8-бет
"Жакшы кабар ташбакадай, жаман кабар учкан куштай жетет"-деп айтылгандай, Мараттын болгон кыймылы, эмне менен алек болуп, эмне менен дем алып, кантип акча таап жатканы айылга эбак желдей тарап жеткенине, Марат үйүнө келип угуп таң калып эле калды. Атасы Токтоболот баштагыдай жаркылдап кабыл албай өтө муздак жана суз мамиле жасап, ал турсун жанына турбай боюн оолак тутту. Ан сайын Мараттын сабыры түгөнүп, атасы сыртка чыгып кеткенде апасынан сурады; -Апа, атама эмне болгон деги?-деп, андан ары сөзүн таппай калды эле, апасы Сайнап, кабагын чытып;
-Азыр катын ушактан дагы эркек ушак алда канча күч алган заман болбодубу. Атаңа ким жеткиргенин билбейм, сенин ал жакта арам акча таап, андан дагы газетага жазган макалаларыңдын маңызын башкача түшүнүк менен жеткизгенби акыркы учурда "сенин балаң"-деп, сени жеке мага оодарып салды. Айткандай алиги аксакал киши жөнүндө газетага бекер жазгансың. Ал кишини атаң абдан сыйлаган киши. Эл алдында жана мекен алдында ак иштеген үчүн узак жашап, карылык сөөлөтүнөн жазбай келатат. И, баса, сен айттың эле го "сүйлөшкөн кызымды алып келип тааныштырам" -деп. Аны качан алып келесиң?-деди, ички жарасын козгоп. Марат тайсалдап, көзүн тартып алды да, мектеп окуучусундай башын тырмап;
-Апа, аны кийинчерээе алып келем. Азыр ал кыз менин сунушумдан баш тартып койду. Андан дагы быйыл үйлөнбөй турган болуп калдым. Ошол маселени сиздерге билдирип, анан кеңешкени келгем. Айткандай, мен жөнүндө дагы кандай ушак кептер айылга тарады. Деги эле элеттиктерге жаңылык бат жетет. Мен, эч кандай арам акча тапкан жокмун. Эми элдин оозун ким тыят-деп, сөзүн жай бүтүрүп, апасына тигилди эле, Сайнап эки жакты карап;
-Я балам, жанагы сауна дегенине барбачы. Сени ал жактан мас абалыңда жүргөнүңдү көргөндөр бар экен. Атаңды ошол сөз катуу капа кылды. "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа"-демекчи, сенин ар бир кыймылың бизге жетип турат. Марат апасынын айткандарын угуп, уялганынан жердин катуусунан гана турду. Таяктын уусунан дагы сөздүн уусу катуу экенине Марат ушул жолу кабылып, шаардан келгенине өкүнүп алды. Таңсулуунун айтканы тиги, апасынын айтканы бул "деги менин ар бир кыймылымды аңдыган бирөө барбы?"-деп дагы ойлоп жиберди. Сөздүн күчүнө туруштук бере албаган Марат, эч сөзгө келбей, тоону көздөй бет алды. Үйдөн анча алыс эмес бөксө тоого чыгып, айылды карады. Эч кандай ызы-чуусу жок тынч айыл жерине көз чаптырып, анан ушул кенедей айылга шаардагы жаңылыктар кандайча жетет болду экен деп ойлоп ага жооп таба албай, сай ылдый агып жаткан сууну жээктеп келе жаткан атасын көрүп, аны аяп кетти. Анын ишеничин актамак турсун, ага каршы иш жасаганына ичинен өкүндү, бирок кесиптеши Алымбек Сыйдановичтин айткан сөзүн эстеди "Ушул заманда кантип албайсың дагы кантип, кантип таза иштейсиң, айылдагы атам мени жаман көрөт, "силер өкмөтү алдаган, алдым жуттумсуңар" -деп. Эгер ошол эле атамды ушул жерге иштетип койсо көрмөкмүн таза иштегенин" -деген сөзү, Мараттын көңүлүнө кандайдыр бир чындыкты тартуулап, болор болбос кабагын көтөрдү. Кеминде чай кайнам убакыт айылды карап олтурган соң Марат жалгыз аяк жол менен ылдыйлап түшүп, короо четине келип, уйдун жампасын күрөк менен алып дубалдын кырына жайып койду да, анан бала кезин эстеп кык жыттанган короонун ичиндеги акырга көчүк басып олтуруп, көң сайган кезин көз алдына элестетти. Ар бир адам бала кезин эстегенде, ошол өтүп кеткен кези кандай бактылуу күндөрдөй сезилет. Маратка дагы ошол кездер таза жана көңүлдүү сезилип, кайра ошол күндөрдү кайрып алгысы келип кетти. Аңгыча эле үй жактан апасынын үнү угулду,Марат- деген.
Марат олтурган ордунан туруп, короодон чыгып ашкананы көздөй басты. Бул учурда тамак бышып калган болучу.
Негизги сөз тамак алдыга келгенде башталды. Марат;
-Ата, мени кечинде телевизордон көрдүңөрбү? Ошол ишим үчүн мына алган акчам. Бул акча эч кандай арам акча эмес. Өз эмгегим менен таптым-деп беш жүз долларды атасынын алдына коюп;
-Ушул акчага мал сатып алып коюңуз. Эгер бул акча арам болсо сатып алган мал арам өлүп калат. Адал акча болсо ошол мал тукумдуу болот. Айыл эли бул жакта олтуруп алышып эле ар кимдин ишин талдап, анализ жүргүзө беришет экен. Ата, сиз мага туура түшүнүңүз. Тээ илгертен бери эле эл оозуна алынып калган адамдардын артынан ар түрдүү сөз ээрчип келген жана ээрчий берет. Эгер сиз менин ордумда иштесеңиз сиз мага түшүнөт болчусуз. Азыр элди илгеркидей орус эмес, кыргыз башкарып жатат. Качан эле кыргыз эли биринин жакшы жагын көрө алчу эле. Бугу менен Сарыбагыш урушу дагы ынтымактын жоктугунан улам келип чыккан. Азыр борбордо, тактап айтканда бийликтегилер түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүп, министирлик орун дагы ошого жараша бөлүнүп калган. Баарын койдум мен ак үйдө иштегенимди сиздин туугандарыңыз эле көрө албай жатканы жалганбы. Ал эми болгон кыргыз элинин тагдырын чечкен Ак үйдө бирин-бири сатып, ажонун аялына жагынып, акча берип чоң кызматтарды сатып алуу кадыресе көрүнүшкө айланганын айтсам узун сабак кеп болот. Кимдин эмне менен дем алып жатканын мага караганда айыл жериндеги чалдар жакшы билишет экен. Темирболот уулунун сөзүн угуп олтуруп, оор дем алып, үшкүрүнүп жиберди, капа болгонун билгизип.
-Балам, мен эми эмне деп айтчу сөздү дагы билбей калдым. Бирөөнү жамандап, бирөөнө жакшы көрүнүү кадыресе көнүмүш адатка айланып калган кезде, кимге ишеничти дагы аңдабай, башым жетпей баратат. Сен айтсаң сенин айтканың эп, энең айтса энең айткан сөз эп, деги азыр сөз узарып, илимдин дагы жолу кеңейди. Жанагы илимпоз ажодон мен такыр жакшылык күтпөй калдым. Аның эми өз каалоосу менен тактан кетсе го жакшы, кетпей кадырын кетирбесе болду. Бул Абыланын тукумунан падыша чыгат деген ойго келген эмес эле... Ай, таң билбейм, бийдин тукуму бийликке келсе, эл камын ойломок, каяктагы илимпозду алып келишти, илимпоз менен профессорлор көп сүйлөгөндөн башка эмне иш кыла алышат. Иштин көзүн билген адам такка келбегени, элдин шору эмей. Андан дагы улуту кыпчак тилин жаланып сүйлөгөн, өңүнөн жакшылык келээринен ишеним аз акимди, чоң кызматка көтөргөнүнө ичинен эзилип, кыйналып жүргөн Токтоболот уулун сынай карап;
-Балам, өзүңө кара. Сен айткандай азыр алдамчы менен кара өзгөйлөрдүн заманы келип, элдин эмес өз кызыкчылыктын камын жогору туткандардын учуру. Мынчалыкка барбасаң болмок, эми баары кеч болуп калды. Акыры сен эле эмес, табакташтарың дагы өкүнүшөт.
Тээ илгери Калыгул олуя "жаңы заман келет, ошондо кул бий болот, атасынан баласы тапан чыгат катындан молдо, аттан жорго чыгат"деп көп сөздүн башын айткан экен. Ошол заман келип, батыш элин туурап жашап, элдин бара турган жери акыры туңгуюкка такалбаса болду...
-Ай, абышка карыганда жакшы карыш керек. Ар нерсени ойлоп эмне кыласың. Эл көргөндү көрөбүз да. Андан көрө Майсалбектин баласы кечээ иномарка машина алып келиптир. Кечинде конокко чакырып кетти. Алардыкына эмне алып барабыз. Айтмакчы, сенин оозуң жаман эле. Дароо эле бир козу дебей, акчалай эле көрүндүк берип койсоң.
-Ал баласы каякта иштейт болду экен?- деп Темирболот кызыгуусу арта сурады эле Сайнап;
-Каякта иштемек эле. Дордой базарында эле соода кылат. Баягыда эле балаң машина алам деди эле, сенден жазганып албай жүрөт.
-Албай коётурсун. Эл деген жаман "Ак үйдө иштеп туруп машина алды" деп кеп кылып жиберишет. Ар нерсенин учуру келет. Марат сөзгө аралашты;
-Ата, сиз жашоого такыр эскиче көз караш менен карап жатасыз. Азыр деген алдым-жуттумдун заманы. Ким күчтүү болсо ошол бай болот. Бай болгон адам ак сөөк болуп илгерки байлардай таза кийинип, төргө олтуруп, жашоонун маңызын көрөт. Сиз ойлогон баягы заман кеткен. Азыр шаарда эмне деген тамдар салынып жатат. Ал тамдар эмне маңдай тер менен табылган акчага салынып жатыптырбы. Чоңдор баш болуп нарко бизнес менен алп урушуп калган. Тажикстан аркылуу келген алиги наркозатты Россия аркылуу батыш өлкөлөрүнө жеткирип, чоң акчага марып, байып жатканын жашырганга эч негиз жок. Андан дагы жаш кыздарды араб өлкөлөрүнө саткандардын жоругун айтсам чыдап угуп турууга дитиңиз жол бербейт. Азыр эл булганган.Ушуга байланыштуу убагы келип турганда, ар нерсени учурунда пайдаланып калыш да керек болуп жатпайбы.
-Ооба, мен дагы кээде өкүнүп калам "учурунда пайдаланып калбай"- деп. Азыр ойлосом көп нерседен куру калыптырмын. Бирок мен жетпегенге сен жетип, жогору жакта иштеп жатканың дагы мен үчүн олжо. Деги балам, өз ыгыңа карачы.
Кичинекей булак эмне үчүн тунук, анткени түбү көрүнүп турат, айыл жери дагы булактай таза. Айылда шаардагыдай эмес, эл аз жашайт. Азчылык болгон жерде тазалык дагы болот. Ал эми шаарда көпчүлүк, ыпластык дагы кеңири кулач жайганын билем. Азыр ойлосом сенин дагы айтканың туура.
Атасы менен бир пикирге келген Мараттын кабагы ачыла түштү. Андан дагы атасынын ойлогон оюунун аягы турмуш агымына карай ыктап калганы көңүлүн көтөрдү. Токтоболот ушул жашка келгени доллар кармап көргөн жан эмес болучу. Уулу берген акчаны акырын алып кемпирине сунуп;
-Катып кой. Базар күнү бир торпок, калганына кой сатып алып коёлу-деп, акчага кызыкканын билгизип алды. Бул дагы болсо пендечиликке алдыргандын бир белгизи болучу.
****************** *******************
Короосу кара темир менен курчалган Ак Үйдүн бешинчи этажы. Бүгүнкү күн ак үйдөгү билермандар үчүн күндөгүдөн башкача күн болду. Хан айым кадимки кожоюндай өзүм билемдигин карматып, бийликтегилерге тактап айтканда ак үйдөгү мыкчыгерлерге сез көргөзүп кетти. "Иштегиле, болбосо ордуңарды бошоткула" -деп. Анын минтип айтканы "доляны бергиле"- дегени экенин, кантип эле чоң кызматтагылар түшүнбөй калсын. Бул талапты хан айымга кошоматчылар көндүргөнүн жашырганда эмне. Керек болсо адам сатып калган бул заман, мындан дагы башка жолго алып барышынан эч күмөн жок. Марат ушул жолу ханайымды биринчи жолу жакын жерден көрдү. Күлүмүш болуп, жайдары жакшы маанай менен келип, кетээринде кабагы суз кеткенине таң калып эле калды. Бул көрүнүшү жеке эле Маратка эмес, ак үйдө иштегендерге дагы жаккан жок. Кимдир бирөө иш ордунан кол жуучудай абал тартуулап кеткен хан айым, эч кимге сырын айткан жок. Балким кимдир бирөө жалган жалаа тараткан же чоң акча сунуш кылган. Ошонун эбин таба албай кеттиби, ал азырынча жашыруун сыр.
Марат иш ордуна келип кагаздарына көз жүгүртүп олтурганда эмнегедир жүрөгү
опкоолжуп, өзүнчө эле кара көңүл болуп, көзү караңгылашып кетти. Бул белги жаман жышаандын белгизи экенин көңүлүнө алган жок. Арадан аз убакыт өтпөй эле чөнтөк телефону шыңгырап, эзели чалбаган классташы Эрмек;
-Кандай досум, иштериң жакшыбы. Менин сага телефон чалганымдын себеби сенин ,бизге жардамың керек болуп калды. Баягы классташыбыз Турдалыны билесиң да, ал бүгүн үйлөнөм деп, жатат. Айткандай сен тааныган Таңсулуу деген кызга. Ал кызды бүгүн эмне болгон күндө да ала качып болсо дагы алыш керек болуп калды. Эптеп эбин таап ал кызды колго салып бербейсиңби. Бул сөздү укканда Мараттын денесин майда калтырак басып, ушул саам билди Таңсулууну нак сүйөрүн. Ушул жолу аны чегинен ашык кысканып, берилген суроону бир топко жоопсуз калтырып, качан гана Эрмектин үнү угулганда;
- Марат, азыр менин колум бошобой жатты эле, жарым сааттан кийин чалчы. Айтмакчы, Турдалынын ал кыз менен тааныштыгы бар экенби же сыртынан көрүп эле ала качканы жатыптырбы?
-Тааныштыгы бар го "бирок ал кызга сага үйлөнөм" деп айта элек экен. Ошол себеп менен сени керекке жара деп, суранып жатпайбызбы. Мараттын мындан ары чыдай тургандай абалы калбай бараткан. Үнүн акырын чыгарып, өзүн сабырлуу тутуп;
-Эрмек, мен азыр ал кыз менен байланышканга аракет кылып көрөм. Анан сага байланышам- деп, телефонду өчүргөнчө шашты. Эмнегедир өңү өзгөрүлүп, бакыт кушу колунан учуп кетчүдөй айласы куруп, эмне кылышты билбей турганда, телефон дагы шыңгырап калды. Бул жолу Азимбек Капарович чалыптыр. Марат кабагы суз.
-Угуп жатам-деди эле, ал;
-Марат, тез келип калчы, зарыл иш чыгып калды-деп, трубканы коюп койду. Марат;
-Эми ушул эле жетишпей турду эле деп, өкүнгөндөн үнүн чыгарып сүйлөнүп алганын өзү дагы билбей калды. Дароо, илгери үмүт менен, кабинетинен Таңсулууга телефон чалды, шефине барганга шашылбай. Ушул жерден билди, өзүнө иши эмес, алгач Таңсулуу керек экенин. Таңсулуу бир топто гана телефонду алып;
-Марат, сага эмне болду? Айтпадым беле чалба-деп. Марат шашып;
-Таңсулуу, сени менин класташым Турдалы алакачып болсо дагы алганы жатыптыр, деги өзүңө сак бол. Эгер сен ага турмушка чыгып кетсең, мен бел жашоодо жашабайм деле. Мен азыр ушундай бир жаман акыбалда турам. Макул болсоң мага жолукчу, суранам сенден! Керек болсо сен үчүн ушул ишимди деле таштаганга даярмын. Мен, сени сүйгөндөй, сени эч ким сүйө албайт. Мени кечирип койчу, алтыным!
-Таңсулуу ойлуу;
-Аны сага ким айтты, мен Турдалыны бир эле жолу көргөм да.
-Азыр эле мага Эрмек деген досум чалды, бүгүн ала качып болсо дагы алып кетебиз-деп. Таңсулуу кабагы салыңкы;
-Эмне анда мени бүгүн окууга барбай эле кой деген турасыңбы? Бүгүн зачёт тапшырмакбыз да, тарых сабагынан;
-Сабакка барбай эле кой, зачётуңду мен койдуруп берем, берекем, тилимди алып кой. Сени мен эч кимге ыраа көрбөйм. Кааласаң бир кафеге барып тамак ичип тур, мен барып калам. Эң негизгиси сен тигилердин көзүнө чалдыга көрбө. Таңсулуу жапыс үнү менен;
-Дагы алдап кетпейсиңби, зачёт коюлбай калса окуудан айдалам-деди эле, Марат ишенимден кеткенин ушул жолу билип;
-Азыр барып, зачётуңду койдуруп коём. Ал жагынан кам санаба. Анан сага байланышам. Эң негизгеси өзүңө сак бол!-деп, чоң жетишкендикке жеткенсип кабинетинен чыкты да, шефтин бөлмөсүнө кабагы ачык баш бакты. Азим Капарович;
-Марат, мындай, кыскасы сен бүгүн мени мактап башка ат менен газетага макала жаз. Канча акча сураса да макул бол. Бүгүн тиги Хан айымдын түрү бузулуп калыптыр. Газетадан окуса мага туура түшүнөр. Ага барып актангандан көрө газета аркылуу эле ишибизди билгизгенибиз оң. Андан дагы анын сураганын бериш да керек болуп жатат. Жанагы ал ачкан фондго акча которуш керек. Эртең он миң долларды банк аркылуу которуп койчу. Марат сөз келгенде;
-Андан көрө, акчаны өз колуна бергенибиз оң. Эртең мен ага интервью алганы барып эле өз колуна берип койсом, кандай болот? Анын жеке ишмери менен мамилем бар. Ал аркылуу байланышып, суранып көрөйүн. Балким дагы башка сунуштар чыгып калар. Азыр элдин баары банк аркылуу,анын фондуна акча которуп жаткан кездери. Биз өзгөчө көзгө көрүнгөндөй кылып беришибиз керек. Азим көзүн жүлжүйтүп, бир нерсени ойлонгондой, митаам көз караш менен Маратты карап;
-Туура кеп айттың. Андан көрө сен өзүнө жолугууга аракет кыл. Анан калганын көрө жатабыз. Бүгүн сен бошсуң. Ушул ишти гана бүтүрсөң болду. Марат учурдан пайдаланып;
