Бактыгүл командировкада жүргөн жолдошу менен сүйлөшүп, эми телефонду өчүрөйүн дегенде, нары жактан башка добуш угулду, телефонун кайра кулагына тоскондо, күйөөсү кнопканы басып койду. Добуш аялга таандык эле. Кухняда муздап калган чайын карап, өткөн күндөрдү эстеди, жолдошу экөө тең студент, той өткөрөбүз деп, экөөлөп иштешпеди беле. Бир бутуна тизелеп колун сураган күн, жолдошу бир фирмада жөнөкөй эле катардагы менеджер, өзү эми баштап жаткан бухгалтер.
Столдо турган ноутбукту ачты, жолдошунун почтасынын парольун билет эле, тээ илгери бири-бирине ишенип жашаган жашоодо, ортодо сыр жок убакытта өзү айтпады беле парольду. Почтада гостиницага кылынган заказ бар экен, эки адамга, 26 жаштагы келинге кошо. Экөөнүн жазышкан личкасын да көрдү. Ал жерде тиги келин, сен мага үч ай мурун ажырашам дедиң эле, дагы канча күтөм, деген сөздөрү бар эле. Бактыгүлдүн көңүлү айланып кетти, күзгүнүн алдына барды, 42 жаш, көздөрүнүн бурчунда бырыштар, ай сайын боёп турчу агарган чачтар, андан да зээнди кейиткени, көздөрүнүн чарчаңкы карап турганы, нуру өчкөнү.
Жолдошунун акыркы айларда командировкасы көбөйгөнү, кечинде балконго чыгып кетип телефондон сүйлөшкөнү, машинасында жаңы парфюмдун жыты пайда болгондугу, байкаса да маани берген эмес экен. 15 жыл бирге жашап, канча кыйынчылыкты башынан өткөрүштү, бири-бирине колдоо көрсөтүп, жөлөк болуп жашашпады беле. Азыр жолдошу бир фирмада директор, өзү ошол эле фирмада главный бухгалтер. Ооба, экөөнүн ортосундагы аралык чоноюп, ар кимиси өз ойлору менен алышып, жумушка барып-келип жашоолору супсак өтүп жатканына кимиси күнөөлүү... Телефону тынбай чырылдап, жолдошу тынымсыз чалып жатты. Алганда эмне демек? Баары ансыз эле түшүнүктүү болуп турса. Смс жөнөттү жолдошу, Бактыгүл мен баарын сага түшүндүрүп берем.
Гостиницада ордунда олтура албай, Байыш жинин көңүлдөшүнөн чыгарды:
-Сен эмне кылдың? Бактыгүл акылдуу аял, ал баарын түшүндү.
- Түшүнсө кайра жакшы, сен итак эле ажырашам деп жүрбөдүң беле, бактысызмын аялым менен дебедиң беле. Эми баары жарыкка чыкканда, сен бир чечимге келишиң керек.
-Ал менин чечимим, менин жашоом, сенин кийлигишкенге акың жок болчу. Туруп балконго чыгып кетти. Аялын сүйөөрүн билет, а бул келин аялынын жаш кезин эстетпеди беле, аялын коё бере албашын түшүндү. Номерге кайтып келип, мен бир чечимге келдим деди, сен экөөбүз ушул жерден эки жолго түшөбүз. Келин уккан кулагына ишенбеди, сен болгону коркооксуң деп айыптады. Ооба, мен коркоокмун, аялымды жоготуп алуудан коркуп турам деди.
Биринчи туура келген рейс менен үйүнө учту Байыш. Түнү бир маалда эшиктин коңгуроосу чырылдады, Бактыгүл түшүндү, жолдошу келгенин, барып эшикти ачты. Жүдөгөн, көздөрү китирейген Байыш турду босогодо. Он беш жыл бирге жашаш оңойбу? Ортодо эсте калаар канча бактылуу көз ирмемдер өттү. Кирсем болобу? Байыш жубайына тике карай албай турду. Бактыгүл босогодон артка кетенчиктеди.
-Билбейм сен мени кечире аласыңбы, мен сени жоготкум келбейт.
-Тиги келинчи?
-Бүттү, эми ал жок жашоомдо, сенден башка эч кимдин мага кереги жок экенин түшүндүм.
-Мен билбейм, ишене албайм го эми сага.
-Өмүрүмдүн калганын сени ишендирүү үчүн арнайын, уруксат берсең.
Бактыгүл жолдошун кууп чыга албады, туура кылдыбы же жокпу турмуш көрсөтөт. Байыштын, тиги жаш келинди тандабай өзүнө кайтып келгени, демек өзүн сүйөөрү экендиги деп түшүндү. Жолдошуна дагы бир шанс бергиси келди, жаңылбас жаак- мүдүрүлбөс туяк болбойт эмеспи. Үй-бүлөө куруу оңой, сактап калуу кыйын. Атасын жакшы көргөн балдарында эмне күнөө, аларды атасыз калтырууга акысы барбы?...
Автор: #Елизабет
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19