-Ээ олуям, менин сага бере турган 7 соболум бар. Ошого жооп бере аласыңбы дейт...
-Айтып көр пендем, алымын жетишинче жооп берейин-дейт олуя...
Биринчиси-
Асмандан да чоң жана оор нерсе барбы?
Экинчиси-
Жерден да кеңири нерсе барбы?
Үчүнчүсү-
Таштан да катуу нерсе барбы?
Төртүнчүсү-
Оттон да ысык нерсе барбы?
Бешинчиси-
Кычыраган кыштан да суук нерсе барбы?
Алтынчысы-
Деңизден да терең нерсе барбы?
Жетинчиси-
Жетимден да кор болгон зат барбы?
Болсо алар эмне?
АНДА ЭМЕСЕ УГУП ТУР ПЕНДЕМ:
Ар-намыстуу кишиге жалгандан жалаа жабуу-асмандан да чоң жана оор нерсе;
Акыйкат- жерден да кеңирээк;
Ыймансыздык- таштан да катуу;
Ач көздүк менен көрөалбастык- оттон да ысык;
Тууган-уруктан кол үзүп, карым-катнашта болбоо-кычыраган кыштан да суук;
Шүгүр жана канаат кылган жүрөк-деңизден да терең;
Ушак сүйлөгөн пенденин айыбы ачылган кезде-жетимден да өтүп кор болот...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3