1-бөлүм
Соц сети, интернет тармактары өнүккөндөн бери адамзаты аябай өзгөрдү. Жанындагы адамды алыстатып алыстагыны жакындатат.
Көпчүлүк адамдар жашоодо башка реал жашоодо башка адам. Бул албетте өкүнтөт бирок интернеттин пайдасы көп... Бул чыгармамда ушул интернеттин курмандыгы болгон ууру махабат жөнүндө болмокчу.....
ОЮНДАН ОТ ЧЫГАТ.
1-БӨЛҮМ...
АЙДАНЕК МЕНЕН ДАМИР. Булар жаш үй-бүлө. Айданек азыркы убакта эми араң 25 жашта. Дамир 36 жашта. Мындан тогуз жарым жыл мурун Айданекти бал тилге салып, акчасын кеңири чачып 15 жаштагы кызды алдап соолап эле аялдыка ала качып алган.Үй жай жумуш бүт нерсем бар кожейке эле керек деген Дамирге ишенип кол кармашып кете берген. Барганда баары ачыкка чыкты. Колдору жука жөнөкөй үй-бүлө болушчу. Бишкектин жаңы курулуштарынын биринде свет жок үйдө бирөөнүн үйүн карап жашашат экен. Айданекти шаардакы туугандарыныкына ала качып куданы ошол жактан сыйлашкан. Бир жумадан кийин бул батирге көчүп келгенде аябай айран таң калды. Эч нерсени көрө элек Айданек жашоо ушул экен деп жашап калды. Бирде ач, бирде ток. Майга жетсе нанга жетпеген оокат. Айданек жардам болсун деп атасынын дүкөндөрүнүн бирине сатуучу болуп иштеп азык- түлүк ташып жатты.
Тогузунчу классты бүтүп күйөөгө тийүү деген эмне шумдук деп оокат кылып жаткан келинди кайын-журту жилкип турчу. Келгенине тогуз ай болуп уул төрөдү. Эч ким каралашып койбоду. Түшүнүксүз адамдар көп да негизи. Биринчи неберем деп Айданектин атасы чоң той берди. Кудалар кетип баратканда бешигин берелик барып кыйнабай деп кошуп беришти. Мунусун кемсинтүү катары кабыл алышып катуу ызы-чуу салышты.
Айданекти алып кетпей таштап коюшту. Айданек уялганынан бети чыдабай үйдөн чыккыс болду. Дамир аялын алып кетип өзүнчө бөлүнүшүп бир кичинекей бөлмөдө жашап жатышты. Анын акысыда кымбат.
Арадан жыл алмашып бат эле Айданек кыз төрөдү. Төрөт үйунөн сүйүнчүлөгөнү Айданек байкуш коңгуроо кылса эч трубкасы алынбады. Үч күн күттү келбеди. Кайын-журту карабас болуп жаман көрүп калган муну.
аягы болчу күн мээни кайнатат. Айданек бир аз акчасы менен машина жалдап үйүнө келди.
Үй бекитилген. Кулпусу башка. Эч нерсеге түшунбөгөн кыз катып калды. Ары жактан кожейкеси келип..
- Айденек, алдыңа кетейиним, келип калдыңбы?
- Ооба, эже. Дамир көрүнбөйт да..
- Сага айткан жокпу? Бул эмнеси? Эки күн мурун бир келин менен келип буюмдарды жыйнап кетти. Акыркы ай төлөнө элек десем муздаткычка болуп, таштап кетти го...
- Кандай келин экен, эже?
- Тааныймбы ..
- Андайларды стааныбай эле кой. Шыйпаңдап тим эле эриңе жабышат го..
Башына таш тийгендей эле отуруп калды...Уулум баламчы?
- Аны тиги кайненеңе жетелетип жиберди...
Бул эмне кылганы? Же башка жакка көчүп кеттиби? Мага эмне барган жок? Маакул үйгө барып турайынчы деп ата-энесиникине келди. Үч ай күттү келбеди. Кабары угулбады. Атасы менен кошулуп кайненесиникине барды. Босогосун да аттатпады.
- Эмне келдиң шүмшүйүп? Итирейбей жогол! Сени таштап кетти, сага сооп болот..
- Апа, эмне деп жатасыз? Мен эмне кылдым. Дамир каякта?
- Ишиң эмне я? Барчы көзүмө көрүнбөй. Эмне баланы багалбай калдыңбы? Таштап кет анда. Алар болсо иштеп жүрүшөт Өзүнүн теңин эми тапты.. Тоскоол болбо..
-"Алар дейсизби? Демек баары чын экенда.. Мен деле акмак эмесмин. Көчөдө калган жайым жок. Балама келдим алып кетем.
- Ким берет экен ыя сага кызды да таштап кой...
- Маакул силердин балаңар. Мен жашмын 18 де элемин мага да жашоо керек. Ала бергиле деп колундагы үч айлык эмчектеги кызын таштап машинеге жөнөдү..
- Ай шерменде, эмчектеги баланы кантип карайм? Таш боорсуң го. Уялсаң алып кет.
- Ий азыр эле талашып жатпадыңыз беле? Балдарын таштаган эч ким жок алып кетем..
- Алып кет. Баламды да бергиле..
Ошентип эки баласын алып төркүнгө биротоло кетти. Эки эле бир тууган болгондуктан Айданектин балдарын өз апасы багып алды. Айданек окууга тапшырып кетти. Орто билимин алып Айданек ийгиликтүү жумушка кирип алды. Ошо менен Дамирден кабар болбоду. Айданек орто бойлуу тыпылдаган эпчил кыз. Сулуу дагы, убагында баары артынан чуркаган.
Бир жылдан ашып баратканда Дамир шүмшүйүүп кечирим сурап келди. Эч эле кечирбей койду эле чоң атасы ортого түшүп жатып жашатып койду. Убагында баарына кайыл болуп жашаган Айданек мунусунда эч жылыбады. Айданектин чоң атасы балдары менен кыйналбасын, көңүлү өссүн деп, шаардын ортосундагы эки бөлмөлүү квартирасын белек кылды. Даяр үйдө жашап жатышты. Бир жылдай жашашкандан кийин Айданектин ден-соолугу начарлай баштады. Жыгылып калат өзүнчө эле. Мунун баары көп ойлонуудан келип чыккан. Жүрөк оорусуна кабылды. Бир күнү Данекти машина коюп кетти. Жүрөгү кармап күтүүсүз көчөдө жыгылган келинди ары жактан келе жаткан машина токтоого жетишпей көмкөрөсүнөн жаткан Данекти белинен тепсеп өтүп токтогон. Омурткасы талкаланып Данек баса албай майып арабага байланып калды. Баарынан да ооруп жаткан адамга кыйын болду. Көз жашы токтобойт.
Айыгып үйгө келгенде айласыз апасыныкана көчүп барып жашап жатты. Жүрөгү да ооруп, толуп кетти. Он тогузга эми толгон келин мынтип жашоонун тозогуна түштү.
Дамир жүрө беремби деп чет өлкөгө иштегени кетип калды.
Күндө ушул ватсап менен сүйлөшүшөт..
Дамир.. Мен сенин бактыңа балта чапкым келбейт. Мен эми эч нерсеге жарабайм. Чын жүрөктөн айтып жатам үйлөнүп алчы.. Үйлөнө бер. Мен өз күнүмдү көрөм..
Жок эмне деп жатасың? Эч качан. Сени бир ирет таштагам эми ал катачылыкты кайталагым жок.. Сен мага балдарыма керексиң деп жатты..
Буга сүйүнгөн Данек Дамирге байланып жакшы көрүп жүрдү.
Эрмеги ушул интернет. Кечке кино көрөт, музыка угат Дамир менен сүйлөшөт анан байкуш эмне кылсын..
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14