Алма
(ангеме)
Чоң көчөнүн боюндагаы катар турган эки кошунанын коргону бак-шактуу да, бала-чакалуу да эле. Абдырасул абышканын айыл боюнча эч кимде жок эрте бышкан кызыл алмасы бар. Ошол алмасы кашайып, абышканы бушайманга салып эки коргондун так чек арасында, дубал түбүндө өсөт эле. Алмасынын теңин кошунанын балдары жеп коюп атпайбы? Же дувалдан ашып кирип барып бу алма меники эле, түбүнө мен суу коем, мен жумшартам, мен багам деп алмасынын баарын жыйнап алгандан уялат. Же кошунасы өзү билип алмаңызды терип алыңыз деп айтпайт. Анын балдары бак түбүнөн бир ай кетпей алма жешет. Анан калса абышкага алмасынын кошунанын дубалынан ашып турган шагы бөтөнчө көп мөмөлөгөндөй туюлат. Ачуусу келди, бакты бул караса, мөмөсүн кошуна жесе, же аларың бир ооз рахмат айтпаса. Ошол күздө абышка алманын так ошол кошунаны карап, чек арадан ашып бөтөнчө ийилип өскөн “чыккынчы” шагын кесип салды. Шак чоң эле, алманын жарымы десек болот. Бир паста алмасы шуңшуюп, бир колунан ажыраган адамдай майып болуп калды. Муну көрүп турса да абышка кенебеди. Ичинен “чек араны бузган өзүнөн көрсүн” деди.
Жылдар өттү, алманын танасидан жаңы бутактар дагы өсүп чыгып, шакка айланды. Алар улам өсүп отуруп, мурунку шактай болуп кайра эле кошунанын короосуна мөмөсүн төгүп калды. Бул жаңы өсүп чыккан шактагы мөмөлөр эски шактагыдан кыйла чоңураак, кызылыраак жана ширелүү болду. Кошунанын балдары дагы дубал түбүнөн кетпей, жыргады да калды. Ошол жылы күздө абышка бул алманын түбүн эринбей оңурайта казып, шагы эле эмес, тамырлары да тартайып, чек арадан өтүп кеткен даракты эки уулу менен үчөөлөп күчтөп жулуп алып, үйүнүн так маңдайына апкелип отургузушту. Көчүрүлгөн алма жаз келгенде ооруп турса да сыр бербей гүлдөдү. Бирок мөмө түйө албады. Абышка муну алмадан эмес, апталап жааган муздак жамгырдан көрдү. Кийинки жылы суйдаң гүлдөдү, бирок түйбөдү, жалбырактары да жакшы чыкпады.
Үчүнчү жылы бул алма, абышканын багындагы алмалардын эң таттуусу, эң эрте бышып сүйүнткөнү, гүл да, жалбырак да ачпады.
Ошентип, чек арадан коргондун ортосуна “көчүп келген” алма жашоо менен кош айтышты.
Топчугүл Шайдуллаева
01.08.2022
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2