4-БӨЛҮМҮ..
Он'алеттен кетип, эрдим купкуу болуп киргеними коруп, апам чоочуп кетти:
-Эмне балакет болду?
-Жолдон ит чыгып кубалады.
Иттен аябай коркчумун.
-Кимдин ити экен? Айганыш кайда?
-Аны атасы чукул чакырып калды, кетти уйуно.
-Ботом ошондой да болчубу?
-Билбейм апа, коркпон мен жакшы элемин.
Жузумду жууп,болмомо киргенге шаштым.
Муунум титиреп,озумо келе албай жаттым. Апаман копко жашыра албайм, эмне кылсам?
Айканы шаардагы чакан мейманкалардын бирине жайгаштырдым, себеби кырсык болгон жерден анын унаасы болгон, анын ата'энесине да эмне деп айтаарыбызды билбей башыбыз катты.
Уланды болсо ошол жерден эле алып кетишкен, биринчи жолу ушундай чарасыз абалга туш болдум.
Уланды эстеген сайын ызаланам, же жек короорумду, же ого бетер арбалып суйоорумду билбейм.
Баарыбир ачууга алдырып "Сен ошону корушун керек, мен сенден оч алам" деп, жиним шакардай кайнайт.
Андыганым телефон, бир орунда отура албайм.
Баарынан да атамдын жузун карагандан корктум, а апамчы?
Кудай жалгап кечинде чакыруу келди, Айганыш экен:
-Айка?
-Унаамды алып келип берди Уландын досу, болду коп ойлонбо.
-Анда дароо жолго чык !
-Сени таштап кантип кетем,кетпейм.
-Апама сени кетти деп койдум мен.
-Туура кылыпсын.
-Апам шекшип калды , андан жашырууга болбойт.
-Азыр уктап эс ала бер, эртен жолугабыз, анан андан ары эмне кылуу керек экендигин суйлошобуз.
-Айка мен..
-Жанка мен сенден капа эмесмин.
-Рахмат сага курбум!
Бир аз озумо келе туштум, эптеп кечки тамакты жемиш болуп , кайра эле болмомо бекиндим.
Ошондогу абалымды соз менен айтып беруу мумкун эмес эле,туну менен чабалактап, жаным кыйналып ыйлап чыктым.
Эртен менен эрте туруп, бир шылтоо менен шаарга жонодум,максатым Айганышка жолугуу.
Абалымды коргон курбум мени кучактап озу да ыйлады:
-Ошол кымбат таттууну жебей эле, бир балекетти жеп калсам эмне?
-Андай дебе.
-Эгер ошондо сени судуроп жолго чыкпасам ушул нерсе болбойт эле, артынан андууга кондургон да мен, Жаннат , бирок мен сага жамандык каалаган эмесмин.
-Билем.
-Уланд...
-Атын да угузба анын!
-Жаннат?
-Суранам.
-Сурансан да айтышым керек, кечээ сен сузгон адам ооруканага жетпей эле каза болуптур, Уланды убактылуу жайда кармап турушуптур азыр. Ошонун кийгилуушусу менен экообуз "суудан курук" чыгып отурабыз курбум, эмне кылганын билбейм, унаамдын да аларга эч кандай " тийешеси жок" деп табылыптыр.
Тамагым кургап, оозумо соз келбей калды
Эмнеге олот ал адам?
-Олтуро сузсон олобу?
-Эми мен эмне кылам? Колум кандуу болуп калды, эми кантем?
-Ага жолук!
-Колумдан келбейт
-Келет колундан,башынды мыкчып отургандан пайда жок .
-Озум билем эмне кылууну.
Курбумдун безилдегенине болбой, аны уйуно кетирип жибердим.
Уландын досунун аты Тилек экен. Ошол мени ал менен жолугууга алып барды.
Темир тордун артында, башын мыкчып отурган аны коргондо журогум сан'мин жеринен тилинип кетти.
Эки кундон бери уйку бетин корбогон окшойт, коздорунун ичи кызарып кетиптир, баягы мен суйгон жаркылдаган, дайым кулуп турган адамдан дайын жок.
"Эки кундо ушундай даражага жетсе, эми аны бир нече жылга кесип жиберсе кандай болот?" деп ойлоп жибердим.
Кучагына бой уруп оксоп'оксоп ыйлагым келди, баарына озум куноолуу экенимди айтып, шайтандай болуп анын башын айландырып алганымы айткым келди, бирок ага намысым жол бербеди.
Мени коро ордунан тура калды:
-Келдинби?
-Сен менин атыман чечим чыгарууга акын жок,оз колум менен кылганды оз мойнум менен тартам.
-Оюна да келбесин, сенин келечегин алдыда,сени бул жерге киргизип коюп, озум эркиндикте жыргап жашайынбы?
-Мени менен ишин болбосун!
-Андай дебечи, эгер мен сага баарын эртерээк айтып бергенимде мынчалыкка жетпейт элек, мен корктум, сенден ажырап калуудан корктум, сенсиз бир кунумду да элестете албай калгам.
-Эмне учун?
Чыдабадым, озумду кармаганым менен унсуз ыйлап жаттым, сыртыман туз турганым менен ,ичимде бороон улуп жатты:
-Тушунчу?
-Болду, сени уккум келбейт.
-Макул, укпа, артына кайрылбай кет! Эгер аман болсом, баарыбир сени озум издеп табам.
-Ошондой туура болот деп ойлойсунбу? Сен кимсин мага буйрук бергидей?
Улан торго жармаша калып, колдорумдан кармап, жалооруп жиберди:
-Эгер мага карата болгон аз болсо да суйуун, жок суйуу эмес, сыйын болсо, анда менин айтканымды аткар.
Жакшылап окунду оку, угуп жатасынбы?
-Жок .
-Кежирликтин да чеги болот.
-Эмне?
Жаалым келип колумду силкип алдым.
Айласы кетти окшойт:
-Жаннат, сенин мага берген жазан ошол болсун, мен сага баарын тушундуруп берейин дейм, бирок сен азыр укпайсын билем.
Ошондуктан, сенден жалгыз гана суранычым, ушул жазанды да менден коп корбо, же мурда сенден бир нерсе сурандым беле айтчы?
Жооп бергендин ордуна ыйлай бердим, кана ушул ый бардык кыйынчылыктарды жууп кетсе?
Кана эле ошондой болсо?
-Макулбу?
-Мен. менн....
-Ооба сен,бул сенин колундан келет,бир нерсени унутпа, кандай шарт болбосун, мен сени жакшы кором.
Кайгыдан мункурой артыма бурулдум, дагы бир аз турсам чыдай албайм, дилимдеги нерсенин баарын айтып жиберем.
Мен ким элем, ким болдум, эми кандай жол тутсам туура болот?
Деги акмак болгон экенмин, бир эле Уландын эмес бутундой уйбулосунун убалына калдым.
Кок беттигим, соз укпастыгымдын кесепети, акыры тубу келип ушундай болмок.
Атам туура айткан экен, "ожорлук кыз балага жарашпайт" деп.
Менин козум таптакыр тумандап калган тура!
Мен деген, Улан озу тууралуу таптакыр айтпай койгондо,жумалап жумуштары кобоюп кеткенде, мага караганда коздору мундуу тартып калганда, жок эле дегенде ошол акыркы жолу жайлоого барганда чон энесинин ,"катыгун ай"деп кейип, "бактылуу болгула!" деп ак батасын бере албай чайналганында эле сезишим керек эле.
Кайтпастыгымдын кучуно салып, "жанымда бол" деп мажбурлаганымда, аны уйдо тамагын жасап, уктабай кутуп отурган жубайынын убалы кимге?
Кайда кетсе да жолун карап ,эки козу торт боло зарыккан кызычы?
Алчы?
Ушулардын баарын тепсеп отуп, бети кызарбай туруп "сени жакшы кором" деп кантип айтты экен?
Эмнеге мени менен ушунча убакыт , эч нерсени билбегендей кол кармашып журду экен?
Мен кантем эми?
Корбогондой болуп кантип жашайм эми?
Анын уйбулосу кандай кун кечиришет?
Апам мени коруп туруп эле билди эмне болгонун.
-Сиздин айтканыныз туура чыкты апа!
-Келчи кызым.
Апамдын кучагы ушунчалык ысык экенин эми байкадым.
Чарчагыча ыйлап алдым.Боздоп жатып, болгон иштин чоо'жайын тушундуруп бердим.
-Акылдуу жан экен ал адам, тандагандан адашпаган экенсин, болгону ал сага кечигип жолугуп калыптыр да балам.
Байкуш апам ошондо да атама байкатпай баарын оз жолуна салды. Кучтуу тамактарды жасап , дары'дармегин берип мени озумо келтирди. Эч кимге байкатпай, буюмдарымды даярдап, окуума да жонотуп жиберди.
Уланды канчалык коргум келип жатса да, тиштенип кетип калдым. "Кайрылып келбе" дебедиби озу?
Ал жакта жакшы жери ,Айганыш жанымда эле. Мен себеп, курбум да мурдагыдай жайнап кулбой, суз тартып калды.
Мага болсо кундун откону эсеп, сабакка болсо судуролуп эле барып келем.
Бир соз менен айтканда,тируунун өлүгү болуп калдым..
Мен мындай жашай албайм Айка?
Курбум да менин гулдой соолуп баратканымды коруп, зээни кейиди:
-Эми эмне кылмакчысын?
-Ошону билсем ушул жерде отурат белем?
-Балким Уландын...
-Ал тууралуу ооз ачпа дебедим беле, суранам эстетпечи.
Курбум айтпаса эле баарын унутуп сала тургандай, ал тууралуу маалымат укса да менден жашырууну буйрудум.
Ичим болсо орт жалын. "Ожормун" деп кокурок какканым менен, ушул ооруну жене албадым. Эрким жетпеди , сабакты такыр окубай, таштап салдым.
Кышкы сессияны тапшырып, айылга кетмей болдум. Журогумдун тупкурундо Уланды корууну энсеп жаттым.
Айка коздорумдон, менин эмне каалап турганымды билип эле турду, бирок эч нерсе дебеди. Дилимде башка нерсе турат, тилимде болсо таптакыр башка созду суйлоорумду да билет. Ал кошумча жумуш таап, айылга барбай эле иштемей болду, экообуз кучакташып коштошуп, мен жолго чыктым.
Айылга келгенден кийин да абалым озгоруп кеткен жок.
Чийдей болуп арыктап, коздорумдун нуру очо тушкон, эч нерсеге кызыгуум жок.
Куну'туну бул абалдан чыгуунун жолун издейм.
Ошол куну айылда классташтарыбыз жолугушуу уюштурушкан экен, ой'боюма койбой апам мени ошол жака жиберди.
Баргым келбесе да апамдын созун эки кыла албай, бир жагынан атамдын козунон алысыраак болуу учун , илкий басып кочого чыктым.
Атам деле мага эмне болгонун сезгендир,бирок ашыкча кеп айтпады, бул да болсо апамдын эстуулугу.
Шаардагы чакан кафелердин биринде отурдук.
Алардын арасында Эдил да бар болчу. Аркы'теркини айтып, убакытты откордук, балдар мектеп маалындагы окуяларды айтып берип кулдуруп жатышты.
Кыздар болсо бири окуусу менен, бири болсо тушкон жери,тийген куйоосу менен мактанышат.
Бир гана мен суйлобойм. Менин ичимде эмнелер болуп жатканын алар кайдан билишсин?
-Жанка сен эмне унчукпайсын ?
-Эмне дейин?
-Кандай жанылыктарын бар, жигит таптынбы озуно?
-Жок.
-Сенден жигиттер деле жаа бою качса керек э?
-Ай, ушул Эдилди эле жандап алсанчы, сени дагы деле жакшы корот.
-Дагы кимин жакшы коросунор мени?
-А эмне, бироо жетпейби сага?
Жооп берген жокмун, кепти башкага буруп, жигиттерге кайрылдым:
-Мени киминер аялдыкка аласынар?
Баары мени карап калышты, арасында шайыр бир бала бар эле:
-Сендей стерва менен жашагандан коро омур бою бойдок отконум жакшы, деди.
Кыздар кулуп калышты.
Эдил соз кошту :
-Мен алмакмын сени.
-Эмне учун?
-Сен эмне торолгондо эле "стерва" болуп торолупсунбу, "жылуу, жылуу суйлосон, жылан ийнинен чыгат" дейт,бара' бара кондуруп алмакмын.
Ошол маалда мага эмне болду билбейм, же Кудай да оозума сала бердиби, же дагы жинди кыялым тутуп калдыбы , тушунбойм.
-Анда мага уйлон!
-Уйлоном, сен созундон кайтпайсынбы?
-Кайтпайм, сенда окунуп калбагыдай болгун.
Эдил жаныбыздагыларга кайрылды:
-Силер кубосунор!
Кол алыштык.
Ойлонбой суйлогон созум, озумо кийин муш болоорун сезбедим анда, ушунча нерсе башымдан отсо да, мен акмак онолбогон экенмин.
Мындан ары отурууга конулум келбеди, сыртка чыгып, копко чейин жоо басып журо бердим.Качан уйго жетээримде гана, артымдан бироо басып келе жатканын байкап артыма бурулдум,Эдил экен:
-Сен эмне артымдан келе жатасын?
-Жон эле?
-Бар кет!
-Жаннат, мен сага жакшы тугой болуп берем.
Былтыркы жылдагы, жаман коздорум менен акшыя карадым:
-А мен болсо жаман адаммын!
Арадан уч кун отуп, Эдилдин апасы жуучулукка келди, эмнени суйлошушту билбейм,ото эле копко отурушту.
Менин созумду чынга алып алган Эдилге жиним келе тушту, бир чети , иштин мындай тез озгоруп кеткенинен кооптонуп турдум.
Апам мага таныркаган коздору менен карады:
-Эмне , эрге тийгин келип жатабы?
-Абалдан чыгуум керек апа.
-Турмушка чыксан кутуласынбы баарынан?
-Билбейм, бирок ушундай уланта берсем, акылымдан адашып калам.
-Тиги тентекке да бекер умут бердин, атан укса экообузду тен олтурот.
-Эми мага баарыбир.
-Эмне ее?
Апамдын ачуусу келгенин биринчи корушум, кичинекей муштумун туйуп, жинденип кетти:
-Сен турмушту оюнчук коруп жатасынбы, ал сага мен менен атан эмес, каалаганынды алып бергидей.
Мен ыйлап жибердим:
-Эмне кылайын анан апооув айтынчы, мен аны сагындым, коргум келип жатат, озум менен озум суйлошуп, кадимки жинди адамдардай болуп калдым.
Кыйналып кеттим!
-Кызым?
-Апаа?
-Окуунчу?
Эки колум менен бетимди басып, оксуп жаттым.
Бул мага Жараткан тарабынан берилген сынообу, же озумдун акылсыздыгымбы, айтор апамдын алдында, уялбай ушинтип суйлоп жаттым.
Апам унчукпады, бирок ичинен мага нааразы болуп жатканын билип эле турдум.
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8