4-БӨЛҮМ.
Бегимай малайзиялык жигит менен таанышпаганда эски жарааты айыгып, балким, жаңы турмуш баштап кетмек. Кайып каскагынан чыга калган бул адам аны кайрадан мурунку жашоосуна байлап, ого бетер чырмап таштады. Кайрадан уйкусу качып, арыктап, ата-энесин түйшүккө сала баштады. Көзүн жумса деле, ачса деле Аскат! Жок, Аскат эмес, Азирет! Же экөө тең! Өз абалын өзү түшүнө албай кыйналган ал кээ күндөрү баш оогон жакка басып кеткиси келчү. Таң каларлык нерсе, ар дайым жанында болуп, апасынан да кээде көбүрөөк кам көрчү Алина курбусу андан алыстай баштады. Башкасы башка, бирок ушул нерсе Бегимайга катуу тийди. Бир күнү Алина сабагынан чыгып бара жаткан жеринен алдынан чыкты.
– Салам!
– Кандайсың?- ар дайым жүзүнөн күлкү төгүлүп жүргөн Алина бул жолу негедир кабагы чытылган. Бегимайдын жүзүнө тике карагысы келбегендей. Шап колдон ала жетелеген Бегимай Алинаны машинасын көздөй дегдеңдете жетелеп жөнөдү.
– Э-эй, кайда-а?
– Алиша, суранам, машинага түш.
Ээн кафелердин бирине кирген соң гана Бегимай Алинанын көзүнө тике карады.
– Эмне болду сага? Телефон чалсам албайсың. Мага жолуккуң келбейт. Эмне, мага таарындыңбы? Же мен байкабай бир нерсе кылып койдумбу?
Алина мелтиреп үн каткан жок. Демейде ачык мүнөз курбусунун минтип турушуна эч макул боло албай кетти. Тилинин учунда турган суроо өзүнөн өзү чыгып кетти.
– Себеби Азиретпи?
– Билет экенсиң го, эмнесин сурап жатасың?- деди бурк эткен Алина.
Бегимай үн ката албай калды. Бир аздан кийин гана тигинин кичине манжаларын кармай күнөөлүү унчукту.
– Менин күнөөм эмнеде? Алиша, эгерде сен мени түшүнбөсөң. ..
– Мен сени түшүнүп эле турам. Сен аны Аскат деп ойлоп жатасың, туурабы? Аскат экенине ишенгиң келип жатат. Бирок андай эмес да. Билбейм, мындай окшоштук кайдан болушу мүмкүн экенин. Бирок ал Аскат эмес. Дүйнөдө жети адам бири-бирине окшош болот дешет. Балким, ошондойдур. .. Мен өзүм да эч нерсеге башым жетпей калды. Болгону...
Алинанын көздөрү жашылданып кетти.
– Эмне, болгону?
– Мен аны жактырып калдым. Өзүмдөн өзүм тартылып, аны менен сүйлөшкүм эле келип турат. Ал болсо, тескерисинче, сен тууралуу сурайт да... “Кайда окуйт? Кандай сүйлөйт? Эмнеге кызыгат?” дейт да турат.
– Кечир мени.
– Кеп сенде эмес. Бема, мен Аскатты бир тууган агамдай жакшы көрчүмүн. Ал сага татыктуу адам болчу. Бирок бул – Азирет. Жана ал меники! Мен өмүрүмдө бир адамга ичим жылып, бир адамга ыктадым. Суранам, ортого түшпө... Ачык айтканды экөөбүз тең жакшы көрөбүз. Аркасынан сүйлөө экөөбүздүн табиятыбыздагы нерсе эмес. Сен сурадың, мен ачык айттым. Ошол!
Бегимай эмне кыларын билбей калды. Алинанын сезими мынчалык тереңдеп кеткенин билбеген эле. Оор дем алып, ойлонуп калды. Жандай көргөн курбусуна тилинин учунда турган убаданы бере албай жатты. Бир убакта башын көтөрүп, чечкиндүү үн катты.
– Бир шарт менен гана макулмун. Эгерде ал жигит Аскат болбосо, ал ишке таптакыр тиешеси жок болсо, мен экөөңдүн ортоңордо эч качан турбайм. Сен айткандай, жөн гана окшоштук болсо, мен ал адамга жарым карыш да жолобойм, сүйлөшпөйм дагы. Эгерде андай болбосо, кечирип кой, курбум... Мен ортого түшкөнгө мажбурмун. Мен Аскат экөөбүздүн сүйүүбүз ушинтип эле бүтүп каларына ишенген эмесмин. Баары бир мен аны менен түбөлүк бирге болорума көкүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө ишенип келем. Өлдү дегенде да, өз көзүм менен көргөндө да ишенген эмесмин. Жүрөгүм макул болгон эмес.
Анан кокусунан Азирет деп таанышып... Уф-ф, мен эч нерсеге түшүнө албай калдым. Анан да сен жанымда жоксуң. Таарынбачы мага... Мага Аскат гана керек.
Ушуларды айтып, Бегимай үңкүйүп отуруп калды. Алина чыдабай кетти. Жанына отура калып, кучактап бооруна кыса берди.
– Бул иштин аныгына чыгабыз. Чогуу чыгабыз. Мен да сенден алыстай албайт экем. Оор болуп, өзүмө өзүм батпай кеттим. Билесиң да, мендей вулкан адамдын жанында сендей токтоо адам керек.
Кабагы жарк дей түшкөн Алинаны көрүп, Бегимай жылмайып алды. Мындай асыл адамдар кайдан жаралат? Бардыгын билип, бардыгын түшүнүп, колдоп турат.
Ордунан турган экөө жарык маанайда кол кармаша кафеден чыгышты.
Ушундан кийин Бегимай көп убакытка чейин Азирет менен байланышкан жок. Анткени өзүн токтотуп, боюн, оюн жыйнап алышы кажет эле. Бир жума өткөн соң гана кечке маал компьютерин максатсыз чукулап отуруп, Азиретке байланышка чыкты.
– Жоголуп кеттиң го...- деди монитордогу жазуу.
– Жоголдум... Өзүмдү өзүм таппай жүрдүм.
– Алина мага сенин жигитиң тууралуу айтып берди. Кайгылуу окуя экен. Кечирип кой, мен сени ага окшоштуруп жатканыңды түшүнгөн эмесмин.
– Эч нерсе эмес. Азыр өзүмө келип калдым.
– Аны аябай сүйсөң керек...
– Эмнеге сүйсөм керек? Өткөн чак менен айтыштын кереги жок. Аскатты азыр деле сүйөм.
Ушуларды айткан Бегимайдын көзүнөн аргасыз жаш ирмелип кетти. Керебетине сулап түшүп, көз жашы кургагыча көпкө жатты. Ордунан туруп, компьютерине кайрадан отурду. «Ыйлабачы, Бема...» деген жазуу турган эле монитордо.
Бегимай дал боло тиктеп калды. Кулагына Аскаттын үнү угулуп кеткендей сезилди. Ал ыйлаганын кайдан билди? “Бема” деп эркелетишерин кайдан билди? “Мен акылымдан адашып кетсем керек. Бул, балким, галлюцинация. Балким, дарыгерге барышым керек. Бул кандайча?” Эки колу менен башын мыкчыган кыз тагдырдын оюнуна түк түшүнө албай бүк түшүп жатты.
Түйүлдүктөн жарым сааттын ичинде ажыраган Аида палатада жатты. Эми босогодон кирген врачты суроолуу тиктеп калды.
– Баары жайында, ден соолугуңуз эки үч күндө нормага түшөт. Болгону...
Күңк-мыңк эткен врач бир нерсени айта албай жаткандай.
– Айта бериңиз.
– Эми... биз... профессионалдык жактан кам санабаңыз. Бардыгы анонимдүү болот. Бирок... биз... бир аз суммага муктаж болуп жаттык эле... Эгерде сиз биз каалаган сумманы төлөп берсеңиз...
Аиданын кабагы чимириле берди. Жука эрди кымтыла түштү.
– Мен силерге ашыгы менен төлөдүм.
– Аскар Токтосуновичтин жубайы экениңизди билбедик эле. Ал киши бул тууралуу билсе... Байкуш жаңы эле жалгыз уулунан ажырап, эгерде дагы бир ата болуу шансынан ажыраганын билсе... Ай, ай, ай, көтөрө албайт го мындай нерсени...- деди жыландын башын кылтыйткан ал.
Аиданын көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Көзүн жума көпкө жатты. “Мына сага, белчеден баткакка батат деген ушул. Эми ушул клиниканын врачы мени коркуткусу бар. Кандайча мен бул даражага жеттим? Өзүмдү эмес, атымды укканда титиреп турушчу эле” деп ойлоп жатты.
Көзүн ачса, момолой чычкандай башын кылтыйткан врач дагы деле өзүнөн көзүн албай турган экен.
– Болуптур, азыр жанымда жок. Өзүм байланышам. .. Керектүү сумманы жазып кете бериңиз.
Леп эткен врач бир нерселерди чиймелей салып колуна карматты да, сыртка бет алды.
Ошол күнү кечинде эле Аскар Аиданын өңү бозоруп, табы айнып, айласы кетип турганын байкады. Мындай абалын эч качан көргөн эмес. Ар дайым иреттүү жыйылып жүрчү
чачтары жайылган. Ишенимдүү, менменсине тигилген көз карашы жалтаңдап башкача... Байкаары менен ишенимдүү врачын чакырткан ал Аиданын бөлмөсүнө кирип барды.
– Аида, сага атайы врач чакырттым. Бир сыйра текшерүүдөн өтүп коюшуң керек. Күн санап эле өңүңдөн кайтып баратасың. Эмне болду десем, унчукпайсың. ..
– Аскар!
– Балким, каның азайып кеткендир. Азыр ишенип болобу?
– Жок, кереги жок мага,- деп титиреген Аиданын өңү бузулуп кетти. – Алып кет деп жатам. Эч кимди, эч нерсени көргүм келбейт.
– Эркеликтин деле чеги болуш керек да, Аида.
– Жок, азыр эмес. Эртең өзүм барам,- деп жанына эч кимди жолотпой чаң салган Аиданын бул жоругуна Аскар таң калып калды. Аргасы жок эле. Чакырткан врачын кетирип жиберип, орто жерде уят болгонуна кыжалат болуп, Аиданын бул жоругуна түшүнө албай отурганда телефону чырылдап калды.
– Алло...
– Аскар байке, бул мен Бегимаймын. Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сиз менен жолуксам дедим эле.
– Бегимай, эмне болду?
– Сиз менен кеңешчү бир иш бар. Балким, бардык суроого жоопту сизден алармын. Бул Аскат тууралуу...
Уулунун атын укканда эле өңү өзгөрүлүп кеткен Аскар тез жооп берди.
– Үйдөмүн, үйгө эле келе бер,- деди Аскар.
Кеч күүгүм кирип калган убак. Аскардын заңгыраган үйүнүн жанына жеткенде Бегимай демин ичине алып, бир улутунуп алды. Ушул үйдө Аскат экөө жашамак... Балалуу болушмак, бактылуу болушмак... “Бир уул, бир кыздуу болобуз” деп кыялданышчу. Балдарына ысымды да тандап жиберишчү. Тамагына бир нерсе тыгылгансып кеткен Бегимайды короонун сыртында турган жигиттер “кире бер” деп жаңсап жатканын байкады.
Короону көздөй айдап, тез эле ажайып гүлдөрдүн ортосуна капталды. Үйүнөн чыгып келе жаткан Аскар Токтосуновичти көрүп, сылык саламдашты.
– Саламатсызбы?
– Кандайсың, кызым, окууларың жакшыбы?
– Жакшы эле, Аскар байке.
Кысылып кеткен Бегимай Аскардын катаал жүзүнө карай албай уялып кетти. Өзүнүн кыйналганы аз келгенсип, бул адамдын да жараатын чукуйбу эми?.. “Эми гана бир аз өзүнө келип, теле, гезиттерге чыгып калды” деп атасы кеп кылып жатканын кулагы чалган. Кайрадан жүрөк картын сыйрып, бир нерседен үмүт кылдырганга акысы барбы?
– Аскатка байланыштуу дегениңден. ..
– Кечирип коюңуз, мен өткөндү козгоюн деген эмесмин.
– Ай-ай-ай, кызым, ай. Деги эле айтканымды укпай койдуң. Аскат эми кайрылып келбейт. Экөөбүз бул жакта эмне кылсак да ажал аны кайтарып бербейт.
– А балким... Балким, Аскат тирүү чыгар?
Аскар Токтосунович Бегимайды аяй карады. “Байкуш, биротоло акылынан азып калса керек. Мынчалык берилген адам биздин заманда да бар экен го. Кандай кылыш керек?” деп ойлоп турду.
Анын оюн, аялуу көз карашын байкаган зирек Бегимай кызарып кетти.
– Жок, мен акылымдан адашкан жокмун. Аскар байке, мага убада кылсаңыз. Азыр эмне уксам да, эмне көрсөм да өзүмдү токтотом деп убада кылсаңыз.
– Макул.
– Анда отуруңуз. Мына, бул сүрөттөрдү эмне дейсиз?..
Аскар алдында чачылып жаткан сүрөттөрдү бирден карап баштады. Башын көтөрүп Бегимайга тигилди.
– Аскаттын мындай сүрөттөрү үйдө жок. Сенде бар экен да...
– Сиз жаңылып жатасыз. Аскаттын мындай сүрөттөрү эч жерде жок. Анткени ал мындай сүрөттөргө таптакыр түшкөн эмес. Өзүңүз байкагандай, ал дайым спорттук күрмө менен жүрчү да...
– Ким билет? Балким...
– Жок, ал бир гана жолу мектепти бүтүп жатканда костюм кийген. Анда да өңү башкача болчу. Менин эсимде бар.
– Анан?
– Аскар байке, бул башка жигит. Интернетте менин бир курбум таанышып...
– Токтотчу, Бегимай, айланайын. Мен сени түшүнүп турам, бирок сен да менин абалыма түшүн. Минтип көрүнгөн адамдарга ишене берсең...
– Аскар байке, уксаңыз...
– Эмнени угайын, ыя?! Менин уулум тирүү экен деп калпагымды көккө ыргытайынбы? Башыңды айлантып, кимдир бирөөлөр Аскаттын сүрөтүн жасап жөнөтүп жаткандыр?.. Сени менен жөн гана ойногусу келип же өч алгысы келип... Билбейм, кандай максатта жасалган. Бирок бул сүрөттөр менен мени эч ким алдай албайт!
– Кечирип коюңуз...
Экөө тең шалдайып отуруп калышты.Аскар бир топко үн катпай отурду да, акырын сүйлөй баштады.
– Бегимай, кызым, сен эч нерсени билбейсиң али. Аскаттын өлүмүнө бир гана мен күнөөлүүмүн. Жашырганда эмне, бийликти жакшы көрчүмүн. Өмүр бою бийлик дедим. Жолум ушундай болушун кааладым беле, каалабадым беле... Анын баарын айтып отуруштун кажети жоктур. Аскат ким колдуу болгонун мен билип турам. Мен алардан акырындык менен өч алам. Мен сенден коркуп жатам. Эгерде менин айымдан жабыр тартсаң, уулумдун алдындагы күнөөм көтөрө алгыс болор. Ал менин бул жоругумду эч кечире албас эле.
