Гүлнар Сох дарыясына боюн таштап жарык дүйнө менен коштошту да, бардык азаптан кутулду. Мына ушундай болду. Он сегизге толуп-толо элек кызды күйөөгө беришкен эле. Тоюн жасап беришти, апасы жакшына себи менен чыгарды кызын. Баары жакшы болгон. Күйөөсү да өзүнөн 4-5 эле жашка улуу, тең-пайы болчу. Ал ата-энесинин жалгыз уулу, ал эми Гүлнар болсо беш бир туугандын улуусу. Экөө бойлошуп басса жарашып, көргөндүн көзүн күйгүзө турган. Гүлнар мөлтүрөп сулуу, жигит да жылдыздуу, бир-бирине жарашкан жуп эле. Анан эмне болду? Гүлнардын жашоодон тоюп, өзүн өлүмгө кыюусуна эмне аргасыз кылды?..
Кеп башынан болсун. Тойдон кийин бир ай туруп-турбай Самат окууга кетти шаарга. Жаш келинчек күйөөсүн жибергиси келбесе да, унчугалбай кала берди. Себеби баарын кайнене, кайнатасы чечет да, уулу окуйм деди, алар макул, окусун дешти, анан жөнөп кетти. Ошентип Гүлнар жалгыз калды.
Айыл жеринде жумуш көп. Үй ичиндеги түгөнбөгөн жумуш, ал эсепке да кирбейт, мал-салды кароого жардам берүү керек, эки сыйыр бар, аларды убагында саап, айран сүтүнүн иши огеле көп түйшүк. Андан тышкары коргондогу жерге кортошка, пияз жана башка эгиндердин, коргондон тышкары талаадагы, жердеги эгин-тигин, тамеки!... Колу-колуна, буту-бутуна тийбей жумуш менен чуркап жүрүп, эс алууну унутуп да калат. Саматын ойлойт, сагынат, келер бекен деп күтөт. Кыйналганына да кайыл, экөөнүн келечегин элестетет. Самат окуусун бүтүп келсе... – деп ар түрдүү кыялдарга батат. Бирок Самат айылга өтө сейрек келет. Келсе да кайра тезирээк кетүүгө шашат. Гүлнар мунусуна түшүналбай, ыйлап-ыйлап алат. Ушинтип жашоо улана берди.
Гүлнар буга чыдай берет эле. Кайненесинин ашыкча катуу мамилеси жүрөгүн үшүтөт. Канчалык таң заардан туруп, узундуу күнү кечке, түн бир оокумга дейре жаны тынбай чуркаса да ал кайненесине жакпады. Ар бир кылган ишинен ката тапканы мындай турсун, келинин өтө начарсың, баланчанын келини сонун, түкүнчөнүн келини андан бетер сонун деп, кылдан кыйкым издеп жанын кейитет. Лам деп өйдө карап кайненеси менен айтышпайт. Көз жашын төгүп, жумушун иштей берет. Кээде курсагы тоюп тамак да ичпей калат. Кайнатасы келинине бир аз жан тарткан болот, бирок кемпири катуу кагып салат. Чалдын бул ишке аралашпоосун талап кылат.
Бир жолу талаада иштеп, чарчап суй жыгылып келди. Арийне, кемпир өзү да барат, бирок иштин оорун келин бүтүрөт. Гүлнар күндөгү адат боюнча жумуштан келип, сыйырды саап, торпокторун энесине коё берип коюп, чуркап келе сала кечки тамакты бышырууга киришти. Тамагын бышырып, чайды демдеп койду да, сериге келип кынтая кетти. Ошол бойдон ал жарым сааттай катуу уктап калды. Кайненеси көчөдө кемпирлер менен сүйлөшүп отурган, кайнатасы болсо намазын окуп үйдө болчу. Бир убакта кайнене кирсе, абышкасы үйдө тамакты күтүп отурат. Ал эми энесинин сүтү жок эмчектерин соро берип тажаган торпоктор чыгып келип, өсүп турган пияз-сабизди аралап, майкандап жүрүптүр. А Гүлнар болсо сөрүдө уктап жатат!
– Ай, келин, тур! – деп чаңырды кемпир, – эмне уктап жатасың! Кана тамагың? Атаң ачка отурат! А торпоктор болсо баарын жеп түгөтүптүр! Эмне, сен атайын жасап, мага өчөшүп жатасыңбы! Сага окшогон келиндин барынан жогу!
Андан ары токтободу, апасы менен атасынын жамандыгы, урук-тууганынын начардыгы, атасынын кайсы бир тууганынын камалып кеткендиги, анын кески экендиги, кайсы бирөөнүн жакшы кызын келин кылып алам десе, шайтандай болуп Гүлнар тушкар келе калганы, баласынын бактысына балта чабылганы, Гүлнардын барып турган жалкоо, акылсыз, уятсыз бетпактыгы, мындай уятсыйыты жок келинден көрө жогу жакшы экенин, келин алам десе баласына кыз деген толтура экендигин сайрай берди.
Гүлнар болсо уйкусу умачтай ачылып, эмне болуп кеткенин түшүнө албай, кемпирди карап, өң-алеттен кетип туруп калды. Эсин жыя коюп, чуркап очокко барды да, шашып казанын түшүрдү. Кайнатасынын алдына дасторкон жая салды. Тамакты алып келди, кайненесинин уу сөздөрүн да уга берди, жумушун да иштей берди, көз жашы да төгүлө берди.
– Болду! Үнүңдү өчүр деп жатам! – деп кыйкырды чал, - жаш да, чарчаган...
– Кайсы жумушту кыйратып чарчайт экен? Элдин келиндери... – Кемпир андан ары дагы уулуу сөздөрдү катары менен жаадыра берди. Адаттагыдай эле жаш келин көз жашын төгүп, жалгыз бөлмөдө тамак да жебей таң атырды.
Эртеси Гүлнар бир-эки көйнөк-көнчөгүн түйүп алды да, таң заарында туруп, кайнатасы менен кайненеси уктап жатканда чуркап чыкты. Автобус жөнөп жаткан экен. Отурду да, атасыныкына жөнөп кетти.
– Эмне болду, кызым? – Жамбы капылеттен келген кызын көрүп чочуп кетти, - тынччылыкпы? Жөн эле келдиңби, балам? Кайненең кантип жөнөттү?
– Апа! – Гүлнар апасына боюн таштап, боздоп ыйлап жиберди. Ыйлабачы, эмне болду? Айтчы, ыйлаба, кел отур, болду ыйлаба.
Экөө отурду.
– Апа, барбайм эми ошол үйгө! Минтип жашай албайм, апа! Кыйналдым абдан! Кайненем... кайненем...- Кайсы бирин айтарын билбей үнүн чыгарып өксөп ыйлай берди.
– Кой ыйлаба, атаң укса... Ал азыр келет. Эми келин болгондон кийин жашоо ошондой да, балам. Баарыбыз эле келин болгонбуз. Менин башта келин болгондогумду айтып бербедимби. Чыда. Ал эле сени жаман болсун дейт беле.
– Апа, дайыма ушинтип айтасыз, кайненемдин сөздөрүнө адам чыдап туралбайт. Мен тынбаган жумуштан кыйналганыма чыдай берем. Өткөндө эле барбай коёт элем. Мени да аяңыздарчы, апа? Канча жолу кайталанды, эми чыдай албайм. Барбайм эми, барбайм.
– Күйөөң дагы деле келбедиби?
– Жок, келген жок. Кат да жазбай койду. Каникулга келген сайын мени ага жамандай берип, акыры ал да келбей, кат жазганын да койду.
– Каякка барат эле, келет ал, болду ыйлаба, атаң да келди окшойт.
Касым эшиктен кирип, ыйлап отурган кызын көрүп эле:
– Дагы келдиңби? — деди кызына салкын гана.
Гүлнар ыйлаганын бир аз токтотуп, солуктап унчукпай отуруп калды. Атасы чечинип келип отурду да:
– М-м, кана айт, эмне болду? Баягы эле кеппи?
– Ата... Мен барбайм эми ал үйгө. Мындан ары чыдай албайм.
– Барасың. Эмне ажырашып кетейин дейсиңби? Күйөөң келе элекпи? Ал эмне дейт? Касымдын кызы эрден чыгып келиптир деген сөзгө калгым келбейт. Бир аз чыдасаң күйөө бала да келет. Анан баары жакшы болуп кетет. Эми ал карыган кемпир да, сүйлөй берет. Унчукпа, унчукпасаң эле баары жайында болот. Минтип, качып келгениң абдан уят. Мына коңшу-колондун бетин кантип карайбыз? Эртеге саар менен тур да, үйүңө жөнө. Экинчи кайтып келбегин, келсең да алардын уруксаты менен келип-кетип жүр.
– Самат да келбейт эч качан. Кат да жазбайт. Мени менен иши да жок. Ата, төрт жылдан бери кыйналып бүттүм. Айтсам ишенбейсиздер. Кайненемдин заар тилине чыдай албайм. Келсем сиздер бияктан кууйсуздар. Ал жакка барсам, андагы жашоом адам чыдагыс, ата. Колдорумду караңызчы, чор болуп бүттү. - Гүлнар эчкирип ыйлап жиберди.
– Кой, антип айтпа.
– Ал шаардан бир кызды таап алыптыр деп айтып жүрүшөт. Ошон үчүн келбейт. Кайненем уулума кыз деген толтура, үйлөп коём деп кыйкырат.
– Айта берет да... Саар менен тур да, коңшулар билип калгыча жөнөп кет.
Гүлнар түн бою ыйлап, уктай албады. Эртең менен турду да жолго чыкты. Апасы түйүнүнө бир нерселерди салып, колуна акча карматты. Кызын бек кучактап өптү да:
– Чыдамдуу бол, кызым. Анча-мынчага бош келбе. Түйшүк менен эч ким эч нерсе болгон эмес. Бул күндөр да өтүп кетет. Күйөө бала да каякка барат эле, келет да.
Мындай окуя көп кайталанды. Барса кайненеси:
– Ии, келдиңби? Мени коркутуп жатасыңбы? Кыз дүнүйөдө бир эле сен бекенсиң? Сен кетсең мен келинсиз, Самат аялсыз калат бекен? Четинен чертип алып берем. Ансыз да Самат сага жалдырап калган жери жок, сенин кеткениңден ал коркуп да койбойт. Ата-энеңе батпай кайра келдиң да. Айланып, жалдырап мага келесиң. Даяр үй, даяр тамак...
Андан ары теги сөзү түгөнбөйт. Кулагын жапырып гана көз жашын шыпырып, өзү кеткенден бери чачылып калган үйлөрүн жыйнап баштайт.
Азыр барса да ошо окуя башталат, уу сөздөрдүн дагы жаңылары даярдалып турганын билет кыз.
Жамбы ошентип кызын жубатып жолго чыгарды. Апасынын сөзүнө Гүлнар жооп да кайтарган жок. Ыйлаган да жок. Автобус менен баратып, Сох дарыясына жеткенде түшүп калды.
– Бул кыз эмне бу жерде түшүп калды? – деди автобуста отурган улгайган аял жанындагы аялга.
– Ким билет. Ушул төгөрөктө жашайт окшойт да.
– Бул жакта кыргыздар жок, бүт тажиктер жашайт ко…
– Азыркы кыздарды билесиң го, өз билгенин кылып туш келди басып кете беришет. Бу кызда бир гап бар... Бетиң менен кургур...
Гүлнар көпүрөдөн өтүп, чаңдуу жол менен узап бараткан автобусту карап саамга турду да, күркүрөп-шаркырап таштан ташка урунуп агып жаткан ылайланган кара кочкул сууну карап, жээктеги ташка отура кетти. Бир далай отурду. Ыйлаган да жок. Анан ордунан турду да, колундагы түйүнчөгүн дарыянын капортосуна ыргытты. Түйүнчөгү суунун бетинде калкып агып, суунун шары менен бирде өйдө, бирде ылдый болуп баратты, бир аздан кийин көрүнбөй калды. Өзү жээктеги чоң таштардын бирине аттап чыкты да, суу улам жаба берип, балыр байлап жылмакай тарткан ташка секирип өтө берди эле, буту тайып, заматта сууга түшүп кетти.
– Ай! Апа-а! Апаа-а-а-а! Апаа-а-а-а! Аа-а-а-а-а-а...
Кыз ылайлуу сууда колун бир-эки жолу көтөрүп, чыркырап кыйкырды. Бирок ансыз да назик, кыйын жашоосунан андан бетер арыктап, болор болбос салмагы калган кызды эбелектей эле агызып кетти, таштарга жармашууга аракеттенип жандалбастады, башы суудан чыга калганда: «А-а-а-й!» деп бир кыйкырып, дарыянын бурулуш жеринен айлампага кирип кетти да, жок болду.
Дарыя болсо мурдагы калыбын бузбай, күр-шар этип, киргилт тамчыларын жээкке чачыратып, эч нерсе болбогондой агып жатты...
#эхх тагдыр 😢
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 125