан башталып жаткан сыноо. Бирок ар бир сыноонун акыры түгөнгүс кубаныч менен жуулары сөзсүз. Күн сайын таң эрте менен Аззамдын бөлмөсүндө баштала турган кичинекей ырым-жырымдар: анын оюнчуктарын жыйноо, ар түркүн түстөр менен музыка аркылуу оюндарды уюштуруу, сөздөрдү чогултуп сүйлөөгө үйрөтүү баары-бири мээрим менен чыдамкайлыктын көрүнүшү. Үйдө Гүлназ Аззамды ар бир кадамында колдоп, дем берип турат, мектепте болсо мугалими менен практикант студенттер. Анткени Аззамдын ар бир баскан кадам сайын окуу көнүгүүлөрүн өздөштүрүп бара жатышы Гүлназдын да, Саийора апа менен практиканттардын да жеңиши. Аззам биринчи жолу классташы туура эмес жазып жатканын түшүндүрүп, ачууланып, өзүнүн эмоциясын көрсөттү. Аны байкаган мугалими жылмайып койсо, Гүлназ таң калган бойдон эки колу менен оозун басып калды.
– Көрдүңбү, Гүлназ? Биз мына ушундай тактикалар аркылуу окуучулардын аң-сезимин ойготобуз. Билсең, мактоо эң күчтүү курал. Дал ушул курал аркылуу биз балага күч-кубат беребиз! – деди мугалими.
5-БӨЛҮМ
Кечки саат 21:00дөр чамасы эле. Күндүзү улам күлүп, улам секирип ойноп жүргөн Аззам тым-тырс болуп калды.
– Аззамдан кабар алып койчу. Негедир эле тым-тырс болуп калды го, – деди Гүлназ күйөөсүнө.
– Азыр тамак даяр болуп калат.
– Жакшы. Анда мен барып баламдан кабар алайын, – деп, атасы Аззамдын бөлмөсүнө кирип келди. Кирери менен кайра сыртка чыгып:
– Гүлназ… ээ, Гүл-на-аз! – деп шыбырады.
Гүлназ да:
– Эмне болду, аманчылыкпы? – деп шыбырай жооп кайтарды.
– Бери келчи, Аззам…
– Аззамга эмне болду?
– Жүрө бер, бери кел! – деп колун жаңсап чакырды.
Гүлназ «аманчылыкпы» деп, акырын, бутунун учунда басып Аззамдын бөлмөсүнүн алдына келди. Шып этип эшиктен шыкаалай карады. Караса, Аззам үстүндөгү футболкасын чечип, үстөлдүн үстүнө жайып коюптур. Колуна сүрөт дептерин алып, көзүн жумуп, карандашын башына такап ойлонуп отурат. Үстөлдүн үстүндө футболка. Футболкада болсо панданын сүрөтү бар. Аззам болсо ошол футболкадагы панданын сүрөтүн дептерге түшүргүсү келип, ой жүгүртүп отурган экен.
– Эмнени кылып отурат деп ойлойсуң? – деп сурады атасы.
– Менимче, тапшырма күткөнсүп жатат!
– Кайсы тапшырма?
– Сүрөт тарт деген!
– Анда, тапшырма бер.
– Эмне дейин?
– Билбейм. Балким, сүрөт тарт десең.
– Макул! Аззам… Панданын сүрөтүн тарткың келип турабы? Тарт, балам. Билем, сенин колуңдан келет. Азыр тамак даяр болуп калды. Чайыңа сүт кошуп даярдап жаткан элем, ташып кетпесин, сенден кабар алайын дегенмин.
Сүрөттү тартып бүткөн соң бизге көрсөтүп кел, жакшыбы? – деди Гүлназ баласынын башын сылап.
Аззам да:
– Жакшы! – дегендей башын ийкеп койду.
Гүлназ чайын демдеп келип, тамагын да даярдап келди. Атасы болсо Аззамдан кийинки уулу Бахрамды тамактандырып отурду. Ошол аралыкта бөлмөнүн эшигинен Аззам башын чыгарып, жылмая карады.
– Оо-уу, менин балапаным эмне кылып жатат экен? – деди атасы.
– Сүрөтүңдү тартып бүттүңбү, балам? Бүткөн болсоң алып келчи, көрөлү, – деди Гүлназ.
Аззам эркелеп, тартынгандай болуп колундагы сүрөт дептерин атасына сунду. Атасы алып карап туруп:
– Ох-оо-о… Менин балам панданын сүрөтүн тартыптыр го! – деп, Гүлназга карап күлдү.
Гүлназ да:
– Анда, мен да көрөйүнчү! – деп колун сунду.
– Карачы, агасы! «Кунг-фу Панда» деп так жазып коюптур, – деди.
Аззамдын ата-энеси баласынын тарткан сүрөтүн суктанып көрүп, жазганын улам-улам окуп, бири-бирин кучактап, бетинен өөп кубанычка батышты.
Саийора апа, мектеп босогосун аттап кирген периштелер үчүн да, алардын ата-энелери үчүн да жөн гана тамга үйрөткөн мугалим эмес, алардын көзүндө жанып турган чыныгы үмүт нуру эле. Анткени ал назик периштелердин гана эмес, эртеңкинин жаш мугалимдерине да үлгү болуп, балдар менен кантип иштешип, кантип колдоп, алардын ата-энелерине дем берип турууну да үйрөтө алды. Жүрөгү толкунга толуп, өз мектебине шашып бара турган Аззам заматта көз ачып-жумганча төртүнчү класска өттү. Толук так сүйлөй албаса да, мугалим берген үй тапшырмасын өзү аткарат. Ата-энесинин жардамысыз жазууларды да өз алдынча жаза баштады. Мектептен үйгө келгенде мугалиминин тапшырмасын бүтүрмөйүнчө тынч албайт. Ал гана эмес, кайра мектепке барып мугалимине көрсөтүп мактоо угууга шашат.
Кыргыз тилге которгон
Кундузбү Маматова
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5