Ангеме.
1.Башы.
Ар бир жарык дүйнөгө келген адамга, жашоого бир гана жолу өмүр берилет эмеспи. Ал өмүр кайталангыс болуп, кайра кайтып келбейт, анткени ал жашоодогу жалгыз энчиң. Анын баркын сезип, жыргалын таатып, бакубат жашап өтүш керек, жакшы турмуш менен жашоо үчүн, ар сайын күрөшүү да керек. “Алма быш- оозума түш!” деген тилек, дегеле өмүрүңдө аткарылбайт, жомокто да баяндалбайт. Турмуш өзү өйдөөсү-ылдыйы, ыссыгы-суугу менен коштолот. Адамдын жашоосу ошондуктан оомаал-төкмаал жүрөт-дейбиз...Учурда күтүүсүз турмуштук бир өкүнүчтүү окуяга кабылып, ичим ызага толуп, ыссык буусу бышылдап, кайнап турган чагы...Бул окуяны кагаз бетине түшүрүп, сиздер менен бөлүшүп, ал оор жүктөн жеңилдейин-дедим…
Ал күнү “уясынан учам” деген кызыбызды даярдап, куда тосуп, тоюн өткөрүп жатканбыз! Кудаларыбыз жакын эле жерден, бул сары Чүйдүн бир айлынан болушат экен... Той алды, кудалар менен таанышуудан башталды, ошол учурда алардын ичинен бирөөсүн: «Бул кудабыздын аты Темир, күйөө балаңардын, тайатасы, Жал айылынан болот…” бул мага таанымал айылдын аталышын капыстан кулак кагып; жаным ширенкедей жанып, жүрөгүм оопколжуй кетти! Анткени ошол айылдын атуулу болгон, бир кездеги курсташтарыма, көп жылдар жолугуша албай, аларды сагынып жүргөм? Ал айылдан келген кудага көзүм түшүп, толкунданып, жанына бачым жетким келип, желпинип турам? Куда; узун бойлуу, жашы жетимишке келип калган, кубакай, салабатуу киши экен. Коноктордун кезектеги эс алуусу келген маалда, жанына учуп жеттим;
-Куда, Сиз, “Жал” айылынан болот турбайсызбы?
-Ооба...Жагымдуу күлүңдөдү.
-Мен, Сиздин айылдашыңыз болгон, Шаршенбек Абылов деген курдашымды, көптөн бери издеп жүрөт элем!... Аны таанысаңыз керек?...
-Тааныймын! Бир көчөдө кошуна болуп жашаганбыз! Ал биздин айылдык бала… Керек десең ал теңтушуңдун телефон номери да менде бар, кээ бир учурларда аны менен байланышып калабыз…- Азыр сүйлөшөм десең, сүйлөштүрүп деле коем!..
Кубанганымы айтпа!... Денемди толкун терметип, ордумда жөн тура албай, сүйүнгөндөн дарактай ыргала баштадым? Анымды куда да байкады.
-Куда! Анда азыр эле байланыштырып койсоңуз, сонун болоор эле да? Десем...
Соткасын койнунун алып чыгып, мага берерден мурда, Шаршенбектин өзүнө чалды...
-Ай, Шаршенбек, жакшы жүрөсүңбү? Мени тааныдыңбы?... А-а, мен азыр кудада отурам. Жанымда жаңы таанышкан кудам бар, ал сени көптөн бери издеп жүрүптүр?... Курбуң турбайбы, мына сени менен сүйлөшөм дейт! Анан гана соткасын мага узатты. Бирок Шаршенбекти мурда тамашалагым келип, атымды жашырып, чала баштадым,
-Эй, кандайсың Шаршенбек дос! Ден-соолугуң, ал жайың жакшыбы?
-Жакшы…
-Мени үнүмдөн таанып жатасыңбы?
-Жок...
-Кана антип алактабай, дагы жакшылап мени тыңшап турчу, үнүмдөн кантип тааныбай калат экенсиң? Экөөбүздүн жолуга элегибизге, он жылдай эле болду го?...
-Бирок, кечирип кой, чынында сени эстей албай жатам?...
Кичине ичим муздай түштү, бирок дагы үмүтүмдү артып, тамашамды улантта бердим,
-Эй, Дон-Жуан! Келиндердин артынан көп чуркап жүрүп, мени унутуп салдыңбы-ыя?
-Чынында эле, үнүңдөн тааныбай жатам?...
Кудам, аны эзип киргенимди байкап, чыдабай кетти, мага берген соткасына шашылыш жүткүнүп,
-Ай, Шаршенбек! Бул тентушуң, Н...дык болот!...
Мен ошол заматта, куданын соткасын колум менен баса салып, атылышым жөнүндө маалим бергенге ал кишини үлгүртпөй койдум... Шаршенбекке дагы кайрылып,
-Ии, эми ким экенмин?...Эми эстедиңби?
-Дүйшөксүңбү?...
-Икий, чокуңа койдум! Эй, дос! Азыр сени териштиргенге убактым жок? Кудаларды тосуп жатам, күйөө балабыз силердин айылдан болот экен... Эртеңкиге чейин сага убакыт береин, шашылбай ойлонуп, мени эстегендей бол? Болбосо сага чындап таарынам?
Сүйлөшүүнү токтотуп,
Куданы дагы бир аз кармап, сөзгө тарттым;
-Куда! Шаршенбек азыр кайда турат? Аялы Майрамкүл менен эле жашап жатышабы? Бейкапар эле сурап көрсөм?... Кудам, күтүүсүз чоочутуп, чачымды тик тургузуп;
-Ал аялы каза болгон! Азыр жаңы колуктусу менен, бул Бишкек шаарындагы, Кызыл-Аскерде жашашат... Десе болобу???
Майрамкүлдү: “Каза болгон...”Делген сөзүн укканда??? Каңырыгым түтөп, денемди калтырак басып, жүрөгүм аз жерден жарыла жаздады... Шаршенбекке ченемсиз кыжырым келип, ичим кайнап чыкты!
“Өлүксүнгөн акмак! Таш боор!... Канчанкыга чейин элди алдап, дагы итче жашап жүрө бересиң?... Минте берип, өзүңдүн жаныңды эми каяка жашырат экенсиң?" Өңүм кумсарып, көңүлүм бузулуп, титиреп баратканымы, Кудам сезе калды… Менден көзүн ала качып, башын шылкыйтып, алапайын таппай, үнсүз жерди тиктеди...
Шаршенбектен эми түңүлдүм! Жүрөгүм түбөлүк муздады…
Аны издегеним, Майрамкүлдүн гана тагдырын ойлоп, сагыныпда, ага дагы жолугууну самап жүргөн калоом; бийик тоодо борошон жүрүп, жаш карларды сапырылткандай, эсимдегилерди бурганактатды…
****Шаршенбек менен өспүрүм курагымда;студенттик жатаканын бир бөлмөсүндө жашап, бир кесипти бирге окуудук. Башка курсташтарыма караганда аны жакын сезип, бөлүнбөй жүргөн курбу элек, ээрчишип жүрүп, чогуу бүтүрдүк. Ал Чүйлүк, Фрунзе шаарынын түштүк тарабында жайгашкан, “Жал” деген бөксө тоолордун койнундагы айылдан болот. Мени менен тең бойлуу, жүзү кара тору,тегерек кара көз, мурду кыскараак, учу өйдө карап; оозунун үстүңкү ээрди да ага карай тартылып турат. Мүнөзү токтоо. Мен ага караганда; шогуурак, бир топ жеңил жүрөм, ал атагандай; ”ажык кызмын!” Анткени аны тамашага көп чалып, кээде жадатып, тийише берем.Ал көп учурда мага жооп кайтара албайт, күлүп коюп, тим болот. Бирок кээде,бир нерседен жаңылып калсам, кызыл чеке түшүп, менден алган “энчин” унут калтырбай, чогултуп жүрүп, ”өчүн” калтырбай алар эле... Бирок ал менин артыкчылыгымды сезүүчү, анткени окуу жайдагы активдүүлүгүм, сабактарды өздөштүрүүм жана спорттук жаатындагы шыгыма, мага теңеле алчу эмес. Бирок “сездиртбейм” болумуш эткени менен тымызын мени менен атандашат эле.Чогуу эрчишип, бирге курбу катары жүргөнүүбүздүн себеби, жатаканада бешөөбүз болсок, экөөбүз кыргызбыз... Үчөөсү бөлөк улуттардан; немис,украин,курд. Техникумда окуунун жыйынтыгы ай сайын чыгарылып турат. Эмнегедир менин жыйынтыгыма ай сайын кызыгып, сурай берүүчү? Бир жолу бир чейректе ал менден алдыга өтүп кетти. Менден эки предметтен «үч» деген баа чыгып, кураторубус орто жашап калган катуу мүнөздүү айым эле... Чейрек боюнча жыйынтыкты угузуп жатып… Кийинкисине карадыбы, мага өзгөчө эскертүү жасады: «Самсалиев Жолдошбек сага эскертип коеюн, өзүң группанын комсоргу болсоң, үч алып окуушуң - өтө уят иш?... Эмкиде бир эле «үч» деген баа менен чыксаң, стипендияңды сызабыз жана комсорг милдетиңди кайра карайбыз!» Анткени стипендия ай сайын каралат; куратор, староста жана комсорг кеңешип, чейректин жыйынтыгы чыгарылат; эки алгандарга стипендия берилбейт, бирок жалаң үчкө окуугандарды, турмуштук шартына карап, чогуу акылдашып, чектеп туурабыз. Шаршенбек көрсө ошондо биринчи жолу, бүт преметтерди төрт деген баалар менен аяктаптыр. Байкасам аябай сүйүнүп алган, мага куратор “эскертүү” бергенин улам кайталап, аябай мактангысы келет? Мурду ошондо укмуш дердеңдеди, сүйүнгөндө мурдунун учу такай тердеп калат...Көңүлү жайланып каткырыгы улам таш жарат. Мен ошол айда музыкага берилип, техникумдун эстрада оркестирине үйрөнчүлүкө жазылып, ага күнү-түнү убакыт коротуп, флейтаны үйлөп, алаксып жүргөм. Эми намыстанып; окууга көбүрөөк убакыт бөлүп, тырышып жатып, ордуна келтирдим.
Айылы шаарга жакын, дем алыш күндөрү, мени кээде эрчитип алат. Эжеси жана карып калган апасы эле бар. Үйү жапыс там, эки эле бөлмөлүү. Чарбасы кичине, негизинен начар турушчу. Мен деле көп балалуу үй-булөдөн боломун, андайга мактана албайм дечи... Биринчи курста эмне, шаардын жашоо шартына көнгүчө, ооздор ачылып жүрүп; “көргөнүңөн-көрө элегин көп болот эле.” Бир жактан айылыңды сагынып турасың, бирок билимге, спортко, маданиятка, эң негизгиси студенттик өз алдынча турмушта, курбуларымдан кем калбоодо атаандаштыкты сезип, алар менен тең тайлашып жүрүп, окуу жылынын биринчи курсу билинбей өтүп кетти… Экинчи курстан баштап тыңып, студенттик турмушка көнүшүп, эми чөйрөгө бой көтөргөнсүп,кенен көз жүгүртө баштадык. Өзгөчө Шаршенбек көкүрөгүн көтөрүп, чычайта мурут коюп, чачын улам таранып, күскүдөн кетпей, короздонуп калды…
Анан эле мурун биз көңүл бурбаптырбыз, айылдан келген, группада биз менен чогуу окуп жүргөн бир кызыбыз билинбей жүрдү эле; кара- тору келген, бою биздей бийик, шыңга мүчөлүү, буту түптүз, (ал кезде кыздар мини юбка кийишип, бүтү түздөр - артыкчылык алышар эле.) тыкан модалуу кийимдерди кийине баштапдыр, шаардын апакай, келишимдүү кыздарына, көз көрүнө айланып баратат, дагы уксак; учурда агасы министр болуп иштейт экен… бир тууган карындашы катары дайыны бир тепкичке көтөрүлүп, белгилүү болуп баратат. Экинчи курстан баштап эми ошол кыз, экөөбүздүн көңүлүбүздүн борборуна такалды. Анан мына, мурунку өкүм сүрүп турган теңтуштук мамилебиз бүлүккө түшүп,ортобузда атаандаштык орноп,ал кызга чуркап калдык. Ал чынында жакшы кыз эле; карапайым,жаракөр,элпек, сүйкүмдүү. Дайыма күндөй күлмүңдөп турат, көңүлү жаркын; жаракөр, кичи пейил, бой көтөргөндү билбейт! Кыздын аты Майрамкүл! Ал кыз биздин мамилени аяр сезип, экөөбүзгө курсташ катары гана, бирдей жолдоштук мамиле жасайт. Биз ага күн өткөн сайын ашыктыьыз күчөп, түнү уйку качат, күндүсү безилдеп чуркап, анын артынан калбай, издеп гана турабыз...Мен өзүм аны сезип эле турам, ал кызга жетүү тилегим орундалбайт,анткени социалдык шартыбызда тең эмес. Ал министрдин карындашы, а мен карапайым үй-бүлөөнүн кулунумун,ага теңелиш кайда? Бирок жаштык курч сезим андай шартка чегинбейт эмеспи, анын караанын көз таалыгыча карай берем... Бирөөлөр менен сүйлөшүп турганын көрсөм кызганып, кыялым оргуп,булут өңдөнгөн назик ойлорум чакчалекей түшөт, бирок ага жакындаганга кайратым жетбейт, тилим буулат, кадимки дудукмун,түзүк сөз таппаган мококмун… Ал мага бир көңүл буруп койсочу?...Көөдөнүм Ыссык - Көлдүн толкунундай шарпылдаганы менен, көбүк суусу мурдума шыкала берет.
Сентябрдын он бешинде “түшүмдөрдү жыйноо" жумушуна чектелип, шаарга жакын Чалдабар совхозуна, алма терүү жумушуна жардамга чегилдик. Ошол бакча жеринде жайгашып, үч маал совхоздун эсебинен бекер тамак ичебиз. Жакшы иштеп норманы ашырсаң, маяна да төлөшөт. Кечинде күн батарда бакчалардан кайтып, кечки тамагын жайлап, анан музыка ойногон аянтчага чогулуп, түндүн бир окумуна чейин; бийлешмей жана оюндардан чарчаганда, кыздарды жандап, сейилдешмей. Кыздардын сулуусун тандап, артынан чуркап жүрмөй…
Бул күнү, көп кайталануучу,тажабаган оюнубуз: “Третий лишный” ды ойноп жатабыз. Бул оюнда түгөй издеп, поюздай катар тизилген мурунку түгөйлүштөрдүн колу ажыратылып, жаңы түгөй түзүлүп ойнолот. Байкасам Майрамкүлдүн колун, көбүнчө Шаршенбек көп талашат. Аны байкап калган мен, чегинип бермек белем, улам ортосуна жөрмөлөп кирип, андан Майрамкүлдү ажыратып турам. Шаршенбек өжөрлөнүп анын колун кайра улам сууруп алат. Бир күнү оюн маалында анын колун көнгөн адатыбыз менен экөөбүз дагы талашып жатканыбызды Майрамкүл сезиптир, тажатканда окшойбуз? Кезегим келип, Майрамкүлгө кайра түгөй болгондо, ал мени тандады окшойт, колуман жетелеп, поездге эми тизилтбей, оюндан чыгарып алды...Алардан арылап, алма өскөн бакчага бет алдык. Басып баратып ал мага кайрылды,
-Жолдошбек! Сен: “Үчүнчү курска бармайынча, кыздар менен сүйлөшпөйм! деген турбайсыңбы? -Ал чынбы?” Шылдың кылгандай сөз таштап, шыңкылдап күлдү.
-Ким айтты, аны?...
Капыстан берилген мындай суроого жооп бере албай, чоң бушайман болдум?
-Жердешиң Зоя, бизге жарыя жасаган! Биз андан кийин, сага сүйлөбөй, жаныңа жакындабай калганбыз да?...
Жаман абалда калдым, эмне деп жооп айтаарымды таппай,алдастадым. Айтып койгон Зояга ичимден ызаландым! Зоя менен чогуу окуйбуз жана жердешим да болот. Бирок биринчи курсттан ага антип сырымды бөлүшкөнүм чын болучу, ал мага көп ыктаганынан тажап, андан алыстоо максатында эле, угузганым чын болучу.
-Ооба, айткан элем. Анда айылдан жаңы келип, шаарга “көнө албай” жүргөндө, айтсам керек?
Колумдан дагы сүйрөп алды. Алма бактын ичин аралап кирдик. Катар жана жыш тигилген алма бактардын көлөкөлөрү алп кишидей ай жарыгын тосуп, көлөкөсүнө ороп, айланасын мунарыктатып жиберет. Улам бир бактан өтсөк, аралыгында ачылган кыска жер айдаңы, айдын ак саргыл нурларына жуунуп калат. Бир багына токтодук. Күндүсү бул бактарды акмаласам, быйыл эле биринчи түшүм берген; жаш,бутактары чырым талдай солкулдак, ай толумдуу, чырайына келген кыздардай ыргалып, тегерек зонтикке окшогон бою барпырап, армиянын солдаттарындай бир нече катар тизилишип, тегиз созулушат... Денелерин жаңы сары-кызыл түстүү жалбырактар орой баштаган. Таң эрте же кечки күн батып бараткан маалда, алмасы терилген бактардыкы; чийки жумуртканын сарысындай түс берип, ал эми териле электеринде, кызыл алманын боегу менен жашыл жалбырактар боегу аралашып, өзгөчө назик пурпур түс берип, ажайып сүрөт тартуулайт. Бактардын бою бир кырка, сорту ошондойбу, анча бийик эмес, үч метрден ашпайт, бутактары жоон эмес. Биз арасына киргенде жумшак жел жүрүп, алманын таттуу жыты буркурап, көңүлдөрүбүз оргуй баштады. Сезимдер акырындан ойгонуп, жан дүйнөбүз кайталангыстай болуп, эми ширин кыялга киринет. Майрамкүл назданып, шыңгыр үнүн кагып, кээде кыт-кыт күлөт. Бир маалда кайрылды;
-Мага бир алма, Ч.Айтматовдун чыгармасындагыдай кыпкызылы болсун, ушул бактан үзүп берчи!
Ушундай жагымдуу мүнөздө, мага кайрылып жатканына жетине албай, ченелгис сүйүнүп кеттим! Бирок бактын айланасын карап жатып ойлосом: “Караңгыда андай алманы айырмалап, кыпкызылын кантип табам?... Мени жөн эле тамашалап жатабы?” Аз убакытка жообумду чойсом?... Үндөбөйт, жообумду дагы эле күткөнсүйт? Колумду кое берди. Менде эми айла жок калды,
-Макул!
Ал учурда көйнөктүн колу узун тигилчи, чыканагыма чейин аны түрүп, шымдын багелеги да чоң, ”Клеш” деген модада тигилгенди кийичүбүз. Аны да бутакка илинип калбасын кылып түрүнүп, бакка чыгууга кириштим. Жалбырактары бак ичине жарыкты киргизбей тосуп,түшүмүн жашырат. Алманын тазасы, бышканы, ширелүүсү - бактын башында жайгашарын билет элем... Жыландай сойлоп эң башына, сүлкүлдөгөн жаш алма бутактарын эптеп бутума тийгизип, ага таканчыктап чыгып баратам. Акыркы деген бутагына жетип, боюмду көтөрсөм, сабагынын ичке жерин басып алыптырмын, жерди көздөй учуп баратып, бирок бир бутагына сүйөнүп калсам, анысы деле салмагымды көтөрө албай, “карс” этип сынып кетти, эми шыпырылып ылдый жөнөдүм. Майрамкүл, кулап баратканымы көрүп,катуу чоочулап, бир ирет; “Ай-ий!” деген үн чыгарып, чаңырып жиберди! Мен күп этип жерге кулап түштүм. Майрамкүл учуп түшкөн жериме жетип, колуман тартып, өйдө тургузууга аракеттенди эле. Жамбашым ооруп, бутумдун тарамышы түйүлүп кетиптир, ордуман козголо албайм?... Бир аз отургандан кийин, ооруганы, түйүлгөнү жазылды. Ордуман өзүм эле турдум. Басып көрсөм жакшы эле болуп турат. Анан намысым кармап, бакка тырмышып чыгууга кайра аракет жасасам. Майрамкүл ийнимен тартып, чыгайын десем, кое бербейт.
-Жолдошбек! Мен жана тамаша кылгам! Болду эми, чыкпай эле койчу?
-Майрамкүл коркпогун? Эми жыгылбайм! Корко тургандай деле бийик бак эмес экен? Ушул жапыз бактан эмнеге коркоюн? Айылда мындан алда канча бийик тамдын үстүнөн, кар-күрткүгө далай ойноп секирчибиз! Мында капыстан бутак сынып, кулап кетпедимби? Эч нерсе болгонум жок? Эми этияттайм да!
Аны тынчытып жатып, болбой өйдөнү көздөй дагы тырмышып, жыландай сойлоп жөнөдүм. Менин болсо бала чагыман калган; “Кудай урган, бир көктүгүм бар!” Майрамкүл үн катпай, ордунда катып калды. “Тиги укпайт, дагы күчөтпөйүнчү-деди го?” Оор демин чыгарып, үшкүрүнүп, улутунуп кала берди. Эми аярлап чыгып, кайра мурунку бийиктигине бир тизедей жетпей токтодум. Бактын ортонку жоонурак бутагын, бир колум менен кучактап алып, бош колум жеткен бийик жеринен алмаларды сыйпалап, койнума ондон ашык алманы батырып, кайра акырын түштүм. Анан Майрамкүл жарык чыккан тарапты карай алдыга басты. Артынан унчукпай эрчип, алдыбыздагы карагайда илинген жалгыз лампочка берген, алсыз сары жарыгына жете барып, токтодук. Анан алмаларды бирден коюндан суруп чыгып, этегимен бир чоң тегерек кызарган алманы тандап, аны Майрамкүлгө сундум. Башында алмага кызыга, алакынында тегеретип турду, анан,
-Рахмат! Бирок чынында сонун, жыттуу алма экен! Мурдуна жакындатып, жыттап жатат.
Жатак тарапка жөнөдүк. Муруңку ойноп жатышкан жерден, шаракташкан жаштардын күлкүсү чыгат, алар дагы тарай элек окшойт.
Клубдун бир кенен бөлмөсүнө кыздар жайгашкан. Ошол жерден жарат болгон өңүмдү жарык бөлмөдөн ал байкап, чоочуулаганда кирпиги зымдай чымырап, көздөрү алайып, тынчызданып, тикирее тиктеп калды. Мен анысына түшүнбөдүм,
-Майрамкүл! Эмне болду-ыя?
-Бетиң айрылыптыр!.. Көзүңө жакын жериңде, чоң жаракат алыпсың!
Чуркап, күскү таап келди. Карансам, бетимдин эки жери чийилип, кан уюп турат, ачышып жатканын мурун сезгемин, бирок мынчалык болорун күткөн эмесмин... Мурдумдун үстүнө жана жагымдын өйдөрөк жерлерине кол менен тыткандай, жаракаттар жармашыптыр.
-Ой, эчтеме болбойт,Майрамкүл! Эртең эле айыгат. Талаадан мени ким карамак эле? Күлүмүш болдум.
Умывальнигине барып жууп көрсөм, анча чоң деле эмес,ичкерээк сызыктуу жаралар, каны канталаганда, карттары чоң көрсөтүп жатыптыр да...Жуулгандан кийин кичиреип эле калды. Эртеси жумушта жүрсөм, алдымдан жалжалаңдап жердешим Зоя жолугуп. Айрылган бетимди байкап калды,
-И-ий! Майрамкүлгө тийишем- деп, бетиңди ага ушунча тыттырдынбы? Келекелейт тим эле...
Ачуума аябай тийди. Бирок карманып, ага үн катпай, төзирээк алыстадым.
Күзгү жаан нөшөрлөп, көп күн басылбай, узак ак жаанга айланып, майдалап себелейт. Баскан жерлер баткакка толуп, баары сыйгалак. Алма терүү жумуштары да токтотулду. Студенттердин баары кыздардын жатаканасына чогулуп, карта оюнун эрмектеп жатышат. Биздин группада кыздар басымуу, бешөө гана эркекпиз.Кыргыздар жалпысы сегизбиз, анын ичинен эркеги экөө, калганы орус же орусча сүйлөгөн башка улуттар... Картаны кечке катыра ойношуп, мелдешин да белгилеп коюшкан.
Кыргыз кыздары ал оюнга катышышпайт, бирок оюнду карап турушат. Орустар жана орус тилдүүлөр, өзгөчө лакылдаган узун бойлуу, чымыр жана толук денелуу украинка Надя Приходко деген курсташ кызыбыз, ал оюнду тейлеп, кызуу сүрөн менен аркалап турат. Кыздар утулса балдар алардын бетинен өөп тим болушат, ал эми кыздар утса, алар көптүктү түзгөндүктөн; балдарды басып алышып, ооздорунан тартынбай соорушуп, "поцелуям научим!” дешип, тырпыратып басып калышат. Балдарга эмне, алар ичтеринде корстон! Биз аларды карагандан уялдык. Майрамкүл сыртка атып жөнөдү, артынан мен эрчидим. Шаршенбек болсо “жыргап“ ойноп, ал жерден чыкпады... Сыртта күздүн ак жааны тынбай электен сапырылып, шүүдүрүмдөй тамчылары жалбырак беттеринде мөлтүрөшүп, көздүн жашындай толуп, жерге кулашат. Түнөргөн асмандын бетин тезектин түтүнүндөй тегеректеп жылышып, чаар-ала булуттар жерге жапыз баш багып, тор көшөгө тартышат. Аба салкын, анын ырайын көргөндө, ичиркене баштадык. Имараттын кире беришиндеги, үстү шифер менен жабылган бут тепкичке токтоп, бетон түтүк тирөөчүнө жөлөнүп, Майрамкүл экөөбүз бетме-бет тиктешип турабыз. Алгач сөздү Майрамкүл баштады,
-Жолдошбек! Сени ыр жазат-деп, уктум! Чынбы?
Көнгөн жаман адатым менен,
-Ким айтты, аны?...
-Ким айтат эле, кыздар эле айтат да...
-Ооба, жаңы жазып жүрөм...Бирок эч кимге сыната элекмин?
-А мага ал ырларыңды тааныштырат белең?
-Сага жага турган ырды жаза алар бекем?...
-Мага арнап, бир ырыңды белекке берип көр?...Же болбойбу? А-а билдим! Сага таасир калтырган, сулуу кыздарга гана арнап жазасыңда ээ? Кытмыр күлөт...
-Жок! Андай эмес? Мен көбүнчө, жаратылыш-табиятка кумарланып, ошолорду эле жазып жүрөм. Бирок бөлөктөрдөн.., сенден өткөн сулууну көрө элекмин!
“Мени тамашалап, сынап жатат го?"... Тикирее тиктегенин улантып, күлүңдөгөн көздөрүнөн сырлуу нурлары жайылды, алар жылдыздай жанып,бийик жана жаркырак эле. Жан дүйнөм козголуп, бирок андан айбыгып, бетим балбырап, ыссып жататкансыды? Чекем нымшый түштү. Дагы улады,
-Мага группалаш катары эле, ыр арнап көр, эстелик болуп калат!...
Ичимен бушайман болом, бир чети бирге турган жерибиз тардык кылды, анын демин жакындан сезип, жан дүйнөм толкуйт, дагы бир аз, үлбүрөк жел чимирилтсе, күзгү жалбырактай сабагында токтобойт элем...Жаандын жааганы; бирде жоондоп, бирде ичке нотадай шыбыртап, комуз күүсүндөй чертилет. Карегинен атылган сырдуу жана нурдуу жебелери, жүрөгүмө улам сайылып жаткансыйт...
-Макул! Аракет жасайын!...
Табышмактуу тиктеген карегинин сыры тереңдейт, ал сырлуу сандыгымдын ачкычын сурап жаткандай сезилет? Эми таттуу кыялга бүтүндөй кирип кетип, термелип турам. Ал менин сезимимди башкарып алгандай туюлат. Бир кезде намысым ойгонуп, кайратым чыйралып: ”Ой, мындан эмнеге эле мынча апкаарып, сүрдөп жатам? Күндө эле көрүшүп, бирге окуушуп жүргөн группалашым эмеспи?!” Кайратыма келип. Эми андан анча сүрдөбөй анын карегин теше тиктеп, каректерибиз кайраша баштады. Бирок оюмдан бат эле чегинип, ага туруштук бере албадым. Баары-бир мен андан өткөн уяң окшоймун, көздөрүбүздүн арбашып баратканын, сезимдер бийиктеп баратканын сезип, анын карашынан көзүмдү ала качам. Майрамкүлда сездиби ким билет, жылмайганын жазбай, алда көзүн буруп алды. Ошентип бүгүн көздөрүбүз менен арбаштык!
Карегиңди кайра-кайра кададың,
Кайдан билдим менден нени самадың?
Таарынбагын, таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым...
Деген бир акындын ырындай. Анын көздөрү,бүгүн мага укмуштуудай сыйкырлуу көрүндү! Жан дүйнөмө терең таасир калтырган көрүнөт, бүгүн айланамдын баары, нурданып калыптыр…
Күндөгүдөй күрдөлдүү иш жүрүп, кечинде көңүл ачуу менен убакыт жылып жатты. Мен мурункудай Шаршенбектен же башкасынан эми анын колун оюнга катышып талашпай калдым. Бирок ”чоочун болуп кетишкенден сестенип да коем?”Ошондон улам, күн сайын ага жолугуп коюп жүрдүм. Анткени көңүлүмдүн ордун, жанымды эзген; "ыр белек" убадам түйшөлтүп туруп алды… Алардан оолактап качып жүргөнүмдүн себеби да ошол. Анткени Майрамкүлгө убада берген ыр белегимди,бийик денгээлде таасирлүү жазууга тийиш элем! Бирок аракетимен жыйынтык чыгара албадым, анткени жан дүйнөмдөгү ага болгон арзумдуу, ачып салуудан башка айлам жок экен,ошондон чоочулап, кайратым андай чечкиндүүлүккө жетпей, батына албадым. Анткени ал кездеги өспүрүм жаштыгым сүрдөттү окшойт?...
