Бир боорукер, эч кимге зыяны тийбеген, ар дайым жакшылык кылып көнгөн адам ичи тар, ач көз, бирөөнүн кубанычын көрө албаган адам менен кошуна туруп калат.
Бул кошунасы боорукер адамдын үй-бүлөсү менен бакубат турмушта жакшы жашаганын көрө албай, ар качан анын маанайын бузуу аракетинде болот. Кээде короосуна таштанды ыргытып салса, кээде эшигинин алдына жаман суу төгүп салат.
Ошондой күндөрдүн биринде боорукер адам эрте туруп короого чыгат. Ал жерде жугунду толгон чака турган болот. Ал адам жугундуну төгүп, чаканы жалтырата тазалап, анан ага бакчадан эң жакшы алмалардан терип, толтуруп кошунасынын үйүнө барат.
Эшигинин такылдаганын уккан кошунасы “аа, акыры анын жинине тийдим окшойт, эми анын жини келип, үйүндө тынчтык бузулат” деп ойлоп, айтчу сөздөрүн камдап барып эшикти ачат. Бирок кошунасы баягыдай эле жылмайган калыбында кызарган алмаларга толгон чаканы сунуп туруп: “Ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт”, - деп акырын басып үйүнө жөнөйт.#таасирдүү
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 24