КУДАЙДЫН ЖУБАЙЫ.
Кыштын кычыраган суук күнүндө, үстүнө жылуу пальто жамынып, бирок буту жылаңаяк жаш бала дүкөндүн көргөзмөсүндө турган бут кийимди көпкө чейин тамшанып карап турду. Ал кыштын суугун да , убакыттын өткөнүн да сезген жок. Бир убакта дүкөнгө келген сымбаты келишкен ажарлуу аял баланын жанына келип :"Эмнеге мынча тигилип калдың, суукта үшүгөн жоксуңбу ?- деп сурады. Анда бала: " Үшүдүм. Ошол үчүн Кудайдан жардам сурап , бутума ушул бут кийимди сатып берүүсүн суранып жатам. "- деп жооп берди. Аялдын балага бир четинен боору ооруса, экинчи четинен анын жакшылыктан үмүт үзбөй , тилек кылган жароокер көздөрүн көрүп , ичи жылып , мээримдүү жылмайып : "Жүрө кой , мени менен!"- деп дүкөндүн ичине ээрчитип кирди. Сатуучу кыз салам айтып жаркылдап тосуп алды. Ажарлуу аял сатуучу кыздан баланын бутун жылуу суу менен жууп берүүсүн суранды. Кыз ийкемдүү баш ийкеп , баланын бутун жууп берди. Аял баланын бутуна 5- 6 жылуу байпак алып берип, бутуна көзү түшүп суктанган бут кийимди алып кийгизди. Баланын кубанчында чек жок эле. Дүкөндөн чыгып , колуна бир аз акча карматып , коштошуп кетээринде, бала аялды карап:" Сиз Кудайдын жубайы болобузбу? :- деп сурады. Аял түшүнбөй , сурооңду кайра кайталачы дегенде, бала: Сиз Кудайдын жубайы болобузбу? Колу бошобой Сизди мага жөнөтүбү?"- деп суроолуу көздөрүн бакырайтып, аялды таң калыштуу карап турду. Аял баланын суроосуна жылмайып : "Ооба, Кудайдын иши көп , сендей балдар көп нерсе суранышат. Колу бошобой сураганын алып бер деп мени сага жөнөттү. "- деди.Бала жооптуу угар замат: "Мен билгенмин, билгенмин . Баары бир Кудайым тилегимди берип, ушул бут кийимди сатып берээрин билгенмин. Кудайга чоң рахмат айтып коюңуз.!"- деп кубанчы койнуна батпай коштошту.Ал эми аял болсо 'Кудайдын жубайы "- деген сөзгө бир жагынан күлкүсү келсе. экинчи жагынан сыймыктанып бара жатты.Бала аялдын карааны көрүнбөй калганча карап турду да. Апасына , бир туугандарына мактанганы үйүн көздөй жүгүрүп жөнөдү.
Көрдүңөрбү достор , наристе айткандай кыялдар орундалат.Ар бир муктаж адамга колдон келген жардамды аябай , жакшылык кылып, тамчыдай болсун кубаныч тартуулаган адам Кудайдын сүйгөн пендеси , анын жакшылык иштерин улантуучу элчиси болуп саналаарын эске алып жүрсөк! Бул кандай чоң сыймык!!! Берген кол , Кудайга жагат, алган колго караганда жакшы дегендей Кудайдын жолунда соопчулук иш кылуу баарыңыздарга насип этсин! .Кудай колдосун!
Nurkan Koichumanova
Комментарии 6