Бегимай үнсүз угуп отурду да, Аскарды тике карады.
– Сиз Аскаттын ким колдуу болгонун билет экенсиз да.
– Болжолдуу түрдө билем.
– Эмнеге мага айткан жоксуз?
– Айтканда эмне өзгөрөт? Сен бул иштин четин билишиңди каалабайм.
Ушуларды айткан Аскар алыска карап отуруп калды.
– А Азаматчы? Эмне үчүн анын күнөөсү жок экенин билип туруп, камалып кетишине макул болдуңуз? Эмне үчүн адилет өкүм болушун каалаган жоксуз?
– Адилет өкүм... Силердей куракта, балким, мен дагы адилет өкүм деген нерселерди билсем керек. Ал учурда мага баары бир эле. Билбейм, балким, менин уулум үчүн кимдир бирөө азап тартышын каалаган чыгармын.
Бегимай эч макул болгон жок. Башын чайкай берди. Мына, көп кишини аты менен сүрдөткөн адам! А анын жанында чарасыз, чарчаган абалда отурат.
– Кызык, Аскат сизге таң каларлыктай окшош. Сиз, балким, анын курагында ага окшош болсоңуз керек эле...
– Анын курагында... - деген Аскар жылмайып алды.
– Жок, уулум менден акылдуу болчу. Жок, ал акылдуулук деле эмес, кечиримдүүлүк, кең пейилдик... Ал көп жагынан апасына окшош. Сырткы келбети мага окшош болгону менен, мүнөзү, боорукерлиги, адилеттүүлүгү, мээримдүүлүгү апасына окшош болчу. А мен...
– А мен аны сизге окшоштурчумун.
– Билесиңби, азыр мен эмне деп ойлоп турам. Көп жолу бийлик үчүн, байлык үчүн же жөн гана “самовыживание” үчүн күрөштүм. Кээде жеңдим, кээде жеңилдим. Бирок менин жашоомдогу эң чоң жеңишим Аскат болгон экен. Дүйнөгө жасаган эң мыкты ишим, жакшылыгым да уулум үчүн болуптур.
Бегимай мындан ары угуп отурганга чамасы жеткен жок. Ордунан туруп, коштошуп, сүрөттөрдү жыйнап жөнөп берди. Аскар ошол калыбында көпкө отурду. “Чунак кыз, кайдагы нерселерди эске салат?!” деп сүйлөнүп алды. Эске түштү көп нерселер. Анын арасында Аскар “эч качан эстебейм” деп мээсинен биротоло чыгарып салгысы келген да нерселер бар эле.
Убакыт тез өтөт. Бирок темир тордун аркасындагылар үчүн эмес. Азамат азыркы абалына эч көнө албай койду. Кийимине, ичкен тамагына, жаткан жерине көнө албады. Аскаттын өлүмү үчүн бейкүнөө жерден камалып кеткенден бери көп убакыт өттү. Андан бери достору бир-эки жолу келип-кетишти. Ал эми Бегимай өзү тууралуу кабар берген жок. “Аны күтпөй элемин” деп өзүнө көп жолу айтканы менен, жүрөгүнүн түпкүрүндө аны күтө берчү. Бул жолку кабар анын жүрөгүн солк эттирди.
– Азамат, сага бир кыз келди. Укмуш сулуу...- деди конвой.
Ага Азаматтын атасы келген сайын акча бергендиктен, жакшы мамиле жасачу. “Бегимай! ” деп алды анын атын айта электе эле. Ордунан обдулуп кетти.
Атайы жолугуу бөлмөсүндө жолугушту. Бегимай аны көргөндө эле кучактай берди. Адамдын өмүрүндө мындай көз ирмемдер аз эле болсо керек. Азамат эркек экенин да, кыздын алдында турганын да унутуп ыйлап жатты. Көз жашынан уялган да жок, жашырган да жок. Бугу чыгып кеткенче ыйлады. Анан оор улутуна бетин жууп келди да, Бегимайга жай бурулду.