”Айыл чарба” жумушуна бөлүнгөн мөөнөт аяктап, окууга кайтып келдик. Окуу учурундагы эс алуу маалында, кыскача маектешип, Майрамкүл менен жолугушуп турабыз. Аны менен кенен жолугуп туруш үчүн ынгайлуу жайларды ага сунуштасам; театр, кино жана башка жайлар...Ал болсо; ”инилерим, сиңдилерим азыр кичинекейлер, аларды карап турганга, жеңемдин колу бошобойт, ал киши мамлекеттик мекемеде иштейт. Туура түшүн, ылайыгы келгенде сага билдирем, буюрса барчу жерге чогуу барып турабыз, ага чейин таарынбай тур!”Дейт,ар дайым… Жаракөр жооп берип, жүзүн нурдантып калат...
Антип-минтип өмүр сааттары; “тегирмендин барасындай чимирилип”, техникумдун үчүнчү окуу жылына чогулдук. Жылдагы көнүмүш сентябрьдын 15де, “айыл-чарба” жуштарына дагы чегилдик, жыйырма үч группалашым менен, өзүнчө бир топ болуп,бир кичинекей айылда иштемей болдук.Шаарга жакын, кураторубуз аял киши, кечинде үйүнө кетип калат. Чогуу бизден улуурак орус кыз бар, бизге ал староста, ошол баш-көз кылат. Бирок эс алуу маалында, ага баш деле бербейбиз. Учурда жалындаган жаштык кезибиз, тамырыбызда ыссык кан дүргүп, сезимибизди дүүлүктүрүп, өзүң теңдүү кыздардын бирин жактырып, аны жандап жүргүң келет… Курчаган ээн талаанын кенендигин сезип, жүрөгүн ээ жаа бербей, туйлап кирет, көк асманды бийлеген бүркүт өңдүү, сен дагы ааламга элик кылгың келет?! Майрамкүл менен Шаршенбек теңтушум да биз менен барган. Коомдук жумушка тартылуу жоопкерчилиги ал заманда катуу болуучу, жумушка баары тартылат эле, тартип ошондой. Жумуштан кийин кечкисин адегенде бийлемей анан ар кандай оюндарды уламай, ошентип түнкү саат 00-00дө жакын гана уктамай. Бир күнү,жаңы: “Казачий разбойник” оюнун баштадык. Эркектен бешөөбүз элебиз. Оюндун шарты боюнча түндү жамынып алып, ошол күнү биз биринчи жашындык. Кыздар топурашып “разбойник” болушту, бизди кармоого киришти. Колго түшкөндө, “жашырган паролду” айтпашыбыз керек? Баарыбыз кармалып бүтмөйүн, эрте ачылып коюш болбойт, эрте “багынып” берсең, анда “чыкынчы” аталып, уятка каласың? Өнөктөрүң жалпы багынууга макул болгондо гана “пароль” ачылат. Жашынган жерибиз кенен келген алма бактардын арасы, ал чектен да алыс кетпеш керек? Жашынып качып жүрөбүз, кыздардын саны көп, төрт-бештен биригип, биздин топту көпкө чейин издешип, акыры бирден табыла баштадык. Ар бирибизди тапкан жеринен эле, топтошуп кармап алышып, “кыйнап” киришет. Бир маалда кармалып келсем, олбурлуу “орус” кыздар күтүп турушкан экен. “Паролду айта сал!” дешти. Мурункулар айтыша элек болсо, мен кантип айта салмак элем? Мага да эркектик намыс керекда? Мына анан жанагы кыздар, өзгөчө олбурлуу, толугураак келген Надя Приходкосу дайыма эркекче жүрөт, ашынган көзүрү да ошол. Жерге чалкаман жаткырышып, анан көкүрөгүмдү тебелеп, бирден басып келип, ооздору менен жабышып, адегенде беттен анан моюндан сооруп, когала койдой кылышат. Сооргон жерлери кызарып тегерек так болуп калат, ал бир жумада айыгып, араң жоголот. Андай соргонду “засос” деп аташат эле. Кыргыз кыздары карап коюп, “кыйнашканга” катышпай, жазганышат. Акыры “парольду” чыдабай айтып берип, араң кутулдук. Эртээси күндүсү элден уялып, кыздардын түрлүү кыска жоолуктарын суранып, моюнга ороп, көгөргөн жерлерди жашырмай башталат. Кийинки түнү кыздар жашынды. Балдар бирден бөлүнүп алып издеп жөнөдүк. Менин ниетим Майрамкүлдү гана издөө эле... Байкасам Шаршенбек да аны издегени жутунуп жатканын сезем. Анткени мен баскан изиме түшүп алды.Эми экөөбүз тоо кийигине аң улоого бараткансып, кара түндү аңтарып, ары-бери тепилдеп чуркап, ар бактын айланасын тинтип жүрөбүз. Эки эле кыргыз баласы барбызда, үчөө ар кайсы улуттан. Бир аз маалда, бир бактын жанынан жойлоп баратсам,чөп арасынан “шыбырт” үн чыгат... Жетип карасам, арыктын ичинде Майрамкүл жалгыз жашынып жатат... Сүйүнгөнүмү айтпа! Мергенде жүрүп кайберенди атып алгандай, чексиз кубанам дейсиң!
-Ии, “Разбойница!” Колго түштүңбү эми? Эми паролуңду баатыраак айта сал!
-Эмнеге айта салат экем? “Кыйнасаңда, өлтүрсөң да,” парольду айтпайм! Менде да намыс бар! Кайраттуу болуп, ал да тим эле үнүн созолонтот...
Колун кармап, капталынан баса калып, бетине батынып оозумду бир тийгизип көрдүм эле? Үндөбөдү... Экинчи жолкусунда бетинен өпсөм, дагы анчалык каршылык кылбайт. Ошол учурда артымдан тарпылдап Шаршенбек жетип келди? Алда жата калып менчигиндей Майрамкүлдүн бир колун кайрып кирди эле. Майрамкүл анысын жактырбай, колун күч менен андан сууруп алып,
-Шаршенбек! Жетишпей жаткансып, эмне сенда чуркап келдиң?! Сага эмне жок? Тур, башка кыздарды издегин? Мени болсо Жолдош колго түшүрдү.Ал жетиштүү...
Үнүн кескин чыгарды эле. Байкуш ал башын кашынып, эмне жооп берерин билбей, олку- солку турат, жалдырап?... Ордунан айласыз козголуп, эми башка тарапка багыт алып, шашылбай алыстады. Майрамкүл ого бетер ага угуза назданып, шыңкылдап кирди.
-Ии, Жолдош, алың эле ушулбу, баары- бир мени айттыра албайсың?! Мен эми шерденип, эки колун артка аяр кайрып, капталынан көкүрөгүнө жетип. Кийими жука; ай төбөбүзгө шардай толуп конуп алган, андан мелмилдеп тараган сары ууз сүт, Майрамкүлдүн жүзүн жомоктой көрктөйт ;төшү бир аз ачык футболкасынан, мамагын жапкан ак лифчигинин чекеси көзүмө улам урунат. Ээриним эркиме ээ бербей кетти, адегенде мойнуна жабыштым. Мамагы тиреген төшүнө алгач денем тийгенде, анын денеси кичине титиреп, чыйралып кетти. Ага боломбу, мойнунан аймалап, бирок абайлай соруп, " засос" коюп кирсем ал моюн бербей кыткылыктайт, назданат!
-Ай, болдучу! Итиркейим келип жатат!
Денесин кээде жыйырып, бир аз туйлап кетет. Анчалык каршылык көрсөтпөгөнүн байкатып салат. Эми ишеним ого бетер артып, тырпыратып басып, мойнунан сооруп кирдим.
-Ай, болдучу, Жолдош! Кытыгымды келтирбечи! Баары-бир паролду айтпайм!
Шыңкылдаган үнү кайра сооргон сайын күчөйт. Элди туурап, төрт-беш засос койдум окшойт? Бир кезде аяп, “мойнунана көгала көп түшпөсүн.”-деп, токтоттум да, эми оозуна асылып кирсем, ал туйлап, эринин эки жакка буруп,соордурбайт, назданган кыялы дагы эле токтолбойт, булактын үнүндөй шыңгыр жаңырат.
-Ай,Жорик! Мындай өбүшкөндү Приходкодон үйрөндүңбү? Какшыктап кирди. Намысымды, өзү курчутуп алды...
-Жок. Эми сенден жаңы баштайм! Алчадай бултуйган оозунан өөп жиберсем болобу?...Ал мындай болорун күтпөптүр, капылеттен байланбас тайдай туйлап, эки колу бетимди кычкачтай капшырып, көкүрөгүмдөн түртүп жиберип, тура калып, анан артына карабай, жарыктанган талаа тарапка качып жөнөдү...Бышылдап артынан чуркап араң жетип, жолун тороп,эми жалбаарып кечирим сурадым ,бирок жооп бербеди...
Бир аз убакыт туруп, оюндагыларды тыңшасак, айлана тымтырс. Эс дартым бушайман, ичим кайнайт:“Кара баскырдыкы десе! Кайчы шайтан жетеледи…Ченебегендей жаңылбадымбы? Эми мамилебиз эмне болот?...Чабалдыгым ай, түз бараткан жолдон, ангекке кулабадымбы?” Көрсө чектен чыгып кетипмин? Боюбузду түзөп, жатакка бет алдык. Итче шалпайып, куйругумду шыйпаңдатып, “кыңшылап" коюп,улам андан кечирим сурайм, ал жооп бербейт...Жатакка жетип калсак, шарактаган үндөр жаңырат. Алар оюндан эчак эле тарашыптыр, эми баягы картасын катыра ойноп жатышат. Мен шелпейип,көңүл бузук, жатууга жөнөгөнү баратсам, Шапшенбек ордунан секирип тура калып, артыман эрчип алды. Артыман шаштырып;“Эмне болдуңар, паролун айттырдынбы,мынча эмнеге кечиктиңер?” Жанымды сууруп алчудай суроолорду берет?
-Э-э, барчы ары. Эмнени айтып берем? Эч нерсе болгон жок. Жөн эле ар кайсыны сүйлөшүп отурдук!
Нараазы түрүмдү байкап, оозун басты. Эртээсинде болсо, Майрамкүл мага көңүл бурбай, туураланып, далысын тосуп калыптыр? Ошентип салкын мамиледе жүрүп, окуу жайга кайтып келдик. Жалдырап, жүдөп калганымды сезип, мени дагы аядыбы, акырындан сөзгө келе баштап, кичинеден жараша баштадык. Мен анын жанында көбүрөк жүрүүнү каалайм, бат-баттан жолуугуну самайм! Ал окуудан сырткары, мага эч бир убакыт бөлө албай койду? Бири-бирибизге болгон мурунку жылуу сезимдер улам салкын тартып баратты. “Жанына жакын жүрсөм, аны эркелетип, наздантып турсам, сүйүүбүз кайра тутанат эле?” Ойлоп, өкүнчү болдум. Окуудан кыска жоолукканыма ичим толбойт, андан кызыгы; “Ал менин бош убактымды; кандай, кайда, эмне менен өткөрүп жүргөнүмө, эч бир кызыкпай калды? Анткени ийменеби; “көзөмөлдөгөн” сыяктуу көрүнгөндөн? Дагы бизди көп жакындатпай жатканы, анын “алыс” жашаганы эле? Жатаканада жашабаганыбыз чоң тоскоол жаратты, анкени чогуу жүрүүгө убакыт аздык кылып, жакындыкты кармай албай жүрдүк. Сабак ортосундагы кыска эс алууда, эмнеге жетишесиң, жанынаң студенттер ары-бери өтүп турат? Тиги талаага караганда, бул чектелүү жайда. Оюмду толук жеткире албай, дайыма ага суусап жүрөм? Бул ортобуздагы мамиленин кеч күздүн шамалындай куюндап, салкындата баштады. Аны дайыма күтүп, жалгызсырап жүрүү, мага да кыйын болуп баратты. Жаштык кезде баарына кызыгасын, мокуң канбай жатса, кээде чуркап жетесиң! Өзүң теңдүүлөр менен техникумда оюн-шоктор, бийлер, вечеринкалар, туулган күндөргө катышасың. Шаардагы белгилүү арттисттердин концерттерине, театр, кинолорго барасың, ага көп учурда колу-буту жакын жердешим Зоя жатаканадан кармап алат, аны менен бирге болууга көп учурда аргасыз болом. Зоянын бирок оозун тыя албаймын, кыздарга; “тияка-биякта чогуу болдук!”деп мактанатда экен. Бирок Майрамкүл андай темалардан өзү качат эле? Анан экөөбүздүн мамилебиз тоодон кулаган таштай, ылдыйлай берди. Акырында терезеге капыстан таш тийип, айнектеринин сыныгы ар тарапка чачырап кеткендей, мамилебиз биротоло бузулду.
Ал мындайча болду… Декабрьдын 20-ларында группалаш Сейил деген кыздын туулган күнүнө чакырылып, Воронцовка санаторийге жакын жайгашкан айылга бардык. Негизи чогуу окууган группадагы кыргыз- балдар бөлөк улуттардан бөлүнүп, туулган күндөрдү өзүнчө белгилешчибиз. Үйү жоктор кичинекей кафелерде, үйү жакын жердегилер үйүнө чакырышчу. Эми кантсе да акыркы, бүтүрүүчү курстун студенттери болуп, уядан учар күндөрүбүз жакындап баратканда, ынтымак денгээлибиз жогорулап,чакырган жерден качпай калдык.Отурган жерлерде эми сыйлашулар көбөйүп; бийлер бийленип, ырлар ырдалып, тосттор сүйлөнүп, шараптан ичилип, кийин кээде көпкө кармалабыз. Эркеги болгон Шаршенбек экөөбүзгө ичкиликтин көбү тура келип, аябай эле кызып калдык. Кыздар эки-экиден бизди жөлөп-таяп, жайма төшөккө жеткирип, кийимчен эле бизди жаткырып жатышканы эсимде. Майрамкүл бул чакырууга дагы эле келе алган эмес. Кызуу болуп, баш бербей да кетсек керек, кыздардын арасына эле жатып алыптырбыз. Түндүн бир маалында, башым айланып жатат, ойгонуп алдым...Байкасам жанымда мени кучактап, жердешим Зоя уктап жатат? Бөлөк кире бериш комнатанын каалгасын кичине ачып коюшкан, жарыгы комнатаны жарыктантып турат. Кускум келип, жанымда жаткан Зояны ойготсом, ал абалымды түшүнө коюп, жакын эле жерден таштек таап келди. Аябай кусуп, эсим ооп, Эмнегедир бир жамандыкты сезип; Майрамкул эсиме келип, "эми Зоя менен бирге жатканым жөнүндөгү ушактар жетпесе экен? Сарсанаа болуп, чоочулап? Ансыз да мамилелерибиз улам алыстап бараткан. Кайра уйкум келбей түйшөлө берип,бирок чарчаганда көзүм катуу илинип кетиптир... Ойгонгондон кийин айланамды карасам, баары жок; “Санаторийди кыдырып келебиз болуп,эрте туруп кетишкен экен”... Мен өзүмдүн абалымды начар сезип, эми алардын келерин күтө албай, түз эле шаарды карай жөнөп кеттим.
Күндөр чуркап, Жаңы жыл майрамы жакындап, 31-декабрь күнү да окуйт элек. Майрамкүлгө арнап,мамилени кайра жакшыртайын деген ниетте, атайын белек даярдап койгом. Сабак аяктаар менен анын артынан түшүп, атынан чакырсам? Укмаксан болуп, артына бир кылчайып койбойт, тыпылдап ыкчам басып, менден качып баратат... Кууп жетип жолун торосом,
-Жолдошбек, бекер убара болбо! Белегиңди эми мага эмес, Зояга берип жүр!...
Десе болобу?
Анан жулкунуп алып, чуркап жөнөдү. Айла жок, бир колум менен абаны кесе шилтеп, ордумда бетондой катып калдым. Чыгып баратышкан көпчүлүк стенттердин көзүнчө, аны дагы артынан кубалаганым эми орунсуз көрүндү? Ошол боюнча Жаңы-жыл да өттү, анан сессия экзамендери башталды. Эмнегедир анын карааны мага такыр көрүнбөй калды. Кайсы убакта сессиясын тапшырып жатат издеп барып таппайм, ал атайын жашынат? Өзүнчө “бегунокко” уруксат алып алган окшойт? Айла жок, сессияны болсо тапшырып бүтүп, алыскы районума, практика өтөгөнү үч ай мөөнөт менен жөнөп кеттим. Анан практикадан кайтып келгенде аны карасам, мени такыр байкагысы жок, көргүсү да келбей калыптыр? Чоочундардай жүрүп калдык. Түшүндүрөйүн десем, эч мүмкүндүк бербейт? Ошол бойдон окууну бүтүп кеттик. Мен кайра айылыма жөнөдүм. Ошол эле күздө Армия катарына чакырылып, жоокердик милдетимди өтөдүм. Анан жогорку окуу жайга өтүп, окууну уланттым... Үчүнчү курстун студенти болуп, институтун биринде окуп жүрөм... Ош базарынан капыстан аны жана Шаршенбек менен бирге баратканын таанып калып, аларга жоолугуп калганыма, чексиз сүйүнүп. “Экөөнүн кандайча бирге жүргөнүн?” Сурап коюну да ойлобопмун?
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6