-Азим Капарович, ал жагынан кам санабаңыз. Мен өткөндө сиз жөнүндө макала жазып даярдап койгом. Аны сиз окуп таанышып чыгыңыз. Анан газетага чыгаруу оңой иш эмеспи. Азыр акча төлөнсө болду болуп калбадыбы. Бул айтылган сөздүн артында "акча болсо эшекти деле мактап жазса болот"деген сөз жаткан эле. "Эркиндиктин баркын көлөкөдөгү гүлдөр менен абактагылар гана билет"демечи, акчанын баркын карапайым калк билип, ак үйдөгүлөр кайдан билсин. Алар үчүн акча жасоо оңой экенин Марат билип, ал турсун бала бакчадан бери ак үйдөгүлөр киришип калган соң, алардан эч кандай жакшылык күтүү болбосун түшүнүп туруп, эч нерсе кыла албаганына өкүнүп, бир чети атасынын айткандарын туура көрүп, чындык менен калыстык такыр таманга түшүп, кончко түшкөн таш бутту өйкөгөндөй, ак үйдөгү билермандардын ишине ичи чыкпаган Марат баарына кол шилтеп, акча жасоонун артынан берилип баратканын анча таназар албай баратты. Эки күн илгери эле бир бизнесмендин ишин бүтүрүп берип, жакшы акча сындырган. Бул анын жасаган акчасынын бери эле жагы болучу. Ушундайлардын көптүгүнөн элдин жашоосуна бөлүнгөн ырыскы чачылып жатканын алиги илимпоз, ишенчээк неме элдин жашоосун такыр башка нукка буруп салбадыбы.
Марат, шефинен чыгып түз эле Таңсулуунун окуган жерине келип, анын зачёт алчу мугалимине жолугуп, четке чакырып чыгып миң сомдуктан үчтү сунуп;
-Казиеванын ишин бүтүрүп коёсузбу. Ал бүгүн окууга келе албай калат го. Мугалим Маратты тааныган үчүн акчаны алып;
-Атайын келип калыптырсыз, чиновник башыңызды кичүү кылып деп, тамашалай сүйлөп, көзүн кысып койду. Бул анын бара бер деген белгиси болучу. Марат дароо окуу жайдан чыгып эле Таңсулууга телефон чалды.Ушуну эле күтүп тургансып, ал телефонду дароо алды да;
-Угуп жатам-деди, назик кулакка жагымдуу, тоо булагынын үнүндөй кулакка жагымдуу үнү менен. Марат өзүн бактылуу сезип, кабагы ачык жана шаңдуу үнүн бийик чыгарып;
-Таңсулуу, иш бүттү. Аны коюп курсак ачты, бир жерге барып тамак ичеличи. Калган сөздү анан сүйлөшөлү деди эле Таңсулуу;
-Марат, мен дагы байкап калдым, сыртта мени күтүп машина турат. Сен үйдүн артына келчи. Чын эле мени алакачып кетчүүлөрдөн коркуп жатам. Марат ишеничтүү;
-Азыр мен сага милиция кызматкерлерин жиберем. Алар сени ВДНКка жакка алып келишет. Ысык-Көл ресторанынан күтөм сени. Сен үйдөн чыкпай туруп тур. Аз убакыт илгери эле ал классташтарым мага телефон чалышканынан "колум бошобой жатат" деп койдум. Кыскасы, милициядан сезгенишип, сага жакын жолой алышпайт. Мен барсам, аларга менин кадырым сынып калат. Таңсулуу бул сунушту туура көрүп:
-Тез келишисинчи, эмнегедир коркуп жатам. Үйдө дагы жалгыз элем. Менин баамымда тиги окуу жай жакта дагы анын балдары бар өңдөнөт. Марат;
-Макул эптеп чыдап тура тур. Азыр ашып кетсе он мүнөттө барып калышат деп, телефонду өчүрүп, милиция тармагында иштеген досу менен байланышып, болгон ишти болгондой түшүндүрүп айтып, эки милицияны тез жөнөтүүнү суранып, даректи берди. Оозунан сөз чыга электе аткаруу тиги баланын милдети эле. Анткени анын чоң ишин бүтүрүп берип, аны өзүнө жипсиз байлап койгон. Мелис мырза убадага бекем жана колунан бир нерсе келе турган адам.
