4-бөлүм
Чет өлкөдө иштеген кичүү уулу үчүн санааркаган Кыял, күн- алыс баласына чалып сүйлөшмөйүнчө, жаны жай алчу эмес. Уулу да сагынганын айтып, ыңгайлуу учур чыгып калаары менен сөзсүз келип-кетерин айтып калчу. Бир күнү уулу эртеси кечке жуук өз мекенине учуп келээрин чалып айтат. Жетине албай кубанган Кыял улуу баласынын үй-бүлөсү менен уулун аэропорттон тосуп алышат. Үйүнө келишкенден кийин уулун кучагынан чыгарбай, бети - башынан өпкүлөп:
--Ананайыным балапаным менин, сени аябай сагынып кеттим! Берекем, ушул менин кичинекей таттуу жөжөм го! - деп эркелеткенин жылмайып карап отурган улуу баласы:
--Иий апаке, каяктагы жөжө? Бул балапаныңыздын тулку-бою балбандардай чымырлуу, бою теректей болуп турса, балапаным деп эркелетесиз да? Уулуңуз эр-азамат болуп чоңойгону менен, сиз үчүн дале кичинекей баладай көрүнө берсе керек ээ апа?-деп күлгөнүнө Кыял:
--Ооба да. Кийин силер улгайып картайып калсаңар деле, менин көзүмө кичинекей балапандай болуп эле көрүнө бермекчисиңер балам! Келчи каралдым, сен дагы биздин жаныбызга жакын отурчу!-деп улуу баласын да кучагына кысып, эки жагында отурган уулдарын алмак-салмак эркелетип өпкүлөйт. Улуу баласы да апасынын мээримге толо болгон жылуу кучагында эркелей түшүп:
--Иий апакем, бизди канатыңыздын алдында калкалап, бөпөлөп багып чоңойттуңуз. Эми болсо иним экөөбүз эки жакта болуп, сиз үйдө жалгыз калдыңыз... Апаке, иним чет өлкөдөн кайтып келип үйлөнүп- жайланганча, сиздин жаныңызда эле болуп турсакпы? - деп Кыялды аянычтуу карап, кейип сүйлөгөнүнө апасы ыраазы болуп:
--Каралдым менин, акылыңдан айланайын берекем. Мен жөнүндө ойлонуп кам санаба уулум. Өз орду нугу менен, баары жайында! - деп уулунун чекесинен сүйүп:
--Өзүң да азыр жаңы эле үйлөнүп, жаркын келечек жашооңо алгачкы биринчи кадамыңды таштадың. Анын үстүнө калаа жашоосуна кызыкпай, бүлөөң менен айылда жашайм деп чечкениңе, алигиче чейин кубанып жүрөм. Анткени раматылык чоң-апа, чоң-атаң айылдагы үй-жай мал мүлкүн сага калтырып, сени мураскери кылаарын далай жолу эскертип айтып жүрүшкөн эле. Кийин убагы келгенде, каршы чыгып тоскоолдук жаратпасымды далай жолуп суранып өтүнүшкөн. Эми минтип чоң-атаңдын мурасын аткарып, киндик каның тамган жериңде жылуу уяңды куруп, өз түтүнүңдү тың булатуудасың балам. Иниң экөөңөр чоң-ата,чоң-апаңардын биринчи көргөн небереси болгондондуктанбы, айтоор силерди абдан жакшы көрүшчү. Өзгөчө чоң атаң сени жанынан артык көрүп, үзүлүп-түшүп тонуна ороп көтөрүп бакты. Тамтуңдап жаңы басып калганыңда жанынан карыш чыгарбай, өзү менен кошо ээрчитип жүрөр эле. Кийин кичүү иниң төрөлгөндөн кийин көп өтпөй эле өз атаңар башка үй-бүлө күтүп, биз ажырашып кеттик. Бирок чоң-ата, чоң-апаңар бизди кыя алышпай боор тартып, кол үзүшпөй катышып жүрдүк. Атаңар жаманбы жакшыбы, баары бир өз атаңар. Чоң атаңардын тукумун улай турган урпактарысыңар! Эгерде балдарың акылдуу, ыймандуу чыгып бактылуу болуп турушса, ата-эне үчүн мындан өтөөр бакыт жок болсо керек! Оорубай-сыктабай сак саламатта, аман-эсен жүрсөңөр эле болду балдарым! - деп Кыял тилек кылып, алакан жайып батасын берет.
Маңдайында чайын куюп отурган келини, кайненесинин ар бир айткан сөзүн муюп угуп отурган. Бир туугандардын ынтымактуулугуна ичи жылып, эне-баланын мээримге толо болгон күйүмдүү тыгыз байланышына, ар дайым суктана берчү. Босогосун аттап жаңы келин болуп келген күндөн тартып кайненеси өз кызындай кабыл алып, сыйлуу жакшы мамиледе болушчу. Үй-бүлө ичинде кандай кырдаал болбосун, жеке жашоосуна кийлигише бербегенине ыраазы болгон келини, кайненесин өз апасындай жакшы көрүп, сырдашып кеңешип тураар эле. Жалгыз бой эне болгонуна карабай, уулдарына мыкты таалим-тарбия бергенине баа берип, бул жолкусунда да "ушундай жакшы бүлөгө туш келгениме шүгүрчүлүк" деп кубанып отурду. Кыял да ичинен "ыймандуу, эстүү жакшы келиндүү болгонума миң мертебе шүгүрчүлүк" деп мээримге толо болгон сүйкүмдүү көзү менен келинин ыраазы болуп карап, улам жылмайып коёт.
Бир аптага эле суранып келген уулунун кайтаар маалы келип, баласы менен кыйылып жатып, араң коштошот. Уулу учуп кеткенден кийин ыйлагысы келип сустайып, маанайы жок үйүнө кайтат. Жаңы эле эшигин ачып үйүнө кире бергенде, телефону шыңгырап калат. Көңүлсүз басып барып туткасын алса, иш көбөйүп жетишпей жаткандыгын айтышып, тезирээк ишке чыгуусун өтүнүшөт. Сагынычын таркатып, балдары кеткенчекти жанында болоюн" деп ишинен суранып алган эле. Дароо макул болгон Кыял ошол күнү эле ишине чыгып, санааркаган оюнан кыйла алаксый түшөт. Иши чачынан көп болгондуктан иш- кагаздарынан баш көтөрбөй, кечкисин үйүнө кечирээк кайтчу болот. Бутун тарта албай чарчап келери менен бир чыны чай ичкенге да дармети келбей, керебетине суй жыгылат. Ошентип ортодон күндөр билинбей зымырап өтүп, ишин жөнгө салгандан кийин гана, кичине колу бошой түшөт. Бир күнү танапис маалында эшике чыгып баратып, эмнегедир Кадырды эстейт. Жылмайган жагымдуу элеси көз алдына тартылып, ошондо гана экөөнүн көрүшө электигине бир нече апта болуп кеткенин түшүнөт. Кадырды сагынгансып көргүсү келгенине таң калган Кыял, кечке жуук сейил бакка кайрыла кетүүнү чечип, иш күнүнүн аякташын чыдамсыздык менен күтүп калат.
Сейил бакка жакындаган сайын Кыялдын жүрөгүн жылуу сезимдер жылоолоп, Кадырды элестетип жылмайып басып келатты. Сейил бактын ичинде көпкө чейин ары-бери басып жүрүп, ал күнү эмнегедир Кадырды жолуктура албайт. Кийинки күндөрү дагы келип күтөт. Дагы бир нече жолу келип сарыгып күткөнү менен, Кадырды жолуктура албай, беймаза болот. Башында балким "сыркоолоп калгандыр" десе, барган сайын эмне деп ойлоорун билбей, түйшөлө баштайт. Акыры Кадырдын келбесине көзү жеткенден кийин: "Ушуну менен Кадыр экөөбүз мындан ары, такыр көрүшпөй калабызбы? Эмне үчүн сейил бакка такыр жолобой койду экен? Же менин эки үч аптадай келбей калганымды, туура эмес түшүнүп калдыбы? Балдарым баарынан жогорку турат да! Ошондуктан уулдарым келгенден кийин, жүрөгүмдө пайда болгон аруу сезимдер, экинчи орунга жыла түштү. Бул жагын да туура түшүнсө болот. Анын үстүнө, ишимден колум бошобой калбадыбы... Көрүшүп калсак, баарын түшүндүрүп айтып берет элем го... Кадыр жеңил ойлуу шылуунга деле окшош эмес эле... Же бу деле, убактылуу гана бирөөнүн сезимдери менен ойногон немеби? Жалжылдап жалындаган көз - карашы, билдирген сезимдеринин баары жалганбы анда? Андай болушу мүмкүн эмес эле го..."-деп жүрөгү зырп этип, ыйлагысы келип кетет. Кыял сейил бакка келген сайын, бейкапар сейилдеп жүргөн адамдардын арасынан Кадырдын караанын издей берчү болот. "Багы жокко, дагы жок деген ушу экен да... Каап... Эмне үчүн эч кимге ачылбай бекем жүргөн жаным, тынч эле жүрө бербедим экен... Эмне үчүн каттап-каттап чынжырлап, кырк кулпу салып койгон жүрөгүмдүн эшигин Кадырга ачып берип, жүрөгүмө баш бактырдым экен аттиң? Эмне үчүн Кадырдын караанын бир көрүүгө зар болуп, жүрөгүмдү алоолонтуп чок болуп күйгүзүүгө жол бердим экен..." - деп ичинен сызып басып баратып, термелген теректин бирин кучактап: "Ээх, буга чейин далай жолу термелген теректерди кучактап алып, арманымды төгүп айттым... Ошондуктан силерге сырым жакшы маалим! Ушул жерден махабат отум жангандай болду эле, бирок кайра бат эле "жалп" этип өчүп калды... Эми Кыялыңар экинчи бул жака келгис болду... Бирок ушул сейил бакка ыраазымын. Анткени күтүлбөгөн жерден махабатымды жолуктуруп, бир көз ирмемге болсо дагы чыныгы аруу сезимдин даамын таттым! - деп мукактанып, артын карабай бат-баттан басып, сейил бактын ичинен чыгып кетет.
