ОКУЙМ ДЕГЕНДЕР БОЛСО КАЙТАЛАП ОКУП КӨРҮП ЖАНА ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ...
#ЖАПАЙЫ карагаттар.
1-БӨЛҮМҮ
(автордон)
Ушундай бир учурлар болот,ичиндеги нерсени кимдир бироо менен болушкун келет. Мындайда, жазуудан откон ырахат жок чыгар. Чиймелегенден кадимкидей женилдеп калганымы байкайм.
Мен козум коргонду, кулагым укканды, озум кубо болуп, аралашып жургон окуяларды да жаза берем. Далил катары, маалымат деле издеп отурбайм, китептерди деле кууп окубайм. Балким, бул менин озгочолугум, же болбосо, эн чон катачылыгымдыр. ..
Ооба, катачылыгым дейинчи, ушунусу туурадай...
Жапайы карагаттар.
(жан дуйно буктомунон)
Той деген жакшы нерсе э? Бирок, азыркы учурда "той"дегенде суйунбой, тескерисинче ушкуруп калдык. Айтайын дегеним баарына эле белгилуу болсо керек. Ашыкча ысырапкерчиликтин айынан, тапканыбыздын тен жарымы той'аштарга кетип жатат. Бербейин десен дагы болбойт,бере берсен кыйналып кетти адам.
Айлык алаарда жолдошум экообуз бир сыйра урушуп, кайра жарашабыз. Ачыгын айтканда олкобуздо болуп жаткан аша чапкан тойлор, бизди аябай эле жудотту.
Бугун да жумуштан чарчап келсем, жолдошум ашканада журот, "омуру казан тарапка жакындоочу эмес эле,буга эмне болгон?"деп ойлогончо акырын баш бактым.
Мени коруп бирдемени айтуучудай башын ийкеди:
-Ии келдинби?
-Ооба, эмне болду?
-Тамак жасап жатат деп суйунбо, эт алып келген элем, ошону майдалап койдум сени кыйналбасын деп.
-Озум деле ошентип ойлогом .
Кийимимди алмаштырып, тамак асууга кириштим. Дагы бирдемени айтаарын сезип, жолдошуман сурадым:
-Дагы эмне болду?
Ал кулуп жиберди:
-Дагы той ...
Башымды чайкадым, бирок ашыкча суйлогум келбеди, бирдеме десем урушуп кетчудойбуз.
-Кхм, тиги, Москвадагы досум Азамат уйлонуп жатыптыр, тоюна бизди да чакырган.
-Кошумчан бар беле?
-Ооба, ал деле биздин тоюбузда берген да.
-Анда жон эле которуп жибер, баруунун кереги деле жок болсо керек?
-Атайын чакырып жатат, барбасак уят го?
-Мен баргым жок, аябай чарчап турам.
-Сен барбасан мен деле барбайм, кантип жалгыз бармак элем?
Дагы унчукпай кутулуп кеттим.
Баарыбир анын айтканы болмок да , эки кундон кийин кошумчабызды чонтокко салып, поездке билет алып жоноп калдык.
Оруссиянын токойлорун аралап, темир тулпар шакылдап кетип баратат. Ойлуу терезени тиктеп,"качан бизде да жумуш орундар тузулот, качан биз да башка улуттун окулдоруно окшоп оз мекенибизде иштейбиз, качан ысырапкерчиликти токтотуп, качан онолобуз?" - деп ойлонуп, мен баратам.
Бизден Москвага чейин жол аралыгы 8 саат экен, бат эле жетип бардык. Суйлошулгон жерде жолдошумдун достору кутуп алышты. Наркы'беркини суйлошуп, чайлашканча отурдук.
Той кечки саат 20:00 го белгилениптир. Шумдугун кургур, Кыргызстандагы тойлордон ашса ашат, кем эмес, ресторандын ичи тимеле укмуш жасалгаланган, столдо толтура дуйум тамак. Кыз'куйоо отурган жерде 3 кабат торт турат. Ушунча даярдыктын кимге кереги бар тушунбойсун, тойдун эртеси да жашаш керекпи акыры? Анын устуно чет жерде журсок, баарыбыз эле жыргаганыбыздан журбосок керек?
" Капыраай, озубуздо эмес бул жакта деле ошол корунуш"деп, ичимден суйлонгондон башкага жарабадым.
Той башталды. Бизге уйлонуп жаткан эки жаштын кесиптештеринин жанынан орун тийди.
Озара таанышымыш болуп отуруп калдык. Бироосу озунчо эле чалкалай отуруп, ичин улам кармап коет. Бироосу ага жагалданып сурап жатат:
-Эмне ичин кысып жатабы, кенен койнок кий десем укпадын.
Мен да кызыгып кетип, сурап жибердим:
-Эмне ичиниз ооруп жатабы?
Тиги болсо оозун чормойтуп, кабагын бырыштырды:
-Жоок, боюмда бар.
-Канча айлык?
-Бир жарым айлык.
-Аа десе.
- Сенин боюнда болгон эмеспи эмне?
-Эже менин эки балам бар.
Тиги унчукпай калды.
Ичимден кулкум келди, биз 8,9ай болсо деле кадимки халатты,топчусун зордоп эле бучулоп, чуркап эле журчу элек чалкалаган мындай турсун.
Тообо!
Озу нарагыман мындай той'топурга конулум жок болгону учун, зорго эле отурдум.
Данкылдаган музыка, адамдардын суйлогондору кошулуп, ызычуу болуп эле башым ооруп чыкты. Бири бийлеп аткан, бири каалоо'тилек айтып жаткан, айтор башаламан.
Эртерээк эле бутсо экен деген тилекте отуруп, бет мандайымдагы сулуу жуздуу, коздору мундуу тиктеген аялга козум тушту.
Жанымдагы, ичин сылап олтурган "чормойгонго" кызыгуу менен тиктеп туруптур.
"Болду болбоду, балалуу боло албай жургон бироо го?"деген ой келди биринчи эле.
Бирок андан да кызыгы, анын каректеринин артында жашынып турган мун болду.
Эмнегедир тиктеши башкача эле, эптеп созго тартууга аракет кылдым.
Бир жагынан жанымдагы "чормойгондон" алыстагым келип турат эле, эптеп бир шылтоо таап "сулуу аялдын" жанына жеттим:
-Эже жанынызга отурсам болобу?
Мени карап, жарк эте кулду:
-Ооба, ооба, кел олтурагой!
Кулгондо да башкача болуп кетет экен, анча'мынчага танкалбаган жаным, анын оозун тиктеп эле отуруп калдым.
Менин тартынганымы сезди окшойт, озу кепке тартты:
-Азаматка ким болосунар?
-Аа, мындай эле жолдошумдун досу болот, ошого... а сизчи?
-Менби? силерге дос болсо бизге кесиптеш болот.
-Тушунуктуу. .
Созду эмне деп улап кетээримди билбей далдырадым. Озумо жиним келип "дагы адатын туттубу, керектуу жерде соз таппайсын, кереги жок жерде тантыйсын" деп, ичимден озумду жемелеп жаттым.
Негизи адамдар бар го, бир карашта козуно жылуу учураган, ошол сыяктуу эле эмнегедир ушул "сулуу эжем" менен баарлашкым келе берди.
"Каерден болот элен, кимдин кызы элен?"деп отуруп, "Кыргыз сураша келсе тууган чыгат" болуп, бат эле тил табыштык андан ары. Тойду болсо унутуп деле калдык окшойт.
Жолдошумдун "кеттик" дегенин укканда гана,тойдун аягына чыгып калганын байкадым.
Азыр деген техниканын, интернеттин доору эмеспи,"Сулуу эжемдин" номерин алып, кээде акыбал сурашып турмак болуп коштоштук.
Сыртка чыкканыбызда, ал да бизден кийин эле чыкты. Жанында келишимдуу мырза бар эле.
Экоо колтукташып , унаалардын бирине олтуруп узап кетишти. Улам кылчактап мен тарапты карап коюп кетип баратканын, мен кантип байкабай калайын?
Жолдошум болсо мурду менен бир тийди:
-Эмне эле козунду ала албай калдын андан?
-Ал эмне дегенин, таанышып , суйлошуп олтурдук, аябай жакшы аял экен.
-Койчу ушул адатынды, кимди корсон эле "жакшы экен"дей бересинби эмне? Мен сени оо жанындагысын карап жатасын го деп жатам да?
-Сага озу айла жок дечи?
-А эмне?
-Эч нерсе болду токтот!
Суйлой берсен соз чыга берет эмеспи, "Унчукпасан, уйдой балээден кутуласын" дешет го, башымды чайкап тим болдум. Адамдар ар турдуу, канча турдуу болсо, ошончо турдуу пикири бар да, ар бир адамдын пикирин сыйлай билуу керек.
Мен учун азыр бул нерсе маанилуу эмес болчу, коздогонум, эжем тууралуу дагы кобуроок билуу эле.
"Той болду, анын эртеси да болду"дегендей, эртеси кечинде кайра артка кайттык. Сыртынан билибегени менен "ой досум эле"деп , акчаны болушунча эле сапырди тигиним. Эмне демек элем, дегенде эле эмне келет эле колумдан, аны менен кошо башымды зордоп ийкегилеп, "ооба, досун эле да"деп коюп келе жаттык.
Жолдон эзилип, чарчап келип, эртеси эле жумушка чыктым. Кеткен чыгымдарды жаап, андан аркысы белгилуу эле нерселер да.
"Уй жумуш"болуп журо берип, достордон, тууган'уруктан деле алыстай тушупмун акыркы убактарда. Анан эмне, чарчап келип эле уктап калам, эртеси каалайсынбы, каалабайсынбы жумушка барышын керек.
Бирок, кундо азыраак убактымды болуп, эжеме чалып суйлошуп турууну адатка айландырдым.
Суйлогондоруно караганда , турмушта коп нерсени коргондой, салмактуу сезилет. Ал ансайын кызыгуум артып, усту'устуно суроолорумду берип, озумду "чыгаан журналисттей" сезип, укмуш болуп кетем. Эжем ага конул бурбайт, кайра ар бир суроомо толук турдо жооп берет.
Ошентип журуп эжем экообуз жакын болуп кеттик, сырларыбыздан болушуп дегендей. Ичимде эч нерсе жашыра албаган мендей адамга табылбай эле калат да мындайда, "дартымды дасторкон кылып"жая салам.
Эжем менин айткандарымы угуп отуруп,кээде аргасыздан кулот:
-Сен озу жакшы эле адамсын, бирок кадырыны билген адам азыраак да бул жашоодо.
-Баары жакшы бир мен жаманмын эже, болбосо жакшы болууга аракет кылып эле келе жатам.
-Андай дебе, адам баласы озун'озу сыйлабаса башканы да сыйлай албайт, сен озунду барктаганды уйрон!
-Сиз да ушундай кыласызбы?
Создун учугу озу тарапка бурулганда ар дайым кепти айландырып отуп кетчу, бул жолу да ошондой болот го деп ойлодум эле эмнегедир эжем копко унчукпай туруп калды да :
-Мени сыйлаган адамдар аябай коп болчу деди.
Бир нерсеге кызыксам, билип алмайынча жаным кыйнала берчу, "ушул бойдон созду бурбай баарын айтып берсе экен"деп, ичимден кыпылдайм.
-Эже, туура эмес суроо берип алдымбы?
Эжем дайымкысындай жылмайды:
-Сенден кутулбайт экенмин го?
Экообуз тен кулуп жибердик.
Ал эмнеге кулду билбейм, бирок мен чын дилимден кубанып кулдум. Коптон бер ойлоп жургон максатым ишке ашчудай туру бар.
Ошол кундон тарта менде экинчи жумуш, "ой эки деймда, озу эки жумушта иштейм го", учунчу жумушум башталды.
Колум бошоор замат, эжемдин айтып бергендерин кагазга жазууга кириштим. Ал суйлосо "жомок уккан жаш баладай" болуп, озумчо эле башка ааламга кирип кетем.
Кээде суйлоп жатып кыйналып кетет, кээде ыйлагысы келет, менимче откон кундорун эстеп айтып беруу ага оор болуп жатты.
"Эскеруу, - ошол кундорду дагы бир жолу жашап отуу" эмеспи. Андай убакта мен да кошо кыйналып алам:
-Чарчадынызбы эже?
-Айтчы, мунун баарын эмне кыласын? Эжем алдымдагы кагаздарды жансай суйлоду:
-Бир чыгарма жаратсамбы деп журом.
-Пфф, менин айткандарымыбы?
-Ооба, а эмне сиз каршысызбы?
-Каршы болсом деле сен чечек бирдемени баштоочудайсын го?
Кулуп жибердим:
-Жоок, андай эмес, болгону оз алдымча бирдемелерди жазганды жакшы кором да.
-Ии, андай болсо жонун бар экен.Баарын созмо'соз кочуросунбу?
-Тупку маанисине тийбейм, бирок бираз коркомдобосо болбойт го?
-Ооба ошент, болбосо окуган адам деле качып кетет менин айткандарыман.
-Аракет кылам.
-Данек?
-Оув?
-Кандай деп ойлойсун, менин турмушум кимдир бироого сабак болоор бекен?
-Албетте, ал эми менин тушундуруп бере алышыма коз каранды го?
Бул созду айтаары айтып алып, ынгайсыз боло туштум:
-Озумду укмуш сезип алдым го э эже? Албетте чон жазуучулардан менин айырмам "ат менен тоодой" эле кеп денизчи..
-Сен чындыгында жакшы адам экенсин, ылайым сени дайым ийгиликтер коштоп журсун!
-Ырахмат!
"Жазып жаткан" киши болуп, ал кундон тарта кулк'мунозум да озгоро тушту, мурдагыдай суйлобой деле калдым эси'дартым "жазганым кандай чыгаар экен?" деген гана суроонун тегереги болуп калды.
Муну биринчи эле жолдошум байкады:
-Ии эмне болду чарчадынбы?
-Ооба.
-Анда иштебей эле кой.
-Иштебей эмне кылайын?
-Айылга кет.
-Чындаппы?
-Ооба.
-Макул кетсе кете берем,сенин созун мен учун "уч кун майрам" да?
-Тилин жаман ээ?
- Озун сурап аласын да баарын.(айылга жонотпосун билип турам да)
-Анан эмне озгоруп жатасын?
-Баары жакшы эле.
"Озгоруунун" себептерин ага айтып отурсам, ооуу канча аракет текке кетет, акырында "куноолуу" деп табылып, "жазага" тартылам, ошондуктан унчукпай коюу гана жетиштуу.
Копко чейин чогултуп журдум жазгандарымы, бул жакка кочурууго чейин арадан коп убакыт отуп кетти.
Акыры чыгынып жазууга кириштим.
Урматтуу окурман, мындан ары "сулуу эжемдин" атынан, баарын баяндап берем.
Мен уйбулодо улуусумун, менден кийин 5 иним бар.
Копчулук бекенбиз?
Апам мага шерик тороп берем деп, жылда кош бойлуу, жылда бирден уул торойт.
Байкуш апам! Инилерим менен жаш аралыгыбыз 1жаш, андан кобу 2,5 жаш, катары менен тизилсек, бойлорубуз тепкич сыяктуу болуп калат. Эн кичинебиз гана кийинчерээк торолду, мен жетинчиде окуп жаткан учурум болчу.
Атам уйдо эн кичуусу болгондуктан чон атам, чон энем да биздин колубузда. Атамдын бир туугандары да аябай коп, алардан да жалан уулдар тараган. Тууган'урук баарыбыз чогулганыбызда озунчо эле чон уруу болобуз да калабыз. Карысы бар уй берекелуу болот белем, уйдон киши узулбойт, бири кетсе бири келет. Ошондуктан дасторконубуз жыйылбайт. Жайдын куну абаларым бала'чакасы менен келишсе уйго батпай , короодогу чарпаяга орун салып беребиз.Айтор, озунчо базарбыз.
Апамдын ошончо туйшугу коп болсо да бир да кабагын буркогонун коргон жокмун, чекесиндеги терин улам аарчып коюп, ар дайым очок башында.
А мен болсо бир кыздай болуп апама жардам бербептирмин ошол кезде, эркек балдарга кошулуп ойноп,мушташып' тиштешип эле кунум отчу. Мектепте инилериме болушуп, кызбы'эркекпи дебей урушуп кетчумун. Жургон жерим ызычуу. Ушунчалык кок бет, ушунчалык ожор элем. Менин айтканым айткан, дегеним дегендей аткарылчу. Балким, ошончо шагыраган эркектин арасында бир мен кыз болгонум учун козумду карап остурушкондур? Чон энем айтмакчы "козго сурткон" небересимин. Чон атам болсо "жыттоочум, дары кызым" деп эркелетет. Коколотуп эле турушса,озумду дуйнодо "жалгыз жаралгандай" сезем да. Мени пикиримден кайтаруу "сууну тетири агызуу" менен барабар. Беттегенимен , эмне кылып жатышса да кайтпайм, ошол себеп жон гана "сенин айтканын туура" деп кутулушат.
Бирок атамдан аябай корком. Сыртынан жумшак суйлоп, оюм менен болгону менен, жини келгенде, кирээрге тешик таппай калам. Ар убак кабагына карап турам, маанайы жакшы болсо эркелеп керегими алам, андай болбой калса акырын апам аркылуу угузам.
Уйбуло туусу атамдын колунда, анын уруксатысыз бир да иш кыла албайбыз,кичинебизден апам бизди ошого уйроткон. А апамчы?
Апам аябай жумшак, ак конул, мен ашыкча эркелесем да катуу айтпайт, баарын акырын тушундургонго аракет кылат, ошондуктан аны кобуроок жакшы кором. Анан да акылдуулугу жанда жок . Уйдо эт тугонуп баратса, же башка азык'тулук азайып калса, "иий бул жок эле, тиги тугонду" деп суйлонбойт, тамакка этти майдараак туурап, башка азыктарды азыраактан кошуп калат, бул " жакында баары тугонот"деген белги. Атам да муну тушунот, 1,же 2 кундон кийин уйго которунуп келет. Жашообуз, элдин алды болбосо да ортосунда эле, албетте, ар бир баланын озунчо туйшугу бар болот да, баарыбызга тегиз жеткириш кыйынчылык жаратса керек ал учурда.
Жай мезгили болуп, каникулга тараганыбызда атам бизди жайлоого алып барат. Мен учун мындан откон ырахат жок. Эртеден кечке эркек балдарга тенелип ат чабам деп, канча жолу чекем сыйрылып, бутум кайрылды. Ошентсем деле токтоп калбай ожорлонуп журуп, жылкы баласын башкарганды уйрондум.
Кечке ойноп, кечинде боз уйго келем саксайып. Кебетемди коргон атам акырын башын чайкап, эрдин кымтып коет, бул дегени, "кызым, аша чаап баратасын" дегени. Дароо тушуном. Бети'колумду жууп, чачымды тарап, кийимдерими тазалап калам, анткени белгилуу, атамдын, созун экинчи ирет кайталабастыгы. Бирок канчалык катуу болбосун, атам мени баарынан да кобуроок жакшы короорун билем.
Убакыттын отушу менен мен бой тартып чоное баштадым, кокурогум билинип, жамбашым чыгып дегендей, бирок бул мени анчалык деле ойлондурбайт, тарс'турс басып, уялуу, тартынуу деген жок. Кыздарга кошулуп ушакташып, бироонун кийимин сынап, дагы бироонун баскан'турганын сынап, каткырып кулуу деле оюма келбептир, ашыкча курбу деле кутпогом. Сабактан алдынкы окуучулардын катарындамын, уяла турган, кысына турган эч нерсе жок мен учун. Быйылкы жылга эмне мода болсо, элдин алды болуп мен кийем, жокчулук эмне экенин деле билбей остум.
Апам катуу айтып урушпаганы менен , "уйбуло бул ыйык очок, аны сактоо аялдын да, эркектин да милдети, аял ар дайым эркектен бир кадам артта турушу керек, бул соз кобуроок сага тийешелуу, тарбиян начар болсо биринчи бизге соз тийет" деп кулагыма кумдай куя берчу.
Апам соз баштаганда мен улап кетем:
-Уйбулону сактап калуу экоонон тен коз каранды!
Менден кийинки иним мени улайт:
-Балдардын татыктуу тарбия алуусу учун, уйбуло бекем болушу керек, ынтымакта болушу керек!
Учунчу иним ордунан турганда апам таарына тушот:
-Силерге кулку экен да э менин создорум?
Конулчоок апам ай!
Баарыбыз тегеректеп отуруп заматта конулун жайгарып коебуз.
Бирок бул создор мага кийин'кийин барып таасир этти, убагында бул создорго анчалык маани бербеген экенмин.
А баса, эн негизги нерсени унута жаздапмын. Биздин бир кошунабыз боло турган, эсимди тааныгандан бери алар менен жакшы мамиледебиз. Менден 2 жаш улуу кызы бар, аты Зарина. Экообуз жакынбыз, аны "Зари"деп атайм мен, кээде "Зариш" айтор ардеме кылам, эч нерсе дебейт, кулуп гана коет. Уй жумушун да аябай жакшы жасайт, мага окшоп эч ким менен урушпайт. Эмнегедир мен аны озумо жакын адамдай кором, колума эмне тийсе да ал менен болушуп турам, бир'бирибиздин уйубузго кирип'чыгып беймарал журо беребиз. Кыскасы жакын "доспуз" .
Эсимде, алгачкы жолу суйуу катын алганым. Бир классташ бир бала бар эле, ошондон келген экен кат.
Адамдар да кызык элебиз да, мага окшогон эркек чалыш немеден" жакшы жооп чыкмак беле?"деп ойлонбойбу десен тиги?
Эртеси эле жазган катын майдалап бетине чачкам,ал кезде катты жыртып, бетине чачуу бизде "эрдик" деп эсептелчу. Тиги ошончо коп окучуулардын алданда уят болгонуна намыстандыбы, шарт билегимен кыса кармап , ушундай бир жаман козу менен карады дейсин:
-Сени адам экен десе?
Колумдун оорутканына ызаланып, бар кучум менен тизесине тептим:
-Кое бер колумду!
Колумду силке кое берип, артына бурулуп кетип калды, жарданып тургандар кулуп жатышат жыргап. А мен болсо "жоону сайып алгандай" уйго тарттым.
Апам менен анчалык сырдаша алчу эмесмин, тагыраагы, менде экообуз жекече суйлошчу койгой деле жок болчу. Туура эле Зариге барып айттым. Ал кулуп койду адатынча:
-Жиндисин го, озун чакырып эле айтсан болмок да?
-Озунон корсун, аны бироо кат жаз дептирби?
-Ай келесоосун сен кыз, ал мумкун сени жактырып калгандыр?
-Койчу ай каяктагы нерсени айтпай, сомтуроп алып суйуунун эмнесин билет ошонун?
-Билеттир балким?
-Мендей ажыдаардын куйругун баса электе ойлонуш керек болчу, менден баары жаа боюу качса, мунун кылыгын кара эми?
Экообуз болбой эле калдык аны шылдындап.
Эртен менен уйкулуу козуму ушалап сыртка чыксам, апам короодо уй саап жатыптыр:
-Турдунбу кызым?
-Ии.
-Чайынды даярдап койдум, ичип кет.
Ушунча жумушка кантип жетишет болду экен апам, баары оз ордунда, тыкан, таза. Кичуу иним бешикте болонгон, калгандары ордуларынан туруп, кезек менен бети'колдорун жууп жатышат.
Мектепке келсем баары эле мени тиктешет, аркаман кубур'шыбыр болушат. "Буларга эмне болгон"деп класска кирдим. Кыздар менен андай эле мамилем жок да, ошого эч кимиси унчукпайт, коздору менен мени ымдап коюшат. Чыдабай кеттим:
-Эмне болду бугун баарынарга?
-Сен укпадынбы?
-Эмнени?
-Тиги Эдил ооруканада экен.
-Эмне болуптур анан, менин ага кандай тийешем бар?
-Кечээ аны уят кылбадын беле, ошого намыстанып, тамырын кесиптир.
Журогум шуу дей тушту:
-Эмнеге, эмне учун ал ал... Ой жиндиии, тамырын да кесеби адам?
Оюма эч нерсе келбей калды, ушундай да адамдар болобу?
Мугалим эжей кирип эле мени козунун тобосу менен карады:
-Нурдинова, тез директордун кабинетине жоно!
Андан аркысы белгилуу, анысы аны айтты, мунусу муну айтты, башымды оорутуп, болушунча жемелеп сыртка чыгарып коюшту.
Мектептен келип эле ооруканага бармак болдум, кудай жалгап атам уйдо жок экен.
Апамы, курбумдукуна барам деп алдадым. Омурумдо биринчи жолу апама жалган айттым. Ооруканага жеткиче муундарым титиреп, зорго бардым.
Палатага акырын баш баксам, жатат менин "суйуу курмандыгым" , колу танылуу экен:
-Кхм, кхм.?
Мени кутпосо керек, коздорун алайтып туруп берди. Унчукпай орундукка отурдум:
-Абалын кандай?
-Жак, жакшшы , сен кайдан?
-Угушумча менин айымдан ушул кундорго туш болупсун, сага анчалык катуу тийерин билгенимде андай кылбайт элем.
-Эч нерсе эмес отуп кетти го?
Мындай эрки жок адамдарды жактырчу эмесмин:
-Эркексинби?
-Ооба!
-Анда неге тамырыны кестин, эсин жайындабы сенин?
-...
-Суйлобойсунбу?
-Эмне ушуну сураганы келдинби?
-Баары сенин айынан деп мугалимдер менен апан мени жеп коюшту, ошого атайын алдына келдим, эркек экенин чын болсо ошого татыктуу бол! Кыз башым менен , мен да бул жолго бармак эмесмин.
-Сен тушунбойсун?
-Тушунгум да келбейт, аман бол, батыраак айыгып кет, туйшукторуно мени аралаштырба суранам.
Уйго келсем атамын кабагы буркоо. Апам башы менен жандап " болмоно кир" деп ишаарат кылды.
Экоо копко кункулдошуп калышты, мектепте болгон окуяны инилерим эбак эле жеткирген сыягы. Коркконуман бир бурчта тыгылып олтурам, качан гана апамдын " кечки тамакка келгиле " деген унун укканда ордуман козголдум.
Тамактанып буткондон кийин атам мага карады:
-Кызым?
-Оув ата?
-Сага ушу мезгилге чейин катуу айттыкпы,капачылыгын болсо айтчы?
-Жжо , жоок ата..
