*Акырын басса ал уят*,
*Катуураак басса тил угат*.
*Атка да жеңил,тайга чак*,
*МУГАЛИМ үнүн ким угат?*
*Ай сайын свет,газ келет*,
*Таштанды,суусу бат келет.*
*Базары кымбат баарынан*,
*Маянам кантип чак келет?*
*Жакшыга көңүл сүйүнүп,*
*Жаманга жүрөк тилинип*.
*Аа баса, ар бир башта бар,*
*Аңдыган иттей кредит.*
*Талыбай иштеп кырк жылы,*
*Өмүрдүн кетет кырчыны.*
*Сумсайып келсе карылык,*
*Сунаары үч миң кеп чыны.*
*Жээриген койдой телиндик,*
*Топко окшош торго тебилдик.*
*Депутат алган бейиштей,*
*Каралбайт неге жеңилдик?*
*Азыркы талап ушундай,*
*Аңтарып кагаз чукумай,*
*Урушмак түгүл туура эмес*,
*Баягы,*
*Указка менен укумай.*
*Укугун билип ата -эне,*
*Андайда келет бат эле.*
*Колдогу курал азыркы,*
*Воцаптан жазган кат эле*.
*Жаман сөз көңүл чөктүрөт,*
*Калбайбыз дале мөгдүрөп.*
*МӨМӨЛҮҮ ДАРАК- МУГАЛИМ*,
*Чырпыктан чынар өстүрөт.*
*МУГАЛИМ чырак, жолсуң деп.*
*Кулакка кагыш болсун деп.*
*Чоңдорго жаздым салам кат,*
*Бурулуп карап койсун деп.*
*Агарса мейли чачыбыз*,
*Билимге сайган башыбыз.*
*Акталса болду ак эмгек,*
*Маңдай тер ,таман акыбыз.*
*Жазган: Сарыбаева Майрамкүл*
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1