Вера жумуштан келсе, уулу Дима үйдө экен, таң калды себеби Дима эки жыл болгон үйлөнүп өзүнчө жашашканына. Конокко айына эки жолу гана келе албаса, дем алыш күндөрү гана. Бүгүн иш күнү эле.
- Тынччылыкпы уулум?
- Тынччылык, деп бурк этти уулу.
- Жөн жай элеби?...
Ишке чыкпадыңбы?
- Апа, мен аялымдан кетип калдым, ажырашабыз.
- Түшүндүрчү, эмне болду өзү?
- Мен жумуштан келсем, үйдүн ишине жардам бер дейт дайыма, чарчап келип жөн эле эс алгым келет.
Кухнянын иши аялдыкы го.
Вера баласын угуп, таң калып турду, бул каяктан уккан сөздөр, алган тарбия.
Ушул убакта күйөөсү Игорь жумуштан келди, колунда продукты көтөргөн эки пакет.
- Уулуң ажырашканы жатыптыр, деди күйөөсүнө.
- Себеби барбы?...
Вера уулунун сөздөрүн айтып берди.
Атасы балага кайрылып:
- Эмнеге аялыңа жардам бергиң келбейт? Эркектин иши эмес дейсиңби?
Сүйлөп жатып пакеттеги продуктыларды чыгарып холодильникке салып жатты.
- Менин сөзүмдү азыр жакшылап ук, аялың сага окшоп эле иштейт, кечинде чарчап келет анын да бутту сунуп эс алгысы келет.
Же сен аны жумушунан чыгарып үйдө отургузуп койдуң беле?
- Биз сага жакшы тарбия бердик деп ойлодук эле, апаң экөөбүздүн үй иши тууралуу бир да урушканыбызды көрдүң беле?...
Чынында Вера менен Игорь өмүр бою экөө тең иштеп, кечинде бирге үй ишин да кылышчу. Бири-бирине милдет кылганын бир да жолу көргөн эмес эле Дима. Андан соң атасы уулуна көңүл бөлбөй аялы менен сүйлөшүп, чай ичүүгө олтурушту.
Дима өзүн бул үйдө ашыкча сезди.
- Эмне турасың, бар аялың менен жараш. Экинчи мындай акылсыз сөздөрүңдү укпайлы, турмуш сага оюнчук болсо да...
Дима кийинип шашыла жөнөдү, ата-энесинин сөздөрүндө чындык бар эле.
Үйлөнгөндөн кийин жоопкерчилик болуш керек, Дима бир нерсени түшүндү, аялы менен өзүнүн ата-энесиндей бактылуу жашагысы келгенин...
Үй бүлөлүк бакыт каалайм замандаш!
Которгон: #Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38
Оомийин, оомийин!