3-бөлүм.
Кыял сейил бакка келген сайын Кадыр менен жолугуп калчу болот. Кыялдын жанынан кыя өтпөй, күлмүңдөгөн сулуу чумак көздөрүн жайнатып карап туруп калаар эле. Андай учурда Кыял күлүмсүрөгөн көзүн ала качып, эрининде билинер-билинбес жылмаюуунун көлөкөсү түшүп, кадамын жайлатат. Кадыр жанашып басып, экөө жайбаракат баарлашып сейилдеп жүрүп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калышчу. Кадырдын жашоого болгон көз-карашы терең, накылдуу сергек ой-жүгүртүүсүнө өзгөчө маани берет. Ичинде кири жок ачык шайыр мүнөзү көңүлүнө төп келип, тамашакөйлүгүн жактыраар эле. Кадырдын айтып бергендердин муюп угуп, кадыресе купуя сандыкчасы тажрыйбага байый түшкөндөй болчу. Ал эми учкай азил- тамашасына чери жазылганча каткырып күлүп, бүтүндөй көйгөйлөрү алеки заматта унутта калгандай болчу. Бирок Кадыр өзүн канчалык шайдоот, жайдары алып жүргөнү менен, ичинен тымызын чеккен күйүтү бардай туюлат. Кыял себебин билгиси келип сурайын дегени менен, батына албай тартынып жүрдү. Кечкурун үйүнө кайтаар маалда, Кадыр Кыялды үйүнө чейин узатып баруусун сунуштайт. Бирок Кыял сунушун четке кагып, макул болбойт коёт. Эмнегедир телефон номурун сураса да, "сейил бактан жолугуп сүйлөшкөнбүз эле жетиштүү болсо керек" деп номурун айтпай, суз жооп берет. Кыялдын ортолукту кармап өзүнөн оолактатып турганын туура түшүнгөн Кадырга, Кыял баа берип ыраазы болуп калчу. Кадырдай адам жашоосунда пайда болгонуна кубанганы менен, Кадыр жөнүндө көбүрөөк билгиси келип, шашылгысы келбейт. Дагы бир кызыгы, келерки жолугушуусун алдын- ала макулдашып, болжолдошпогонунда болду. Болгону Кыял өзүнө ыңгайлуу убакытта сейил бакка келсе, Кадыр Кыялды ар дайым күтүп, жылуу тосуп алчу. Барган сайын Кадырдын бажырайган күлмүңдөгөн көздөрү жалжылдап, Кыялды сагынып күткөнүн айкындап тургансыйт. Кез-кези менен Кадыр Кыялдын жеке турмушу жөнүндө, кызыгып сурап калчу болот. Бирок Кыялдын жооп бергиси келбей бирде укмаксанга салса, кээде сөз буруп эптеп кутулуп кетүүнүн амалын издеп калчу. Бир күнү сөздөн-сөз чыгып отуруп, Кадыр болбой эле дагы сурайт. Кыял болсо кыйылып жатып, мурунку турмушу жөнүндө кыскача баяндап айтып берүүгө, мажбур болот. Кадыр кунт коюп угуп отуруп:
--Кызык экен...- деп ойго чөмүлүп:
--Экөөбүздүн тагдырыбыздын окшоштугуна таң калып атам. Мурунку жубайым экөөбүз да силердей эле, сүйлөшүп жүрүп баш кошкон элек. Ортодон балалуу болуп төбөм көккө жетип, менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилип жүрдү. Бир күнү жетекчим чакыртып, жаңы ачылган долбоорду жетектөөмдү сунуштайт. Жобосу боюнча, кез-кези менен чет мамлекетке каттап иштешим керек болот. Төлөмү да жогору болгондуктан, түшкөн сунушка кубандым. Бирок үй- бүлө бала-бакырам менен бир канча мөөнөткө чейин көрүшпөй калаарымды ойлоп, эки анжы ойдо болуп, кыйылып жүрдүм. Келинчегим акысына кызыгып, "сунушка макул боло берсеңчи" деп айта бергенинен акыры көнүп, сунушту кабыл алдым. Ошентип бир топ жылдар бою, барып- келип иштеп жүрдүм. Бир жолкусунда ишим мөөнөтүнөн узагыраак убакытка созулуп, кечирээк кайтууга туура келип калат. Балдарымды сагынганыман ишимди тезирээк бүтүргөнгө далалаттанып, акыры бир күнү үйүмө кайтып келдим. Бирок келинчегимди кубантып жаңылык кылайын деп, алдын- ала айтпай эле келип калган элем. Оюндан от чыгып, келинчегимдин жолугуп жүргөн адамы экөөнүн үстүнөн чыктым... Келинчегимдин мындай чыккынчылыгына, алибетте жүрөгүм сыздабай койгон жок... Канчалык жалбарып кечирим сураса да, кечире албадым... Таман астыман жер көчүп, заманам куурулду... Ичим туз куйгандай ачышып, жүрөгүмдү бирөө курч канжар менен тилип алгандай болду... Ошентип акыры экөөбүз кош айтышып, ажырашып кеттик. Балдарымды алып калып өзүм тарбиялап, багып өстүрүп чоңойттум. Сеникиндей, менин да эки балам бар. Балдарыма жакшы тарбия бергенге аракет кылып окутуп-чокутуп жүрүп, убакыт кандай өтүп кеткенин билбей да калыптырмын... Азыр ойлоп көрсөм, өмүр бою келинчегимди кечире албай жек көрүп, таарыныч менен өкүнүчтө өмүр сүргөн экенмин... Бирөөдөн көңүл калса, жүрөктө ишенбестик жаралып, айыккыс дартка айланат турбайбы... - деп Кадырдын айтып берген окуясы, Кыялды да ойго салат.
--Чыккынчылык, таарыныч, өкүнүч сезимдери менен жакшы таанышмын... Ушу көйгөйдүн кесепетинен, кийин үйлөнгөн жокмун. Экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен Кыял, ошондуктан сени жакшы түшүнөм! Өмүр кыска, убакыт да учкан куштай болуп бат эле зымырап учуп өтүп, эч кимди аябайт экен... Өткөн-кеткенге улам кылчайып карай берсек, эч убакта жалгыздыктын муздак кучагынан суурулуп чыга алчудай эмеспиз... Ошондуктан турмуш китебинин жаңы баракчасын барактап ачып, бактылуу жашоого умтулушубуз керек Кыял!- деп Кадыр Кыялды тигилип карап:
--Ошентип, капысынан ушул сейил бактан сени жолуктуруп калдым. Эмнегедир буга чейинки жашоого болгон олуттуу көз - карашым, өзгөрө түшкөндөй болду. Буга чейин жүрөгүмө эч кимди жакын жолотчу эмес элем, бирок сага жолуккандан бери, жүрөгүм өзү эле сенин атыңды кайталап айтчу болду. Эмнегедир өмүр бою сени издеп, бир гана сени күтүп жүргөндөй сезиле берет. Өмүр кемесинеде сүзүп, өмүр бою жашоо саякатында өзүмдү издеп, изденип саякаттаптырмын. Калыс мезгил сынынан өтүп, жыйынтыгында мен дагы жүрөгүмдү уялаган бакытымды таптым!- деп Кадыр карылуу колдору менен Кыялдын назик колдорун аярлап кармайт. Жалындаган учкундуу көз-карашы, Кыялдын карегине кадалат. Кубулган миң түркүн сезимдин алоо илеби, Кыялдын жүрөгүн жалындатып "болк" этип булкуп алат. Жаркырап жана түшкөн үмүт шооласы жан дүйнөсүнө нурун чачып, не бир сырдуу, кереметтүү таттуу сезим жүрөгүн көкөлөтүп, бөпөлөгөнсүйт. Ошол учурда Кыял канат байлап, талпынып белгисиз жака кайкып учуп кеткиси келет. Уйгу-туйгу болгон жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп дүкүлдөп, аба жетпегендей болуп деми кысылганынан, тыбырчылап ордунан атып турат. Көзү алачакмактап башы тегеренгенине карабастан, жүрөк тушун мыкчып кармаган боюнча, тызылдап чуркап жөнөйт. "Кыял, Кыялым токтосоң асылым!" деген Кадыр артынан жетип келип, Кыялдын колунан кармап жүзүн өзүнө буруп каратат. Бекем жумулган көзүн ачып Кадырды караганда, ысык жашы мөлтүлдөп шорголоп агып, кере-кере дем алып кайрадан көзүн жумат. Кадырдын карылуу колу назик саамайынан мээлүүн сылап:
--Чын жүрөгүм менен сени жакшы көрүп калдым Кыял! Мындан ары сенсиз жашоомду элестете албайм! Өмүр бою жер кезип издеп жүргөн каракөз жалжалым, акыры сени таптым! Эми сени эч кайда коё бербейм! Алтыным, ардагым, берекем, сени сүйөм!- деп Кадырдын шыбыраган конурлуу үнү кулагына жагымдуу угулуп, сулуучумак коймолжун көздөрүнө туруштук бере албай, чок болуп күйүп кете жаздайт. Кадырдын карылуу кучагына канчалык боюн таштап, бугу чыкканча буркурап ыйлагысы келгени менен кайратын кайрап, өзүн колго алат. "Жок, жок Кадыр" деп артка чегинип, кетенчиктей берип "тык" токтоп калат да:
--Кадыр, мени өз жайыма койчу, суранам... Артыман кошо ээрчип баспачы, мага убакыт керек... Туура түшүнчү! - деп эриндери титиреп, бурулуп алып басып кетип калат.
Кыял тыпылдап бат- баттан басып келатып, үйүнө кантип жетип келгенин өзү дагы байкабай калат. Эшигин ачып үйүнө кирер замат, керебетине боюн таштап суй жыгылат. Энтиккен демин басып өзүнө келгенден кийин, дале "дүк, дүк, дүк" деп кабынан чыгып кетчүдөй болуп бат-баттан соккон жүрөк тушун кармалап: "Эмне болуп кеткенин, өзүм да жакшы түшүнбөй калдым... Жүрөгүмдү опкоолжуткан белгисиз таттуу сезим, чын эле сүйүүбү?" - деп керебетинен туруп, терезесинен жымыңдаган жылдыздарды кыялданып карап туруп калат. "Чын эле мен дагы, өзүмдүн бакытымды таптымбы? Бир аз кечиксе да акыры бакыт кушу кайкып учуп келип, башыма кондубу? Чын эле мен дагы бирөөнүн жүрөгүнүн таң чолпону, аздектеген сүйүктүүсүмүнбү? Тагдырым ыроологон Кадырым, түбөлүктүү түгөйүмбү? Ушундай чоң бакыттын ээси болууга укугум, акым барбы, татыктуумунбу? - деп биринин артынан бири жааган суроосу, жоопсуз калат. Кадырдын ар бир сөзү кулагына жаңырып угулуп: "Ооба, ооба бул тунук аруу сезимдин дал өзү!"- деп жүрөгүнүн түпкүрүнөн жаңырып чертилген кереметтүү махабат күүсүнө "ммммм" деп термелип, магдырай түшөт. Жан дүйнөсүн рахатка бөлөгөн сыйкырдуу күүгө ыргалып, кыялданып чимирилип бийлей баштайт. Кадырдын жалжылдаган сулуучумак көздөрүн элестететкен сайын: "Жан дүйнөм сага арбалып, мен... Мен дагы сени жактырып калдым..." деп жүрөгүнөн атылып чыккан сөзгө чоочуп кетип, нес болуп туруп калат. "Эмне эле болуп баратам чиркин, балким өңүм эмес, түшүмдүр? Кайрадан жаңылышып, жүрөгүмдү жаралап чок бассамчы? Буга чейин жүрөгүмө "бир да адамды жакын жолотпойм" деп, өзүмө-өзүм сөз бергенимди унутта калтырдымбы? Жок, жоок... Балким чектөөмдөн чыкпай, бул сезимдерден алысыраак болгонум туура болмок? Азырынча куру кыялдарга жетеленип, шашылбайынчы... " - деп кабыргасы менен кеңешип, азырынча Кадыр менен көрүшпөй туруусун туура көрөт. Бирок эки үч күндөй алаксып чыдаганы менен басса-турса оюнан чыкпай, уктаса түшүнөн кетпейт. Кадырдын элеси көз алдына тартылган сайын, Кадырды унута албастыгын түшүнөт. Акыры, жүрөгүн бурганактап уялап алган сагыныч, кусалык сезимдердин алдында, алсыздыгын сезет. Канчалык көгөрүп "жок" дегени менен жүрөгүн башкара албай, бир күнү сейил бакты көздөй бет алат. Толкунданып басып келаткан Кыялдын калың чачын ойноок сыдырым жел сапыра желпилдетип, ичи- койнун ичиркенте кытыгылап сылап өткөндөй болот. Жүрөгү алеп-жалеп болуп сейил бактын ичине кирип келатып, гүлдестесин кулачтап кармаган Кадырды көрөт. Ойго чөмүлгөн калыбында жерди теше тиктеп, ары-бери басып жүргөн экен. Кыялдын келгенин жүрөгү сезгенсип, "селт" этип алды жагын карайт. Кыялдын күлүмсүрөп басып келатканын көргөндө маңдайы жарыла кубанып, беймаза кылып күттүргөн бакытын көздөй бет алат. Экөөнүн ортосун бөлгөн кичинекей чакырым узактай сезилип, эки кош жүрөк бири-бирин карай озунуп умтулуп келатышты. Кубанычы койнуна батпай, жетине албай кудуңдап сүйүнгөн Кадырдын, кубанычында чек жок эле.
Ошол күндөн тартып, Кадыр Кыялды ар дайым гүлдестеси менен тосуп алчу болот. Бир күнү көк шиберди аралап басып келатышып:
--Кыял, мен азыр келем, кичине күтө турчу макулбу? - деп бир жака басып кетип, кайра бат эле колуна эки балмуздак көтөрүп келип калат. Күлкүсү келген Кыялга балмуздагын сунуп:
--Эмнегедир бала- чагымдан тартып, балмуздакты жакшы көрөм. Сенчи Кыял?- деп сураганына, балмуздакты анча жакшы көрбөсө да күлүмсүрөп, башын ийкеп коёт.
--Кыял, ай ушу сенин балмуздагың таттуурак окшойт ээ, кана даам татып көрөйүнчү? - деп басып келатышып тамашалап:
--Жоок, меники таттуурак өңдөнөт. Кана анда, менин балмуздагымдан да оостийип көрсөң?- деп бири-бирине балмуздагын жедирип, жаштарча тамашалашып ойноп да кетишээр эле. Бир күнү экөө бейкапар сейилдеп басып жүрүшүп, Кадыр Кыялды жетелеп алат. Мындай жоругуна таң калса да эмнегедир өзүнө жага түшүп, унчукпай жетелешип басып кете берет. Өзүн жаш балача жетелеп бараткан шыңга бойлуу, кең далылуу Кадырдын жанында, эмгегедир өзүн алсыз кичинекей кыздай сезип кетет. Жанында Кадырдай ишенимдүү коргоочусу бардыгына жүрөгү элжиреп, көзүнө кылгырган көз жашын Кадырга байкатпаганга аракет кылат. "Ушул көз ирмем сезимдер узакка чейин созула турса экен!"-деген Кыял, "кармашкан колубуз бекем болсо экен" деп ичинен тилеп келатты.
Бир күнү Сайраш Кыялдыкына, учураша кетейин деп келип калат. Кадырдын тартуулаган кооз гүлдөрүн рахаттанып жыттап:
--Ох иий ай, жыпар жыты аңкыган кандай сонун кооз гүлдөр чиркин! Мынакей, сүйүү, махабат деп ушуну айт! Карачы, Кадыр сени тим эле гулдестеге көмүлтүп салыптыр го чиркин! Аяшың мага, өмүрүндө гүл берген эмес... - деп бир саамга кейигенсип, кайра Кыял үчүн кубанганын жашыра албай:
--Иий курбум, жүзүңөн күлкүң кетпей көркүңө чыга түшкөнүңө, жетине албай кубанып жүрөм! Ылайым эле ушундай болсунчу! Ээх, сүйүү деген кандай сонун кереметтүү сезим! Кадыр да кандай сонун адам! Экөөңөр тим эле издешпей табышкансып, бири- бириңе төп келип жарашып каласыңар! Кыял, бир нерсе жүрөгүмдү өйүтүп жүрөт. Эми качанкыга чейин экөөңөр, кыз- жигит болуп жетелешип жүрө бермекчисиңер? Кап этпесең чын-чынына келгенде, бириң жаш боз улан, экинчиң жаш кыз болбогондон кийин, бир чечимге келип эртелетсеңер жакшы болмок экен. Ия Кыял, кандай дейсиң?- деп Сайраш Кыялга жүйөлүү суроо узатат. Терезеден сырт жакты кыялданып карап турган Кыял, чагылышып тийген күндүн нуруна жүзүн тосуп рахаттанып турган эле.
--Ой Кыял дейм, деги айтканымды уктуңбу? Же Кадырыңды элестетип, асманда кайкып учуп жүрөсүңбү?- дегенине күлкүсү келген Кыял жылмайып, Сайраштын жанына басып келип, мойнунан кучактайт.
--Жанымда сендей күйүмдүү курбум бар экенине, чексиз ыраазымын! Узак жылдар бою ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп ар дайым колдоп, жанымда болдуң! Ниети түз, пейили кенен жүрөгү таза курбулуу болуу бакыты, көрүнгөнгө эле буйруй бербесе керек. Сени менен сыймыктанам Сайраш, чоң рахмат сага алтыным! - деген Кыялдын сөзүнө Сайраш мукактанып:
--Иий алтыным, адамды ыйлатасың го? Азыр бышактап ыйлап жибере элегимде...- деп көз жашын бет аарчысы менен аарчып:
--Сени дагы баарыбыз жакшы көрөбүз Кыял! Сырткы сулуу келбетиң менен ички жан дүйнөңдүн сулуулугу төп келген, абдан жакшы асыл затсың алтыным! Багың ачылып, бактылуу болсоң экен деп эле тилей берем!- дегенине Кыял:
--Буйрук болгон болсо, сөзсүз сен тилегендей болот деп ишенем! Ошондуктан азырынча шашылбайлычы ээ, Сайраш? Кадыр экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок, болгону биз азырынча баарлашып, бири - бирибизди жакындан таанып билүүдөбүз! Биз азырынча болгону гана "жакшы тааныштарданбыз!" - дегенине Сайраш:
--Тобоо кылдым... Кыял билесиңби, жазуучу акындар бекеринен сүйүү кереметин айтып бүткүс дастан кылып, даңазалашкан эмес тура, эми түшүндүм! Жок, силер "жакшы тааныштар" эмессиңер! Силер деген, тунук махабаттын алоологон отунда, балкып жүргөн "кош жүрөксүңөр!" - деп сөөмөйүн өйдө көтөрүп, укмуштуудай акылдуу түр көргөзүп сүйлөгөнүнө, Кыял боору эзилип каткырып күлүп жиберет.
--Ай-иий Сайраш, кандай сонун сүрөттөп айтып койдуң! Сенде да бир катылган сыр жаткан го? - деп күлүп:
--Жок, биз "жакшы таанышпыз!"-дегенине Сайраш да өзүнүкүн бербей:
--Жок, силер деген "чирелишкен кош жүрөксүңөр!"-деп экөө тең каткырып күлүп калышат.
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9