Бугунку кундо кыз-келиндер келбетинин сулуулугун жагымсыз көрсөткөн кара чекитчелер жана безеткилерден арылуу үчүн маска жасап көптөгөн ыкмаларды колдонуп келебиз. Бирок, ал кара чекитчелер кандай себептерден улам келип чыгаарына көп деле көңүл бура бербейбиз. Ички организмдин абалы беттен билинет эмеспи, андыктан кара чекитчелердин кандай себептерден улам пайда болоорун билип алыңыз. Анткени бет теринин сыртынан канчалык көп кам көрсөңүз деле, ички организмде көйгөй болсо алардан арыла албайсыз.
В витамини жетишпейт В витаминин жетиштиги дагы бир себеби болуп эсептелет.
Бетиңизди өтө эле жышып жууйсуз Ооба, бул чындык. Бет терисине өтө аяр мамиле жасап катуу жышып жууган болбойт. Себеби бет теринин зыяндуу заттардан коргоочу катмары жабыркап ар кандай көйгөйлөрдү жаратат. Андыктан көп жышыбай жеңил жууп жүрүңүз.
Майлуу тамактарды көп жейбиз. Куурулган жана майлуу тамактар келишимдүү келбеттин душманы болуп эсептелет. Майлуу тамактардын курамындагы холестерин бет теринин абалына өтө терс таасирин тийгизет. Андыктан майлуу ,куурулган тамактардан алыс болуңуздар. Ички организмдеги гормоналдык абалдын туруксуздугу дагы бетке таасирин тийгизи кара чекитчелер менен безеткини пайда кылат. Клетчаткалар жетишпейт. Сулуулуктун жана келбеттүү тунук жүздүн негизи организмдеги клечаткалардын бай болушуна себептүү.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1