-Анда мени ук кызым. Эми секелек эмессин, бой жетип калдын, алдагинтип бетке чабар адатынды ташта, кыз деген созулуп, назик болуш керек.Ожорлук кыз балага жарашпаган адат.
Мени билесин, экинчи кайталап отурбайм, эми бизди капа кыла турган иш кылсан, менден жакшы соз кутпо, уктунбу?
Атамдын мындай олуттуу суйлогонун мурда укпагам, чындап эле туура эмес кылганымды тушундум:
-Уктум ата!
-Баракелде кызым, эми ойлоносун деп умут кылабыз, бар, жатып эс алагой?
Шылкыйып болмомо кирип кеттим. Биринчи жолу атамдан, апамдан уялдым.
Кузгуго карап, ал жерден мени , оттуу коздору менен тиктеп, узун бойлуу,бойго жетип калган, кызыл жуздуу кыз мени тиктеп турганын кордум
Бул окуя мага чон сабак болду.
Атам айткандай "созулуп" жургонго аракет кыла баштадым. Уй жумуштарына жардам берип, инилеримди карап. Бирок,бетке чабар ожорлугум калган жок.
Андан коп отпой апам дагы кош бойлуу болуп калды. Атам унчукпайт, "кылгылыкты" кылып койгондон кийин эмне десин, мен апама боорум ооруйт:
-Алдырып эле салынызчы, жашыныз да кыркка келип калды, кыйналасыз?
-Кой ботом, ошол кантип болсун, сага шерик болот да.
-Жалгыз эмесмин го, инилерим бар?
-Кыздын орду башка болот да баарыбир.
-Дагы уул болуп калсачы?
-Буйруса ушунусу кыз болот, мен сезип турам.
Чындап эле апам кыз тороду, кубанганыбызды айтпа. Жерге койбой кезектешип которобуз, бирок апам кыйналып тороду. Тороттон кийин да озуно келе албай кыйла убакыт биздин жардамыбызга муктаж болуп жатты, баарынан да мага кыйын болду, апамдын ооруганын коруп журогум эзилет.
Бардык нерсенин оз кезеги болот тура, ал кундор деле отту.
Капыстан кошунабыз Зариналардын башка шаарга кочуп кетиши мага кутулбогон жанылык болду. Жароокер досум кетип, жалгызсырап калаарымды ойлосом ыйлагым келет. Ооба мендеги дагы бир чон кемчилик бат ишенип, бар нерсени журогумо жакын ала беруу. Мен тургай апамдар да жаман болуп жатышты, "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" болуп, эмне жардам болсо кол кабыш кылышчу да.
Кетээрде ыйлап коштоштук, себебин толук тушундурушкон жок, Заринин атасына ошол жактан жумуш чыгыптыр, биротоло кочуп кетпесе, барып'келуу кыйын экен, кыскасы ушундай.
Алар кеткенден кийин томсоруп эле калдым, кундо уй тарабын карап коем, адам жашабаган уй , бат эле козго комсоо корунуп калды .Досумду копко чейин унута албай кыйналып журдум.
Мен ошол бойдон Заринаны коргон жокмун.
Быйыл мектепти аяктайм,Жогорку окуу жайга тапшыруу учун даярданып жургон убагым.
Эдил ошол бойдон мага карап суйлогон жок,жон гана классташ катары бутуп кеттик.
Атамдын бирден бир тилеги мени чет элге окутуу болчу, ошондуктан атамдын умутун акташ учун жакшы окушум керек.
Болушунча аракет кылдым, жыйынтыгында Оруссиянын Новосибирск шаарындагы педагогикалык окуу жайлардын бирине оттум. Жок дегенде Москвада окусам деп тилек кылчумун, барына шугур,каерде окуганым эмес, кандай окуганым маанилуу эмеспи. Атамдын мээнети куч болду мени менен, акырына чейин кошо чуркап журду.
Уйдон алыс биринчи жолу кетишим. Алдыда кандай кундор кутуп турганынан кабарым жок жолго чыктым.
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14