Жаркынбайдын короосу. Калиман сары май сызгылып, чөбөгөсүн тундуруп отурат. Төрдо жаңы эле тиккен кемселди карап койду. Аны Чыракка атап тигип, күмүш тыйындан жасалган топчуларды кадаган эле. Аларды тээ илгери жаңыдан баш кошкондо Жаркынбай жасатып берген. Алар менен кошо күмүш билерик, чачпактын күмүш жасалгалары да таштар чегерилип жасалган болчу. Ошол белектерди Калиман эмдигиче катып жүрөт.
Анын жанында ар түрдүү алты-жети тизимден тизилген мончоктор жатат. Бакбергени келсе, аруу тилек менен келинине берсем деген тилеги бар. Калиман ушуларды карап, кыялданып отурганда сырттан Жапардын үнү угулду.
Жапар:
— Эй, сен кимсиң? Кач, кач деймин! Тийбе ага! Кач деймин, кач!
Калиман бир топ тыңшап турду. Жапардын үнү кайрадан чыкты:
— Ээй, кет! Кет деймин сага!
Калиман ичинен: «Бул бала эмне болуп жатат? Ким менен эле тартышып жатат?» — деп ойлоп, сыртка чыкты. Караса, короодо бала таан “каа-каа-каа” деп учуп-конуп, дагы бир калдайган чоң таанды кууп, короого жолотпой жүрүптүр. Чоң таан болсо бала таанды тоготпогондой, баласынткандай гана карап, жакын келсе “кааа-кааа-кааа” деп койсо, бала таан тайсалдап, “каа-каа-каа” деп Жапар жакка учуп жөнөйт.
— Эмне болуп жатат, Жапар?
— Эне, бир чоң таан келип, менин таанымды чокуп жатат. Мен аны үйгө жологус кылып кууп жатам.
— Токто, балам, токто Жапаш! Бул атаңдын тааны го. Бул Бакбергендин тааны! Токто, кууба, урба аны!
Жапар дел болуп туруп калды. Бакбергендин тааны “каа-каа-каа” деп учуп келип, Калимандын мүрүсүнө конду.
— Жаныбарым, кайдан келдиң? Кайда жүрдүң? Кубантып жакшы кабар алып келдиңби? Бакбергенди таптыңбы? — деп Калиман таанды мүрүсүнөн алып, сылап жатты.
Жапар таң калып сурады:
— Эне, бул таан атамдын тааныбы? Атамдын да тааны болгон беле?
— Ооба да, балам, акжолтой таан бул.
Калиман кубангандан божурай берди:
— Бул таан жакшылыктын жарчысы. Бул таан сени…
Божураган Калиман сөзүнүн аягына чыкпай тык токтоп, ойлонуп калды: «Мен эмне деп келжиреп жатам? Оо, карылык-ай, аз жерден Жапардын көңүлүн уйгу-туйгу кылып ала жаздадым».
Жапар кулагын түрө сурады:
— Эне, эмне дедиңиз? Бул таан мени да тааныйбы?
Калиман шашып кетип:
— Ооба, ооба, балам, таан сени да тааныйт, ошону айтайын дегенмин да, — дей салды үшкүрүп.
Андан соң таандын бутундагы сөйкө менен көз мончокту көрүп, кубанып кыйкырып жиберди:
— Жапааш, Жапааш, атаңдан кабар келди! Атаң менен апаң келет экен. Алдыңа гана кетейиндерим. Оо, Кудай, тилегимди орундатканыңа шүгүр!
Калиман кобуранып сүйлөнүп, таандын бутундагы сөйкө менен көз мончокту чечип алды да, кооз сөйкөгө тигилди.
Жапар шынаарлап,-
— Эне, бул сөйкө апамдыкыбы? Сонун, кооз экен го?
— Ооба, балам, кооз сөйкө турбайбы.
Жапар кайрадан кызыга карады:
— Эне, сиз апамдын сөйкөсүн мурда көрдүңүз беле?
— Ой, ал эмне дегениң? Ооба, көргөнмүн, ушул сөйкөнү тагынып жүрчү. Эмнеге сурадың, тентегим?
— Сиз “кооз экен” дедиңиз го. Биринчи жолу көргөндөй сүйлөдүңүз го?
— Оой, зирегим-ай, ар бир сөзүмдү таразалап турасың ээ. Карачы, кандай сонун сөйкө! Андан көрө, Тынышка кабар берели, балам. Сен барып Бүбүкан экөөнү чакырып келчи.
— Макул, эне!
— Ии, токто, балам. Момуну Чырак эжеңе да бере кел. Кубанып калсын.
Калиман кемселди Жапардын колуна карматты эле, ал чуркаган бойдон кетти. Сырттагы ээрде чоң таан, жерде кичине таан бири-бирин карап турушту. Кичине таан чоң таанды өгөйлөп, улам какылдап сайрап, ары-бери учуп тынбады. Ал эми чоң таан анын ар бир кыймылын карап туруп, анда-мында гана “каа” деп койгону болбосо, дээрлик үн чыгарбай койду.
Буларды карап турган Калиман эки таанды Бакберген менен Жапарга окшоштурду: «Шумдугуң кур, таандар да ата-баладай болуптур. Бакбергендин тааны бул бала таан экенин билип моюн сунду. Тиги тентек болсо тентектигин койбой, кайра какылдап жүрөт. Бакберген менен Жапар да ушул таандардай болор. Бирине-бири көнгөнчө! Апасычы? Ал кандай кабыл алат экен? Жапар аларды көргөндө кантет? Же бала таан сыяктуу чунаңдап, экөөнө бой салбай өгөйлөп кыйналбайбы я?..»
***
Жаркынбайдын короосу. Калиман эрте туруп, айлана-чөйрөнү карап турат. Тоонун таңы, сулуулугу, таза абасы, жымжырттыгы керемет маанай тартуулоодо. Таза абадан кере-кере дем алып, тилек кылып күбүрөндү.
— Оо, Жараткан Кудайым, ушул таңды көргөзгөнүңө шүгүр кылдым. Таңга аман-эсен жеткиргениңе шүгүр. Бакбергеним келгиче чымындай жанымды сактай көр. Уулумду боорума кыса, жүзүнөн сүйө, жыпарын искеп көңүлүмдү тынчыткыча, колумдагы аманатымды колуна тапшырганча, чымындай жанымды сактай тур. Оо, Жараткан, уулумду мага аман-эсен жеткире көр! Көп нерсе сурабадым, Айланайын Кудай, тилегимди кабыл кыл!
Бул тилек ондогон жылдар ар күн сайын айтылып келет. Калиман тээ алыстан эки атчандын келе жатканын байкап калды.
— Таң атпай жолго чыккан ким экен? Биз жакка бурулдубу? Же Тыныш жакка бурулдубу? Тынышка келген бирөө окшойт. Кой, куру үмүт кылбай үйгө кирейин. Кудай жол берсе, бир күн жарк деп кирип келип калаар!
Калиман уктап жаткан Жапардын чачынан жыттап, жанына кынтая жатты. Оо, бир топто, сырттан аттын баскан изи дүкүлдөп короосуна токтогондой болду. Калиман башын көтөрүп тыңшап калды. Аңгыча Тыныштын үнү угулду:
— Чоң эне, чоң эне, Жапаар! Оо, Жапаш!
Калиман үйдөн чыкты. Короодо Тыныш эки атчан адам менен турган эле.
— Кел, Тыныш, келегой уулум! Таң атпай келдиң, тынччылыкпы, балам?
— Тынч эле, чоң эне, таң атпай келгенибизге чочуладыңыз окшойт. Булар Жаркынбай абанын короосун издеген жолоочу мырзалар экен. Туура эле ушул жакка алып келдим.
— Арыбаңыз, чоң эне.
— Арыбаңыз, чоң эне.
— Ии, келгиле, келгиле, балам! Мен азыр Жапашты ойготоюн. Жапаар! Тура гой, балам, үйгө киши келди.
Калиман калдактап үйгө кирип, эми эле тура калган Жапарга кайрылды:
— Балам, киши келди, төрдү даярдай салчы.
— Ким экен, эне?
— Билбейм, балам.
Коноктор төрдөн орун алышты. Алардын бири кеп баштады:
— Биз тээ Сырдыбай карыянын айлынан болобуз. Сиздерге атайын бизди жөнөттү эле. Бакберген менен Карагат жеңе эки күндөн кийин келип калышат. Бизди эки күн мурда жолго чыгарышты, сиздерге кабар айтыш үчүн.
— Оо, Кудай, эмне дейсиң? Уулум келе жатабы? Келиним келе жатабы?
Калиман бүлкүлдөп, эмшиңдеп ыйлап отуруп калды. Жанына келген Жапардын чачынан жыттап, көзүнө карады:
— Жапакем, атаң келатат! Бакбергеним менен Карагатым келатат! Биз күткөн күн келди, уулум.
— Эмне дейсиз, эне? Атам менен апам келет бекен?
Жапардын көзү жайнай түштү.
— Ооба, кулунум, атаң-апаң келе жатат.
Кубанган Калиман менен Жапар келген конокторго берээр эч нерсесин таппай калдакташат. Тыныштын сүйүнүчүндө чек жок. Калиман энесинин азыркы абалын көрүп, ага билгизбегени менен ичинен эзилип, эненин касиетине, мээримине баа берип, көзүнүн кычыгынан жаш сарыкты. Ооба, Калимандын бул абалына көргөн адам гана эмес, эми эле чайыттай ачык турган жаратылыш да кулунун сагынган энедей мекиренип, мээнип, майда жамгырын төгүп турду. Эненин мээрими табигатты да жибитти.
***
Ондогон жылдардын өтүшүнөн да акыркы эки күндүн өтүшү абдан кыйын болду. Тыныштын үй-бүлөсү, Ажыбай менен Санамбү Калиман менен кошо Бакбергендерди күтүшүп, көздөрү жолдо калды. Жапар болсо кубанганынан топусун асманга ыргытып, тоолорго кыйкырды:
— Ээй, тоолор, тоолор, уктуңарбы? Менин атам-апам келе жатат! Менин атам бар, апам бар эми! Тоолор, тоолор!!!
Жапардын кубанычтуу үнү тоолордо жаңырып, тоолор да кубаттап жаткандай, тоо койнунда өскөн арчалар эрке желге чайпалып кубанычка кошулду. Күн жаркырап тийип, асман көгөрүп, ала-чокул бир бир да булут жок. Тымызын даярдануулар менен күтүүлөр болуп, убакыт токтоп калгандай туюлду.
Үчүнчү күн дегенде түш маалында чакан айылдын асманын эсеби жок таандар каптап, «каа-каа-каа-каа-каа» деп тегерене учуп турушту. Калиман менен Жапар гана эмес, бүткүл айыл эли, бала-чака ошол топ таанды кызыгуу менен тиктеп калды. Анан баарын Жапардын үнү селт эттирди:
— Келе жатышат! Атам келе жатат!
— Канакей? Кайсы жерде?
— Көрүнбөйт го?
Калиман колун чекесине кадай тээ ылдыйды карады да:
— Ооба, тээ ылдыйда топ атчан келе жатышат. Карачы, алардын арасынан бирөө алдыга озуп чыкты.
Аттын оозун коё берип, Жаркынбайдын короосуна түз келе жатат!
— Алдыңа кетейиним! Каралдым! Кулунум! Бул менин Бакбергеним! Аксарбашыл, оо Кудай, садага болоюн Кудай! Уулумду өзүмө кайтардыңбы?
— Эне, атамбы? Эне?
— Кагылайын каралдым! Карааныңдан айланайын!
Калиман Жапардын сөзүн укпай, боздоп, кобурай берди.
— Эне, ээ-не-оов! Келе жаткан киши атамбы деймин!
— Ооба, каралдым! Бул сенин Бакберген атаң!
— Тосуп чыгайынбы?
— Жок, балам! Үйгө келе жатат! Токто, чуркаба!
Булар божурашканча атчан чаң ызгытып короого жетип келди. Ооба, бул Бакберген эле. Жаркынбайдын короосуна жетпей жатып эле аттан секирип түшүп, короого бой таштады. Көзүнө урунганы, көз жашын жашыра албай, ак жоолугу желкесине түшүп, ак саамайы шамалга сеңселген, эки колун суна өзүн көздөй келе жаткан чүкөдөй энеси болду.
— Апа, апакем, садага болоюн апакем, мен келдим!
— Кагылайын кулунум, балаам!
Эне-баланын ортосундагы жети-сегиз метрлик аралык жети-сегиз чакырымдай узарып кеткендей. Бири бирине жетпей кыйналып баратышат. Үнү кардыгып, көзү карыккан эне уулуна канат кагып боздоп баратып мүдүрүлүп, жер таянып калды.
— Оо, ботом, кулунум! Балаам, Бакытайым!
