Башкалар макул болсо да мен макул эмесмин,бул ыкмага!
Мындан 6,5 жыл мурун Бишкек шаарынын төрөт үйлөрүнүн бирине келинимди төрөткөнү алып бардык.
Күтүп олтурсак , акушеркалар утуру эле төрөй турган келиндин фамилиясын айтып , күйөөсү ким деп ээрчитип ,алып кирип кетет, а төрөптүр да баласын көрүп , сүйүнчүсүн берип чыгат экен деп коём.
Анан эле биздин келиндин фамилиясын айтып калды , төрөдүбү десем ,жок дейт ,неге десем , күйөөсү жанында турсун дейт.
Кирбейт , өзү төрөйт ,ата бубада болбогон нерсени чыгарып деп сүйлөндүм.Кирбеди.
7-8 жигиттер да турат эле , эмнеңер эркек ,катыңынар менен кирбеген жериңер родзал калдыбы?
Атаңар киргенби , төрөгөн аялдын жанына, ойлонгулачы?
Чоң ата ,таята ,атаңардай ЭРКЕК болгула деп айттым.
Төрөгөн аялынарды сыйласаңар көңүлүн калтырбагыла дедим.
Кыргыздын кыргыз болуп жашаганы жакшы.
Европаны ээрчип жарым жылаңач болсок , төрөсө эркектерибиз аялынын баш аягында турса , орусту ээрчип жашасак ,неберелерибиз кыргызчаны билбей турса ,араптарды ээрчип карага оронуп , дамбалды кийип алсак ,аялынарды ээрчип родзалга кирсенер--- анда биздин кыргыз деген улутубуз эмне болот деп сүйлөндүм.
Көрсөк көрмөксөн ,билсек билмексен болуп жашай берип каяка барабыз , өзүбүзгө жакпаса да ,ушундай турбайбы деп айткандарын кыла берелиби дедим.
Ачуум келип сүйлөнүп жатсам ,арасынан бирөөсү сиз Ташбү эжекесизби ( ооба дедим),акам Билимканада окуган , сизди аябай строгий эжеке деген эле ,мен акама Ташбү эжекени * живой* көрдүм деп айтып барайын деген эле.
Мен каршымын бул ыкмага , көпчүлүк эркектер аялдарын төрөттөн кийин аямак тургай ,таштап ,башкага үйлөнүп кетип жатат, керек болсо аң сезимине катуу таасир этип, эрте эле ИМПОТЕНТ болуп калуу коркунучу бар!
Аял заты НАЗИК ,ТАБЫШМАК,СЫЙЛУУ боюнча жашай берели!
Энелерге эки дүйнө бактылуулук каалаймын, эркектерге сүрдүүлүк, кайраттуулук каалаймын.
Шу эми - ар кимибиз өз ордубузду билгенибиз жакшы!
#Ташбү Жамиловна .
Постту бөлүшкүлө, жаштар окушсун!
Комментарии 41
Пикириңизге кошулам,эже!