Эркек киши үйдө канчалык камкор, мээримдүү жана урматтуу болсо ошол үйдүн абасы, балдардын жүрөгү ошончолук тынч болот. Сиздин жубайыңызга болгон мамилеңиз бул жөн гана эки адамдын ортосундагы сүйүү эмес, бул сиздин уулуңузга жана кызыңызга эң чоң мурас.
Кызыңызга кандай күйөө каалайсыз?
Анын жанында аны урматтап, жумшак сүйлөп, сүйүүсүн жашырбай көрсөткөн адам болсун дейсизби? Анын көңүлүн көтөрүп, оор күнүндө колунан бекем кармай билген адам болсун дейсизби?
Ошондо кызыңыз ошол адамды кайдан табат? Ал апасына болгон сиздин мамилеңизден үлгү алат. Сиз жубайыңызды кантип сүйсөңүз, кызыңыз өзүнө ошондой сүйүүнү каалайт.
Уулуңузга кандай эркектүүлүктү үйрөткүңүз келет?
Күчүн аялга көрсөтпөгөн, тескерисинче, аялды ардактай билген, кол көтөрбөгөн, жумшак сөздү баалаган эркек болсун дейсизби? Андай болсо, ага ошол үлгүнү сиз гана бере аласыз. Сиз жубайыңызга кандай мамиле кылсаңыз уулуңуз аялдарга ошондой мамиле кылып чоңоёт.
Жубайыңызды сүйүү бул гүл берип же сөз айтуу менен эле чектелбейт. Бул күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй көрүнгөн майда иштерде билинет. Үйгө чарчап келсең да, анын эмгегин баалап, “рахмат” деп айтуу. Колунан кармап, көңүлүн сурап коюу. Балдардын көзүнчө апасына катуу айтпай, тескерисинче, жумшак сүйлөө.
Эркек киши үчүн бул нерселер кичине көрүнүшү мүмкүн, бирок бала үчүн бул чоң сабак. Кызыңыз ошол нерсени жүрөгүнө түбөлүк жазып алат. Уулуңуз болсо ошол мамилени кайталайт.
Ата болуу бул жөн гана багуучу болуу эмес, бул үлгү болуу. Сиздин сөзүңүздөн эмес, ишиңизден тарбия алышат.
Ошондуктан, эгер кызыңыздын келечеги жаркын, уулуңузду чыныгы эркек болсун десеңиз биринчи кезекте жубайыңызды сүйүңүз, урматтаңыз. Бул сүйүү сиздин үй-бүлөңүздүн берекеси, балдарыңыздын келечеги, алардын жүрөгүнө түбөлүк салынган эң чоң мурас болуп калат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1