Улуу кызы зонтик сатып жанын бакса, кичүүсү кургатылган кесме камыр сатат.
Эне эки кызын бирдей көрөт эмеспи. Анын кайгырганы аба- ырайы эле. Жаан жааса кичүү кызынын камыры кургабайт эми деп ыйласа. Күн тийгенде улуу кызынын зонтиги сатылбайт деп кайгырат.
Муну көргөн даанышман карыя, энени аяп кеңешин айтат:
- Сен туура эмес ой жүгүртүп жатасың! Күн тийген күнү кичүү кызың үчүн сүйүн, камыры жакшы кургайт деп. Жаан жааган күнү улуу кызың үчүн кубан, зонтиктерин жакшы сатып алат бүгүн деп...
Эне бул сөздөрдүн төгүнү бар деп, эми ошондой жашоого өтөт. Ыйлаганын токтотуп сүйүнүп жашай баштайт. Апасынын өзгөргөнүн көргөн кыздары да, тынч жашап калышат, апасы үчүн убайым тартпай...
Жыйынтык: Жашоодо биз өзгөртө албаган нерселер көп, эгер колубуздан өзгөртүү келбесе анда ал маселеге болгон көз карашыбызды өзгөртүүбүз керек! Болоор болбос нерселерге кайгыруу болбойт! Өмүр ушунчалык кыска нерсе, анын көбүн ый-ыза менен өткөрүп албайлы!...
Которгон : Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 45