Илгери бир Устаздын колунда кырк жигит илим үйрөнүп окуй башташыптыр. Ушунчалык терең окугандыктан кырк жигит тең олуялык даражага жетишип, Устазынын тагдырындагы БАКТЫСЫЗ деген жазууну окушат экен. Эгер бизди окуткан Устазыбыз бактысыз болсо , акыретте бизге да зыяны тийбесин деп, устазын таштап кетүүнү чечишет. Бирок арасынан бирөө гана устазынын жанында калат. " Сен эмне кетпедиң, кетпейсиңби ? " дейт. " Менин сизге суроом бар " дейт шакирти. " Сиз өзүңүздүн тагдырыңыздын аягы бактысыз экенин мурда билчү белеңиз ? " деп сурайт. Устазы акырын гана: " ооба, билгениме кырк жыл болду . Бирок айтчы сен , ошол тагдырды жазган Аллахтан башка бара турган кудай жок да . Ал каалаганын бактылуу кылат , каалаганын бактысыз кылат. Каалаганын бай кылат , каалаганын кедей кылат . Каалаганын оорутат , каалаганына ден соолук берет. Каалаганына өмүр, каалаганына өлүм берет. Ага эч ким кеңеш бере албайт да, тоскоолдук да кыла албайт. Анан мен кайда барайын. Жалгыз жаратканым Аллах. Ал кандай тагдыр берсе ошол тагдырыма ыраазымын" дейт. Ушул учурда шакирти Устазынын тагдырындагы БАКТЫСЫЗ деген жазуу БАКТЫЛУУ деп өзгөрүлгөнүн көрөт. Өстүргөн шакирти бийиктикке жеткенде Устазынын кадырын тереңден билбей , өзү гана ошол даражага жеткендей таштап унутуп калган бактысыз тагдырларды эч кимге жазбасын !
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5