"...көчөдө жашаган, үй жайы жок адамдардын жанынан башыбызды бийик көтөрүп өтүп кетээр элек. Эгер ынсап кылсак майда тыйын тыпырдан берип өтөөр элек. Жер титирөөдөн кийин өкмөт таркатып жаткан тамак аштан алууга кезекке турууга мажбур болуп болдук. Жок, мен мындан наалыган жокмун. Сага башка нерсе тууралуу айтып бергим келип турат. Көчөдө жагылган оттун айланасында отуруп жылынып отурсак, бир киши: "Ал, кызым мынаны! Ушуга оронуп отур, үшүп каласың" - деп калың көрпө көтөрүп келди. Андан соң: "Уулуң тирүүбү, жабыр тарткан жокпу?" - деп сурады. Таң калдым. Такыр бей тааныш адам. "Кудайга шүгүр, уулум эсен-аман" - десем, кубанып кетти. Бир аз маектешип отурдук. Билсем, бул киши көчөдө жашайт экен. Кайсыл бир кезде уулум экөөбүз бул кишиге төрт нанга жетээрлик акча берген экенбиз. Ошону унуткан жок экен элестет... Өпкөм толуп кетти. Жеке мен үчүн бул зилзалада чоң сабак болду. Ачыгын айтсам каш-кабагым өйдөдөн ылдый түшпөй, менменсинип, адамгерчиликтен чыгып бараткан экенбиз. Өзүмө келдим. Көзүм ачылды!...
Сен ушуну жаз. Башкалардын да көзү ачылышына бир балээнинин келиши шарт болбосун. Адамдар көзүн ачсын! Адамдык сапаттан чыкпай, өз чегибизди билели!...
#Дилфуза Комил
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 51
Кырсыктан Аллахым сактасын.