ҮШVГОН БАКЫТ
(1-бөлүм.)
Бүгүн мектепте акыркы коңгуроо.
-Айжаркын,сени акыркы коңгуроо-
дон кийин,күйөөгө берет экен деп
жатышат го,биротоло акыркы экза-
менде эле кетпейсиңби деп шыпыл
дап сүйлөгөн Кадича,кыздардын
көзүнчө,бир тийди Айжаркынга.
-Эмне,оозуңа карап сүйлөсөң,ала
тургандар сени менен кеңештиби,
классташ кыздардын баары бул экөөнүн оозун карап,жалдырап ту-
рушту.Аңгыча,линейка башталып,
бул башталган аңгеме дүкөн жабы-
лып калды да,салтанат башталды.
"Линейка" бүткөнчө,кыжаалат
болгон Айжаркын,үйүнө келээр за-
мат,апасына бир тийди:-Дагы ким-
ге кудалап жибердиңиздер,элдин
баары Тилектин кызын күйөөгө бе-
рет экен деп,кеп кылып,Кадича кыз
дардын көзүнчө айтты деди,ыйлам
сырап.
-Кадича кара жерге кирсин,эне-
син эр албаган,кызын алат дейсиң-
би,энеси токсон эрден чыкты,токто-
бой.Элди кеп кылганды эмне кылы
шат,көздүү мончокту жерге ташта-
байт.Колуңду сураса,демек сен барктуу,тектүү жердин кызысың.
Кыз жыргаар жерине ыйлап барат,
окуп,чокуп эр таппай жүргөндөр канча,тигине университетти бүтүп
келген Айтыкенин кызы төрдө карымак болду,эми Жейрендин ка-
тыны кеткен баласы сөлөкөттөй бо
луп артынан ээрчип жүрөт.Тумар
тайэжеңдин уулу экинин бири,айыл
дын алды,мал-жандуу.Этеги жеңи
чолок кийим кийип,чачыңды же-
сир катындыкындай жайып,шаарга
кеткиң барбы?Ырыскулга тийесиң,
кийин ыракматыңды айтасың деген Бүбү,жаргылчакты жини менен тартып,көнөчөккө сала турган буудайын,сыртына төгүп,
ата-энеден безип,кайда бармак
элең,деп кыжырдана талкан арала-
ган буудайды терип жатты.
Тумар Бүбүнүн уялаш сиңдиси,
күйөөсү Курман оорукчан болгон-
дуктан,чылбыры да,тизгини да ко-
лунда,эки күндүн биринде келип,
тез-тез каттап калган.Ырыскул улуу
баласы,Бүбүгө,"кол үзүшпөй,куда
сөөк бололу,эже.Кызыңды бер,ый-
латпайм,кыздар кетет,Ырыскулум жалгыз,этегинен жалгап,төрөп тү-
шүп алса,менин үйүмдү кызың эле
билет.Жаш дебе,кызымдай кылып
таптап алам"деп,кулагына куюп
кеткен.
Муну уккан Бүбү ичинен тынып,
Айжаркынга айта албай жүргөн эле.
Кутжан Айжаркындын өгөй ата-
сы,Айжаркындын атасы деле ушул
айылдан болуучу.Бүбү окууга өтпөй
калып,Фрунзедеги нооту комбина-
тында,жип ийрүүчү болуп иштеп
жүргөн жеринен,ала качып алган.
Тилек өрттөй жанган мыкты жигит эле,Бүбү менен он төрт жыл жашап,
балалуу болгон эмес,көчкүнүн ал-
дында калып,каза болгон.Этегин
тарткан бала жок,карасын алган-
дан кийин баса берген.Эң кенже
сиңдиси Кумар шаарда окуп жүрүп,
жигитинен боюнда болуп калат да,
төрөгөн соң,ата-энесинин үйүнүн
алдына таштап,Айжаркынды кы-
зыл эт кезинен баккан,Бүбү Тилек-
тин кызысың,атаң каза болуп кал-
ган деп,чоңойткон.Айжаркын жети
жашка чыкканда,Бүбүнүн колун су-
рап келген Кутжанга макул болуп,
кызы менен келип,жашап калганы-
на он жылдын жүзү болуп калды.
Кутжандын аялы төшөгүн бөлөккө
тепсетип,эки кызын ээрчитип жо-
луна түшкөн соң,арактын түбүнө тү-
шүп барып оңолгон,бирок,арак түбү
нө жетип,ашказан оорусуна чалды-
гып,оор жумушка жарабайт.Келбет-
түү,шыңга бой,кырдач мурун,жука
адам.Бүбүгө сөз айтып,көз артып
жүрүп үйлөнгөн.Үйлүү-жайлуу бол-
гондуктан,Бүбү бир үйдүн түйшүгүн
шар алып,бүлө болуп,кызы менен
батып кеткен.Эми,тү деген түкүрүгү
жерге түшпөгөн,айкүр конгон чүкө-
дөй болгон мыкты катын болду.Кы-
зы да,Кутжанга тез көнүп,бирок мен Тилектин кызымын дегенинен
жазбайт,анын үстүнө тааныш са-
лып,тай берип жатып,фамилиясын
да,Тилекова кылып,Тилектин туугандары таштанды кызын өлгөн
бир тууганыбызга каттатып,акча алган жатат деп,чычалап жүрүшүп,
таштанды болсо да,атын өчүрбөй
жүрөт деп,тынып калышкан.
