Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алим Токторовдун айтымында, бүгүн саат 19:00дө алдын ала маалымат боюнча Түркияга 63 куткаруучу жана 2 кинолог учуп кетүүдө.
«Куткаруучулар өздөрү менен кошо бардык куткаруу техникасын алып кетишет, булар чатырлар, талаада иштөө үчүн буюмдар», - деди ал.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат каражаттарына Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн 912 адам каза болуп, 5385 адам жаракат алганын билдирди.
«Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.17де болгон жер титирөө 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болду. Тилекке каршы, 912 өлгөндөрдүн саны акыркы эмес», - деди ал. Анын айтымында, издөө-куткаруу иштери уланууда.
Сирияда 326 адам набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алганын жергиликтүү саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9