Бүгүн Жаркынбайдын короосунда өзгөчө шаң бар. Калиман кубанычынан далдактап, эмне кыларын билбей жүрөт. Бүбүкан менен Карагат бат эле тил табышып, бардык ишти колдоруна алышты. Жаркынбайдын төрүндө Сырдыбай карыя, Ажыбай аксакал жана Санамбү ал-жай сурашып олтурушат. Гүлүмкан үч баласын жетелеп, сыртта Жапарды акмалап турат. Аларды көргөн Жапар чуркап келип:
– Сиздин балдарыңызбы? – деп сурады.
– Ооба, менин балдарым, – деди Гүлүмкан.
– Ии, татына балдар экен, – деди Жапар.
– Рахмат. Сен да сымбаттуу бала экенсиң.
– Сиз да татынасыз. Бирок… бирок… менин апам сизден да татына, – деди бала.
Гүлүмкан буулуга түштү. «Апаң мен да, уулум», – деп жибере жаздап, оозун кармап калды да:
– Албетте, уулум, ал сенин апаң да, ошондуктан татынакай. Атаң да келбеттүү, акылдуу мырза. Демек, сен да атаңдай келбеттүүсүң, уулум, – деди.
Дал ошол учурда Карагат булардын жанына келип калды.
– Оо, таеже-жээн, таанышып жатасыңарбы?
– Ооба, Жапарды бөлөлөрү менен тааныштырып жатамын, – деди Гүлүмкан.
– Туура кыласыз, эжекем. -Таанышып, жакын болуп жүргөнү жакшы да. Баса, Кенжештер каякка кетишти?
– Аа, Бакы, Тыныш, жездем үчөө кайнатамдын мүрзөсүнө кетишти.
– Аа, жакшы кылышыптыр. Жүрүңүз, үйгө кирели. Тигине, Бакылар да келип калышты, – деди Карагат.
Алар чогуу үйгө киришти. Бакбергендин жүзүнөн атасынын мүрзөсүнө барып ыйлап келгенин байкалып турат.
– Келдиңерби, уулум? Атаңдын мүрзөсүнө барып, көкшүнүңдү суутуп келдиңби? Сендей уулу бар атаң бактылуу экен. Албетте, ал киши ушул күндөрдү көрсө кана! Бирок ал көрүп турат, арабызда эле жүрөт. Сен барганда да сезди, бир оодарылып алгандыр. Эми, мындан аркы жашооңордо өксүк, ажырашуу болбосун, – деди Сырдыбай карыя.
– Рахмат, ата, – деди Бакберген.
– Ооба, Сырдыбай туура айтат. Мындан аркы жашооңор жакшы болсун, уулум, – деп Ажыбай карыя кошумчалады.
Ошол маалда сырттан кыткылыктаган күлкү угулуп, ызы-чуу менен Чырак кирип келип, Санамбүгө бой таштады. Чыракты жетелеп келген тестиер кыз менен Тыныштын кызы да кошо кирди.
– Апа, күчүм жетпей койду. Чырак эжем баш бербей ушул жакка качып келди. Биз экөөбүз жетпей калдык, – деп тестиер кыз Санамбүгө арызданды.
– Мейли, мейли, келе берсин. Мунун да жүрөгү бир нерсени сезип жаткандыр, күнөөсүз периштем, – деди Санамбү.
Баары ордунан туруп, Чыракка орун бошотушуп, аны тиктеп калышты. Эч нерсеге түшүнбөгөн Бакберген Калиманды карады. Калиман ага ымдап:
– Мен сага кенен айтып берем. Бул чырактай периште Чырак-Чолпон. Ажыбай аксакал менен Санамбү байбиченин тилеп, сурап алган өзгөчө кызы. Биздин да кызыбыз болот, – деди.
– Аа, жакшы, жакшы. Апа… – деди Бакберген.
Бирок ал апасынын сөзүнө канааттанбай, дагы суроо бермекчи болду эле:
– Кийин айтам дебедимби балам.
– Макул, апа, – деди Бакберген.
Ал Чырактан көзүн албай тиктеп турду. Чырактын жайылган чачы, бир көзүн жапкан саамайы, аксаган аягы, өспөй калган колу, кыткылыктап күлгөнү, баланыкындай кирди-чыкты акылы баары анын жүрөгүн оорутту. Ошентсе да өзүн жооткотуп:
– Ооба, ооба, күнөөсүз периште тура. Дасторконго жакын отура гой, карындашым, – деди.
– Уулум, Чырак сенден улуу, – деди Калиман.
– Аа, ошондойбу? Анда эжем экен да.
– Ооба, эжең болот, балам, – деди апасы.
***
Тамак желип, дасторконго бата кылынды. Калиман куржунуна каткан боочосун чечип, келинине деп атаган белдемчи, сөйкө, билерик, мончок, чачпактарын алып чыгып берди.
— Ата-бабалардын, энелерибиздин наркын колдонуп, мен да келиниме атагандарымды тапшырайын. Бул табериктер урпактан урпакка өтсүн. Биздин жашообузга, жакшылык-жамандыгыбызга күбө болгон буюмдар булар. Көзүңдүн карегиндей сактап, келиниңе, кызыңа бер, кызым, — деди Калиман.
— Макул, апаке. Сизге убада берем, балдарыма берем кийин, — деп жооп берди Карагат. Бакберген уурдана Чыракты карай бергендиктен, Калиман сырды жашыруунун кажети жок экенин түшүндү да кеп баштады:
— Баарыбыз чогуу болгонубуздан кийин бардык нерсени ачык айтууга убакыт келди окшойт. Сырды жашырууга негиз жок эми.
Бакберген селт эте түштү. Кыялында “Жапарды айтат” деп ойлоп коркуп кетти.
— Апа, эмне сыр? Эмне сөз болушу мүмкүн?
Калиман аны түшүнүп, акырын гана:
— Балам, токто. Сөз Чырак жөнүндө болуп жатат, — деди.
Бакберген мукактана туруп калды. Андан соң Калиман сөзүн улады:
— Азыр баарын айтып беремин. Келиндер, бала-чаканы алыс алып кеткиле. Чырак гана калсын. Бул сырды ачууга мезгил жетти, — деди Калиман.
Бүбүкан бала-чаканы алып чыгып кетти.
— Бакыбай, Чырак сенин бир тууган эжең болот. Ал менин кызым, атаң Жаркынбайдын кызы, уулум!
— Апа, эмне деп жатасыз? Мен түшүнбөдүм…
Калиман окуяны баштан-аяк ыйлап жатып айтып берди. Үрөй учурган окуяны Бакберген үрөйү уча угуп отурду. Анда-мында “шуу” деп үшкүрүнгөн карыялар көз жашын шыпырып отурушат.
Калиман сөзүнүн аягында Бакбергенге кайрылды:
— Кулунум, мына биздин сыр. Алдагы өзгөчө кыз сенин бир бооруң, кандашың, уялашың болот, балам. Анын бул акыбалына көңүл бөлбөй, бооруңа басып бапестеп ал! Ажыбай менен Санамбүгө биз бир өмүр карызбыз!
— Апаке, бул эмне деген сөз?!
Бакберген тура калды да, эч нерсе менен иши жок отурган Чырактын жанына барды. Чырактын сол көзүн жапкан саамайын акырын артка сылап, жүзүнө тигиле карады:
— Кагылайын момунум, кош карегим, бир боорум! Мөлтүрөгөн көзүңдөн тегеренейин, эжекем! Сен эми жалгыз эмессиң. Жаныңда бир тууганың бар! Өмүрүм өткүчө төбөмө көтөрүп өтөм!
Бакберген Чыракты бооруна басып кучактап буркурады. Көз жашын тыя албаган Санамбү да сөз кошту:
— Бакберген, уулум, сен коргой турган жалгыз эле Чырак эмес, анын кызы да бар!
— Эмне дейсиз? Кызы дейсизби?! — деп Бакберген дагы чочуду.
— Ооба, Чырактын кызы бар! Ал да кайыптан бүткөн кыз! Азыр эле чыкпадыбы бул жерден, ошол Чырактын кызы.
— Кантип?!
Ажыбай үшкүрүнө окуяны баяндап берди. Бакбергендин муштуму түйүлүп, жини кайнап отурду да:
— Кызды ушул акыбалга алып келген кайсы акмак? Ким ал?!
— Бакы, ал адам өз жазасын алды. Эми ал адам жок, — деди Ажыбай.
Сырдыбай карыя оңдоно отуруп кеп баштады:
— Бакберген, уулум, сен эстүү жигитсиң. Өткөнгө эмес, келечекке карайлы, уулум. Баятан бери көп сырды уктум. Жаратканды карагылачы, канча сыноо берип, баарыбызды тыркыратып чачкан тагдыр кайра бириктирип отурат. Эми мындан аркысын чогуу алып жүрүү силердин колуңарда. Эгер туура көрсөңөр, мен оюмду айтайын. Бакберген, Чырак сенин бир тууганың экен. Ал өмүр бою сага муктаж. Көзүңдүн карегиндей сакта уулум. Карагатың да карап турбайт эмеспи. Чырактын өзү да, кызы да силерге аманат. Мезгили келгенде, Чырактын кызын уулуң Жапарга алып берип, баарын колуңа ал, уулум. Ал кызга да өзүңөр кол-канат болгула. Апасынан ажыратпагыла.
Сырдыбайдын пикири Ажыбайга да, баарына да туура келди. Карагат да кубаттады. Калиман менен Санамбү көз жашын төгө ыраазычылыгын билдиришти:
— Рахмат, аксакал куда!
— Туура айтасыз, куда!
— Абакем, атакем, апаларым, бул жагынан камсанабаңыздар. Бир тууганымды кызы менен кор кылбаймын. Өмүрүм өткүчө көзүмдүн карегиндей сактаймын аманатыңызды, — деди Бакберген.
Ал Сырдыбай карыяга башын ийип макулдугун билдирди. Андан соң Ажыбай карыя менен Санамбүгө карап:
— Сиздердей асыл адамдар бар үчүн дүйнө кооз да. Менин бир боорумду бооруңуздарга басып, көрбөгөн азап-тозогуңуздар калбаптыр! Мен сиздердин мээнетти актап бере алаар бекенмин?
— Уулум, ушул эки кызды кор кылбай, канатыңа калкалап алсаң, ошол актаганың болот. Кыздарымды сендей мырзага тапшырып, Санаш экөөбүздүн да көңүлүбүз тынды, — дешти алар.
Ошол маалда сыртта балдардын ызы-чуусу жана “каа-каа” деген эсепсиз таандардын үнү угулду. Үйгө кирген Бүбүканга суроо узатышты:
— Сыртта эмне болуп жатат, кызым?
— Сыртка эсепсиз таандар келди. Балдар кубалап ойноп жатышат, — деди ал.
Сырттан Бакбергендин тааны учуп кирип, анын мүрүсүнө конду. Аны көргөн Сырдыбай карыя:
— Таан демекчи, таан жакшы болот турбайбы. Бакбергендин тааны көп жакшылык алып келиптир. Мына азыр да биздин жакшылыгыбызды кубаттап келишиптир. Буга кубаналы эми, ээ! — деди.
Тыныш тура калып Бакбергенди кучактады:
— Бакы дос, сен жалгыз эмессиң, мен да бармын. Ажыбай атам менен Санамбү апамды мен бербеймин. Чырак эжекем менин да эжем, кызы менин карындашым. Андан көрө уулуңа карындашымдын колун сурап, мага барасың, экөөбүз куда болобуз, — деп сөзүн тамашага бурду.
Баары күлүп калышты.
Кенжебек да Бакбергенди кучактап:
— Бакы бажа, мен да бармын жаныңда. Карыялар менен кыздарды коргоп алууга кудуретибиз жетет. Баса, биз чөлгө жакын жайгашкандыктан бизде таан жокко эсе. Болсо болгондур алыскы айылдарда, бирок бизде жок. Эгер мүмкүн болсо, таандын он чакты балапанын алып кетейин, биз жакты да байырласын, — деди.
— Туура, туура айтасың. Балдарды карма дейли. Табылгыдан токулган капастар бар, ошого салып берели, — дешти карыялар.
***
Мына ушундай сырлар ачылуу менен коноктордун да сапары карып баратты. Бүгүн алар жолго чыгышты. Кучакташып коштошуулар менен конокторду узатышты.
Кенжебек эки табылгы капаска он-он бештей таандын балапанын салып алган. Ошол эле учурда асманда эбегейсиз көп таандар чогулуп, экиге бөлүнүштү. Жарымы “каа-каа-каа” деп кыйкырып, Кенжебектерди ээрчий учуп, жаңы конушка багыт алышты. Аларды карап турган Ажыбай карыя:
— Жакшылыктын жарчылары, жакшылык гана алып келгиле! — деди.
Коноктор артын кылчак-кылчак карай бара жатышты. Ал эми Карагат аларды узата берип көз жашын шыпырды. Жанына келген Жапарды бооруна кысып, чачынан жыттап, үйүнө ишенимдүү кадам таштады.
(Аягы)
Кундузбү Маматова
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20