Кутжан абдан куу,Бүбүнүн каре-
гин карап,Айжаркынга абдан аяр
мамиле жасап,кызындай эле ка-
был алып,Айкеш деп,эркелетип,чаң
жугузчу эмес.Бүбүнүн көрүнбөгөн доктуру калбай жүрүп,бир эркек тө-
рөп,ого бетер Кутжан оозун ача ал-
бай калган.Үйдүн түйшүгү менен
сырттыкын бирдей алган Бүбү,кы-
зын да өзүм билемдикке салып,сиң
диси Тумарга сөз берип койгон же-
ри бар,энеси Кумар болсо,мунун ка-
нында бар,балапанында бала кыл-
дым,тилимди албаска чарасы жок
деп,акыркы экзаменден кийин кир-
гизип ал деген.
Айжаркын энесинин кыялын беш
манжасындай билет.Айтканы айт-
кан,дегени дегендей болбосо,алай
дүлөй кылып,заматта күндүн көзүн
көргөзбөйт.Кутжан аны менен эч качан келишпестикке барбайт,сени
ки туура деп кутулат.Эгер мени күч
менен берсе,өлөм,же болбосо.
экзамендерин тапшырып бүтөөрү
менен шаарга кетип калам деп ой-
лоду.
Эртең акыркы экзамен деген кү-
нү,Тумар тайэжеси мектепке баш-
тык көтөрүп,Бүбү менен мугалим-
дерди сыйлаганы барып,Айжаркын
дын бети башынан өпкүлөп,бир
башкача мээримин чачып,кагылып
согулуп,экзамениңди тапшырган соң,таң тоскону барасыңарбы деп,
сураганда эле,Айжаркындын жүрө-
гү шуу дей түштү.Айылда жыл сайын салтка айланып калган "таң
тосуу" деген бар,классташтар таң атканча,тоого чыгышып,күн чык-
канда тарашып,ала качуулар дал
ошол таң тоскон күндөн башталчу.
-Ооба,деди ал,сыр билгизбей,Ту-
мар кытмыр жылмайып:-Кечээ эле
муштумдай кыз элең,жылдын өткө-
нүн кара,жоолук башыңа түшсө,ма-
ралдай келин болосуң,жарыгым деп,кучактап койду.
-Коюңузчу тайэже,апам экөөңүз-
дөр менден кутула албай жаткан-
сып,күйөөнү эле айтасыздар,андан
көрө оку дебейсиздерби,деп Айжар
кын сөз менен тап бергенде:-Эң
мыкты университет казан универси
тети,эртерээк тапшырсаң,баары се-
ники,мен сени асылдап жатпайын-
бы деп,калп күлө,жини келгенин жашырса да,анын мышыктыкын-
дай көздөрүнөн бир каар сезилип
турду.
Акыркы экзаменге келген кыз-
дардын бирден жандоочусу бар,
айыл аңыз кылган сөздөр баарына
эле жетип,"баланчаны түкүнчө" ала
качат экен деген сөздү уккан ата-
энелер кыздарын кайтарып,мектеп
ти тегеректеп жүрүшөт.Айжаркын
экзаменге өзү эле келген,сени ме-
нен чогуу барайын,ала качып кет-
песин деп,эне-атасы деле айтпады.
Бир гана алты жашар иниси Белек
тин,мен да барайынбы мектепке деп,гүл көтөргөн Айжаркынды ээр-
чигени болбосо,Бүбү үн катпады.
Белекти гүл көтөртүп,акыркы коңгу-
роого ээрчитип барган эле,бүгүн да
ошондой болот деп ойлогон Белек
Айжаркынды жолдун жарымына чейин ээрчип келип,калып калган.
Акыркы экзамен тарых сабагынан
эле.Отуз баланы эки-үчтөн кирги-
зип жатып,Айжаркын түшкү тамак-
тануудан кийин кирмек болду.Мек-
тептин жанындагы Ата Мекендик
согуштун жоокерлерине арналган
эстеликтин көлөкөсүндө,кимге кай-
сы билет келди,кайсы билет калды
деп,сүйлөшүп жаткан кыздардын
жанына кайдан жайдан чыга калганы белгисиз эңгезердей бол-
гон төрт бала,Кадичаны көтөргөн
боюнча,чоң жолду көздөй чуркаш-
ты.Даяр турганбы тумшуктуу КИА
чоң машинеси токтоп,Кадичаны
мүшөк ыргыткандай эле,бортту ашыра ыргытып,өздөрү секирип чыгышты да,машина күрүлдөгөн
боюнча,чаң ызгыта жүрүп кетти.
