Бир колунда бар бай адам жүрөгү ооруп Лондонго текшерүүгө барат.
Врачтар ага сенин жүрөгүң тубаса тешик экен. Тез арада операция жасаш керек деп айтат.
Жанакы Бай адам ойлонот: эгер операция кирсем, кайра тирүү чыгамбы же жокпу" - деп.
- Мага уруксат берип туруңуз, жакындарым менен коштошуп келейин - дейт. Анан үйүнө барып туугандары менен жоолугуп, өзүнүн абалын түшүндүрөт. Жана: - Эгер тирүү калбасам менден ыраазы болгула - дейт. Андан соң досунун жанына барат. Досу менен сүйлөшүп отурса терезеден касапчынын эт чаап жатканын, андан учуп жаткан майда сөөктөрүн бир аял терип жатканын көрөт. Тан калып жанына барып: - Сизге эмне болду мынчалык? - деп сурайт.
- 4 кызым бар, 3 айдан бери эт жей элекпиз - деп жооп берет.
-Мен алып берейин. канча эт керек ? -десе.
- 0,5 кг жетет - дейт.
Анда жанакы касапчыга:
-2 кг тартып бериңиз. Анан да бул эже ар жумада келет 2 кгдан эт берип туруңуз - деп 6 айдын акчасын төлөп коёт.
Кийин базарга алып барып кыздарын жана аялдын өзүнө кышкы жана жайкы кийимдерди алганга баарына акча төлөйт.
Анан бетим чымырап кетти дейт.
Үйгө келгенде балдары андан:
- Атаке бетиңиз неге мынча нурдуу болуп кетти? - десе.
- Балам, мен Аллах менен соодалашып келдим - дейт.
Анан үй бүлөсү менен коштошуп, Лондонго кайра барып, жанакы текшерүүдөн кайра өтсө ,жүрөгүндөгү тешик бүтүп калганын таң калып айтыптыр.
Албетте, мындай окуя пенденин көз карашында, оюнда болушу мүмкүн эместир.
Бирок Аллахтын кудуретине шек жок.
Аллах калааса, бүт нерсе мүмкүн.
САДАКА ШЫПАА.
Садака балээни кайтарат.
САДАКАНЫН ПАЙДАЛАРЫ:
Садака Жаннаттын эшиги.
Садака жакшы амалдардын эң жакшысы, жана эң жакшы садака - ачканын курсагын тойгузуу.
Садака өз ээсин Кыяматтагы ысыктан көлөкөлөп турат, жана тозок отунан сактайт.
Садака Алланын ачуусун басат жана кабырдын отун өчүрөт.
Садака өлгөн адамга эң керектүү белек. Жана Аллах кааласа ошол садаканын сообун көбөйтөт.
Садака нафсти тазалайт, мүнөздү оңдойт. Соопторду көбөйтөт.
Садака өз ээсин сүйүндүрүп, Кыямат Күнү жүзүн нурлантат.
Садака Кыяматтын коркунучуна коопсуздук берет, жана өткөн нерсеге өкүндүрбөйт.
Садака күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
Садака жакшы өлүмгө алып барат жана Периштелердин дуасына себеп болот.
Садака берген адам - эң жакшы адамдардын бири жана ошол садаканын берилишине катышкан адамдардын баарына сообу бирдей тийет.
Садака берген адамга чоң сооп жана эң жакшы сыйлыктардын берилээри убадаланган.
Садака берүү - таква адамдардын сыфаты жана элдин ошол адамга болгон сүйүүсүнө себеп.
Садака - берешен, жоомарт, колу ачыктыктын белгиси.
Садака дуалардын кабыл болушуна жана жамандык балээнин чечилишине себеп.
Садака бул дүйнөдөгү балээ, жамандыктардын эшигин жапканга себеп.
Садака өмүрдүн узарышына, малдын көбөйүшүнө, ырыскынын кеңейишине жана жеңиштин келишине себеп.
Садака - бул эмдөө, дабаа, шыфаа.
Садака күйгөндөн, чөккөндөн, ууруга чалдыккандан жана жаман өлүмдөн сактайт.
Садаканын сообу тынбайт, керек болсо жаныбарларга же канаттууларга берилген болсо да.
Бул маалыматты башкаларга таратсаң - бул сенин азыркы эң биринчи берген садакаң.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1