Кайрадан жалгыздыктын ачуу кучагына сүңгүп кирген Кыял, түнү бою кирпик какпай ыйлап чыкчу болот. Кээде Кадырды издеп таап көргүсү келген Кыял: "Балким менден кеткендир... Ооба да, өзүмдөн кетти да! Жаныма жакын жолотпой, үмүттүү караган көздөрүн жоопсуз калтырып жүрүп, Кадырды биротоло алыстатып алсам керек... Жок дегенде телефонумдун номурун сураганда, тырышпай айтып койсом эмне болмок? Кабарлашып байланышта болуп турсак, балким азыр мынчалык туңгуюкта болбос белем? Балким менден биротоло түңүлүп, кол шилтеп койгон чыгаар... Бирок ушунча сезимин билдиргенден кийин, бат эле эсинен чыгарбашы керек эле го? Же айтылган сөздөрүнүн баары жалганбы? Балким бул деле менин мурунку жолдошумдан кем калышпаган, жеңил ойлуу шылуундун бири чыгаар? Жок, жоок, андай боло турган болсо, Кадырды эч убакта издебейм! Анткени менде ар- намыс деген бар! Мен эч убакта бирөөнүн артынан чуркап, өзүмдү кемсинтпейм! Өзү ошондой чечим кабыл алган болсо, демек мен дагы бул окуяга чекит коюшум керек!" - деп миң түркүн суроосу жоопсуз калып, түйшөлүп жаны кыйнала бергенинен улам бир күнү ыйлап отуруп: "Болду эми жетишет! Өзүмдү-өзүм колго алып, Кадырды жүрөгүмдөн чийип, биротоло унутушум керек! Татыктуу эмес адам үчүн жалындап күйүп, кыска өмүрүмдү текке кетиргеним туура эмес! Демек буйрук эмес... Болгону экинчи жүрөгүмө бир да адамды жакын жолотпойм! Бул жолкусунда сөзүмө бекем турам, чектөөмдөн чыкпайм! - деп чечкиндүү чечим кабыл алып, Кадырды биротоло унутуп, жүрөгүнөн коё бергенге аракет кылат. "Убакыт жакшы дарыгер" дегендей ишине баш-оту менен кирип, акырындык менен жүрөгүндөгү жалындуу сезимдер мокой түшөт. Бирине- бири коёндой окшошкон күндөрү чууруп өтүп, жалгыздыктын ачуу кучагындагы супсак жашоосу, өз нугуна түшкөндөй болот.
Сайраш келген сайын Кадыр жөнүндө сурай бергенине ачууланып:
--Сайраш сенден сураныч, бул жөнүндө экинчи сүйлөшпөй эле коёлучу... Ал адамды унутуп, жүрөгүмдөн коё берип койгон элем... Ошондуктан унутулган нерсени козгоп, сурай бербечи макулбу? - деп кагып коёт. Биринин артынан бири жааган суроолор Сайраштын ичин канчалык кытыгылабасын, бирок шагы сына түшкөн Сайраш, Кадыр жөнүндө экинчи сурагыс болот. Бир күнү дем алыш күн болгондуктан Кыял уктап жаткан эле. Таң атпай бирөө телефон чалганынан уйкусурап, көзүн ушалап басып барып телефондун туткасын алса, кичүү уулу чалып аткан экен. Баласынын конурлуу үнүн укканда заматта көзү чайыттай ачылып, жетине албай кубанып уулу менен бир топко чейин сүйлөшүп отурат. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин терезе пардоосун ачып, чагылышып тийген күндүн нуруна рахаттанып жүзүн тосуп:
--Ээх, кандай болгондо дагы, жашоо өзү эле керемет!- деп жылмайып, кайра жатып уктайын дегиче эле дагы телефону шыңгырап калат. Бул жолкусунда Сайраш чалып аткан экен:
--Алло, Кыял! Ой деги уйкуңдан ойгонуп турдуң белең? Же чак түшкө чейин алигиче уктап жатасыңбы ыйя? Кыскасы бүгүн биздикине сөзсүз келип кет, күтөбүз! Угуп жатасыңбы? Алоо? Ой алоо дейм?! - деген Сайраштын чакыруусуна көңүлдөнбөй, баш тартат. Бирок Сайраш болбой улам-улам чалып туруп алганынан аргасыз көнүп, барууга макул болот.
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5