Айтылган убакта эки милиция атайын машина менен келип Таңсулууну салып кетишти. Аны аңдып турган балдар, көргөн көздөрүнө ишене беришпей таң калып эле калышты. Ал турсун кайда алып кетти бир көчөгө чейин ээрчип айдап келишти да, анан ал машинадан адашып калып калышты. Бул учурда шаштысы кетип Марат, улам телефон менен байланышып турду. Качан гана үйдөн чыгып келе жатабыз дегенде өзүнө келип, ресторандын ичине кирип орун алып олтурду.
Таңсулуу ушул саам Мараттын кадыры укмуш экенине баа берип, өзүнчө ойлонуп келе жатты.
Айткандай ага алгач таанышканда эле Турдалы жакпай калган. Оозуна алы келбеген, кийген кийми дагы өзүнө жарашыксыз, ооздон сөздү жулуп алган адаты бар, мактанчаак, чылымды көп чеккен, узун бойлуу кара бала. Эки жолу аны менен жолуккан. Экөөндө тең айткан "Сендей сулуу бул дүйнөдө жок, деги сени кандай мырза алат болду экен"деп. Ошондо эле билген ал өзүн жактырып калганын. Ошол баланын торунан куткарып калган үчүн бүгүн Маратты жактырып, аны кечирип, керек болсо ага азыр болсо дагы турмушка чыкканга даяр экенин ичинен анализдеп,ой жүгүртүп келе жатты. Машина Манас көчөсү менен түз өйдө көтөрүлүп, катар тизилип тигилген ак теретерди улам артка калтырып, президенттин көчөсү менен тез ылдамдыкта кадимки президентти салып бараткандай зуулдап баратты. Таңсулуу, Мараттка жолукчу учур улам жакындаган сайын жүрөгү бат-бат согуп, сүрдөгөнү күч алды. Андан дагы чын жүрөктөн чыккан сөздүн күчү кантип адамды толкундантып, сүрдөтпөйт. Мараттын чын ниетинен кам көрүп " Сени мен эч кимге ыраа көрбөйм"деп айткан сөзү кулагына жаңырып, аны көргүсү келип, жада калса аны дале болсо сүйөрүн тана албайт эле. Жүрөгүнүн төрүндө дале болсо Марат орун алганын өзүнөн башка жан адам билбейт. Өз ою менен алаксып келе жаткан Таңсулуу айтылган дарекке келгенде гана учу жок ойдун кучагынан бошонуп, машинадан түштү. Бирок Маратты көрө алган жок. Эки милиция коштоп, ресторандын ичине киргенде Марат утурлап тосуп чыгып, Таңсулуунун бетинен сүйдү. Таңсулуу эрэркеп кеттиби, башын анын көкүрөгүнө жөлөп, ыйлап жиберди. Эмнеге ыйлады аны өзү дагы билген жок. Марат эки милициядан көз караш менен сурады " арта аңдыгандар жокпу"-деген сөздү. Алар бир ооздон ;
-Биз аларды адаштырып келдик. Эч кам санабаңыз. Эгер бир нерсе болсо бизге телефон чалып коюңуз-деп, телефон номерлерин калтырышты да, издерине кайтышты.
