Кокурогуно тамган,апакемдин коз жашы (1-бөлүм)
Оз энесин сыйлабаган баланын келечеги жок!
Мен бул уйдун эн кенже,тактап айтканда жетинчи баласына келин болуп тушконумдо 19-жашта элем.Келечектеги жолдошумду сыртан кана билчимин.Кайненем жуучу болуп барганда атам -Бул аял ото эмгекчил жана ыймандуу аял.Жети баланы озу жалгыз тарбиялап остуруп,окутуп,баарысын уйлоп жайлап бактылуу кылды деп макулдугун берген болуучу.Ал убакытта уй-булодо атанын созу биз учун мыйзам эле. Мен келин болуп келдим.Башында жолдошумда жаман адам эмес болуучу.Ал мал даригер болуп иштечу.Кайненем атам айткандай чындыгында эмгекчил жана ыймандуу аял эле.Бир ооз соз менен айтканда алтын эне болуучу.Мен жаштыгымдан энесиз осконум учунда тиричиликтин коп туйшукторун билчи эмесмин.Кайненем мага оз кызындай карап,озу билген бардык нерселерди уйротту.Оз апамдан корбогон мееримди мен кайненемден кордум.Эми кайненем жонундо сиздерге айтып отойун.Кайненем жетинчи баласы бойунда бар кезинде, кайнатап дуйноо салып кете берет экен.Кайнатамдын жылдыгына жетпей энем тороп.Жет баланы жалгыз,эч нерседен кем кылбай чонойтуптур.Кундуз кечке чейин талаада кетмен чаап,кечкурун кир жууп,нан жаап тамак кылып дегендей.Жети баланы тен жогорку билимдуу кылып баарысына уй-жай кылып,уйлоп болуп койгон.Эн чон эки акем райондук орууканада жогорку даригер болуп иштешет жана бизден бирааз алысырак райондун сентиринде жашашат.Андан кийинки учунчу акем болсо дагы бир коншу айылда мектептин жетекчиси болуп иштейт.Тортунчу акем болсо райондук сотто иштейт.Бирок биздин эле айылдын башында жашайт.Бешинчи акем болсо акимчиликте иштейт.Бирок ким болуп иштейт так билбеймин.Ал да биздин эле айылда жашайт уй-булосу менен.Алтынчы акем болсо милисияда иштоочу.Кийинчелек жаны аскердик болук ачылган сон,ошол жакка ишке которулуп,уй-булосу менен ошол жакка кочуп кетишти.Бизден эн алыс жашаган бир гана ушул алтынчы акем эле.Жетинчиси болсо менин жолдошум эле.Союз тараган сон калхоздон мал кой жерди болуп алып,оз алдыбызча тиричилик кыла баштадык.Жолдошумда жаман тапчы эмес.Кун ара бироо малымды коруп бер,жылкым ооруп жатат,деги койчу кунумдук оокатка дайыма чонтогундо акча болуучу.Апамдын балдары гана эмес менден болок бардык келиндерида,мамлекеттин жумушунда иштоочу,азырда иштешет.Алды тегоочу,дарыгер,балдар бакчасында жетекчи айым,эн жонокойу эле мектепте мугалим.Кыз узатышты,келин алышты,деги койчу баарысы эле турмуштун ачуу чучугун билип тушунушуп калган адамдар.Ар биринин астында машинасы болсода бир айда бир жолууда келип корбосода апам,ар дайым балдары жана келиндери менен сыймыктанчу.Алар жонундо бироозда жаман сооз айтчу эмес болуучу.Кайненем ар дайым мага -даражасы которулуп жаткан эркектин артында кучтуу аял турат кызым.Эркекти эл козуно эр жигит кылып корсоткон бул аял.Ар дайым жолдошунду сыйлагын кызым.Жаман иш кылса тизгинин тарткын,жакшы жолго баштагын дечу.Создорунон баамдап калам.-Жур апанды коруп келейик деп бирооз соз айтпаган келиндеринда апам Каныкейге теноочу.Бир майрамды шылтоолоп,же куран окутабыз,эл чакырабыз деп он жолуудан чакырып жатып сорго апам балдарын уйго чогулчу.Ошондода бири келсе экинчиси жок.Келини келсе балдары жок.Келгенида эртен жумушубуз коп апа капа болбон деген шылтоолор менен уйлоруно шашышат.Ошондода апам булар эл кызматында иштешет деп бирда балдарына кир жуугузчу эмес.Оздору аялы жана бала чакасы менен кымбат баалуу кийимдерди кийишип алып,апама болсо кайактагы бир немелерди которуп келишет. Кее учурларда ойлоп калам озумчо -апа деп бир кайрылып оз эркинче келбеген эл кызматында иштеген балдардан коро,бироонун малын баккан кочман болсода,апасын бир куйгон кулчо менен жоктогон бала артык эмесби.Акелерим биринен бири отуп аялдарын алтын менен кумушко тенеп апама мактанышса куйбогон жерим кул болуп кетет.Кантип эле сезишпейт.Ушундай даражага жеткенине аялдарынанда артык апамдын ото чон эмгеги бар экенин.Козунун нурун куйратып,куну туну иштеп жети баланы билимду кылган эненин эмгегин кандай мерез,таш журоктор унутат.Мунусунада мейли,айлап апасын жоктобой адашып бир келгенде апасына аялын мактагандан болок соз куруп калыптырбы? Эне сутуу ооздорунан таркай элекде каза болуп калган аталарын эскеришсин.Балалык кездерин эскеришсин.Жалгыз боой апасы жети жетим баланы канаттууга кактырбай,тумшуктууга чокутпай канатынын астында чонойтконун айтып рахмат айтышсын.Жаны алган машинасы менен аялынын ийгилигин айтып мактанбастан...................