– Эмнеге келдиң?
– Билбейм, Аза. Кыйналып кеттим. Сен экөөбүздүн азыр айырмабыз жок. Сен кандай эркиндикте эмес болсоң, мен дагы ошондой эле камактамын.
– Аскат! Ал мурункудай эле арабызды бөлүп, экөөбүздү тең кыйнап жатат. Экөөбүздүн тең кырсыгыбыз ошол адам экен.
– Антип айтпачы. Баса, эмне каалайсың, үйдүн тамагын сагынгандырсың. ..- деген Бегимай ала келген тамактарын столдун үстүнө жайната баштады.
– Бема, кереги жок. Алып кет,- деди Азамат башын чайкай. – Мага сенин боор ооруганыңдын кереги жок. Дегеле эч ким мени аяганын каалабайм. Мындан ары келбей эле койчу. Суранам, келбе...
– Мен баары бир сени актап чыгарам. Мен табам.
– Кереги жок. Эч нерсенин кереги жок. Жайыма койгулачы,- деген Азамат бөлмөдөн чыгып кетти.
Бегимай Азирет менен байланышка чыкпаганына көп болгон. Бирок таптакыр горизонттон жоготуп алуудан коркуп кетти. Бул жолу үнсүз гана Аскат экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн өзүнүн баракчасына илип койду.
– Кандайча?- деп жазылды мониторго.
Аралыкка карабай тиги жигиттин кандай абалда отурганын, дендароо абалын көз алдына келтирди.
– Ушундай...
– Мен таптакыр түшүнбөй турам. “Экөөң окшошсуң” деп айткан Алина. Бирок мынчалык окшош экенибизди таптакыр билген эмесмин. Шок болуп отурам.
– А балким, бул түйүндү апаң чечип берер...
– Апам азыр жок. Чет өлкөгө маанилүү конференцияга кеткен. Жок, болбогон нерсе үчүн апамды тынчсыздандыруунун кереги жок.
– Билбейм, мен дагы бул иштин аягын ойлонуп таба албадым.
– Тиги жигиттин, Аскаттын атасы же апасы барбы?
– Апасы жок. Билбейм, ал үйдө апасы тууралуу таптакыр сөз болчу эмес. А атасы бул жактагы өтө таасирдүү адамдардын бири.
– Кызык, мен бул тууралуу ойлонуп көрүшүм керек,- деген билдирүү менен Азирет ошол боюнча эки-үч күн байланышкан жок. Бегимайдын чыдамы таптакыр түгөнүп баратканда гана андан кыска билдирүү келди.
– Мен окуумдан суранып, силер жакка жол тартмай болдум. Мени тосуп аларсың. Эки күндөн кийин Кыргызстанда болом.
Бегимай иш бул жагына айланып кетерин билген жок эле. Бир сүйүнүп, бир күйүнүп, эмне кыларын билбей карбаластап калды. Баарынан да Алинага айтыш өзүнчө бир тозок болду.
Кызынын мындай абалын байкаган апасы болду.
– Сага эмне болгон? Байкасам, бир нары басасың, бир бери басасың. Бир кубарып, бир кызарып... Аскат турнирге кетип, келе жатканда ушинтип калмай адатың бар эле. Эми эмнеге?
– Апа, баары жайында, азыр өзүмдү колго алам.
– Мага таптакыр сырыңды айткың келбейт, ээ? Балким, мен сага кеңеш беремин.
– Бул иште баарын өзүм чечишим керек, апа. Сизге өзүмө ишенгендей ишенем. Бирок майда нерселер үчүн тынчыңызды албай эле коёюнчу,- деп койду.
Бир топ убакыт терезени тиктеп турду да, апасына кайрылды.
– Апа, сиз Аскар байкени көптөн бери эле тааныйсызбы? Анын мурунку аялы тууралуу эмне билесиз?
– Көп деле нерсе билбейм. Биз кийин гана таанышып калбадыкпы. .. Элдин айтымында, ал кимдир бирөөнү ээрчип кеткен имиш. Аскар аялын жакшы көрсө керек, көп жылдар бою үйлөнбөдү. Кийин жанагы актриса аялын албадыбы. Анысы деле жакшы чыкпады. Сулуулугу үчүн эле алса керек.
– Бирок чын эле сулуу аял, ээ, апа? Сүрдүү дагы... Биринчи жолу Аскат мени ээрчитип барганда сүрдөгөнүмдөн тердеп кеткем. Көз карашы да башкача.
– Жыландыкындай муздак...- деп кошуп койду апасы жактырбай.
– Ушундай сулуу көздөр муздак тиктегени өкүнөрлүк, ээ, апа? Баары эле сиздей эркелетип, мээримдүү караса...
Бегимай апасын эркелете тигилди. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу басылып, Алина кирип келди.
– Аяш апа, укмуш таттуу тамак жасап жаткан экенсиз, ээ?- деди адатынча кире элек жатып ашкана тарапты карап.
– Алиночка, келе гой, сенин келериңди билбей калбадымбы, болбосо андан да таттуу тамак жасап турмакмын.
Кирип келип, өзүнө тигилип туруп калган Алинадан Бегимай көзүн ала качты.
– Сага эмне болгон?
– Алишка, чай ичели...
– Башкага бурбай айтсаң. Бир маанилүү нерсе болуп кеткен экен, ээ?
– Анан айтып берем...
– Ага чейин чыдабай жарылып кетем, эй,- деген Алина Бегимайдын ой-боюна койбой кыйнап кирди.
– Болуптур, айтса айтайын. Азирет Кыргызстанга келет экен.
– Эмне-е?
Алинанын көздөрү чоңоюп кетти. Кыялында гана жашап келген адам жанына келерин ойлогондо азыртан сүрдөй баштады.
– Качан келет?
– "Эки күндө келип калам, мени тосуп алгыла" деди.
– Сени дагыбы?- Алина эми гана иш кай жагына айланып баратканын түшүндү.
Азирет келет дегенди уккандан кийин эки кыздан тең уйку качты. Бири-биринен ала салып, уктай албай жатканын сезип турушту. Дагы да болсо Бегимай чыдабай кетти. Башын акырын көтөрүп, Алинага тигилди.
– Алина, сен уктабай жатасыңбы?
– Ии, уктай албай жатам.
– Мен дагы...
Андан ары экөөнүн тең сөзү жок калгансып унчукпай калышты. Бегимай жакшы сөз айтып жубаткысы келди. Азирет келгенде экөөнүн ортосунда турбасын, курбусуна кыянаттык кылбасын айтайын деди. Антейин десе жүрөктөгү бир үмүт үзүлбөй, кандайдыр бир керемет менен ал жигит Аскат болуп калчудай сезим коё бербей жатты. Ай жаркырап чыгып турган экен. Мындай айдын канчасын тиктешпеди Аскат экөө. “Сен айсың, менин айымсың” дечү ал. “Сен күнсүң. Дайым жарык чачып, жылуулук, мээрим чачып турасың” дечү өзү. “Койчу, анда ай менен күн таптакыр кезигишпейт эмеспи. Ай кетип калган соң күн чыгат. Анда мен жылдыз болоюн” деп тамашалаган Аскаттын сөздөрүн эстеди. Эскерүү кайрадан жүрөгүн мыжыгып баратканын сезип, толукшуп турган айды да карагысы жок башын жуурканга катты.
Ошентип, эки курбу үчүн көптөн күткөн убакыт да келди. Бегимайдын жүрөгү элеп-желеп болуп, бир орунга тура албай жатты. Тамак ичейин десе тамак өтпөйт, сабагына алаксыйын десе эч нерсе кулагына кирбейт. Лекциядан суранып алып, акырын жылып чыгып Алинага телефон чала кетти. Ал дагы ошондой абалда эле.
– Алинка, кайдасың?
– Университетте. ..
– Мен азыр лекциядан суранып чыктым. Сага баратам. Экөөбүз Азиретти күтүп алабыз.
– Бема, мен коркуп жатам,- деди акырын шыбыраган Алина. Табиятынан эч нерседен тайманбаган кыз өзүн али көрө элек жигиттен коркуп, айбыгып турганы кызык эле.
– Сен эч качан, эч нерседен коркпойсуң. Азыр барып калам.
Жүрөктөрү дүкүлдөгөн эки курбу аэропортко келгенде учак конуп, андагы жүргүнчүлөр эки жагын каранып, айрымдар тааныштарын көрө жылмайып утурлай жөнөп жатышкан экен.
– Кана?
– Мага көрүнбөй жатат. Ушул рейс менен келет беле?- деп бири-биринен сурап жатышты, алды жагына тигилген экөө жан талаша.
Жүргүнчүлөрдүн артында бою узун, кең далылуу жигит айлананы кызыга тиктеп келе жаткан. Бул караанды биринчи көргөн Бегимай болду. Далай жолу Аскатты мелдештерге жөнөтүп, кайра ушинтип тосуп алчу. Ал дагы элдин аркасында, башын жерге салып басчу эле. Бегимай андан ары өзүн токтото албай калды. Аскаттын каза болгону да, ортодон эки жыл өткөнү да эстен чыгып кетти.
– Аскат!
Жүрөктүн түпкүрүнөн атылып чыкты бул ысым! Өзүн таң кала тигилген курбусун да унутуп, тиги караанды көздөй зуулдап жүгүрүп жөнөдү.
Азирет өзүн көздөй чуркап келе жаткан узун бойлуу бийкечти көргөндө алгач апкаарый түштү. “Бегимай! ” деди ичинен. Көз жашын төгө өзүнүн кучагына бой урган бийкечти ал дагы кучактай берди. Жаштуу каректер өзүнүн жүзүнөн алда нени издегендей тигилип, көкүрөгүнө башын жөлөй күбүрөп, өзүнө гана дайын болгон арманын төгүп жатты. Азирет эмне кыларын билбей чачынан сылап жубатуу менен алек.
– Бема, койчу эми, болду эми, ыйлабачы...
Бир топтон кийин гана эсин жыйган Бегимай күнөөлүү тигилип, жылмайып койду. Анын жылмайганы ыйлагандай аянычтуу эле.
– Кечирип кой мени. Кээде ушундай жиндимин. Таптакыр өзүмдү токтото албайм.
– Кабатыр болбо, мен сени түшүнөм...
Бегимай эми гана эсине келгендей көзүн бардап-бардап тигилип калды. Үнү башка! Аскаттын үнү коңур келип, мээримдүү эле. Ал эми Азирет тез-тез жана үндүү тамгаларга басым коюп сүйлөйт экен. Ошондо гана оор уйкудан ойгонгондой денеси чыйрала түштү.
– Тигине, Алина экөөбүз келгенбиз,- деди ал күнөөлүү адамдай башын жерге салып.
Алина жай басып келди да, экөөнү сынай тигилип туруп калды.
– Саламатсыңбы, Алина, мен сени дал ушундай элестеткен элем.
– Салам. Кандай жеттиң? Кыргызстанга куш келипсиң.
Алина Азиретти колтуктай, быдылдай бир нерселерди айтып жетелеп жөнөдү. Сөзгө алаксыган Азирет бир топто барып артына кылчайды. Бегимай бүк түшкөн боюнча жерди телмире тиктеп отурган экен. Жигиттин жүрөгү сайгылаша кетти. Өмүрүндө биринчи жолу.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21