Кээде тынч, жумшак, жылуу, үлпүлдөгөн мыймый сыяктуу, дүйнөдөгү эң кымбат адамыңдын бооруна сүйкөнүп эркелейт. Кээде канына, этине суусаган жапайы жырткычтай болуп, көкүрөгүн тыткылап жиберет ...
Бирде салкын токойдогу жай аккан тунук шыңгыр булактай болуп, бирде жалбырттап күйгөн оттой болуп, бүт айлананы өрттөп жиберчүдөй сезилет...
Анан кээде ал таптакыр жоктой болуп, чарчап, күйүп, бууланып, көздөн кайым болуп кеткендей туюлат. Анан карасам, жок, ал жөн эле жашынган болот. Мени менен жаш баладай болуп бекинип ойноп, көбүрөөк оюнга алаксып баратканда, жүрөккө чыдагыс кусалык жаратып жиберет. Мен андан кээде ушунчалык чарчайм, коё берсем, кайра сагынам...
Менин сүйүм ушундай толкундарга бай, цунами сыяктуу бүтүндөй каптап, агым суудай тартып алып, айлананын баарын шыпырып кетчүдөй...
Ал кээде ушунчалык терс жактарын көрсөтүп, кызганчаак, орой болуп кетет, бирде жүрөктүү элжиреткен назиктигин, тынччылыгын тартуулап, бир аз көбүрөөк болсо, жерден үзүп алчудай сезилет...
Менин сүйүм - деңиздей. Деңиз менен сиз эч качан болжолдой албайсыз го, так ошондой сүйүм дагы бирде бүт жан дүйнөмдү буруп турган тынччылык болуп берсе, бирде бороон болуп берет...
Эң кызыгы - мен аны берип-берип эле келе жатам, бирок ал менде дагы деле азайбайт, тескерисинче убакыттын өтүшү менен ого бетер чоңойгону чоңойгон...
Жасмин Амирова
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев