🖇Маймуна (р.а.) Пайгамбарыбыздын кызматчысы болчу. Ал айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллаху ъалейхи уа саллам) айтты:
*_"Кайсы бир аял күйөөсүнөн башкага жасанып саркеч кийим кийинсе, Кыямат күнү караңгылыкта калат. Ал үчүн эч кандай нур болбойт"._*
*☑ПАЙДА:*
Хадистеги *"Аррофила физ зиина"* деген - саркеч кийинип, басымы менен денесин билдирген аял.
*(Файзул кадир 5-т,507-бет)*
🖇Эркин пардасыз аялдар кооз көйнөктү кийишет. Анын максаты өзүнө көңүл буруу. Көңүлгө жаккан айланадагы эркек, аялдар мага тамшанып карасын, мени көрүшсүн дегенди каалашат.Таза аялдардан башка аялдар үйүндө күйөөсүнүн алдында жакшылап сулууланып жакшы кийимин кийишпейт. Бирок, сыртка туугандарына, же базарга, же сейилдөөгө чыкса, элдер аны көрсүн үчүн жана ага көңүл буруусу үчүн чыгышат. Андай кылуу бул арам жана каргышка калган иштердин бири. Бул аяладар башка эркектердин көзүн зына кылганга чакырат. Аллама бин Илхаж Маккий аялдардын кийимин жана сыртка чыгуусунун дурус эместигин жазган: *"Аялдар үйдөн сырткары чыкканда, өтө жасанып сулуулануусу ыктыяр кылышат жана жакшы кийимдерин кийинип, кооздук үчүн тагынчактарын тагышат. Эркектер аларга кароосу үчүн эркектердин арасына аралашат, назданып басышат". (Мудхал 245)*
🖇Бул баардык аракеттер дурус эмес, арам, каргышка себеп. Мындай аялдар Бейиштин жытын да таппайт, Кыямат күнү өтө катуу караңгылыкта калат. Бул канчалык коркунучтуу сөз, бир аз дүйнөнүн жыргалчылыгын табам деп, өлгөндөн кийин өтө катуу азап кайсы бактысызга жазылды экен...
🖇 Аял жакшы кийим кийип жасанса, шайтан аны менен бирге чыгат жана жүрөгүнө:
*"Сенин сулуулугуңду башкалар карасын"* -деп азгырык салат. Сулуусунуп жасануу, өзүнө көңүл бурдуруу үчүн үйүндө күйөөсүнүн алдында гана болсун. Сыртка чыкса жөнөкөй кийим кийсин. Бани Исраилдин аялдары жогоруда айтылган абалда жүргөндүктөн, аларга каргыш жана Аллахтын азабы келген. Бүгүнкү күнү көчөгө жасанып чыгуудан сактангыла, эртең Бейиште каалаганыңар болот.
_🖊Гүлнур Шакирова_
*📙БЕЙИШКЕ ТАТЫКТУУ АЯЛ китебинен.*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев