Бирок жүрөгүбүзгө кирип, сырларыбызды билип алып, ичинен тешип кеткен учурлар болот. Бул абдан оор сыноо. Анткени сырттан келген душман эмес, жанында жүргөн, ишенген адамың чыкса жүрөккө жүк миң эсе оор түшөт.
Жашоо ушуну менен кыйын: кимге ишенүү керек, кимге сыр ачуу керек экенин ар дайым биле бербейбиз. Кээде эң жакын деген адам сырды сактабайт, эң ишенимдүү деген сөздү курал кылат. Мындай учурда жүрөк жараланып, ишенимге көлөкө түшөт.
Ошондуктан эң алгач Кудайга ишенип жашоо керек. Анткени адамдардын жүрөгүн өзгөртчү жалгыз Зат Аллах. “Аллахым, жүрөгүмдү калп айтып жанымда жүргөндөрдөн, сырды билип алып ичтен тилип кеткендерден сактай көр” деп тилөө бул ар бирибизге керек дуба.
Жакшы сөзгө ишенип, мээримге арзып жүрүп, ичинде башка ниети бар адамдардан Кудай өзү сактасын. Анткени сырткы кооз алма да ичинен чирип кеткендей, айрым адамдар да сырткы көрүнүшү менен ички дүйнөсү дал келбей калышы мүмкүн.
Жүрөгүбүздү сактоо үчүн бир гана жол бар: Аллахка ишенүү, таза жүргөндөр менен жакын болуу жана ар бир адамга эмес, чыныгы боорукер, ишенимдүү адамдарга жүрөгүбүздү ачуу. Калганын болсо убакыт өзү көрсөтөт.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4