Мурда айылдан эле чач алдырып алчыбыз.Чачтарачка барсаң баары эле орустар, же орусча билбейсиң. Шаарга келип, шаардын элине кошулуп, чачты модный кылып айылга шаардыктардай болуп барайын деп чачтарачка кирдим. Кирсем эле орус кыз отуруптур, же чыгып кете албайм, унчукпай отурдум суроо бербесе экен деп. Чачты алып бүтүп "жууйлубу" деди, орусча билбейм да башты ийкедим.Орус кыз кийинки бөлмөгө киргизди да төрдөгү орундукту көргөзүп, «азыр келемин» деп чыгып кетти. Карасам, төрдөгү орундук башкача. Мындайды өмүрү көрбөгөм… Чалкалай жаткан орундуктун желке тушу оюк, ошол оюктун тушунда баш жууган кран табакчасы менен турат. Азыр мындай орундуктар баардык чачтарачтарда бар го. Чалкаңдан жаткызат да башыңа суу жууганга ыңгайлуу, жууй берет. Ошол үчүн орундуктун кырын кичине оюп койгон.
Адам баласынын чачын чалкалап жаткызып коюп жууйт дегенди көрмөк түгүл ойго келбеген кезим да. Айылда башыңды ийип турасың, экинчи адам башыңа суу куят, болбосо тазикке эңкейип өзүң жууйсуң… Мындайды ким көрүптүр… «Орус кыз келип: «дале даяр эмессиңби?», деп жүрөбү деп, орундуктун үстүнө тизелеп чыктым да, жанагы оюкка ээгимди коюп, башымды төмөн каратып тура калдым.
Ошол күнкү орус кыздын күлкүсү али эсимен чыкпайт. Орундуктун үстүндө тизелеп, башымды ийип, оюк жерине ээгимди коюп турган мени көрүп чачтарач кыз күлкүдөн тумчугуп, жерге отура калып күлүп жатат. «Жинди болуп жатабы?», деп оюктан ээгимди көтөрбөгөн бойдон көзүмдүн кыйыгы менен карап коёмун… Кыз колун сермеп, күлүп жатат, күлүп жатат… Ошол орус кызды издеп жүрөм, орусча кичине үйрөндүм.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17