Бирок убакыт өткөн сайын таарыныч азайып, жан дүйнөбүз чоңоёт. Чоңойгон сайын түшүнө баштайбыз: ар бир адам биздин жашообузга жөн эле келбейт. Ар бир адамдын миссиясы бар.
Бирөө бизди сүйүүгө үйрөтөт, бирөө чыдамдуулукту, дагы бирөө кечиримдүүлүктү көрсөтөт. Кээ бирөөлөр катуу сөзү, орой мамилеси менен жүрөгүбүздү оорутат. Ошол учурда биз капа болобуз, бирок кийин түшүнөбүз: алар биздин эң чоң мугалимибиз экен. Алар бизди ойготот, биздин жан дүйнөбүздү чыйралтат.
Эң катуу кыйнаган адам кээде эң сонун периштебиз болуп чыгат. Анткени ал аркылуу биз өзүбүздү тааныйбыз. Оор учурлардын баары текке кетпейт алар жаңы күч, жаңы аң-сезим алып келет.
Жашоо бул биринин артынан бири келген сабактар. Айрым адамдар келип жүрөгүңдү оорутат, бирок ошол эле учурда жаныңа чоң сыйлык калтырат. Айрымдар болсо, эң оор маалда унчукпай кучактап, тынчтык белек кылат.
Ошондуктан жашооңуздагы ар бир адамды түшүнүү менен кабыл алыңыз. Кимдир бирөө сиздин жүрөгүңүздү оорутса да, ал сизге жашоонун чоң сабагын берип жатат. Кимдир бирөө сизге жылуулук берсе анда бул сүйүүнүн эң таза көрүнүшү.
Жүрөгүбүздү ачып жашоону кабыл алганды үйрөнгөндө гана биз чыныгы күчкө ээ болобуз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2