Сократтын аялы, үч уулунун апасы, Ксантиппа, мүнөзү чатак, тажаал аял болгон экен.
Качан болбосун, күйөөсүн бекерпозсуң, колуңан эчтеке келбейт деп элдин көзүнчө ар кандай жаман сөздөр менен тилдеп, ызы-чуу салып, кээде, башка көзгө койгулап, кол көтөрүп да жиберчү экен…
Сократ болсо, эч качан ага теңелбей, такыр үн катчу эмес экен.
Бир күнү достору Сократка:
– Ушул аялыңды кичине "тарбиялап", жаагын басып койбойсуңбу?! Качан көрбө, элди көзгө илбей, ажылдаганын койбойт?! Эркексиңби?!
– Мыкты чабандес болом деген адам жоош жылкыны эмес, азоосун тандайт. Мен да аялымды да ошондой максат менен алгам, УШУНДАЙ АЯЛ МЕНЕН ЖАШАЙ АЛГАНДАН КИЙИН, КАЛГАН АДАМДАР МЕН ҮЧҮН КЕППИ?! – деп жооп берген экен акылман Сократ.
Ошентип, Сократ жашоосундагы эң жаман деген нерсени да өз пайдасына колдонуп, үйдөгү ээ-жаа бербей жулкунган Ксантиппадан кийин философтордун талаш-тартышын чымын чаккандай да көрбөй калган экен...
Ааламтордон алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев