Адамдын жаралуу максаты – Аллахка кулчулук кылуу🌙
Мына бул нерсеге Аллах бардык адамдарды буюрду жана мына ушул нерсе үчүн жаратты. Аллаз Таала айтты🌹
«Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө ибадат кылуулары (сыйынуу) үчүн жараттым» (Куран, Аз-Зарият 51:56).
Жогорку аятта сөз болгондой Аллах жин менен инсанды ибадат кылуу үчүн жаратты.
Сен инсансың, демек бул аят сага да тиешелүү.
Аллах сени жеп-ичиш үчүн же бул дүйнөдө ойноп-бийлеп кетиш үчүн жараткан жок.
Айбандар антет.
Адамдар болсо улуу бир максат үчүн жаралышкан. Ал эми айланаңдагы буюмдар, нерселер жашооңду улантыш үчүн, жаралган максатыңды ишке ашырыш үчүн гана жардам болсун деп сага кызматка берилди.
Аллах инсандарды ибадат үчүн жаратты.
Алардан бир пайда көрүш үчүн же аларды иштетип кызмат кылдыруу үчүн жараткан жок.
Аллах бул нерсеге муктаж эмес.
Аллах – аль-Гоний (Бай) эч бир затка муктаждыгы жок.
Ал тамак сурабайт, тамакты Ал берет.
Ошондуктан айтты🌹
“Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да каалабайм” (Куран, Аз-Зарият 51:57).
Аллах сениң ибадатыңа да муктаж эмес.
Каапыр болсоң Аллахтын мүлкүнөн ийнедей да нерсе кемип калбайт. Тескерисинче ибадат кылууга сен өзүң кызыктарсың.
Аллах Өз рахматы менен бизге ибадатты милдеттендирди🌹
Бул нерседе өзүбүзгө гана пайда бар. Себеби кулчулук аркылуу биз Аллахтан сооп алабыз, дүйнө-акыретте сыйлуу болобуз🌹
Ким пайда көрдү?
Албетте пенде өзү🌹
Ал эми Аллах – бардык нерселерден муктаж эмес.
💻 jurogubuzdo yiman bolsun.
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев