2–бөлүм...
Жума күн . Окуусу бүткөндөн кийин эле кечинде таксиге олтуруп айылга бет алды... Жаан жаап жол катары, жолу узарып кетти. Эртеси таң эрте жетип барды.... Ата энеси жылуу тосуп алышып, кызыны дем алсын деп тыч коюшту. Үч төрт саат уктаган соң , кечки тамакта атасы Өмүр сөз ачты..
———Кызым, окууңдун бүтүшүнө дагы эки жыл бар. .. Мына артыңдан эле сиңдилериң да бойго жетип, Айжамал окуусун ушул жылы аяктайын деп жатат. Аны да окутушум керек. Сага ушул айылдын этегиндеги, айыл депутаты Болуштун уулу жуучу жиберип жатат. Уулу да окууну аяктап келиптир. Тиги базардын алында гы ооруу канада иштеп жатыптыр. Тиш доктур.
Апаң экөөбүз кеңештик. Сени ошол Болушка келин кылып берсек деген элек... —деп аялын карап ымдады....
——Жылгыз атаң кыйналды кызым. Алар окутабыз дешти. Жок дебе кызым. Тилибизди ук...
——Апа , ата , мен ойлоноюн. Ал баланы көргөнда эмесмин. Азыр көпчүлүгү « өзүбүз окутабыз»— деп алгандан кийин окутпай коюшат. Алдап коюшат. Мен өзүм акча таап ,өзүм аракет кылып окуп жатпаймынбы. Окуусу бүтсө шаарга Айжамалды да алып кетмекмин. Үч ай каникульда экөөлөп иштеп , акча топтоп Айжамалды да окууга киргиземин.
——Койчу кызым. Айжамалды жакынырак Жалала—Абадка же Ошко окутабыз. Бишкек алыс экен. Болбойт...
Түн окумга чейин ар кептин башын айтышты.. Нуржамалдын ойунан Асыл кетпеди.. Кантип ата—энесинин көөнүн таап, унатсам экен деп ойлонуп жатты....
Акыры апасын сыртка алып чыгып:
—Апа менин сүйлөшкөн жигитим бар. —деди.
——Койчу айланайын. Жок дебедиң белең. Атаңа калпычы кылгың барбы мени..
— Мен жакында эле тааныштым. Ал да окууну бүткөн. Иштейт. Жакшы жердин баласы. Атама айтыңыз —деп жаткан бөлмөсүнө кирип кетти...
Созулкан жолдошуна болгон кепти айтып , экө бир сөзгө келишти.
—Ээ кемпир. ! Азыр илгери биздин замандакыдай эмес. Сүйөм , деген сөзү бар булардын. Илгери ата—энебиз тапканга тийип, же үйлөнүп кете бергенбиз. Мейли да кызыңдын да жигити болсо анда жакшы экен.
—Ошону айтсаңыз. Жакшы жердин баласы, окуган дейтко атасы. Тагын билбедим. Тий деп мажбурдап берип коюп, экртең астанабызга ыйлап келип, силер кылгансыңар деп турса ошол да өлгөнүбүз.
Эки күн дем алып, үчүнчү күнү таң эрте Нуржамал жолго чыкты... Ата— энесин көндүрүп.
Шаарга баратып бир оор жүктү өзүнөн оодаргандай болду.. « Кантип сүйбөгөн адамга турмушка чыкмак элем, эхх ! Апакебай кызыңдын жүрөгү табышмактуу телефондон тапканы мырзаны деп согуп жатканда. Кайдагы баланы айтасыз »—деп кетип жатты....
Аба сууп калган, быйыл жаан көөп жаады. Октябрь аяктап калган эле... Нуржамал Төө ашууну, жол жээктеп курчалган тоолорду, мөңгү зоолорду көрүп кеткенди аябай жакшы көрөт... Жанындагы адамдарга да көңүл бурбай көзүнү жолдон албай ойлонуп бара жатты..... Түн ченде Бишкекке кирип, барды. Курбу кызы Назима күтүп турган. Экөө учурашып, Нуржамалдын оор баштыгын экөөлөп көтөрүп кирип кетишти....
Шаарга жеткенде телефону жанып, фейсбуктан каттар келе баштады. Ваннага кирип, колун жууган адам болуп, Асылды издеди..
Асылдын да кабатырланган каттары. Окуп алып көзүнө жаш алды..
—Уф ! Анда эмне үчүн, келбейсиң, жолукпайсың?! Же үй бүлөөң барбы ? Же майып арабада олтурган адамсыңбы ? Кимсиң ?! Ким ?!
Толгон суроолор, бирине да жооп таба албады. Жүрөгү бир демкени сезгендей ар дайым жамандыкты сезип турат....
Бир азга олтурган соң, телефонду алып, Асылга кат жазды
« Асыл байке мен чарчадым. Сиз менен табышмак кылып, телефондон кат жазышканды. Болгону менин убакытым, өтүп баратат. Эгер жашырынсаңыз биротоло жашырынып жүрө бериңиз. Токтотолу башка жазышпайды да. Мен да теңимди таап, турмушка чыгышым керек. Туура түшүнөсүз деп үмүт кыламын...»
Бул катты жазгандан соң, арадан эки күн өттү.
Сабакта олтурган. Нуржамалга Асылдан кат келгенин көрдү. Ал өзүнүн номерин калтырган.
«Бошогондо звандап » кой деген жазуу да калтырган болчу...
Шашып сабактан чыгып, Асылдын үнүн угууга ашыкты.. Эч кимге карабай , бак тарапты көздөй басты... Жазылган номерди терип, чакыруу жиберди.. «Ало»—деген коңур үндүү Асыл жооп берди. Ал да , Нуржамалды эле күтүп жаткандай.
Экөөнүн сөздөрү көпкө созулду. Эртең кечинде жолуга турган болушту....
Мына күткөн күнда келди. Чыдамсыздык менен күтүп жүргөн эле. Сүйүнүп, жүрөгү оозуна батпай баратты.. Назима Университеттин дарбазасынын астында күтүп олтурган...
——Ой кайда жоголдуң ? .....
——Назима —аа ! Сүйүнчүүүүү ! —деп чууркап келип ,мойнуна асылды..
——Ай болсун , болсун! Эмне алтын таап алдыңбы ?! Же туугандарың төрөптүрбү ?! —деди таң калыштуу түр менен.
———Аха сага ! Алтын таап алдым ! —деп көзүн сүзүп алдында бара жатты..
——Эй анан эмне.? Алтын тапсаң жүр кафеге кирип , лагман алып берчи , курсагым аябай ачты.
—— Кайдагы алтын, кайдагы лагман? Просто Асыл эртең жолугушууга чакырды....
——Ой чын элеби ? Аябай жакшы жаңылыко.
—Ооба , жүр ошого сага кофе алып берем.
— Чебурек дагы кошуп алып бе—ер !
—Ай макул, макул жүр кетик ха ха ха !
Эртеси сабак бүтүп, үйүнө келди. Жумушка да барбай жуунуп, жасанды. Өмүрүндө биринчи жолу жолугушууга бараткан... Суу чачтарын сүлгүгө ороп, күзгүгө келди.. Апак жүзү, кызарган эриндери, кара чыйылган кашы, кара көз, тизилген кирпиктери, баары өзүнө жарашып турат... күзгүнүн жанында турган пудрасын жүзүнө сүйкөп жатып дүкүлдөп согуп жаткан жүрөгүн сезди... Асылдын жанына баратканын сезип, жүзү кызарып кетти... Духиден колуна сүркөп, кокойгон узуун мойюнуна , кулак түбүнө сыйпады... Шкафта илинген кызыл көйнөгүн, денесине жапты.. Тизеден келген , сымбатына чак келип, ажарын ачып турат.. Сүлгүдөн нымдалган чачын , кургатып, түрмөктөп , кара сумкасын алып, кара туфлисин кийип тыкылдап чыгып жөнөдү....
Айтылуучу жерге Нуржамал биринчи келди.. Жанында бирөө жарымды күткөн эч ким жок эле... Келе элек экендинине толук ынанды... Күтүп чыдамы кетти...... Күн кечтеп баратты.. Муздак шамал бетке согуп, үшүй баштады... Жарыктар жанып, жумуштан шашкан адамдар, жетелешкен жаштардын кадамдары катуулап , эки жакка өтүп жатышты..... Бир аздан соң, тайота камри Нуржамал жакты карап келе жатты... Жанына жакын келип токтоду. Ичинен шыңга бойлуу жигит түшүп, ар тарапты кыдыра карап чыкты.... Бир аз айлананы аңтара карап турду да жанындагы телефон кармап, чыдамы кетип турган Нуржамалга жакын басып келди.
—— Кечиресиз чоң кыз. Сааты айтып койо албайсызбы ?
——Колуңузда телефон турбайбы , карай бериңиз да.
— Нуржамал деген айым сиз эмеспи ия ?
—Ооба мен! Аа сиз кимсиз?
—Мени Асыл байке жиберди. Жүрүңүз сизди күтүп калды....
——Ал өзү кайда ? Келемин деген болчу.
—Зарыл жумуштары чыгып калды. Аябай зарыл. Ошондуктан мени бул жакка жиберди. Жүрүңүз !
Нуржамал ойлонуп олтурбай унаага түшүп жөнөдү. Шаар аралап өтүп, жер тамдарды аралап баратта. Бир кезде эки этаждуу имаратка келип токтоду...
Айдап бараткан айдочу бала , ыкчам түшүп , унанын эщигин ачты. Нуржамал түшүп таңыркай аары берини жакты карап калды... эшик алдында тордон дарбаза, адам жок. Бир эки үйдүн эле жарыктары жанык. Калгандары өчкөн, капкара чүмбөтөлгөн . ..... Айдочу таңыркап ,алая карап жаткан Нуржамалдын жанына жакын келип, буттан башына чейин аңтара тиктеди. Эч тоготпогондой түр менен :
—Биринчи подьезге барасың. Экинчи кабатка көтүрүлөсүң. Эшик ачык сени күтүп жатат. Бар бара бер. —деп коюп унаага олтуруп от алдырып жөнөдү.....
Нуржамалдын аябай ачуусу келди. Намыстанды. Баарынан баш тартып артка кеткиси келди. Бирок баштаган ишини акырына жеткиргиси келди..... Бул табышмактуу инсанды бир көрүп алып анан кеткиси келди... Телефондун жарыгы менен жол таап, бара жатты. Экинчи кабатка көтөрүлдү. Айткандай эшик ачык экен... Бир аз коркуу барсты. Бирок алты айдан бери күнү—түнү сүйлөшүп жүргөн жаны Асылдан эч коркподу. Кайра ичинен « — мага сюрприз камдап жатат»—деп ойлоду....
Кыйгач ачылган эшикти ачып кирип барды...
Ичкериде диванда Асыл олтурган.... .Экөө бир азга тиктешип туруп калышты... Асыл ордунан туруп, Нуржамалды көздөй басты. Чындыгында кара күчкө ээ , мойну жоон, чымыр денелүү бала экен... Колдорунун тамырлары чыккан.. Кара жеңи чолок фудболка кийип, кара шым кийген. Бутунда кара красовка.
—— Кел тартынбай ! Кир үйгө. Өз үйүңдөй элестет.....
——Келдим... Мен эч текени түшүнбөй турамын....
Нуржамалды эми коркуу сезими басты... Колдору титиреп , жүрөгү каттуу сого баштады...
Жанына жакын келген Асыл колунан кармап, жүзүнөн сүйүп койду....
Баскысы келбей араң турган Нуржамалдын колунан кармап, кухняга жетеледи...
Чындыгында столдун бетин түркүн тамактар менен толтуруптур... Ар жакта жаңңы кийим кече да турган... Үйдүн сырты жупуну болгону менен ичи аябай кооз экен. Стол, стул ,мебелдер баары бир түстө, чет жактан келгени билинип турат... Кухняда да чооң телевизор.
——Кел олтур. Тамактанып алып, анан сүйлөшөбүз...
Көргөзгөн орундукка Нуржамал көчүк басты...
Асыл бир жолу көзүнө тике карап « Ал »—деген сөздү айтты да өзү эч жакты карабай жей баштады.....
Алдында түрдөлүп жасалган эттин түрү. Казыдан бир кесим алып, оозуна салып жей баштады...
Түркүн салаттар. Жалылча ,жемиштер тегеле баары бар...
Асылдын шашып, эч текени карабай жеп жатканы Нуржамалды бир таңкалтырса, бир күлкүсүн келтирди.. Кыялында Нуржамал ойлоп жатты.« Демек өзүнчө бой көтөргөн бала. Мени тоготпогондой кылып, тамакты эми көргөнсүп жеп жатканын карачы... »—деп.
Ордунан шаша турду.
——Сен тамагыңды жей бер. Мен кетемин!
——Отур! Биздин сөз баштала элек. Мен кет дей элекмин сени....—деди үнү өктөм чыгып... Бат эле ачуусу келип кеткени жүзүнөн , көздөрүнөн билинип турду...
—— Мен сенден сурабаймын. Кетемби же жокпу. Сен телефон до башкача элеңго. Мен сени түзүгүрөк элестетип алыпмын деп сенсирей кетти.....
Асыл колундагы ооз аарчы менен оозун арчып, столго ыргытты.. : —Кандай элестеткен элең? Принцпи ? Мен жакшы айтым окшойт сага, тамактагып алып кеңири сүйлөшөбүз деп...
——Мага мунун баары жакпай жатат. Кел анда сөзүңдү башта , мен кетемин....
— Макул анда сөз баштайын...
——Мени жакшы көрөм, баарын туура түшүнөмүн деген сенсиң туурабы?
——Ооба, туура мен!
——Мен абакта олтурамын... Адам өлтүрдү деген жалаа менен. Эки жыл болду. Дагы он алты жыл бар ,эркиндике чыгышыма... Бирок сыртка каалаган убакта чыга аламын...
Нуржамалдын көзү алайып, өңү кубара түштү... Эми чындап буттары калчылдап титирей баштады.... «Абакта олтурган адам ! »— түшүндө да такыр көрбөгөн жорук... Айылда угуп же көрүп калса алыстан качат эле....
——Коркпо ! Мен сенин жаныңды албаймын. . Жакшы көрөм , деп жаткан элең далилде !
———Кантип?
——Кыздар өзү ушундайсыңарда. Мына болгон чындыкты уктуң. Мени да көрдүң! Эми мындан аары да сүйлөшө бересиңби? Же качып жок болосуңбу ия ?
Ордунан ыргып турган Нуржамал
——Жок —деп жооп берди...
——Карап көр дагын. Ойлонуп жооп бер. Уч күн убакытың бар.....!
——Ойлонуп эле жооп бердим. Сизди он алты жыл күтөт белем.
—— Аптасына абака мени көргөнү барып турасың да. Кааласаң ошол жаткан үйлөнөбүз. Акча жактан кыжалат болбо. Үй ,машина, баары болот...
——Жок дедимби жок! Мен жөнөкөй эле, жашоону калаймын...—деп чыгып бараткан Нуржамалга карай:
— Жүзүңдү буруп кетишиңди билгенмин. Кыздар ушундайсыңар. Жакшы сүйлөп , баарыны ордуна койгонду билбейсиңер. Көрөсүң, бир жуманын ичинде жалынып келбесең атымды башка койомун. Али менин ким экендигимди көрсөтөмүн сага карап тур! —деген сөзү менен аяктады.... Ал коркутуу эле
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12