4— бөлүм........
........ Кыш ызгаарын чачып, сууп кетти. Аксакалдар келип, айыл ичи бир сыйра кайгырып алышты. « Дүйнөгө бир жаралган адам эле. Сабырдуулугу, көрөгөчтүгү, кайратуулугу өзгөчө болчу. Камчыбек иштеп жүргөндө эл ачка калган эмес, ууру болгон эмес, атын алыстан укканда баары ордунда турчу... Өзү да жакшы адам эле Кудайдын жакшы күндөрүндө көз жумду. Орозо майрамында »— деп. Кемпир чалдар, тең туштары абдан кейиди. Айыл молдосу , айыл бийи биригип келип, эл чакырып, жаштарды мүрзөөгө жиберип жай даярдаштырды . Камчыбектин инисинин аялы эки катынды алып Гүлназдын төркүнүнө барып, Болуш экөөнү алып келди.... Ошол күнү кечинде Камчыбекти жайга узатышты.. Кыздары ыйлап өксүп кала берди.
Гүлназ кайнатасын каттуу сыйлоочу жоктоп аябай ыйлады... Элдин көптүгүн ай, кадыр баркы жогору болгондуктан тааныган уккан кулактын баары келип бата кылып кетип жатышты.... Арадан билинбей үч күн өттү. Томсоруп, үйдө Жыпара келини менен калды... Тирүү жанга жашоо керек, кыймылдашып, неберсине алаксып, Жыпара да курган абышкасын эстегенде көзүнө жаш алып коюп жашоосун улантып жатты...
##################
Арадан алты жыл өттү, билинбей күн да өтө берет туура. Асанкалый менен Гүлназ эки уул , эки кыздуу болушту. Болуш болсо үйдүн чоңу. Инилерине баш көз болуп, Гүлназга жакшы жардамчы болуп, колдон иш алып калды.. Акылдуу , жароокер бала. Быйыл мектепке биринчи класска барат.. Гүлназдын колунда Гүлназик алты айлык кызы бар.. . Болуштан кийинки кызы Айназик алты жашта , Улан үч жашта. Жыпара апа болсо абдан каарыды. Бели бекчейип, колдоруна бырыш түшүп, бирок дагы деле чыйрак.. Таягын таянып алып баар жок ишти кылат... Неберелерин жыттап, кечке ушулар менен алек. Гүлназ ар кимге жалданып иштеп, акча табат. Тапкан акчасына ун, нан туз алып балдарына тамак аш жасап берет... Асанкалый болсо ичкенин эч токтотподу....... Жыпара жалгыз уулунун жашоосунан кабатыр алып , алып барбаган жери калбады . Күчтүү даарыгерлерге, молдо кожо кылып, бакшыга да алып барып окутуп келди. Жыйынтык чыкпады. Дагы деле ичет. Ичип алып мас болуп , жиндилик кылып, Гүлназды кууганы кууган. Баскандарын жетелеп, колуна кызын көтөрүп алып качып , ар кимдин тамына бекинип, күн өткөрүп ,жашап жүрөт.... ... Бүгүн Болуш жетиге толду. Туулган күнү. Гүлназ бекитип жүргөн акчасына айылдын башындагы дүкөнгө барып, белек алмакчы болду. Эртеден кечке тамеки чаап, тапкан акчасын да кошту. Дүкөнчүгө кирип;
—Саламатсызбы ? Мага шакар, момпосуй, анан күрүч бериңизчи ?!
—Кел кызым, сен Асанкалыйдын аялы белең ?
—Ооба аялымын.
—Келин , жолдошуң акча карыз. Эки жылдын жүзү болуп жатат. Бербей качып жүрөт ,жүзү жок турбайбы , атасы жакшы киши эле ыраматылык! Атасын тартпады.
—Менде ашыкча акча жок. Ар кимге жалданып иштеп тапкан акчам. Бүгүн уулумдун туулган күнү мен жегени таттуу алышым керек.
—Алгандан кийин бергиле да. Уяты жоктор!
Алганда жакшысың, бергенде жамансың. Сурасаң беттен алышат.
—Эмне мага бакырасыз? Алганда жанында мен бар белем?! Кандай берсеңиз ошондой алыңыз. Мен тажадым, карыз төлөй берип. Бала бакырамынды багамын деп эртеден кечке талаада иштеп тапкан акчамды эмнеге анын ичкен арагына төлөйюн.. Бербеңиз башка. Мен күн алыс иштеп жарым—жарым кылып берип төлөймүн ,анда.
