Жумушта жүрсөм мага бала бакчадан чалышты, балаңызды алып кеткенге эрте келүүнү суранышты.
- Эмне болду? Балам жакшыбы?
— Балаңыз жакшы, бирок сиз менен олуттуу сүйлөшүшүбүз керек.
Мугалимдин үнү тынчсыздангандай угулду.
Мен жумушта болушунча өзүмдү кармаганга аракет кылып жаттым, бирок болбоду, тынчсыздандым, жаман болуп калдым, жумуштан сурандым дагы бала бакчага чуркадым.
Тарбиячылары мени башкача тиктеп карап, психологго жиберишти.
Психолог үшкүрүнүп, мени тил албаган окуучудай карап сүрөттү сунду:
- Биз тестирлөө жүргүздүк, ар бир бала өзүнүн үй-бүлөсүн тартты. Алардын баары ким менен жашап жатканын жазышты сүрөттүн астына, үй-бүлөсүнө каалаган туугандарын кошушкан.
Мына, балаңыз тарткан сүрөт, көрүңүз.
Мен сүрөттү колума алдым, бирок айта кетейин, балам сүрөт тартканды жакшы көрбөйт болчу, ошого сүрөттү дагы жакшы тарта албаптыр.
Жалпысынан баракчада «кол-бут-бадыраң» стилиндеги үч схемалык фигура бар. Бирок кол коюу менен жазганды балам мурунтан эле билгендиктен, фигуралардын астына жазып коюптур: Мен, атам, чоң энем деп.
- Түшүнүп жатасызбы? – деди психолог. - Сиз баланын жашоосунда жоксуз. Жөн эле жок. Ага такыр катышпайсызбы, карабайсызбы же иштен бошобойсузбу.
Баланын жашоосунда ата менен чоң эне бар, бирок ага апа керек! Апа абдан керек! Анын үстүнө сиз башка шаарда жашабасаңыз, күнүгө алып кетесиз балаңызды, эмнеге мындай болушу мүмкүн жакшылап ойлонуңуз, мындай болбойт.
ФМмм жана башкалар, көп сөздөр болду. Он беш мүнөт бою балага болгон мамилемди өзгөртүүгө буйрук берди.
Биз бакчадан чыктык.
Үйгө жонодук. Балам быдылдап сүйлөп баратат, бирок мен тирүү да, өлүү да эмесмин, аябай жаман болуп бараттым. Ойго баттым, бул кандай? Балам төрөлгөндөн бери бир күн да таштаган эмесмин.Мен баламды аябай жакшы көрөм, китеп окуйбуз,бардык жакка алып барабыз,ынтымакпыз. Балам боорукер, мага жакын. Анан сүрөттө эмнеге мен жокмун, кандайча?
Акыры чыдай албадым.
- Балам, - мен жайбаракат сүйлөгөнгө аракет кылып жаттым. - Бүгүн Эжекең экөөңөр сүрөт тарттыңарбы?.
- Ооба– деп ырастады балам.
- А эмне үчүн атаң менен чоң энеңди гана тарттың, мен жокмун?
- Апа, сиз абдан сулуусуз да! -дейт балам, - Сизди сулуу кылып тарта албай койдум! ❤
Интернет булактарынан..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 55
Чын журогумдон кошулам.