Ушентип журуп алтындан кымбат кайненеге менда эки уул бир кыз небере белек кылдым.Кайненем бирда калтырбай намаз окуган сон менда,жолдошум да,улуу кызым да намаз окуучук.Кудайга шугур малы калибиз кобойуп турмушубуз мурдагыданда оноло баштады.Жолдошум чон кылып уй салды,машина алды......
Менин жашооумдун эн жаман багыты мен учунчу баланы торогонумдон сон башталды.Мен учунчу баламды торогон сон ооруй баштадым.Тынбай эле шишип кете берип,Эч бир иш кыла албай калдым.Ошондо мен кайненемди эмес,картайып калган болсода кайненем мени карап калды.Чон кызым кичине баламды карайт,кайненем тамак аш кылат.Жолдошумдун болсо кабагы эч ачылбай койду.Мени жолдошум акчадан кызганып чын дилинен деле дарыгерлерге корсоткон жок.Эмесе бир эмес эки бир туушкан кайнагаларым ооруукананын жетекчилери болуп иштешет эле.Мага далда болгондун ордуна жолдошум -ооруй эле бересин,келгенден бери орукчансын.Сени апамды карайт деп алган элем,апам сени карап жатат.Балдарында сага окшогон.Оорукчан аялдан оорукчан бала торолот,дагы ушул сыйактуу жаман создор менен мени кемситип уруша бере турган онор чыгарып алды.Мурда жолдошум эч мындай эмес болуучу.Акчабыз кобойуп байыган сайын ар турдуу онорлору кобойо берди.Ушунун баарын коруп угуп тургандан сон озумду озумда башкара албай калдым.Акыл ээсимеда доо кетти.Тактап эле айтканда акылымдан адаштым.Эмне деп суйлогонумду,эмне кылып жатканымдыда билбей калдым.Эч нерсени жакшы эстейда албаймын.Акыл ээсимди жыйнап алганымда балдарым,кайненем жана бир туугандарым жанымда экен.Алар мени даарылатышып журуп адам кылышыптыр.Уйго келгенимдеда барибир менде ооруунун кесепеттери бар болуучу.Тез эле унутуп калам жана курсагымдын тойгонунда билбей калчуумун.Анысы ас келгенсип шишип кеткенимден копко баса албай болчумун.Жашы бир кыйрага барып калган болсода табиятынан ото чыйрак болгон кайненемда менин азабымды тартып ото жудоп кетиптир байкуш.Ушунчалык кайненеме ичим ачышып сыздадым.Жолдошум болсо жанымда жок.Ал уятсыз мени бардык элге аялым жинди болуп калды.Ал оз аялдык бурчун аткара албай калды.Же уйдо жок,же тошокто жок деп менин устумо бир жолдошу менен ажырашып кеткен эки балалуу аялга уйлонуп алыптыр.Агада мейли денчи ал ажар аялы эки баласын жана жолдошумду эрчитип келип балдарымды кочого айдап биз менен уй талашыптыр.Кайненем байкуш биздин ортобузга тушуп,баласы менен каттуу урушуп экинчи катынында озунда уйдон айдап жибериптир.Менин оз атам жана бир туугандарым жолдошум ушундай кадамга бардыбы эми ал барибир онолбойт деп Айыл аксакалдарын жана мечиттин имамын чакырышып биздин байлыкты болуштуруп берип кетишиптир.Жолдошум Мен бул жинди аял менен жашабаймын деп уйдон оз улушун алып,уч баласын жана тогуз ай омурткасы кайышып которуп жургон апасында таштап кетип калыптыр.Жолдошумго мейли дейли.Менин жинди болуп калганым чын,кеткен болсо кеткендир.Апамдын калган алты баласычы? Алар апам оз баласынанда бир жинди келинди артык корду деп таарынышкан болушуп бирида апаларынан кабар алайын деп ойлошпойт.Мени мейли жинди дешсин бирок менин балдарыма алардын каны агып жатканын ойлопда койушпайт акмактар..............