Жоошуй түшкөн дүкөнчү, Гүлназдын бош эместигин көрүп,— макул келин ошент. Макул ачуум келди да мен да бала бакыра багып жүрөмүн. Түшүн кагылайын... Кечир кагылайын катуу тийсем.
———Жумуштарыңыз болсо чакырыңыз, иштеп төлөп беребиз, ..
——Аа мейли , мейли анда ме ал келин. Барагой бар !—деп жолго салды..
Жол жүрө термелип ойго батып келди. Кезинде кандай гана сулуу ,керилген кыз эле. Айылындагы жигитер жактырып , сөз атып, алдынан чыгып бир ооз сөз айта албай , кокус чыгып калса сүрдөп тик кароого даабачу. Мектепке барып калса алыстан күзөткөн жаш үйлөнө элек агайлар , карачу.. . Эч кимди теңине албай, кыйгач карап, өтүп кетчү. Мынтип турмуштун сыноосуна кабылып, этеги айырылып, колу жоор болуп, жүзүндө кызарган, көк ала тагы кетпей жашап жүрөт.. Байкуш бетиндеги майда миңдеген тырыш, тиши да сынып , калбады. Маңдайындагы агарган чачтары. Асанкалыйдан бир жылуу сөз укпады.. Күн алыс ушур жаңжал, таяк жемей. Чырылдатып чүрпөлөрүн ээрчитип алып качып жөнөйт.. Же бир үстү жаңырбады.... Келин болуп келгендеги өңү өчкөн жемпири, башындагы эски жолугу , бирок дагы деле үмүттүү жылдызы жанган , бакыракай көздөрү сулуу болуп ажарын ачат. .... Кийимин бир ирет карап койду. Жуула берип ,өңү өчүп кеткен жемпиринин жеңин тартып түшүрүп коюп шашылып кадам таштады. Канчалык ойлонуп кысылганы менен эмчектеги кичүү кызын , ачкарын олтурган балдарын эстегенде эт жүрөгү сыздап тездеп жөнөп кетти..
Үйгө жетээри менен алдынан утурлап тосуп чыккан балдары. Болуш кичүү карындашын артына байлап, көтөрүп, алда жетип келди. Баарын кучактап өөп, жыттап, үйгө алып жөнөдү. Курсагы ачка болгон кичүүсү Гүлназды көрөр ззамат , ыйлап, чырылдап бастырбай туруп алды.. Үйгө алып кирип, алып келгендерин ачып баарына карматып, өзү кызыны эмизип жатып калды...
Турмуштан , мындай жашоодон абдан тажады. Кеде туруп, жанын да кыйгысы келет. Ар дайым кабагы бүркөө жүрөт. Көздөрү чарчоо баскан, кеде туруп бул жашоого келип , турмушка чыгып эмне көрдүм ?—деген ой келип баарын таштап алыска , эч ким көрбөгөн эч ким тааныбаган адам буту жеткис жактарга качып ,жок болуп кеткиси келет. Бирок ошол жакта балдарымсыз бактылуу боло аламбы , чүрпөлөрүмдү унута алат бекем анда темирдей каттуу , муздак жүрөктү кайдан табам —деп кыйнала берет. Төрт тарабы тең тосулуу. Эч жакка чыга албайт.. Балдары сүйүнүп алып келген момпосуйду жешип, сүйүнұп олтурушат.. Жүздөрүндө кубаныч. Эртеден бери саргайып апасын күтүшүп олтурган эле мына минтип бир заммата баары унутулат..
——Садага болоюндарым, силерсиз мен бактылуу болот белем? Мейли мен бактысыз жан болуп өтөюн, силердин күлкүңөрдү көрүп , бактылуу болуп турган чагыңарды көрсөм ошол мага бакыт. Арманым да болбойт эле ... —деп курсагы тоюп тоголуп жаткан кызыны жыттап эркелетип өөп алды...
Былтыры үйнө таарынып кеткен. Гүлназдын эки эжеси турмуштан жолу болбой таарынып келип алышкан эле. Алардын да ызылдаган балдары. Акесинин балдары менен эч батышпады. Болушту кечке уруп, ыйлатышып, оюнчук бербей ,күчүүлөрүнө да күн көргөзүшпөдү. Жеңеси кагып силкип, жада калса эжелери да уруша баштады. Балдарын алып, инисинин үйұнө барды. Келини ачык эле жактырбай балдарына бөлүп тамак берип, иниси да аялына кошулуп үңкүюп кабагы ачылбады. Жат адамга айданып калганын сезип, өзүнүн сыйы барда кетүүнү туура көрдү. Эмне болсо да өзү ыйласа балдары ыйлабашын каалап кайра артка жол алган...
Асанкалый үйндөгү баар жокту сатып ичип, үйүндө жандык та калган эмес. Үрүп чыккан жалгыз ити бар. Камчыбек барындагы байлык , мал мүлктүн бир кыпыны да жок, баары өз ордун таап түгөндү.... .... Ырыскы Камчыбек менен болгон туура , үйдөгүнүн баары урап түгөндү......
Балдарынын балалык кези ый, кайгы , азап менен өттү. Курсагы жакшы тойбой, бир күн ачка , бир күн ток болуп. Бир жаш бөбөктөрдөй эркелеп, атасын күтүп, асылып, мойнуна минип , ээрчип өскөн жок. Атасынан качып, кийими жок, жайды жайлай жылаң аяк жүрүп, балдарга да кошула албай түрткүндү , көз каранды болуп чоңоюшту.. Эс тарткандан баштап жетпеген турмуштун запкысынан бирөөгө жалданып иштеп, кышты кыш дебей, жазды жаз дебей тоо, таш талааларда уйдун ,койдун артынан сая түшүп, буудай нанга иштеп чоңоюшту.... Түшүнгөндөр башын ийкеп тим болгон ,ал эми түшүнбөгөндөр түртүп өтүп, алкаштын балдары деп сөмөйү менен кезеп, мыскылдашып өтүшкөн.... Мына Асанкалыйдын ууул кыздары да эр жетти. Болуш ондо окуп калган кез. Оор басырык бала болду. Гүлназга күйүмдүү , бир туугандарына күйүмдүү бала болуп жетилди. Айназик Гүлназга окшош , бирок абдан тил тапкыч, оюнкарак кыз болуп жетилди.
Сабактан жакшы билишет. Улан болсо эрке бала.
Сабак бүтүп, баары чыгып калышты. Быйыл окуу жылын бүтүп жатышкан. Эгзамен башталып чоң окуучулар мектепте жүрүшөт...
Тең туш кыздар ,балдары менен бара жаткан бир кезде жаш топ балдарды көрдү. Каткырып күлүп жүрүшөт. Арыктын боюндагы тыттын түбүндө бир деке жаткан. Болуштар да кызыгып ошол тарапты көздөй басышты. Жаш балдар талдын чыбыкка бир декени илип алып, бири бирин кууп жүрүшөт. Топту жарып өтүп Болуш көргөн көзүнө ишенбеди. Асанкалый мас болуп жерде жатат. Шымын булгап алып, ичи өтүп кеткенин да сезбей. Күн ыссык болгондуктан , жыттанып , чымын деген ошончо ... Тең туштары мурдун жаап, артка качышты. Каткырып, санын чаап. Болуш эки көзүн жумуп , жүзүндөгү жашты аарчыштан да уялып турду... Арт жакта турган Азамат сезип , боору ооруп , жаш балдары ташты алып кууп баарын таратты да Болуштун желкесинен таптап,;
——Жүр дос! Аяш атаны алып кетели.—деди..
—Алып кетпеймин. Мага демек өлүп калсын! —деп терс бурулган Болуш карындашын көрдү. Айназикта ыйлап турган эле...
Кадам таштай албай катты.. Айназикти аяп , кайра артка бурулуп, атасын көтөрүп арыка алып түшүп, жүзүн жууп, шымдарын чайкады...
Артына көтөрүп алып, үйүнө алып жөнөдү...
Гүлназ утурлап чыгып, үйгө даярдап койгон жайга жаткырышты. Болуш апасын көрүп, өксүп, ыйлап алган....
—Болуш ! Мени кара балам? —деп чыгып бараткан баласын колдон алды..
—Коюп жибериң! Эмне үчүн бул адамга турмушка чыктыңыз? Эмнеге мени бул жарык дүйнөгө алып келдиңиз’ ?! Эмне үчүн мен ушул үй бүлөөдө төрөлдүм?! Айылыңызда жакшына эркектер жок беле , ата деп айткым келбейт! Намыстанамын. Элдин аталарындай болуп, багып койсо экен. Курсагыбыз нанга тойбой, түнү күнү качып, ар кимдин жүгөрү паясында бекинип, тамында уктап жүрүп чоңойсок эми минтип жүзүбүздү жер каратып жүрсө , бул кандай адам ?! Ажырашың ! Кетик ! Мен өзүм багып аламын ! Кудуретим жетет ! Кереги жок мындай адамдын , кереги жо—оок ! Өлүп калбайбы ушундан көрө ! Мындан артык , чыдай албаймын апа —аа !
——Акмак ! Оозуңду жап ! Эмне мага оңой деп жатасыңбы , силерди таштап кете албай ушул кордукка чыдап, жашап келе жатамынго. ! Эр жеткенде мен да жакшы жашап каламын деп үмүт кылып? Эмне эми эле баш алып качасың?! Чыда , бул күндөр да өтүп кетет. Көрбөдүм дейсиң али ... Атаң ит болсо байлап бак —дейт. Уялба алкаш болсо да атаң бар. Ушуга да шүгүр кыл. !
Эне баланын айтышы көпкө созулду. Акыры апасына боору ооруп, аяп кечирим сурап тим болду... Асанкалый баарын угуп жаткан эле...
Асанкалый баштакыдай күчү калбады. Арак акыр түбү ден соолугун алып тынды. Жарым жан болуп, аздан ичип калды... Акыркы Болуштун сөздөрү сөөгүнө өтүп, жүрөгүндө калды... Ичпейм деп аракет кылганы менен организими талап кылып туруп алды... Баштакыдай жыгылганча ичпей аз аздан ичип жүрдү.. Таза кийинип, элге аралашып, бата ,аш, тойлордон калбай ,тууган урук менен катташып, дос чараларына кошулуп адам кейпине кирди.... Гүлназды да ээрчитип , төркүнүнө алып барып...
Балдарынын эр жеткенин да сезбей, убакыттан уттуруп жибергенине өкүндү... Көз ачып жумгуча Болуш он бирди бүтүп армияга кетти...
Айназик он биринчи класста Улан жетиде , Гүлназик беште окуп калды... Айназик мектепте үлгүлүү окуучу болду. Болгону атасы алкаш деп кыздары да , балдары же жектеп турчу. Кийими жупуну деп курбу кыздары кошчу эмес... Кыздардан бөлүнүп , апасындай татынкай кыз болду.. Кийими жупуну ,эски болсо да аапак жузу кокойгон узуун мойну, төгөрөк кара көзү, мурдунда кара калы, ооздору оймоктой болуп көркүн ачып турчу.. Кыздар ушул турпатын да көрө албай жиркечү..
Сабак бүткөндөн кийин, кечинде Гүлназикти ээрчитип алып мектеп жууп келет... Айылдагы өспүрүм балдар сөз атышып, сулуугуна суктанып та жүрчү. Бирок сүйүүсүн айткан жан болгон эмес. Алкаштын кызы —деп арданышчу.. Классындагы кыздар жигит жандап , жүргөн кез эле... Мирбек колунда бар , өзүнө тың үй бүлөөнүн баласы эле. Мектепте да кадыр барктуу. Айназикти жакшы көрүп жүрчү, бирок эжесинин айткан сөзүнөн кийин баш таркан « Эй келип, келип ошол алкаштын кызы менен да сүйлөшөсүңбү ия ? Тоюңда кайнатаң сүдүрөлүп жүрсө, атамдын жанында турабы, кийин ата деп айтасыңбы ? Элге , атамдын досторуна шерменде кылып, дос душман деген бар » —деген сөзүнөн улам кайткан..
Мектепте кароолчу болуп иштеген Жусуп бар эле. Аялынан ажырашып кеткен. Кызыл камчы, кез кез менен арак ичип турат. Асанкалый менен да абдан эле ынак .. Ар дайым Айназике суктанчу. Мас абалында тийишип та сүйлөп көрөт...
Кыш болгондуктан , бат эле кеч кирип калып жатты.. Айназик спорт залын жууганы кетти. Гүлназик болсо директордун бөлмөсүн жууп калган...
Жусуп, жалгыз кыздын жууп жүргөнүн көрүп , арам оюу ишке ашып, артынан аңдып барды...
Эшик ачылганын көрүп, Айназик бурулуп карады.
——Аа Жусуп байке сиз белеңиз! Азыр аз калды баттан жууп кулпуну сизге берип кетейин деп турганмын...
——Ооба ,ошого келдим да.
Аа баса билесиби , Айназик сен аябай сулуу кызсың.
—— Койсоңуз —деп уялып кетти.. Күлкүсү келип арааң турду...
——Чын эле мен сени абдан жакшы көрөм, кана эми менин аялым ушул кыздай болсо экен деп күндө ойлоно берем —деди жакын басып келип...
Жусуп болгону беш жашка улуу болчу... Ата энеси жакшы үй бүлөө, болгону ушул баласы аракеч , эрке болуп чыкты...
——Апам да сени көөп мактайт...—деди кошумчалай...
——Мм , жакшы экен. Рахмат ...
——Жаман сулуусуң, фигураңчы тим эле комуз.
——Сиздин аялыңыз эмнеге кетип калган? Аялыңыз бар беле ?
—Мен аны сүйгөн эмесмин. Апамдар эле кыйнап алып берип коюшкан. Аялымды көргөнсүңбү тоголок , фигурасы жок, кейпи келишкен эле... Кана эми сендей болгондо көкөлөтүп , башыма көтөрүп жашайт элемин.—деп жаш кызды арбады... Уул балдардан мындай жылуу сөздү укпаган жаны, көзүн туман басып, жигит жандагысы келип турган чакта башы айланды да калды....
Ооба Жусупту ата энеси үйлөгөн, армяга барбай , арактыр артынан сая түшкөндө үйлөнсө токтолуп калаар деп, өзү ала качып келген кызды алып беришкен. Алты ай жашап жашабай кол көтөрүп, ичип алып куугандыктан аялы өзү кетип калган. Мынтип эми мектепке кароолчулук кылып иштеп жүрөт.. ......
Күндө Айназикти күтүп алып, ар түркүн жылуу жумшак сөздөрүн айтып , арбап алды.. Экөө кыз жигиттей маектешип, акыркы кезде кечинде да жолугуп сүйлөшө башташты... Жаш кызды бат эле тузакка түшүрдү...
Айназик күндө жасанып мектепти жууганы жөнөйт... Жусуп, жардам берип бат эле тазалап бүтөт. Жусуптун жылуу бөлмөсүнө кирип сүйлөшүп олтурушат... Жусуп жакындап колунан кармап, кинчи күнү белине өтүп, учунчу күнү бооруна кысып, кымбат белектерди берип өзүнө үрөтүп алды...
Арадан эки ай өттү... Жусуп менен Айназик эч кимге сыр алдырбай кезигип жүрүштү... Кеч кирди Айназик шашылып, тыбырчылай баштайт... Эртерек тамак жасап, баарына жай салып укташын күтөт. Бүгүн да уктабай телевизор көргөн Уланды урушуп жаткырып койду... Өзү жуунуп, таранып, жасанып, күзгүдөн чыкпай олтурду... Кийимдерин кийип, курткасын жаздыкка катып жатып алды... Түн бир окумда ышкырктан уйкусу ачылып , курткасын көтөрүп качып чыкты... Талдын түбүндө Жусуп турган. Экөө кучакташып, өбүшүп, анан жетелешип басып кетти... Сыртка чыккан кошуна Абылкасым баарын көрүп турду....
Баягы эле экөө жетелешип, мектепке келишет... Жусуптун бөлмөсүнө кирип алып таң аткыча сүйлөшүшөт. Жусупка да шерик болду.. Ал да баштакыдай зерикпей калды... Алдына олтургузуп алып, мойнунан өөп, жыттап, өзү билгенде жаш кызды арбайт... Жаш жанга жагып, эркектин каруу ,күчтүү колдору тийген жери дүркүрөп ,Айназике да жагат. Көзү жумулуп, баш ийип берет... Акыркы кезде Жусуптун астына өзү жатып берип , кучагынан чыкпайт. Ушуну каалаган Жусуп ушул кечте Айназикти чечиндирип, өз ишин ишке ашырды... Көзү чакчая түшүп, ыйлап түркүлөгөн менен пайда чыкпады...
Ыйлап олтурган Айназикти кучактап;
——Ыйлабачы жаным, окууну бүтүшүң менен той берип үйлөнөмүн. Болду сен чындыгында меники болдуң. Эртең апамдарга айтамын сага сөйкө салып келет —деп жоошутту...
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3