Үрккөн тайлактай болгон кыздар
үрпөйүшүп,мектепке кире качышып
машиненин аркасынан кууган бал-
дар менен мугалимдер чаң жута,
боз ала болуп кайтышты.
Кадичаны кайда алып кетти,ким
алып кетти,эч ким билбегендиктен,
мектептин директору,райондун бор-
боруна милицияга билдиргени киши чаптырмак болуп,энесине бир ооз айталы деп,мугалимдерди
жиберди.
Ызы-чууга алаксыбай,экзамен-
дериңерди тапшыргыла деген Эсен
агайдын үнүнөн улам,Айжаркын-
дар билет алганы киришип,калты-
рап,титиреп турушту.Пайдага чечил
ген чатак деген чын белем,мугалим
дердин да,шаабайы сууп,экзамен-
ди өздөрү каалагандай ала албай,
эптеп бүтүрүштү.
Эки мугалимди алдына салып,
дикилдеп келген Кадичанын апасы
Кылым:-Эч кандай районго киши
жибербейсиң,кызым өз каалоосу
менен кетти,экзаменин бердиби,
болду,силердин ишиңер болбосун.
Эми менин мектеп аттуу оорум жок,милицияга киши жиберип,ме-
ни кестирип ийесиңби деп,дирек-
торго атырылып,билгениңерди
кылгыла деп,басып кетти.
Директор Эраалы эч нерсе деп,
теңелбеди.Кылым мектептен кетээ-
ри менен,колхоздун парторгунун машинесин айдатып,өзү райбор-
го кеткенин баары көрүштү.
Айжаркындын чындап жүрөгү
түштү,Кадичаны өз энеси эле са-
тып жиберген тура,апам деле,эч
кимге моюн бербей,мени салып
берип коёт окшойт деген ой менен
түпөйүл туңгуюкка кабылды.
Түндө Кадичанын ачуу басары
келиптир,Эраалы алып келген ми-
лициялар,ачуу басарга келген ку-
далар менен кошо конок болуп,кетишиптир деген ушак,эр-
тең менен айылга кар жаагандай
эле билинди.
Кылымды айылда эч ким сүйбө-
сө да,"Эшим чалдын жесири" де-
шип,өзүнөн улуулар да,"жеңе" деп,
сакалдуу байбичелер жолу улук
дешип,өздөрүнөн жогору төргө өт-
көзүшүп,айласыз сыйлашат Анын
да кичинекей өз тарыхы бар,Кы-
лым ушул айылга медициналык
окуу жайын бүтүп,эки жыл иштеге-
ни келген.Мөлтүрөгөн татынакай
кыз экен,колунда талканы да бар,
ала качып алсак деп,ак эткенден
так эткен айылдын жигиттери би-
ринен сала бири колума "тикенек"
кирди деп,медпунктту айланып ка-
лышкан эле.Кылым келээри менен
колхоздун башкармасы жылкычы
Эшимдин үйүндө киши жок,оорулуу
байбичеси бар,эртели кеч жардам
берип,карашып жашай бер,кызы
бөлөк райондо турмушта,жалгыз
уулу шаарда,мындан артык батир
табылбайт деп,дайындап,киргизип
кеткен.Айткандай эле,Кылым бул
үйдө мурдатан бери жашагансып,
тез эле орун алды,анын үстүнө док-
туру үйүндө болуп,Эшимдин кемпи-
рине да жакшы болду.Эшимди чал
деп деле айтууга ооз барбайт,абдан
кырчоо,алтымышка аяк басканы
менен тың,мал жанын өзү карайт.
Бейшекан жалаң жашынан малда
жүрүп,төрөп түшүп,балдары токто-
бой,бир кыз,бир эркек менен калып
каниет кылышып,өзү оорукчан бо-
луп,төшөк эңсеп,эптеп кирип чык-
канга жарайт.Кылым келгени,аны
алкагандан тамагы кургап чыкчу
болгон.Кылым булардын үйүндө кызындай жашап,Эшимден ыйбаа
кылышып,ага эч ким кол сала алба
ган.Жыл тегеренбей,Бейшекан каза
болуп,Эшим эми даана Кылым ме-
нен калды,айылдагылар бул кыз
кетсе,байкуш чал эмне болот,де-
шип,кызындай эле болуп калды,ай-
ылга эле бирөөгө турмушка чыгып
алса,атасындай карап турмак де-
шип,ага эр ылайыкташтырышат.
Медайымдын жумушу деле толту-
ра,жума сайын районго отчетко ба-
рат.Отчетко барам деген күнү баш-
карманын сары УАЗиги даяр,Кубат-
бек Жамалов кыркка чыга элек,"ба-
ла башкарма",Кылымды көргөндө
эле,шилекейи аккан,бирок,комму-
нист болгондуктан,кызматынан коркуп,өз ыктыяры менен болбосо,
кол салыш кыйын экенин билет.
Адаттагыдай эле,отчетко барышып
машинелери бузулуп калып,жолдо калышат.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Жакшы чыгарма экен,калеминиз курчуй берсин замандаш