Эмне деп сүйлөп койдум? Аял кишинин чачы узун болгону менен акылы кыска дегени чын да. Мен аны кетсин деген эмес элем, кетишин каалаган жок элем. Эми Жусуп келсе эмне дейм? Мен дагы кетип калсамбы. Кетип калсам Жусуптун көзүн кийин карай албай калам, аялы мен үчүн кетип калганын кантип айтам эми. Башым катып, маанайым жок олтурсам Жусуп эрте келип калды. Жусуп менин көздөрүмө тигилип карайт, баарын билет окшойт.
-- Жусуп, мен бир нерсе айтайын деген элем. Кел олтур, өзүңдү басып..
-- Мага айтты, албетте бул акылсыздык. Бирок сен тараптан эмес, ал тараптан. Эгер мен башка бирөөгө үйлөнүп, балалуу болгум келсе эчак ажырашат элем. Сен өзүңдү күнөөлүү сезбе, ал көптөн бери ошентип жүргөн. Экөөбүздүн ортобузда сүйүү бар деп эле дайыма айтып, кызгана берчү. Анан балалуу болуу бактысынан ажырап калгандан бери кызганбай калган. Көрсө табышса деп жүргөн экен.
-- Түшүндүрүп айт, биз ага карындаш катарында экенибизди.
-- Миң жолу айттым, миң жолу.
-- Сага эмне деп жооп берем деп кыйналып жүрдүм эле, жакшы болду мени туура түшүнүп. Мен дагы кетип жатам, суранам бүгүндөн калбай аялыңды алып кел.
-- Өзүңдү ыңгайсыз сезип жатсаң мейли бара бер, каршы эмесмин. Аялым болсо келбейм дейт, барып келдим. Мейли эс алып, ойлонуп анан келет..
Өзүмдү ыңгайсыз сезем да анан, келип алып аялын айдап, өзүм ээ болуп алгандай сезип жатам. Коштошуп чыгып, Аида эженин үйүнө бардым айла жок. Аида эже дагы мас экен, аял кишинин ичимдик ичкени бул туура эмес деп түшүнөм. Жаткан жери чачылган, кусуп дагы салган. Үйдүн эчак кебетеси кетип калыптыр. Аида эженин жини келгенине карабай, алып кирип жуунтуп, кийимин которуп, анан өз бөлмөсүнө алып барып жаткырып коюп, анан үй жыйноого туура келди. Уйку жок.. Дагы деле Жусуптун аялын ойлоп кыжаалат болуп жатам. Коңгуроо кылсам эч байланыша албай койдум. Айлам кетти, же кайдан издээримди билбей. Мен эртең менен жөн гана ойлонбостон сүйлөп алганымды айткым келет. Ойлонуп айтылган сөз, бирок максаты башка болчу. Мен аны менден күйөөсүн кызганып, кайрадан артка кайтса деген элем. Олтурган жеримде көзүм илинип кетиптир, таң атаарда уктасам керек, бат эле Аида эже мени ойготту.
-- Аа, сен келдиңби? Ошондой, эми жалгыз, бактысыз аял дагы бир санга көбөйдү. Кош келипсиң биздин катарга!-деп күлүп алды да, ичимдик сакталган муздаткычка жөнөдү. Мен кече үйдөгү ичимдиктин баарын төгүп салган элем. Ачып таппай калып дароо мени жаман карап алды.
-- Катып салсаң эле ичпей койот деп жатасыңбы? Азыр мен бир коңгуроо кылсам базарды көчүрүп келип беришет. Сенин ишиң болбосун.
-- Аида эже, кандай сонун жумушуңуз бар эле. Кандай сонун аялсыз, сулуу, назик жөндөмдүү. Бул эмне кылганыңыз? Бул сизге жарашабы?
-- Айттым го, сенин ишиң болбосун.
-- Менин жашоомду баштан аяк билесиз туурабы? Мен деле сабыр сактап жүрөм го тирүүлүктүн күнүн көрүп.
-- Туура, сенде менде бар нерселер жок. Ошол эле учурда менде сенде бар нерсе жок. Жаштыгым жок, жаштыгым. Эхх, жашоонун артка жылдырылып башка жолду тандоо мүмкүн болгондо, аттиң. Байлыктын артынан жүрүп, кандай балдарым бой жеткенин билбей калдым. Байлык, мен жакшы көргөн байлык мени бактысыз кылды. Сендей кезиме кайра кайтууга мүмкүн болсочу э, ошондо мени жанындай сүйгөн, мен аны жанымдай сүйгөн жөнөкөй малчы баланы тандап, уй саап, жайлоодо бирок эң бактылуу жашоону тандайт элем. А сен болсо эч кайгырба Айжамал, байлык колдун кири. Кайненен алып алган акчага кейибе, Акжол үчүн дагы кайгырба. Сен аны жакшы көрбөсөң, тозоктун өзү ошол.
-- Эх, айтканга оңой тура эже. Мындан ары эмне кылууну билбей калдым. Колумда акыркы акча бар, ал товар түгүл жол киреге жетпейт. Эми күнүмдүк жумушка чыгам.
-- Акча элеби? Эгер акча сени бактылуу кылат деп ишенсең, мына бул акчаны ал. Болгондо бересиң, болбосо ыраазымын...
Аида эже мага бир партия товар алып келүүгө жетээрлик акча таштап койду. Алаарымды же албай коюуну билбей, көпкө ойлонуп, анан эки ай токтобой иштесем кайра төлөп койот экениме көзүм жетип, акчаны алып алдым. Эч ойлонбостон билет алып койдум, учаар күнүмө чейин бош элем. Эмне кылууну билбей, Жусупка байланышып аялын сурадым. Маанайы суз, турмушка чыгып кетип калыптыр!-деди.
-- Койчу, кантип эле? Ал сени гана сүйөт эле го.
-- Мен дагы ошентип ойлогом, үч баласы менен калган кишиге тийген имиш. Өзү төрөй албаса да, бирөөнүн баласын багайын деген го.
-- Балким жөн эле айтып койду?
-- Билбейм, Айжамал бош болсоң жолугуп, чай ичели.
-- Ооба, бош элемин!-деп алып өзүм катуу уялып кеттим. Жусуп мени көрүп тургандай, кызарган бетимди колум менен жашырып жатканым эмнеси. Өзүмө күлүп жибердим, Жусуп эмнеге күлүп жатасың?-дейт. Ыңгайсыз абал, Жусуп аялын кетип калды деп чын жүрөктөн кайгырып жатса, мен аны унутуп, өзүмдүн акыбалыма өзүм катуу күлүп жибердим да.
-- Жусуп, көңүл бурба. Мен сени менен кезигем деп сүйүнүп кеттим.
-- Чын элеби Айжамал?
-- Ооба, бир тууган бир тууганды көргөндө кубанат да.
Жусуптун эски сезимин ойготуп албайын деген ой, дароо актанып, кайактагы калпты ойлонууга дагы мүмкүнчүлүк бербей, айттырып салса эмне кылайын? Өзүмдө дагы кандайдыр бир башкача сезим болуп, ичиме бирөө от жагып жаткандай сезилди. Бул сезим мени ичтен кытыгылап, бир ордумда тура албай толкунданып алдым. Эртең Жусуп менен жолугууну чыдамсыздык менен күтүп, көөдөндө тынчтык, Жусупка болгон ишеним артып жатты. Аида эже болсо көз кыры менен карап койот.
-- Эй кыз, эсиң барда этегиңди жый. Дагы бир нерсеге илинген турасың сен, кече эле ыйлактап жүрүп, бүгүн эмнеге бактылуу болуп чыга калдың? Эгер Акжол жарашам деп жаткан болсо жарашпа, сен аны бактылуу кылам деп жүрүп өлүп кетпе. Кече эле эмне кылды? Эч качан кечирбе.
-- Аида эже, мен сизге Жусуп тууралуу айттым эле го, эсиңиздеби?
-- Ким ал? Сенин бөйрөгүнду саткан немеби?
-- Жок, ал Аврам болчу. Жусуп мени Дүйшөндон куткарып албадыбы, ошол досум мени жолугушууга чакырып жатат. Мен макул болдум.
-- Аны үйлөнүп алды дедиң эле.
-- Экөө балалуу болбой, аялы башка үч балалуу кишиге турмушка чыгып кетиптир. Жаман ойдо эмес, жөн гана жолугабыз. Мен Жусупка өмүр менен карызмын, мындай учурда аны колдоп койгонум туура болот.
-- Эски сезимдер ойгонуп кетсечи? Менимче сен дагы аны жакшы көрөсүң, болгону ошол кезде Аврам жаныңда болуп, өз сезимдерин сени алдап койгон. Өзүң билесиң, мен эмне дейт элем. Бирок абайла, сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичиш керек.
Бул сөздөрдү кантип мойнума албай койом? Мейли мурунку кезди айтпасам дагы, азыркы учурда мени баскан сезимди, жактыруу, жакшы көрүү деп айта алам. Азыр, эң башкысы бул жолугушуудан мен эмне күтүп жатам? Ошону аныктап алышым керек, эгер күткөн нерсем тескерисинче чыкса, жан дүйнөм дагы өрттөнөт. Ойлонууга чама келбей, жатып калдым. Ойго алдырып жүрүп, чарчаганымды билбей калыптырмын. Качан жаздыкка баш койгондо, денем талып, бошоп катуу оору басты. Колумду ушалап жатып уктап калган экенмин, ойгонсом түшкө жакындап калыптыр. Кечки ойлор азыр жок, кечки жолугушууга жасанып барам дегеним унутулду. Анткени менин жолум дайым кара гана сызыктар дан турат, ал сызыкка мен Жусупту тарткым келбейт. Бир учурда кудай бизди кошкон эмес, балким азыр дагы алыс эле болгонубуз оң го. Күндөгү кийимдерди кийип алып Жусуп менен жолугушууга бардым. Жусуп колуна кызыл розаларды көтөрүп алыптыр. Анын дагы көздөрүндө башкача сезим жанып калган тура. Эгер адам бирөөнү жактырса, сезимин эч качан жашыра албайт. Мен ушул сөзгө кошулам, анткени оозуң алдаса дагы, көздөр эч качан жалган айтпайт. Кадимки жигит сүйгөн кызын тосуп алгандай, ал дагы мени чекемден аста өөп койду. Биз экөөбүз көп жерге бардык, маанилүү эмес кайсы жер экени, эң башкысы мен анын күйүп турган көздөрүн гана көрүп жүрдүм. Жусуп мага, мен Жусупка эч нерсе деп айта алган жокпуз. Же биз үчүн ал сөздөр маанисиз болуп саналат. Мейли, мейличи. Көптөн күткөн бакытым ушул болсо, баарына ыраазымын. Жөн гана бактылуу болуу үчүн мен бардык нерсемди берүүгө даярмын. Мындай бактылуу күндөр менин жашоомдо саналуу гана, мындай бактылуу бир күн үчүн дайым көп жылдык азап менен төлөп берип келем.
Жусуптун жанында жүргөн күндөрүм мага жагып, эч жакка баргым дагы келбей калды. Бирок иштеш керек болчу, эч нерсем жок, Жусуп мага азыр эч ким эмес. Мен Жусупка мени бак деп айта албайм. Мойнуна жип байлап койгон иттей болуп, айласыз чет өлкөгө чыгып кеттим.
Өзүм каалагандай кылып алтын, күмүштү алып кайра кайттым. Адам бир нерсе болуп жатканда акыл эсин жоготуп койот, мен дагы Жусуп менен чогу болгондо бардык нерсени унутуп коюп жатам, балким Жусуптун аялы турмушка чыкпаган чыгар. Жусуп экөөбүзгө жол ачып жаткан болсочу? Эмне болсо да, Жусуптан алыс болуу керек. Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың. Мурун Жусупту менден кандай кызганаар эле, азыр деле ичине туз куйгандай ачышып жатса керек.
Жумуш дагы жакшы болбой калды, алып келген алтындар жарымы өтсө жарымы өтпөй. Жарымы өтсө да карызга кетип, жалгыз башыма кеткен чыгаша дагы көп көрүнүп калды. Айла жоктун амалы дагы келди, чет өлкөгө иштеп кетсем окшойт. Башыма кыйынчылык күн келгенде качып жүрөм дайыма. Кыйынчылык менен бетме бет келип, өз күчүм менен алышканча качым кеткен оңой туюлат. Кээде унчукпай койуу, эч нерсе кылбоо эң туура жол эмеспи.? Же бир нерсе кылсам, башка бирөөнүн жүрөгүн жаралап алам деп коркот окшоймун. Ойлонуп акыры, калган алтындарды Аида эжеге дүң баада берип, калган карыздарды чогултуп, Аида эжеге карызымды толук берип салдым. Өзүмө кичине акча калды эле, Орусияга барууну көздөп, ошол жерден жумуш таап, жайгаштырып жардам берүүчү жерге бардым. Башка тааныштар жок болсо эмне кылайын. Бат иштешет экен, мейманканага ашпозчунун жумушун таап, жатакана ошол жерден экенин айтып, үч күндөн кийин учуп кетесиң дешти. Эч ким менен коштошпой кетем дагы, Аида эжеге айттым. Эжем каршы болуп чыкты, менин үйүмдө жаша, мага жардамчы бол, ошол акчаны берем дейт. Аида эже менин Жусуптан качып жатканымды кайдан билсин.
-- Жусуп эмне болду Айжамал? Дагы таштап кетесиңби?
-- Өзү эч нерсе деп сөз баштаган жок. Мамилебиз бир туугандай эле калат го.
-- Бактылуу болсоң экен деги, турмуш дагы ак көңүлдү таап жазалайт экен негизи. Ар бир экинчи эркекке этегин ачып бергендер бактылуу болуп эле жүрүшпөйбү. Алардын ата-энеси, үй-бүлөсү, башында жашай турган жайы бар. Жашоо адилетсиз.
-- Антпесеңиз эже, Кудайым дагы сыноону көтөрө алган жанга берет.
-- Аның чын.. Мейли эгерде ырыскың ошол жакта болсо, айла жок бары терип жейсиң да. Суранаарым дагы бир жакшылап ойлонуп көрчү.
-- Баарын ойлондум Аида эже..
Үч күндөн кийин, Аида эженин суранычы боюнча Москвадагы дарегимди, иштөөчү жайымдын дарегин жазып берип, Жусупка айтпай учуп кетип калдым. Акмактын ишин кылдым, адамга үмүт берип коюп дагы бир жолу качып кеттим. Канчалык ыйласам дагы Жусуптун алдында күнөөм кемибейт болчу. Ыза ичиме батпай, көз жашым өзүнөн өзү агып, аябай кыйналдым. Өзүмдү алаксытуу үчүн, эс албай иштедим. Жумуштан чарчаганда башка нерсени ойлоого акыбал келбей калат экен. Баарыбир, баарыбир Акжол мага кылган иши, артымдан сайган күтүүсүз бычактын ийзи, Жусупка болгон мурунку сезимдин ойногусу мени тынч койгон жок. Ыйлап уктап, ал тургай түшүмдө дагы ошолорду коруп, ыйлап ойгонуп жаттым. Убакыт баарына даары дешет беле? Ким айтты ошентип? Ооруп турган жара ооруп тура берет, болгону биз ошол ооруга көнүп калабыз. Окшош күндөр өтүп айга айланды, биринчи айлык маяна алдым. Эң жаманы мен эмне үчүн иштеп жатам, ошону түшүнө албадым. Бул жерден эч жака чыкпасам, же күйүп бышып иштеген акчама таттууларды, кийимдерди алып берчү балдарым болсочу. Мен тирүү өлүккө айландым, мага эч нерсе кызык эмес. Же башка аялдай болуп, мурунку күйөөмдүн, Акжолдун акыбалына дагы кызыккан жокмун. Каргап, жамандык дагы тилеген эмесмин. Ансыз дагы жан дүйнөсү жарым жандын бактылуу гана болушуна тилектешмин. Мейли бакытын менден таппаса, ошол менден тартып алган акчадан тапсын.....
Бул жакка келгениме эки айга жакындап калган кез эле, жанымдагы кыздар менен бир нерсени сүйлөшүп, күлүп олтурган элек. Биздин үстүбүздөн караган орус кыз күлүмсүрөп кирип келип, -- Айка, сени эшикте бирөө чакырып жатат!-деди.
Ким болду экен? Менин бул жерде эч кандай таанышым жок болсо. Же күндүзү иштеген кыз бекен? Менден тойго кошумча деп карызга акча алды эле, бирок ал үч саат мурун эле жумуштан кетпедиби беле. Анан айлык деле тийе элек болчу. Үстүмдөгү ак форманы алмаштырып, ким экенин көрүүгө шашып жөнөдүм. Мени кубаныч, кызыгуу, сүйүнүч басып турду. Кандайдыр бир саамга, өзүмдүн бул дүйнөдө жетим экенимди унутуп алдым. Акыбал сурап эч ким коңгуроо кылбаганына, бирөө жоктоп келбегенине көнүп калган элем. Чыксам эле эч ким жок экен, кайра мени тамашалап койгонбу деп маанайым түштү. Бир чети ызырынып алдым, бирок менин эч кимим жок экенин эч ким билбейт экенин эстегенде, жиним тарап кетти. Көзүмө жаш алганы дагы жетиштим, жашоомдо кимдир бирөөнүн жөн гана мени сурап коюусуна зар экенмин көрсө. Көз жашымды жашыргым келип башымды жерге салып, артка күч менен бурула бергенде, бирөөнүн күчтүү сөлөкөтүндө урундум. Башымды акырын көтөрсөм Жусуп экен, колунда мен сүйгөн гүлдөр. Бир кучак гүлдөр, бул гүлдөр мени бакытка алып учту. Гүлдөрдүн аңкыган жыты мени бакытка мас кылды. Баарын, баарын унуттум. Жусуптун кучагына куладым, биринчи ирет көз жашым үчүн уялган жокмун. Баары, баардыгы көрсүн. Бул бакыттын көз жашы экенин баары көрсүн. Мен дагы бактылуу боло алам, көз жашымдан эми уялбайм. Анткени мындан ары бакыттын гана көз жашын төгөм. Жусуп дагы мени жибербей кучактап тура берди..
-- Мен сени сагындым, сагындым. Мага баарыбир, эми меники гана болосуң.
-- Сеники болом, сеники гана.
-- Эми эч качан качып кетпейм, таштап кетпейм деп сөз бер мага. Суранам сенин бир убадан биздин жашообузду чечет. Жалжал көзүм, жалгызым, жаным, назигим убада берчи, сөз берчи.
-- Сөз берем, убада берем.
-- Канча жолу мени жалгыз таштап кеттиң, качып кеттиң.
--- Бир эле жолу, ушул кеткеним биринчи болду. Мен сенден биринчи кадам күттүм, менин кандай кыйналганымды билсең кана. Сен дагы эми мен алдаба.
-- Мени таштап башканы жакшы көрүп калганың? Аврамды издеп келип, мага айтпай кетип калганың? Баары жакшы болуп келе жатканда дагы бул жакка кетип калганың? Сен дагы билсең кана сенин ар бир кеткениң мен улам өлтүрүп жатканын.
-- Мен Израилде жүргөндө, артыңдан барам деп алып, убадага турбай ким үйлөнүп алды? Кийин бизди турмуш эки жолго салган эле, сен үй-бүлөлүү элең. Мен дагы анда башканы деп жүргөм, азыр болсо сенин үй-бүлөндү бузгум келген жок.
-- Сен бузган жоксуң, ансыз дагы араң турган эле. Чыдаган жок, өз үйүн өзү талкалап кетти. Башканын колун кармап кетти. Үйлөнүп алганда болсо, сени менен чогу турган Люда апаң мага байланышып, сен башка бирөөнү жактырып калганыңды, ансыз жашай албайт экениңди, бирок ал сүйүүгө жетүүгө мен гана тоскоол болуп жатканымды айтты. Сенин ошол учурда кыйналып, мен үчүн бактындан баш тартып жатканыңды, эгер мен өзүм сенден баш тартпасам өмүр бою бактысыз болушуңду айтты. Анан айтчы, кантип сени бактысыз жашоого ыраа көрөм? Мейли мен эптеп күнүмдү көрөм, бирок сенин бактысыз экениңди, көзүңдөн жаш акканын көрүүгө чыдабайм.
-- Люда апам акыркы сөзүндө ушул тууралуу айткан экен да. Кайран апам, мени дагы өз кызындай бактысыз болбосун деп, мага айтпай ушул ишти кылган тура. Жусуп, туура мен ал убакта адаштым, сен дагы. Кел баарын унутуп, жаңы жашоо баштайлы. Арадан өткөргөн бош жылдарды бакыт менен толтуруп алалы.
-- Кеттик...
Жусуп кеттик дегенде, кайда?-деп сураган жокмун. Анткени Жусуп менен кайда барсам дагы мага баарыбир эле. Кудай мага дароо бакыт жөнөтсө, мен аны кабыл албай, качып өзүмдү өзүм кыйнап жүргөн экенмин. Азыр болсо жасап жаткан жумушумду дароо таштап кетүү, жоопкерчилиги жок адамдын ишине жатмак. Үмүттүү көздөрүм менен Директордун көзүн карасам, ал жылмайып туруп башын ийкеп койду. Менин түнт жүргөнүмдү көрүп, сүйгөнү менен таарынышып жүрөт деп билген экен. Жусуптун издеп келгенин көрүп, жолуңдан калба дегенсип, башын ийкеп койду. Сүйүнүп, кийимдерди чогултуп баштадым. Жусуп мага ишенгенби, айтор кайра кайтууга экөөбүзгө тең билет алып коюптур. Мен жырым ай иштеген майанамды, карызга берген акчамды дагы эстебептирмин. Бир нерседен кур калчудай, сүйүнүп кетип жатсам мүдүр чакырып, иштеген айлыгымды эсептеп колума карматты. Ыңгайсыз болдум, айтпай туруп жумушту таштап кетип жатканыма. Баары менен коштошуп биз кетип калдык. Кыргызстанга учуп келсек, бизди Аида эже тосуп алды. Таң калып калыптырмын, көрсө Жусуп Аида эжеден суранып жүрүп дарегимди алыптыр. Бир жолу Аида эженин үйүндө жашап жүргөндө, Жусуп жеткирип келген эле да.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 47