Ачуулу аял автобустун ичин беш көтөрүп ажылдап, мандайында турган жигитти кагып-силкип, кааргап, шилеп сөгүп, кийинки аялдамадан түшүп калды. Жигит жылуу жылмайып кала берди.
"Алиги адепсиз аял сени башыңан ылдый поктоду, эмнеге унчуккан жоксуң?" – дешти автобустагылар.
- Баарыбыз “өмүр” деген унаада баратабыз. Ал киши өз аялдамасында калды. Сиз кийинки аялдамадан түшкөнү турасыз. Аа мен акыркы аялдамадан түшөм.
Биз мындан ары бири-бирибизди кайра көрөбүзбү, көрбөйбүзбү бир Кудай билет. Өмүр жолу да автобус сапары саяктуу. Ар ким өз аялдамасынан түшүп кете беришет.
Сапар өтө кыска. Урушуп эмне байге алмак элем? деди акылдуу жигит.
Адам баласы өмүрүндө эч нерсе кыла албаган эки күн бар, бири кечээ, экинчиси эртеңки күн.
Өткөндү өзгөртө албайбыз, келечекти алдын ала айта албайбыз, бүгүнкү күнүбүздү баалайлы. Бири-бирибизге жылуу мамиле кылалы замандаштар!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев