Эшекке чыкты турмушка.
Арадан бир ай ото элек,
Тороп койду коделек.
Кундору айга толо элек,
Жашоосу жакшы боло элек.
Кумурска айтты эшеке,
Ачылган гулум соло элек.
Ажырашам деп айтты,
Жакпаган жаман кеп айтты.
Ангыраган сендейге,
Адашып тийдим деп айтты.
Коделек аны эне дейт,
Эшектер баары жене дейт.
Курс которуп кумурска,
Эшекти озуно тенебейт.
Бир куну айтты кумурска,
Алыска кетем жумушка.
Жообум берсен эшегим,
Чыгамын башка турмушка.
Анда эшек ангырап,
Кумурскага таарынат.
Баланы ойло ортодо,
Таштаба деп жалынат.
Кой дегенге койбогон,
Кумурска эрге тойбогон.
Башкага эрге тийгенде,
Жыргаймын деп ойлогон.
Кумурска кетти таштады,
Эшеги ичип баштады.
Арада байкуш коделек
Ыйлады,козун жаштады.
Арадан айлар отуптур,
Эшекбай жудоп бутуптур.
Умутун узбой келер деп,
Кумурсканы кутуптур.
Кийинип кийим жакшына,
Мингени крутой машина.
Кумурска журот ар жерде,
Ойнолуп каары-жашына.
Мини юбка кийиптир,
Букага эрге тийиптир.
Кордолуп журуп ар кимге,
Акыры башын ийиптир.
Кундордон,жылдар айланып,
Келмекке уйго шайланып.
Кирип келди аттин деп,
Эшектей жипке байланып.
А бирок эшек озгоруп,
Башкага турмуш куруптур.
Жаныда жары ак жоолук,
Балдары ойноп журуптур.
Ошондо ыйлап кумурска,
Жашоодо жалгыз калыптыр.
Аттин ай, арман дуйно деп
Козунон жашы агыптыр.
Кочуруп келдим.. Автор нет.. 😉👍
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2