Бакберген жер таянган апасын жепжеңил так көтөрүп алды.
— Апакем, садага кетейин апакем! Көзүңдөн тегеренейин. Кечир мени, кечир, жаман уулуңду!
Эне-баланын боздоп табышуусу дүйнөнү жаңырткандай болду. Асмандагы бирин-серин булуттар да токтоп калгансып, таандар топ-тобу менен тегерене учуп, «каа-каа» деп коштоп, кайгы менен кубанычтын муңдуу обонун ободо жаюуда. Бул табышууга жер да, көк да, жандуу менен жансыз да күбө болуп, жүрөктөргө арман аралаш бир сырдуу кубаныч тартуулап жатты. Короонун четинде көптөн күткөн колу-кошуналар жүрөгү солкулдап турат. Тыныштын көз жашы кылгырып, кубанычтан жүрөгү тоодой толкуп чыкты. Ажыбай да жашын жашыра алган жок. Буурул сакалын кармалап, «о, Жаратканым!» деп күбүрөнгөнү менен үнү көөдөндөн чыкпай, көзүндөгү жашка айланды. Санамбү менен Бүбүкан эненин боздогон үнүн уккан сайын муң менен сүйүнүч аралаш көз жаш төгүштү. Алар да эне сагынычына күбө болуп, жан дүйнөсү титиреп турган эле. Күндүн алоолонгон нурлары эне-баланын кучагын өбө жылуулап жаткандай сезилди. Тоолор куш үнүнө жаңырып, талаанын жыпар жыттуу шамалы, асмандагы ак булуттар да ушул кереметти угуп-сезип тургандай болду. Жер менен асман жуурулушуп кеткендей! Асман жерди кучактап, жер асманды жубатып, эне-баланын көз жашын өзүнө сиңирип жаткансыйт. Ошол ирмемде дүйнө токтоп калгандай болду. Убакыт да бул мээримдин улуулугуна баш ийип, андан ары жылбай, ушул жолугушууну түбөлүккө тоо-талаага, элдин жүрөгүнө жазып жаткандай сезилди. Ал эми Жапар энесине көз салып эмшиңдеп, тигил чоочун адамды карап чоочуркап турду. Кучакташып эзилген эне-баланы Тыныш да кучактап:
— Мына, көптөн күткөн кубанычтуу күн ушул күн да! Чоң эне, мына, Бакыбай келди! Ыйлабаңыз эми! Мына, мына,— деп Калиманды сооротту.
Бакберген Калиманды бошотуп, Тыныш менен кучакташып көрүштү. Тегерегиндегилер бирден келип, Бакберген менен учурашып жатышты. Бирок Бакберген баары менен көрүшкөнү менен көзү кимдир бирөөлөрдү издеп жаткандай эле. Ар бир учурашкан тестиер балдарды карап: «Жапарым ушулбу, же тигинисиби? Атам эмне чыкпайт? Же таарындыбы?» — деген ойдо болду. Чыдамы кетти да:
— Атам кайда? Жапарым кайда? — деди.
Калиман көзүн ала качып, эчкирип алды да, тээ четте обочолонуп, чоочун кишидей карап турган Жапарды көрсөтүп:
— Жапаке, Жапашым, кел уулум! Атаң менен учураш! — деди.
Бакберген башын Жапар жакка буруп, канатын жайып чуркады. Ал эми Жапар болсо же чуркаарын, же басып кетээрин билбей, ыңгайсыз абалда толкундап турат. Обурлуу Бакберген Жапарга жетип келип, бооруна кысып:
— Кулунум, тайчагым, уулум! — деп эчкирип жиберди.
Араң турган Жапар болсо, бир топтон кийин гана:
— Атаа, атаа!.. — дегенден башка сөз айтпай ыйлап турду.
— Менин уулум чоңоюп калыптыр! Мырза болуптур! Жигиттин гүлү болуптур! Рахмат, апакем, уулумду эрезеге жеткиргениңиздер үчүн. Атам кайда? Атамды бир жыттап моокумум кансынчы. Таарынып жатабы мага? Мен кирейин үйгө…
Бакберген үйгө жөнөй бергенде, Тыныш анын колун кармап токтотту:
— Бакы досум, токто, токто! Сага айта турган сөзүбүз бар.
— Айт, Тыныш, айт!
Тыныш мукактана Калиманды карады. Калиман бөкчөңдөй барып, Бакбергенди кучактап, жүзүнөн сүйдү да:
— Мөлтүрөгөн көзүңдөн тегеренейин, кулунум. Сен билбеген нерсе бар. Сени күткөн атаң жок эми… Атаңды көп жыл мурда ээсине тапшырганбыз, уулум. Биз Жаркынбайдан айрылып калганбыз, уулум… — деди.
Бакберген муну угуп теңселе түштү.
— Апаке, эмне деп жатасыз? Андай болушу мүмкүн эмес! Жалган деп айтыңыз, апаке!
Тыныш сөзгө аралашты:
— Бакы дос, бул чындык. Жаркынбай абамдан көп жыл мурун ажыраганбыз. Ыраматылык абам сени көп күттү, бирок оорусунан айыгалбай, арабыздан кетти. Кайрат кыл, досум, абамдан ажырап калганыбыз чындык…
Бакберген жерге чөк түшүп отуруп калды. Деми буулуп, тамагына ачуу нерсе кептелди. Жер астын-үстүн айланып кеткендей болду. Бир маалда гана,-
— Атакеее, атаа! Карааныңдан айланайын, атаа-а! Атаа-а, атаке-ем! — деп жер өбөктөп бакырып жатты.
Эмилеки кубанычты бул өксүү жаап салгандай болду. Тегеректегилер Бакбергенди кучактап, көңүл айтып жаткан учурда Сырдыбай баштаган топ короого келип калды.
— Ассалоому алейкум!
— Ассалоому алейкум!
— Арыбаңыздар!
— Арыбаңыздар!
— Алейкум ассалам!
— Алейкум ассалам!
— Кош келипсиздер!
— Кош келипсиздер!
Тургандардын бир тобу конокторду тосуп алып жатса, Калиман далдактай Бүбүканды жумшады:
— Бүбүш, кесеге суу куюп чык, балдардын башына тегеретейин.
Бүбүкан алып чыккан кеседеги сууну Бакбергендин башына тегереткен Калиман:
— Үч жолу түкүр, балам, жамандыктын баары ушуну менен кетсин, — деп түрттү да, сууну чачып, кечени жерге көмкөрдү.
Тегеректе тургандар жабыла конокторду аттан түшүрүп, үйгө баштап киришти. Карагат менен Гүлүмканды алмак-салмак караган Калиман кимиси келини экенин билбей турганда, Карагат:
— Апакем, арыбаңыз! Күүлүү-күчтүү турасызбы? Уулум кайда? — деп жиберди.
— Кагылайын Карагатым, келдиңерби! Апанарды зарыктырдыңар го!
Калиман татынакай Карагатты бооруна кысып, маңдайынан өптү да, көзүн Бакбергенден албай турган Жапарды карап:
— Кызым, Жапарың тигине! Жапаш, оо Жапаш! Кел, уулум, апаң менен учураш! — деди.
Жапар дагы туруп калды. Ал Карагаттын кара көздөрүнө, айдай жамалына, ак жүзүнө, сымбаттуу боюна суктанып: «Ушул менин апамбы? Мынча сулуу? Атам да сымбаттуу мырза экен”— деген ойго батты. Карагат илбериңки басып келип, сүрдөп, чоочуркап турган Жапарды карап:
— Жапашым, кулунум, балам, кел! — деп, анын жообун күтпөй бооруна кысып, өөп да, ыйлап да жатты.
“Апам кандай адам болду экен?” — деп бир көрүүгө зар болгон Жапарды эненин мээрими жибитип салды. Көкүрөгүндөгү таарыныч, ызалык, сагынычы ушул мээрим, эжигей жыт менен эзилип кетти.
Буларды карап турган Сырдыбай карыя, Кенжебек, Гүлүмкандар үнсүз көз жаш төгүштү. Гүлүмкан Жапарды уурдана карап, анын мыкты жетилгенине ыраазы болуп, Бакбергенге ыраазылык билдире баш ийкеп койду. «Жети атамды тартпайм, жерден алганды тартам» дегендей, Жапар Зорбекке эмес, Бакбергенге тартыптыр. Окшоштугун карасаң, өз баласындай эле болуп калыптыр. “Бактылуу болгула ата-бала”, — деп ойлонду.
(уланат, бирок, кийинки саны соңуна чыгат)
Кундузбү Маматова
Куку
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38