Балам кичине болсода турмушка бышык болуп,чанып кеткен атасынын жоктугун билдирбестен мал калди озу эле карап жатты.Кызым болсо талаа жумуштары жана уй жумуштарын ордуна койот.Кайненем болсо бизден эч жардамын аябайт.Ошол кундордун ичинде ар дайым оозун толтуруп балдарын мактап суйлогон кайненем бир ооз да балдары жонундо суйлобой калды.Кайненемдин коздорунон балдарына болгон ото тереен тарынычты корсо болот эле. Акыркы кундору кайненем каттуу сыгылып калганбы айтор озун алдыра баштады.-Апа деп бир ооз соз айтып конулун которойун десем.Мурдагыдай абалым болбосо.Озумдун колум оозума жетпей,анын устуно добушумда эркектердин унундой жооноруп кеткен эле.Ичимден гана байкуш энем меени коруйм деп озун унутупда калды деп сыздап алам....... Азыр эсимде ошол куну чак туш болуучу.Адаттагыдай кайненем окобуз соорудо чай ичип олтурган элек.Кайненем копко ойлонуп олтуруп кийин мага -кызым Бир нерсе эч эсимден кетпейт.Эсимден кетпеседа мейли эле анын чындык экени эч мага тынчтык бербейт.Мурда рахматылык кайнатандын бир досу болучу.Жакын саналаш дос болгондуктанда коп тамашалашып калышчу.Ошондо биздин алты уулубуз,ал досунун жети кызы болуучу.Кайнатан досуна -сени аялын куйратты досум.Жети кыз тороп берип.Кыз бироонун булоосу.Эртен эле кетет.Андан сон эмне кыласын.Менин аялым,аялдардын ханышасы карачы алты уул тороп берди.Колумду сунсам айга да жетет.Эртен эле балдарым чонойуп колумдан жумушумду алат.Уругумду улашат.Картайганымда кезектешип карашат деп айтып мыскылдачу.Ал досууда кайнатандан кем калчуу эмес болуучу.-Ээ досум шашылба.Арканды узун ташта.Алдыда эмнелер бар билбейбиз.Кыз болсода журогундо ыйманы болсун.Сага бир окуйаны айтып берейин досум уккун.Илгери окобузго окшогон эки дос болгон экен.Бироосунун аялы жети уул тороптур,бироосунун аялы жети кыз тороптур.Аялы жети уул торогон мырза кадимки сендей уулу жок досун дайыма мыскылдачу экен.Бирок арадан жылдар отуптур,мезгилдер алмашыптыр.Баягы эки дос балбыйкан карыя болушуптур.Биринчи жети уулу бар досу жетимиш жашын белгилеп тууган уругун балдарын чакырыптыр.Балдарынын эн алды атасына кок озбектердин чапанын алып келип кийгизген экен.Кийин болсо жети кызы бар досу жетимиш жылдыгын белгилеп той бериптир.Кыздары атасына саймалуу чепкен менен суусар тебетей кийгизишип,куйоо балдары астына ат мингизишкен экен.Эми бул окуядан жыйынтык чыгарып айтат элем досум кызбы уулбу ыйманы болсун деп айткан эле атандын досу.Алар ото коп жолу тартышчу ушул маселе жонундо.Ошол кезде бул бир гана уламыш болсо азыр бул акыйкат болуп чыкты кызым.Ошол атандын досу жакында эле каза болду.Барсам жети кызы торундо ыйлап олтурат.Андан мурда жетимиш жашын белгилеп чакыргандада барган болчумун.Чындыгында кыздары суусар тебетей менен эн жакшы тондорду кийгизишти.Куйоо балдары ат кана эмес алды машина мингизишти деп кайненем оор ушкуруп алып -Мурда жети баланы бутуна тургузам деп тишимдин кирин соруп журуп иштеп кыйналганымда атандын мурзосуно барып ыйлоочумун-эмнеге сен мынчалык эрте келип бул жерге жатып алдын.Мен кыйналып кеттим деп.Аябай окунчумун атандын жаш эле каза болуп калганына.Бирок азыр ойлоп атандын жаш каза болгону рас эле болгон экен деп калдым.Атан досунун уламышы акыйкат болуп чыкканын коруп которо албайт болуучу.Мен эне экенминда баарын чыдам которо турган дедида энем унсуз гана ыйлап жатты.Кайненемдин бул создорунон улам мен ооруй элегимде кайненемдин жетимиш жылдыгын белгилеп кой сойуп балдарын чакырганыбызды эстебейм.
Уландысы бар....
Даярдаган: Артиков Азизбек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев