Предыдущая публикация
Айланып келди май майрам.
Күн ачык бүгүн карачы,
Майрамы экен АПАМдын.
Кучагы толгон мээримге,
Күлгөнү күнгө тең экен.
Жылмайып жүрчү дайыма,
Жүрөгүм сенсиң АПАКЕМ.
Мээримин төгүп балкыткан,
Мен үчүн баарын арнаган.
Теңдешсиз балбан билектүү,
Мен сүйгөн сулуу АПАКЕМ.
Тамылжып күлүп караган,
Булагым тунук агылган.
Боюма күч кубат тараткан,
Барымсың сенсиң АПАКЕМ.
Г.Ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев