( 13- бөлүм.)
Окуу жылынын аягы,мамлекеттик экзамендерге даярдык жүрүп,мектеп турмушу окуу жаңылыктарына гана бай
болбостон,Теңиздин өз оозу менен айтыл-
ган жаңылык айылды жөөттөй каптаганы
менен,Тураттыкына гана жете элек эле.
Турмуштун нугу күтүүсүз бурулуш жасаган-
дыктан,Пери да,анын ыңгайына көнүп,кел-
ген,кеткендердин аягы алигиче үзүлө элек.
Зууракан менен Сагипанын келе жатканын
көрүп,Нарбүбү:- Чанага кошкон аттай болгон
байкуштарым,ушул жолду канча бастыңар,
келгиле,кайрылып,өз кызыңардын колунан
чай ичкиле деп,экөөнү кайрып,үйгө киргиз-
ди.Пери ушул айылдын кызы,ушул мектепти
окуп бүткөн,ыраматылык апасы да,мектеп-
тин полун жууп,көп жыл иштеген,оорунун
азабынан каза болуп калган.
Пери мектепти сагынганбы,же эжекеле-
рин көрүп,эреркеп кеттиби,кучактап көрүшүп,көз жашы кылды.-Жаман жорукту
баштабай,чайыңды даярда,деген Нарбүбү,
аркы-беркини айтып олтурду,Перини жөн
эле койсоңор,иштей бермек да,деди Зуура-
кан,эмдиги жылы деректир кетип,"Бөөка-
ранын" кызы деректир болот экен,бир ооз
эскертип койбосоңор,жаңы мугалим алышы мүмкүн,барып жаңы окуу жылына
арыз таштап койсун,деди Зууракан.Келге-
нинен кеткени бат болду го,кетпөөчүдөй бо-
луп,мектептин артынан бери коруп,жатты
эле,Нарбүбү Теңиздин дарегине бежиреп,
далай кеп айтты эле,Назбийкени алса,айыл-
га келип,иштей албайт да,деди Сагипа өлү-
мүш болуп.--Эмне,Назбийкени дейсиңби,
Нарбүбүнүн үнү калчылдап чыкты.-Ооба,
ботом,ушагы жок эле,өз оозу менен,күбү-
рөбөй жөн жүргүлө,Назбийке менен үйлө-
нүп,жашап жатам,той болот жакында,бир-
деме деп,айта турган болсоңор,таарынбагы-
ла,деп,оозубуздун баарын кемечтебедиби.
Экөө,Теңиз айтпаганды да,айтты деп,
заматта чөмөлө үйүштү.-Өлүгүңдү көрөйүн
шуркуя,бул башынан эле,баягы окууга барганда бузулган,эмнеге алименттен баш
тартты десе,кызына атасын таап берген
тура,журт бузаар,эгерим эки болбосун,ба-
ламдын башын аттап,Үрүмчүнү үч айлан-
таар кепке сөзгө калтырды.Нарбүбүнүн
жаалы көзүнөн чыгып,Назбийкенин ата-
жотосуна жеткире каргап жатты.Камкай-
мак менен ичкен чайлары каякка кеткенин
билбей калган экөө,жылып чыгышып,тигил
жаңылыкты биринчилерден болуп,угузуш-
кандарына кыжаалаттанышып,сенин же
,менин оозумду ким тырмады деп,бирин
бири жемелеп,жаман болушту.
Турат адатынча абдан кеч келди,ал
чоң кумарчы,кумар ойногону кеткенде,эки
үч күн жоголуп кетет да,таңгак акча менен
келет,Нарбүбү аны тыкыйтып туруп катат,
ал энесинен кайрылып кайра акча сура-
байт,кайдагы акча,кайдан алдың деп,энеси
да эч качан сурачу эмес.Эшикти ачаар менен баласынан ичимдик жыттанганын
сезген,Нарбүбү:-Темселеп,кайда жүрөсүң,
жаңы эле үйлөнсөң,эми бул катыныңды
тарттырып жиберип отуруп кал.Тигиниң
тигинисине тийип алыптыр го,ырыс кескен
шуркуя,деп,ыктытып турган Туратка суу
сунду.Чөнтөгүндөгү ирээтсиз тутам акчалар-
ды үстөл үстүнө коёру менен,кызыл эт көр-
гөн бүркүттөй болуп,Нарбүбү тарамышы
тарам болуп көрүнгөн,эти сөөгүнө жармаш-
кан,тарбайган колдору менен,шашып баса
калып,чыптамасынын чөнтөгүнө салып
жатты.
Нарбүбүнүн айтканы кулагына кирбе-
ген,Турат,уктоочу бөлмөсүнө бутун чечпес-
тен кирип кетти.Пери уктай элек эле,мас
күйөөсүн көрүп,иренжип ордунан турду
эле:-Назбийке,суу берчи деди,Турат,төшөгү-
нө кулап.Пери таңды аппак атырды,эртең
менен келининин кан талагандай кызарган
көздөрүн көргөн,Нарбүбү,эшикте сакалын
алып жаткан Тураттын жанына барып,кеч-
ки сөздөрүн кайталады.Теңиз менен Наз-
бийке үйлөнүптүр,дегенде,колунан кайыган
устара,жаагын шылып түшкөндөй болду.
Перинин жүдөңкү,санааркаган кебете-
син көрүп,Назбийке көз алдына тартылды.
Экөө асман менен жердей деди ичинен,
кебетесин карасаң,ара төрөлгөн улактай
болуп,анан да,атын Пери деп койгонун ка-
ра,Тураттын өзүнө өзү жини келди,мени
ким кыйнады,өзүмө чала,барды асырай
албадым,эми маңдайга жазганы ушул деп,
тойтук Эраалынын Перисин,маңдайыма
коюп жашаармын деп,таза кийим дайында,
деди өктөм.Кийим которгону кирсе,костюм
шым көйнөгү керебеттин үстүндө жатканын
көрүп,мага чала деди ичинен,Назбийке күн
сайын жумушка кийчү кийимин чыкыйта
үтүктөп,бет аарчысын чөнтөгүнө салып,кан-
дай костюм кийсе,ошого ылайыктап,галсту-
гун да коюп коёр эле.Ал кийинип эшикке
чыгып,туфлисин көрө албады,апкыты басылган туфлиси түндөгү боюнча,керебет-
тин алдында жаткан эле,мага чала деди,да
бир ирет,машинесине түшүп жатып,чай ич
деп,Назбийкече,жумушка кетээринде,Пери
чакырбады.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 52