6- Акыркы бөлүм.....
. Айыл ичи кепке толду. Чооң жаңылык болду. Уккан кулактын баары тообо кылды. Айназик болсо жаман атты болуп, күнөөлү болуп калды. Элдин сөзүнөн , көзүнөн коркуп, качып кетти.
Бул кесепет баарын ойлонтуп койду. Ата энелер ар бир кызына көз салып, текшерип калышты. Бир айтышат, эки айтышат бирок баарибир эл да айта берүүдөн тажайт туура. Акыры чарчаган сыңарындай эл да унутту. Кээ бирөөсү жамандап айтса, кээ бирөөсү тообо кылып, адашты деп туура түшүнүүгө аракет кылып айтып жатышты.
Арак —бул адамды азгырат. Аны ичкен сайын өткөндү унутуп, жыргал жашоого алып кирип, убактынча эс алдырат. Эртең бирок кайра эле ошол гөр. Күндө ичип жүрүп, өзүң билбеген акыбалда ага баш отуң менен кирип ансыз бир күнүң да өтпөй калат. Үй бүлөөң, дос тууганыңдан да чыгасың. Айрыласың. Асанкалый да кудум ошондой акыбалга түштү. Өз кайгысы өзү менен. Убагында токтотууга аракет кылып, күйгөн адамдар кези келип, карап та койбой калышты. Ишеничтен да чыкканда.. Ичпе —деп айтпай кайра бир стакан алып берип оозун жаап өтүп калышты...
Убакыт бул билинбей өтүп жатты... Кече эле бир сындырым нанды алып, арыкта агып жаткан сууга батыра жеп, ойноп оюнга тойбой жүргөн Гүлназик та окууну аяктап , Болуш болсо эл катары иниси Уланды алып, чет өлкөгө жумушка кетти. Айназик борбор калабызда тигүүчүлүк цехте иштеп , үйүнө тамак ашка жетерлүү акча салып жүрөт....
Гүлназикта эжесинин артынан кетти. Асанкалый менен Гүлназ экөө эле тиктешип бир үйдө ээн калышты... Ошол эски там. Эч бир жер өзгөрүлбөдү. ... Кошуна колоңдордун үйү эки этаж болуп заңгырап, той болуп кыз беришип , уул үйлөшүп аябай өзгөрүштү.. Көчөдө ойногон жаш небере балдары... Дагы деле Асанкалый келе жатса шымдарын көтөрө албай безип качышат.. Уруша кетсе сен Асанкалыйсың , сен алкашсың дешсе кээ бирөөсү сен Гүлназсың деп мыскылдашышат. Айылда ушундай кейипке киришти. Эч ким кирди чыкты да кылышпайт.
Асанкалый да өзү менен өзү. Ичип ар жерде уктап , өзүнө келсе дагы ичип,... Гүлназ болсо жазды жаз дебей кыбырап иштеп жүрө берет...
Күз келип, кыштын камын эле көрүп, баары күз менен күрөшүп жүргөн кез. Асанкалыйдын үйнө унаа келип токтоп, ичинен бир аял, түшүп ойноп жүргөн жаш балдардан сурап калат.
——Ай балдар, Асанкалый аванын үйү касыл ?'
—Мына ушул үй.
——Ии рахмат , азаматтар —деп ,рулда олтурган киши да түшүп ээрчишип кирип келишти... Үйүндө эч ким жок, экөө ичкери кирбей эшик алдында жалдырап көпкө турушту. Бир кезде челегин колуна алып, Гүлназ келип калды.. Бүлдүркөн терип талаага кеткен эле..
——Келиңиздер !
——Саламатсызбы эже!? Сиз ушул үйдө турасызбы, Асанкалый аванын байбичеси болосузбу?
——Ооба , ошондой. Сиздерди тааныбай турамын...
——Биз алыскы жолдон келдим. Кулдук уруп, мындай жай олтуруп сүйлөшөлү...
——Аа кириңиздер. Эсимден кетиптирго. Үйгө кириңиздер.
Келген конокторго жай салып күтүп алды.
Асанкалый да кичине кызып кирип келди...
Баары олтуруп калган кезде.
——Гүлназ эже, Асанкалый ава, кап этпейсиздер. Сиздердин кызыңар Гүлназик менен биздин инибиз Өмүрбек сүйлөшүп жүрүшөт экен. Бишкектен Казахстан га качып кетишиптир. Эки жаш бактылуу болсун...Эми айлабыз түгөндү . Айназик деле жаш кыз экен. Мен билбеймин дегенинен келдик. Кулдук уруп келдик. Эми жазда той беребиз. Алдыңыздардан өткөнү келдик. Ата энем каары адамдар, алар келе алышпады.
Сөзүн укпай эле Асанкалый бакырып кетти.
——Кандайча жазда той бересиңер. Кызды алып келип койгула. Милиция га берем. Эенеңди урайындар. Тургула чыккыла үйүмдөн. Азыр мууздап саламын. Кызымды тез жеткиргиле.—деп келген конокко асылды..
Гүлназ Асанкалыйдын колунан сүдүрөп чыгып;
——Оозуңду жап. Кетип калышыптыр. Буларда күнөө жок. Кызыңда кептин баары. Адам кылып келип олтурса. Тийгени эсеп, бактылуу болсун —деп оозун басты.. Келбей койгондо эмне кылмаксыз?!
Асанкалый үйгө кирбей кайра чыгып кетти..
Гүлназ бир азга ордунда Асанкалыйды кайтарууну туура көрбөй ;
—Кетсе аары өтүп кетсин. Келгени менен эмненин башын чечип ийип кыйратмак эле. Колунан ичип алып, түшүнүп—түшүнбөй эле кыйкырып беттен алыш келет. Ушунукку өттү мага —деп кайра меймандардын астына кирди.
Тапкан туткандарын алдына жайда.
Көөпкө сүйлөшүп, олтуруп алып келген белек бекчектерин тапшырышып кетишти. Аларда кудум Асанкалый да эле колунда жок адамдар болчу. Гүлназик шаардан Нургазыны жолуктуруп калып, экөө кыз жигит болуп , Айназиктин кой деген сөзүн укпай Казахстанга качып кетип, ошол жактан экөө биригип алышкан. Нургазынын бир туугандары , ата энеси билип жөнөтүп турган чак болчу...
Меймандар кетишти. Бир кезде түн жарымда кыйкырып, көчөнү жаңыртып Асанкалый келе жаткан. ... Иттерден бөлөк жандын үнү угулбайт... Гүлназ төркү үйгө кирип, эшигин каттуу бекитип жатып алды...
Эшик алдына келип , ——Ээй айбандар чыккыла азыр мен баарыңды сойом ! Айбандар , иттер чыккыла . Менин кыздарым апасындай жалап, бузулуп кетишкен. Көчөдө эле эрден эрге тийип жүрүш—өөт ! Чыккыла ! —деп бакырып жатты.. Уккан кулактын баары жакасын кармады...
Гүлназ тилин тиштеп, ыйлап олтурду ..
—эл укса не дейт? Шерменде ! —деп жүзүн жаап...
——Баары апасын тартып калыптыр. Бузукулар ! —деп ыйлап алды.. Бир кезде каттуу бакырып жатып, жүрөгүн кармап жыгылды.. Ордунан ушунча турууга аракет кылды бирок эч тура албады.. Уйпаланып ошол жерде бир кыйла жатты. Бара бара оозу күрмөөгө келбей , чулдурап бара жатты...Колдору карышып, денеси чыйгырып бүктөлүп калды... Гүлназ кыйлай ыйлап олтурду.. Бир сыйра карганып та алды. Үнү басылып калгандыктан уктап калдыго деп чыгып, оозунан ак көбүк чыгып, бүк түшүп жаткан Асанкалыйды көрүп, жүгүрүп кошуна колоңго бакырып , бир заматта топтолуп кетишти. Унаага салып, оору канага алып жөнөдү...
Оору канада бир ай жатты.. Тууган урук, кошуна колоң барып көрүп келип жатышты. Болуш Улан экөө тапкан акчасын салып атасын даарылатты.. Бирок оору канадан эки бутту жансыз, оң колу кыймылга келбей, тили чулдурап аравада олтуруп чыкты....
Гүлназга абдан оор болду. Жылдырып тосуп, чооң эле адамдын денесин жууп, тамакты жаш балдарча жедирип, оорулу адамды көөпкө бакты... Жаткан жеринде зара чыгарып, бирок ичкенин ошол кезде да токтотподу... Көчөгө чыгып алып, өткөн кеткендерден акча сурап, жаш балдардан арак алдырып ичет. Пенсияга чыгарып койгон ал акчаны да өзү алат. Тамак ашка ошондо да каралашпады.. Үйүнүн тамтык жери калбады. Эшик алдынан колоңсо жыты буркурап, акыркы кезде адамдар да кирүүдөн качып калышты.. Гүлназ жеке эч текеге жетишпе жүрдү...
Бүгүн да мас абалда аравада кыйшайып уктап жаткан Асанкалыйды көрүп , нааразы боло жетип келди . Ызаасына чыдабай көзүнө жаш алды..
——Ээй Асанкалый эмне ичесиң. Той кылбайлыбы ,келин албайлыбы ? Акча чогултуп. Уулуң отузга чыктыго. Сен теңдүү мен теңдүүлөр небере көтөрүп жүрүшөт аа ! —деп аравасын нукуп салды..
——Каткыра күлүп ,колун шилтеп сен башың жок —деп колу менен чекесин бурап көргөздү...
——Акмак,жашабагыр ! Ич ,ич ,гөрүңө да көтөрүп кет. Мага десе ушул жерде өлгүчө ич! —деп каргады...
Кечинде эжеси Жайна менен карындашы Каныкейди чакырты. Кеч келишип, инисин көрүп ыйлап кучактап олтуруп калышты...
Гүлназ сөз ачып, эже , эй кыз , силерди чакыртканымдын да жөнү бар. Иниңиздерди сиздер да каралашкыла. Мен болбой калдым. Башым каттуу ооруп, оозум кыйшайып, кеде колдорум титиреп бир декени да кармай албай калдым. Мына эки жылдан бери өзүм көтөрүп ,өзүм түшүрүп тосуп, бокторун жууп карап багып келдим.. Белимде бел калбады...
Иниңиздер пенсиясын өзү алат, чулдурап булдурап жүрүп, анан базарга баргандарга берип, өзүнө арак, колбаса, шашлык алдырып жейт. Мага бербейт. Ичкенин дагы деле токтотподу.
——Эми келин, биз да бирөөнүн көзүн карап жашап жүрөбүз. Инибиздин кырчындай жаш кезинде эр кылып , карып ооруп калган кезинде сүрүп койгонуң туура эмес. Сен болбой калсаң чакыр балдарыңды карасын атасын. Бергенде берип жаттык!
——Балдарым келбейт. Болуш , Улан тапкан акчасын берип, атасынын даары дармектерине жиберип турушат. Аларда эр жетти жашы отузду таяп калды. Дагы деле үйлөнө элек.
Досторунун баары бала чакалуу болуп калды.
——Эмне үйлөбөйсүң?! Үйлө да биз деле карап олтурбайбыз. Мен бирини , Каныкей экинчичин көтөрүп келип жардам беребиз. Баардык күнө сенде болуп жатпайбы. Эрдин баары окшош. Эмне биздики эле айдан түшүптүрбү?. Биз да келтегин жеп, тилибизди катып жашап келе жатабыз. Кыздарың талаалап жүрөт кой дебедиң. Сен кандай аялсың? Эми биздин бир тууганыбыз кереги жок болуп калдыбы. Балдарды да буруп бүткөн чыгарсың...
Керек болсо жаман десең баш алып чыгып кет.
——Мен эмнеге чыгышым керек? Эмне үчүн? Ушунча кыйналып ,баарына чыдап келип анан үйдү бошотуп чыгып кетейинби?
——Ооба чык, карачы үйдүн кейпин. Ээй сен деген аялсың. Кылып тазалабасыңбы ? Үйүң ажаткана жыттанат. Табитиңди бузуп, чай ичкенден жийиркенет адамдар. Айтып жатышат көргөн билгендер. Акта тазала ар жак бер жагыңды.. Сасып ирип олтура бербей..
——Чыкыла үйдөн! Чыгып кеткиле. Кааласаңыздар тиги алкаш иниңерди да алып кеткиле. Барып бир күн баккыла көрөм анан...
Тим эле айдан сүйлөшөт. Мага жакшы катын болуп көрүнүшүп.
——Ээ өлүкканаңды көрөюн балит. !! Сен таза эмесиң, балдарыңа жакшы тарбияны бербедиң, сен жакшы эмессиң, жакшы болгонуңда менин инимди чыкыйтып алып олтурат элең. Кандай гана жигит эле айылдагы кыздардын баары ашык болуп , бул келесоого кезигип, алып ушул акыбалга түштү.—деп үйдөн чыгып кетишти...
Жөн кетпей« кыздарың да акмак, бузулган»—деп кетишти.
Гүлназ каттуу капа болду.. Колуна чаканы алып, талаага бет алды.. Аравада бакырган Асанкалыйга тигилип та карагысы келбей. Ичинен «мага дессе өл»! Сен да тигилердин бирисиң. Керек болсо бир туугандарыңа керек болбодуңго —деп кетип калды.. Жол жүрө алдынан чыкан адамдар менен жылмайып , учурашып, ар бирине маани берди.
« Ээй кудай бул жашоо кандай гана кооз. Керемет,! Сыйлашып, сый көрүп жашасаң, жетпеген турмушта да деле жакшы жашаган адамдар толтураго. Эмне үчүн сезбедим экен ? »—деген ойлор келди. Күлүп жашоого башкача көз караш менен карап, өзүн алаксытып, баратты..
Ооба бул турмушта көөп азап, кыйынчылык көрдү. Бакыты бул.балдары болду. Турмуштун оорунан жеген келтегинен , ызаасынан, көп ыйлаганлыктан оору ашырды. Жаагы кыйшайып, колу титреп калат бат баттан.. Башы да каттуу ооруп турат...
Күндөр өтүп жатты... Баары өзү менен өзү алек. Болуш келди . Атасыны караганы. Гүлназдын колу бошоп, уулу экөөлөп, үйлөрүн оңдоп жатышты. Уста салып. Гүлназга сутту уй алып берди. Үстүн оңдоп.
Ошондой мезгил. Асанкалый дагы ичип алды. Болуш уйун аркандагы кеткен. Гүлназ болсо оору канада. Жолдо кыйшайып оозунан суусу агып турган кезде , кошунасы сүдүрөп эшигинин алдына көлөкө жерге сүдүрөп келип коюп ,өзү чыгып кетти..
Асманды карады.. Алма даракта дирилдеп жалгыз жалбык турат.. Саргайып , үшүп та калган.. Көпкө шамалга туруштук берди. Акыры сабагынан узулуп тээ чыгыш жакты карай учту.. Шамал алда кайда алып жөнөдү...
Асанкалыйдын көздөрү тумандап , алдына ата энеси пайда болду. Жүздөрү нурданып, башын ийкешип карап турушат. Экөө бактылуу баштагыдай.. Асанкалый аларды ээрчий баратып аялын эстеди, кайра артка кадам таштап туруп калды. Канчалык кылчактап караганы менен Гүлназдан кабар жок, ал келбеди. Уулдарын, кыздарын эстеди. Бирок баары кеч эле.. Артка кайта албай , ата энеси кетип бараткан жолго түшүп алып баратты...
Жанында эч ким болбоду. Акыркы сапарга узап кетти..
Уй аркандап келген Болуш атасынын даракты карап жатканын көрдү.. Үшүп калбасын деп барганда денеси эчак эле муздап калган экен. ....
Боз ала болуп, олтуруп калды...
Гүлназ да эшиктен кирип келип, уулун көрүп Асанкалыйга жетип келди..
Иштин жайын түшүнүп, сыртка чыгып, кошуналарды топтоп, тууган урука кабар беришти. Ошол күнү кечинде кыздары уулу Улан да жетип келди. Атасыны акыркы сапарга жакшына кылып узатышты.. Эл чакырып... Күйүп ыйлаган эки эжеси, уул кыздары болду....
Мына арадан алты ай өтүп , Гүлназды Бишкеке алып кетишти. Күчтүү дарыгерге көргөзүшүп , ал убака үй жайын оңдоп, да коюшту. Келери менен Айназик тапқан кызды Болуш үйнө алып келди. Чооң той бербесе да закстан өтүшүп, тууган уругун чакырып коюшту. Айназик та ошол жактан турмушка чыгып, жолдошун кайната кайненесин ээрчитип келип тааныштырып кетти.
Азыр баары жакшы. Бирок Гүлназ ден соолуктан ажыраган. Басып жүргөнү менен абдан эле түн болуп, адамдарга аз кошулат.
Болуш аялын каттуу сыйлайт. Ичпеген ,чекпеген жолдош болду.
Гүлназик тапкан жолдошу менен бир баланын энеси болуп жашап калды..
Турмуштан кыйналып чоңойгону үчұн баар жоктун кадырын билип, сый урматтап жашап келет.
Акырындан баары өз ордуна түшүп бараткан кез....
Аягы..... Автор Жаңыл....
Ырахмат көңүл коюп окуганыздар үчүн..
Бул чыгарма турмуштан алынган. Болгон окуя.!
Менин сүйүктүү окурманымдын жашоосу.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Сабак ала. Турчу чыгармалардын бири болду Рахмат автор