🔹АЛ КАНДАЙ АДАМ?
▪️Жан-дүйнөсү жакыр адам.
▪️Жамандык издеп турган адам.
▪️Текебээр же өзүнө төмөн баа берген адам.
▪️Куулугуна чеги жок адам.
▪️Баарын башкарганды сүйгөн адам.
▪️Адамдын эркиндигин көрө албаган адам.
▪️Өзүнөн алсыз адамдардын укугун тебелегенди сүйгөн адам.
🔹ТОҢ МОЮН АДАМДЫН СҮЙЛӨГӨН СӨЗДӨРҮ.
▪️Сен мага кеңеш бербегиниңде, мен ката кетирбейт болчум.
▪️Кредит алууга макул болбогонуңда мен кредит алмак эмесмин.
🔹Күйөөсү
▪️Сени адам кылган мен.
▪️Мени бактысыз кылган сен.
▪️Мени менен күнүгө төшөктө (ачык жазууга туура келди) болбосоң, анда ойноштука барганыма сен күнөлүү болосуң. .
▪️Балдардын тарбиясы начар, сен күнөлүүсүң. Өзүң жаман аялсың.
▪️Каяша айтпаганың да урбайт болчу. Бирок эмнеге каяша айтып жатканын түшүнгүсү да келбейт.
▪️Бир аз арык болгонуңда, жанымда уялбастан ээрчитип жүрмөкмүн. Өзүн бир укмуш жеткилең сезип алат.
🔹Аялдын сөзү
▪️Мен болбогондо, сен ким элең?
▪️Тапкан акчаңды милдет кылба, акча тапканың үчүн мени менен жашап жүрөсүң. Болбосо мага керегиң жок.
▪️Сен мага өмүр бою карызсың баарына милдеттүүсун. Болбосо эмнеге үйлөндүң?
🔹Ата-эненин балдарга айткан сөзү.
▪️Сени кыйналып чоңойтконумду унуттуңбу? Бакканга милдеттүүсүң.
▪️Мага каяша айтканың үчүн ылайым балдарыңдан көрүп кал.
▪️Мени таарынтсаң ишин жакшы болбойт.
▪️Мага баш ийбесең каргышыма каласың. Ата-эненин каргышы жаман.
▪️Менин ак сүтүмдү актабасаң, өмүр бою бактысыз болосуң. Сенин бактың менден көз каранды.
🔹Балдардын ата-энесине айткан сөзү.
▪️Сиз мени эл катары окуткан жоксуз.
▪️Менин бактысыз болгонума силер, күнөөлүсүңөр.
▪️Менин каалоомду аткарышпасаңар өлүп берем.
▪️Силердин айыңардан досторумдан уялып бүттүм.
🔹 Бул адамдар өзүмчүлдүгү чектен ашкан, өз кызыкчылыгынан башка эч нерсе жана эч кимди ойлогусу келбеген тоң моюн адамдар.
Булар
▪️Жакшы адамдын баарына да жогуна да чыдабаган,
▪️кемчилигин айтсаң душманындай көргөн,
▪️өздөрү мактануу үчүн башкаларды басынтып, жамандап сүйлөгөнгө чебер,
▪️башкага каттуу сүйлөп, бирок өздөрү бир да сөздү көтөрө албаган,
▪️чындыкты бетине айтсаң жеп жиберчүдөй чычалаган,
▪️ачуусун канаттандырмайынча токтоно албаган,
▪️өздөрүнүн сөзүн далилдөөгө, башкалардын ынтымагын бузганга чейин барган,
▪️эки жүздүүлүкө, куулукка, өзүмчүлдүкө каттуу байланган адам.
🔹Эмне кылуу керек?
▪️Мындай адамдын көзүнө тике карап сүйлөө керек. Ал сенин алсыздыгыңды билип алса, дароо курал кылып колдонууга өтөт.
▪️Ал отур десе отуруп, тур десе турба. Эгер андай кылсаң өмүр бою укугуңду тебелеп, бүт жашооңду бийлеп алгысы келет.
▪️Коркуп, анын жалгандарына макул болбо! Эгер макул болсоң, сени мындан ары да жалган жашоосуна аралаштырууну адат кылат.
▪️Жөнү жок күнөөлөй берсе «сенин жаман оюң менин көйгөйүм эмес» деп айтып, үнсүз кал. Ошондо ал сени күнөлөө менен сени капа кылууга күчү жетпегенин түшүнөт
▪️»Сен, мен ойлогондой адам эмессиң» деген учурда «анда менден жакшысын таап ал» десең «өлүп берем» деп коркутат. Себеби сага бийлик кылып, өзүн күчтүү сезбей, баа берүүсү төмөн түшүп кетүүдөн коркот.
🔹Кыскасы, бир өзүнөн башка адамдардын баары жаман. Булар бир туугандык мамиле, үй-бүлөдөгү атмосфераны да талкалап коюшат. Булардын айтканын кылсаң жакшы адамсың. Айтканына көнбөсөң душман аталасың.
▪️Ынтымактуу болуу үчүн кечирим сурасаң «күнөөсү барда» дейт.
▪️Чын жүрөктөн белек берсең «мен жакшылык кылганым үчүн берди» дейт.
▪️Конокко чакырбай калсаң «сен эмне адам болуп калдыңбы? Менин чайымды унуттуңбу? деп жемелейт.
▪️Акыл сурап калсаң «мен акыл айтпаганда, дагы эле башың иштебей жүрмөксүң» дейт.
▪️Кубанычың менен бөлүшүп калсаң «тоба ушунун эмнесине жыргап атасың? «дейт
▪️Кайгың менен бөлүшүп калсаң «Кудай сени жазалап атат» дейт.
🔹Эх, булар тууралуу жазып бүтпөйт окшойм. Булар чыныгы монипулятор, адамды моралдык кысымга алып, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалууну сүйгөн инсандар. Булар сүйүү эмне экенин түшүнүшпөйт. Бирок, өздөрүн өзүмчүл сүйүү менен каттуу сүйүп, чаң жугузушпайт. Алардын ийгиликсиз иштерине өзү эмес, башкалар гана күнөөлүү болот.
Күнөөсүн мойнуна алуу алар үчүн өлүмдөй. Актануу үчүн «жаман» деп айтпаган эч кимиси калбайт. Мына ушундай өзүмчүлдүкө байланган бирок жан-дүйнөсү жакыр инсандарыбыз бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8