«Демейде оңою менен кыз жактырбаган «дерзкий» элем» Чачты тегиздеттим. Сакал-мурутту алдым. Тишти жуудум. Байкемдин адеколонун себиндим. Ак көйнөгүмдү үтүктөп кийдим. Колума саат тагындым. Тойго баратат деп ойлоп калдыңарбы? Кайдан, дүкөнгө туз алганы эле чыккам. Бир жумадан бери ушинтип жасанып калгам. Эмнеге дебейсиңерби? Жаңы келген сатуучу кыз жүрөгүмдү ээлеп алды.
— Койкоңдоп эле күзгүдөн чыкпай калдың. Ушу мени жакында келиндүү кылат окшойсуң, э?
— Апа коюңузчу.
— Койбой этпей эле. Ким аның?
— Кийин айтам.
Демейде оңою менен кыз жактырбаган «дерзкий» элем. Сүйүүгө кабылгандан кийин кадимкидей уялчаак жигитке айландым. Үйдөгүлөр бул темада сөз башташса эле, бетим кызарып, дем жетпей кетет. Алар кебетимди көрүп каткырышат.
Мен аны ичимен «келинчегим» деп алгам. Өзү мага тиерин деле билбейт. Жадакалса, жактырып жүргөнүмдөн кабары жок. Тартынып, айта элекмин. Телефон номерин араң таптым. «Салам», жок «привет», же «кандай» десемби? Жүз жолу кат жазып кайра өчүрдүм. «Отправить» дегенди басайын десем колум титиреп, тамагым кургап, тердеп чыгам. Эх, сүйүү жаман кыйнады го. Кыялымдагы «келинчегим», качан реалдуулукка айланат экен.
— Туз бересизби?
— 15 сомдугунбу же…
— Кымбатын?
— Сизден жыйырма сом.
— Мына, рахмат.
— Келип туруңуз.
Болду ушул бир мүнөткө жетпеген сүйлөшүү үчүн эки саат жасандым. Эми эртең эмнеге келсем экен?
Бара-бара кадимкидей аны кызганчу болдум. Бир жолу көчөдөн бир жигит менен сүйлөшүп баратканын көрүп калдым. Ким билет, балким тууганы же таанышы. А мен кызганычтан өрттөнүп кеттим. Жанына барып «бул ким» деп сурайын дедим. Бирок, эрким жетпеди. Тууй ата, ушунча коркок экенимди билген эмесмин.
— Дос, куш бооң бек болсун!
— Кел, кел кир.
— Айттырбай эле үйлөнүп алыпсың.
— Э дос, аяшыңды бир көрөрүм менен сүйүп калдым. Бактымды колдон чыгаргым келген жок. Артынан чуркап жүрүп, акыры макулдугун алдым. Кел, бул бөлмөгө өт.
Көшөгөнү ачсам «келинчегим» күлүп-жайнап отурат. Мына сага сюрприз…
Түн. Жол. Оюнчугун алдырган жаш баладай бышактап ыйлап баратам. Эрктүү болсом баары башкача болмок экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1