6-бөлүм
Кыял да ошол түнү жанын коёрго жер таппай чабалактап, айласы кетип өзүнчө буркурап ыйлап таң атырат. Эртеси кызарып шишип калган көздөрүн ушалап терезесин карайт. Эшигинин алдында ойго чөмүлүп ары-бери басып жүргөн Кадырды көрүп: "Жүрөгүмдү оорутуп өзүмдү азапка салып, түйшөлүп өмүр сүргөндөн абдан чарчадым! Кадыр, түшүнчү, сага да ишене албай турам... Эч кимге ишенбейм! Жаңы эле өзүмө келип жүрөгүм жай алып калды эле. Эмне үчүн жүрөгүмө бүлүк салып, көзүмө кайрадан көрүндүң экен Кадыр? Сени унуткарып, жашоомдон чийип салганм! - деп өзүнчө күбүрөнүп, керебетине кулайт. Башын жаздыгына катып, өңгүрөп ыйлап кирет... Жаңы эле жандырган телефону да тынымсыз шыңгырай бергенинен улам, телефонун өчүрөт. Эшигин такылдатып келгендерге дымын чыгарбай, эч кимге эшигин ачпай коёт. Ошентип бир нече күн толгонуп жүрөгү, сезимдери менен күрөшүп, жаны абдан кыйналат. Күн сайын "үмүтүн үзүп кетип калаар бекен" деп чуркап келип терезесин караса, Кадырдын баягы эле калыбында басып жүргөнүн көрүп, ачуулангансыйт. Кыял үчүн кандай кеч кирип таң атканы билинбей, буга чейинки жашоосу көз алдынан чуурутуп өткөндөй болот. Эчак эле унутта калган өткөн жашоосун, дагы бир ирет жашап өткөндөй болот. Мындай өзүн-өзү таразалоосу менен, буга чейинки азаптуу күндөрүнүн чегинде курчалып калганын сезет... Ушунча узак жылдар бою азапка салган мурунку турмушун коё бере албай, өмүр бою армандуу өкүнүчтө жашап, жүрөгүн "жек көрүү" менен "кечирбестик" уялап алганын түшүнөт. Жүрөгүн мүшкүлдүү азапка салгандын баарын кечирип коё берүү, түп тамырынан бээри жулуп жууп тазалап чыгуу, Кыял үчүн оңой болбойт... Ооба, Кыял ошондо гана адам затынын өзү менен өзү бетме- бет калып, жан дүйнөсү менен алпурушуп күрөшүүсү баарынан да оор болоорун жакшы түшүнөт. Ошентип ыйлап отуруп көзүн ачса, түн ортосу болуп калган экен. Басып барып форточкасын ачат. Түнкү муздак абадан кере-кере дем алып, жымыңдаган жылдыздарды кыялданып карайт да, ары-бери басып жүргөн сөлөкөттү көрөт. Ошол учурда Кадырдын да кудум эле өзүндөй болуп, ички дүйнөсү менен алпурушуп жүрөгү түйшөлүп турганын Кыял да сезип туят. Бирок сезимдерине баш ийип алсыздык кылбастан дароо терезесинин форточкасын жаба салат. Ийиндерин солкулдатып ыйлап жатып, көшүлүп уктап кеткен экен, бир убакта чоочуп ойгонот. Эчак эле таң атып, эшикте нөшөрлөп жаан жаап жаткан экен. Басып келип терезесин караса, ийне - жибине чейин шөлбүрөп суу болгонуна карабай, дале терезе жагын үмүттөнүп карап турганын көрөт. Эмнегеди Кыялдын Кадырга боору ооруй түшүп: "Өзүнүкүн бербеген деги бу кандай неме? Жаанда суу болуп тура берип, ооруп калсачы... Чын эле мени ушунчалык жакшы көрүп калганбы? Менчи? Эмне үчүн мен дагы жүрөгүмдүн каалгасын черткилеп тыкылдатып турган махабатымдан баш тартып, өзүмдүн бактылуу болушума өзүмө-өзүм жолтоо болуп жатам? Кимден тартынып, уялып, коркушум керек? Ооба, Кадырдын тунук махабатына эми көзүм жетти! Эми мен дагы чечкиндүүлүк кылып, өз махабатыма багыт алайын! - деп үстүнө жемпирин жамынып, шашылып Кадырына жөнөйт.
Дарбазасынын эшиги ачылып, өзүн көздөй басып келаткан Кыялды көргөндө, Кадырдын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болот. Кадырдын жанына басып келген Кыял Кадырдын көзүнө тигилип карап, кылгырып аккан көз жашын нөшөрлөгөн жаан тынымсыз жууп жаткандай болот.
--Кыял, алтыным, жаным, мен сени чындыгында эле чын жүрөгүм менен жакшы көрөм! Ооба, баарын түшүнүп турам. Бирок эркектер бирдей, окшош эмес, арабызда жакшысы да, жаманы да бар... Беш кол тең эмес Кыял, менден күмөн санабачы... Ишенчи мага жаным!- деп Кадыр Кыялдын назик колдорунан кармап өзүнө имерип тартат.
--Эмне үчүн мени мынчалык күттүрдүң экен, Кадыр?- деп сураганына Кадыр ыңгайсызданып:
--Алтыным, мени кечирчи... Же дарегиңди билбейм, де телефон номуруңду... - деп айтып келатканда Кыял:
--Жок Кадыр, кеп анда эмес... Эмне үчүн мени мынчалык көпкө күттүрдүң экен... - дегенине Кадыр эмне деп жооп берерин билбей:
--Кыялым менин, мен сени күттүрбөй калайын... Кайра тескерисинче канча күндөн бери сени күтүп... -десе Кыял жылмайып:
--Жок Кадыр, мен сени өмүр бою издеп, күтүп жүрүптүрмүн... Акыр - аягы тагдырым экөөбүздү кеч болсо да жолуктурду, ыраазымын! Ушунча күндөр бою күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Мен дагы бир чечимге келе албай түйшөлүп, өзүм - менен өзүм күрөшкөндөй болдум... Көрсө, өкүнүч кечирбестик, ишенбестик жан дүйнөмдү бийлеп, туткунунда калган экем. Ушулардын баары менен кош айтышып, жеңе алгандай болдум! Кадыр, мен да сени жакшы көрөм! Кадыр, сен менин КЕЧИККЕН МАХАБАТЫМСЫҢ! - деп айтып, көптөн бээри кыялданып жүргөнүндөй Кадырдын карылуу кучагына боюн таштап, эреркеп ыйлап жиберет. Кадыр да жетине албай:
--Алтыным менин, ардагым менин! Бизге канча өмүр жаш берилген болсо, өмүрүм өткөнчө сени көкөлөтүп, бапестеп жүрүп өтөм! Сен дагы менин өмүр бою издеп күткөн таза, тунук махабатымсың! Асылымсың! Кыялым, болду ыйлаба жаным, эми мындан ары көзүңдөн бир тамчы жашыңды агызганга жол бербеймин! Экөөбүз буйруса сөзсүз бактылуу болобуз! - деп мээримге, сүйүүгө толо болгон жылуу кучагында эркелетип кучактап туруп, суу болгон чачтарынан сылап:
--Иий алтыным, суу болуп үшүп калдың. Деги ооруп калбаган элең- деп үстүндөгү кийип турган күрмөсүн чечип, Кыялга жамындырайын деп далбастап калат. Бирок күрмөсү шөлбүрөп, сыкма суу болуп калганына экөө тең күлүп жиберишет.
Жаны тынбай шыңгыраган телефонунун туткасын алса, Сайраш чалып аткан экен.
--Алло, ой алоо дейм, угуп жатасыңбы? Ой эмне унчукпайсың, деги барсыңбы ыя? - деп бапылдаган Сайрашка Кыял тамагы ооруп, үнү кырылдап жакшы чыкпай калганын айта албай эси оойт. Эптеп тумоолоп калганын айтып түшүндүрөт. Анда Сайраш:
--Апей ботом, сен дагы ооруп калдыңбы? Азыр эле Сагын Кадырга чалса, ал дагы ооруп, төшөктө жатканын айткан экен. Экөөңөр тең бирдей удаалашып ооруп, балээ болгон го? Деги эмне болуп кетти ыя, тынччылыкпы? Кой анда, ысык тамак жазап алып, ананыраак сага да тие кетебиз! - деп телефонун коюп коёт. Көп өтпөй эле эшигинин коңгуроосу кагылып калганда, Кыял ичинен таң калып: "Сайраш шуулдап тез эле келип калдыбы?" деп, темселеп басып барып эшигин ачат. Улуу уулу айылдан келип калган экен. Апасынын сыркоолоп калганына кейиген уулу апасын кучактап:
--Апаке, сизге эмне болду, ооруп калдыңызбы? Чалсам телефонуңуз өчүк болуп туруп алды. Такыр байланышка чыкпаганыңыздан санаам тынчыбай, айылдан келе бердим. Көрсө, ооруп калган турбайсызбы... Чалып айтып койсоңуз болмок экен, апаке? - деп тынчсызданган уулу апасынын чекесин кармап:
--Ай-иий апаке, дене табыңыз да көтөрүлүп, кыйналып жаткан экенсиз ээ?... Доктур чакыртайынбы? - деп тынчсызданган уулунун бетинен өөп, колтуктап алып диван жака басып келип отурат.
--Жок балам, доктур чакыртпай эле кой, мен жөн гана састымоолоп калсам керек. Кабатыр болбо, буйруса бат эле жакшы болуп, сакайып кетем! - деп:
--Балам, сени менен акылдаша турган бир сөзүм бар эле. Бирок айтып берсем, кандай кабыл алат деп кабатыр болуп турам... - дегенине баласы:
--Апа, баары жайында элеби? Кулагым сизде, ыңгайсызданбай айта бериңиз, апаке! - деп жооп берип, кунт коюп угуууга даяр болуп отуруп калат. Эмнеден баштаарын билбей түйшөлүп отуруп, акыры Кадыр жөнүндө төкпөй-чачпай айтып берет. Апасынын окуясын унчукпай угуп отурган баласын Кыял тынчы кетип карап, "эми уулумдун кабыл алуусу кандай болуп, кандай жооп угат болдум экен?" деп жүрөгү сайгылашып отурганда, уулу туруп келип:
--Апаке, абдан сонун кубанычтуу жаңылыгыңыз бар экен да! Мен сиз үчүн абдан кубанып калдым! Эмне үчүн болбосун апа, бактылуу болууга ар бир адам укутуу! Сиз бизден тартынып, же болбосо тууган - туушкан, тааныш - билиш, эл эмне дейт деп чоочулабаңыз! Ар кимдин өз жашоосу өзүндө. Ансыз деле бизди багып чонойтом деп жүрүп, жаштыгыңызды бизге арнадыңыз! Бир гана биз деп жашап эч нерседен кем кылбай, мээримиңизди төгүп чоңойттуңуз, биз сизге терең ыраазыбыз! Апа, жашоо кандай болоорун, турмуш, тагдыр деген эмне экенин чет-жакасын көрүп билип, биз дагы түшүнө баштадык. Ошондуктан сизди ушул боюнча жалгыз бой бойдон калып калбаса экен деп, биз деле сиз үчүн тилек кылып жүрдүк элек. Албетте апаке, сиз дагы өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккан адамыңыз менен турмуш куруп, бактылуу болууга акыңыз бар! Бактылуу болууга сиз да укуктуусуз апа! Бизден эч кабатырланбаңыз, биз сизди колдойбуз! - деп колдорунан өпкөн баласынын чачтарынан сылап, жүрөгү ылдыйлай тушуп ыйлап жиберет. Ошол маалда эшиги чырылдап, уулу эшикти көздөй бет алат. Эшиктен кирип келаткан Сайраш менен Сагындын үндөрү угулуп, Кыял да тосуп чыкканы жөнөп калат. Коноктордун арасынан Кадырды көргөндө кызыктай болуп, бирде Кадырды, бирде уулун карап туруп калганда уулу да айттырбай түшүнгөнсүп, жылмайып Кадыр менен кол алышып жылуу учурашат. Сайраш да жагдайды жеңилдеткенсип адатынча бакылдап- шакылдап, бир заматта үйү кымгуут боло түшөт. Баары чогуу тамактанышып жайдары баарлашып отурушканда, Сайраш:
--Кымбатуу досторум, үйлөнүү-үлпөт тойго эми кам көрө баштасак болот экен да ээ анда? - деп алакандарын ушалап:
--Азыр эле тойдун качан болоорун белгилеп, баарын ийне - жибине чейин сүйлөшүп алалы. Болбосо Кыялга ишенич жок - деп көзүн ымдап тамашалаганына Кадыр күлүмсүрөп, баары Кыялды жылмайып карап, күлүп калышат!
Ошентип Кыял менен Кадыр экөө никелешип баш кошушат. Той аяктап, келип-кеткен коноктордун да аягы суюлгандан кийин, ушунча күндөн бээри буту-бутуна тийбей кол кабыш кылып чуркап кызмат кылып жүрүшкөн эң жакын достору, Сагын менен Сайраш төрүндө чай ичип отурушкан. Бир убакта Кадыр:
--Алтындарым! Кымбаттууларым! Мен дүйнө жүзүндөгү эң бактылуу адамдардын биримин десем, эч жаңылышпастырмын! Анткени кыялданып жүргөн тунук махабатымды жолуктуруп, түгөйлүү болгонума төбөм көккө жетип турат. Силердей пейили кенен, жүрөгү таза жөнөкөй дос күтө алганыма, эки эселеп бактылуумун! Ошондуктан Кыял экөөбүз акылдашып, Ысык- Көлдөгү пансионаттын бирине, төрт адамга путевка алып койгон элек, кандай дейсиңер? Чогуу-чаран барып, кичине эс алып келбейлиби? - дегенине Сайраштар кубанып макул болушат.
Сейил бактагы отургучтардын биринде отурган Кыял жанында божурап сүйлөп отурган Сайраштын сөздөрүн жылмайып угуп, өзү болсо бийик өскөн термелген теректердин арасынан жылт этип көрүнгөн күндүн чагылышкан нуруна жүзүн тосуп рахаттанып отурган болот. Бир убакта Сайраш:
--Кыял, биздин ардактууларыбыз деги каяка басып кетишти? Эмнеге мынчалык кечке жоголушту ыя?- дегенине Кыял көзүн жумуп кыялданган калыбынан жазбай:
--Билбейм, азыр келип калышса керек. Сайраш, ишенесиңби, мен ушунчалык бактылуумун десең! Өзгөчө Ысык-Көлгө барып эс алып келгенден кийин, көптөн бери көңүлүм ток болуп ушунчалык бейпилдикте жаным жай алып, рахатка бөлөнө элек элем. Качандыр бир кезде мен дагы бактылуу болом деп, үч уктасам түшүмө кирген эмес. Өмүр бою кандай гана азаптарды башыман кечирбедим... Ушул сейил бакта канча жолу жүрөгүм ыйлап, жалгыздыктын муздак кучагынан чыга албай, теректерди кучактап алып боздоп ыйлап жүргөн күндөрүм да көп болбодубу... Кудай деген адам кур калбайт экен, сансыз күндөр, түндөр бою тилек кылып жүрүп, тилегиме жеттим Сайраш. Баардык аруу зат айымдар, деги эле баардык адам заты ушул мендей болуп бактылуу болушса экен! Бир дагы асыл зат ыйлабас болуп, жанында опол тоодой болгон ишенээр, таянаар тоосу болсун. Бир да адам өз убагында мендей болуп, жалгызсырабасынчы! Жаратканым да бекеринен эки адамды түгөйлүү кылып жараткан эмес тура! Бул жашоонун эң негизи маңызы ушунда тура! Болгону бирөө кош жүрөгүн өз убагында жолуктуруп түгөйлүү болсо, кимдир бирөө өчпөгөн үмүтү менен өмүр бою тоону омкоруп издеп күтүп жүрүп, буйруган убакыт-сааты чыкканда чирелишкен кош жүрөктүү болот экен. Буйрук болсо бакыт-таалай, ырыскы кут берекенин мөмөлүү дарагы түптөлгөн чынар болуп тамыр байлап, дүркүрөп өсүп чыга келет экен! Жашоо өзү эле керемет ээ, Сайраш! - деп бакытка толо болгон кыялдуу көздөрү менен караган Кыялдын сөздөрүн муюп угуп отурган Сайраш да көзүнө жаш алып:
--Иий айтпа, Кыял! Кыял, ишенесиңби, азыр мен дагы сенден кем калышпай, өзүмчө эле бактылуумун десең! - дегенде Кыял:
--Ооба Сайраш, кулк- мүнөзүң өзгөрүлө түшкөнүн байкап жүрөм. Биз Ысык- Көлдө да чогуу эс алып жүргөндө, Сагын экөөңөр кыжыңдашып урушпай, бири- бириңерге кылган жылуу мамилеңерди байкап, мен дагы кубанып жүрдүм! - дегенде Сайраш:
--Иий Кыял, жашоодо болуп жаткан нерселердин баары тең өзүнчө эле чоң турмуш сабактарын берип турат турбайбы... Мисалы мен жаш кезимден бери бүлөөлү болгонум менен, сендей эле өмүр бою жалгызсырап жүрүптүрмүн... Колумда турган бакандай болгон бакытымды баалап - барктай албай менменсиреп, жанымда жүргөн асылдарымдын көңүлүн оорутуп нааразыланып жүрө берип, убакытты бекер текке кетиргендей болуптурмун... Бири - бириңди туура түшүнүп, бири-бириңе жөлөк-таяк болуп сыйлашып жашаганга эмне жетсин! Өмүр да кыска, бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Ошондуктан колдон келишинче аздектешип, ар бир мүнөт саатты текке кетирбестен баардык нерсеге шүгүр айтып, ыраазычылыкта өмүр сүрүү өзү эле чоң бакыт экен да! - деп жүзү албырттаган Сайрашты Кыял ийиндеринен кучактап:
--Ар бир адам экөөбүздөй бактылуу болушсун ээ курбум! Ар бир адамдын жанында сүйүктүү түгөйү болуп, ар бир адамды экөөбүздөй чыныгы досчулуктун туу чокусуна жеткизген чыныгы достук сыймыгы коштоп жүрсүн! - деген Кыялды Сайраш да жылмайып карап, башын ийкейт. Ошол учурда Кадыр менен Сагындын гулдестелерин көтөрүп келатканын көргөн Сайраш кубанып:
--Ай-иий менин ардагым десе! Менин жаркылдап жарк эткен берекем го! - деп кубанычы койнуна батпай жалынып- жалбарып сүйлөнүп туруп калат.
--Биздин таң чолпондой болуп жаркылдаган сүйүктүү айымдарыбыздын көңүлдөрүн көтөрүп коёлу деп, тегерек- четтен эң кооз гүлдесте издеп жүрдүк- дешип, гүлдөрүн айымдарына сунушат. Төртөө колтукташып, өздөрүнчө бир нерселерди божурашып сүйлөшүп, сейил бактын ичинде бактылуу басып кетип бара жатышты.
Соңку бөлүм.
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
2 май 2023 жылы жазылган.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
Ар бир инсан түгөйүнө
Жолугуп бактылуу болсун