Сөз столго олтурганда уланды. Алгач Марат;
-Таңсулуу, мен ал баланы жакшы билем. Мектепте деле начар окуган. Койчунун баласы. Ал сенин теңиң эмес болучу. Баарынан дагы алар менден жардам сурап чалганы жакшы болбодубу. Таңсулуу сурмалуу көздөрүндөгү келген жашты аарчып, бир саамга унчукпай туруп;
-Мен деле ал баланы жакшы билбейм. Өткөндө кыздар менен келе жатып таанышып калганбыз. Таанышканда эле ал бала мага жаккан эмес. Ошондо мен андан сен жөнүндө сурагам. Анткени ал сенин айылыңдан экенин айткан эле да. Дароо сени ал "менин классташым, ак үйдө иштейт"-деп мактанган. Ал эми Эрмекти элестете албай калдым, кандай бала экенин. Сөз-сөзгө уланып, кенен эки саат сүйлөшүп олтурушкан экөөнүн сөзү бир нукка түшүп Марат, Таңсулууну убактылуу өзүнүн үйүнө алып барып турууну эп көрдү. Ушунча аңдып калышкан тигилер баары бир ала качып кетиши толук мүмкүн деген тыянакка келишип, ал жерден кеч киргенге чейин караанды үзө турууну эп көрүшүп, такси чакырышты да тоону көздөй бет алышты. Таңсулуу, Мараттын кучагында баратып, эмнегедир өзүн бактылуу сезип кетти да, анан эч күтүүсүз жерден эле Марат күтпөгөн суроону берип калды;
-Марат, эгер сен чындап мага үйлөнө турган болсоң, сенден өтүнүч ишиңди алмаштырчы. Сен иштеген жер алдамчылардын жана булгангандардын уюгу экенин мен, сен ал жакта иштеп баштаганы байкадым. Сенден, мен көп жакшы нерселерди үмүт кылдым эле. Ишенесиңби. Азыр дагы мен, сага баягыдай боюмду бере албай, кысынып жатам. Сен, эми алиги "сауна" - деген балакетке барбачы. Эч ким сени ал жакка барат деп ойлобойт. Марат, Таңсулуунун башынан шуу-шуу жыттап;
-Туура айттың, ак үй булгангандардын очогу. Ал жактагылар элдин алдында беттери күйгөндөр. Мен, сенин бул сунушуңду кабыл алдым. Керек болсо эртеңден баштап башка жактан иш караштырбасам болбой калды. Сөз ушул жерге келгенде телфон чалынып калып, сөз үзүлүп калды. Марат, телефон чалган Эрмек экенин билип, колу менен Таңсулууга акырын деген белгини берип ;
-Угуп жатам-деди. Эрмек кабагы суз;
-Марат, иш чатагына айланды. Алиги Турдалы алам деген кыз шексип калып, аны колдон чыгарып жибердик, сен аны менен байланыштыңбы?
-Телефону өчүк болуп жатат. Үйүнүн дагы телефону албай койду. Баса, ал эмне андан башка кызды албайм деп жатабы?
-Тиги көк бет ал кызды албасам болбойт деп, бизге догурунуп жатат. Эптеп жардам бербесең болбой калды. Марат кабагы суз;
-Менин ал кыз менен деле мамилем жок болучу. Бир эки жолу конокто бир болгонбуз. Билбейм, кандай кылышты.
-Ал кыздын колдогону чоң окшойт, эки милиция менен үйүнөн чыгып кетиптир.
-Анда эмне убара болуп жатасыңар. Башка эле кызды ала качып бериш керек. Кыз деген неме толуп жатпайбы. Марат ушул жерден сөзүнөн жаңылып алды. Бирок дароо ойлоно калды да;
-Эрмек, мен азыр барып калам. Силердин маселелериңерди мен чечип бербесем болбой калды көрүнөт. Күтүп тургула, барып калам-деп, таксини кайра артка айдатты. Таңсулуу суроолуу караганда;
-Ал бала сенден башка кызды албайм деп, догурунуп жатыптыр. Мен барып аны айнытпасам, болбойт. Сен, бүгүн менин үйүмдө болуп тур. Экөөбүздүн дагы алдыда сүйлөшө турган сөзүбүз көп. Сен абдан туура сөз айттың, мен ишимди которбосом болбойт. Ушул ой эмнеге мурда эсиме келген жок билбейм-деп, алдыны ойлуу карады. Оюнда, Турдалыдан кантип кутулуу керек жөнүндө ойлоп баратканын Таңсулуу айтырбай билип, катарында үнсүз ал дагы ойго алаксып кетти. Асфальт жолдо машина бир калыпта баратты. Шафёр орус улутундагы адам болгон үчүн, сөз эмне жөнүндө болгонун түшүнгөн жок.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9