🍀 Алла Тааланын улуулугуна даңтап-даңазаланган сөздөрдүн баары "тасбих " деп айтылат .
Бул сөздөр адамдын демине дем, күчүнө күч кошоору талашсыз чындык. Намаздан кийин айтылган тасбихтер адам баласына өзгөчө дем-күч бере турган мүрөктүн суусу сыяктуу. Ошондой эле бул тасбихтер намазды көркүнө чыгарып ,ажарын ача турган гүлзарга окшош . Пайгамбарыбыз бул тасбихтерди өзү да кылган жана аларды бизге да сунуштаган.
Бул төмөндөгү куттуу хадисти мисал келтирүүдө : Пайгамбарыбыз күндөрдүн биринде кутман сахабаларына кайрылып :
-Мен силерден мурдагыларга жете ала турган, силерден кийинкилерди артта калтыра турган жана силер кылганды кылган адамдан башка эч ким силерден жогору боло албай турган нерсени айтып берейинби?-дейт . Кутман сахабалар :
-Ооба ; Оо,Аллахтын Элчиси! Айтып бериңиз...-деп жооп күтүп карап калышат.Анда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):
-Ар бир намаздан кийин 33 жолудан тасбих (субхааналлах), хамд(алхамдулиллах) жана такбир (Аллаху акбар!-деп) айткыла !-дейт.
🌼Дагы бир куттуу хадисте мындай делет:《Кимде-ким ар бир намаздан кийин Алла Тааланы отуз үч жолу тасбих кылып, отуз үч жолу Алла Таалага хамд айтып, отуз үч жолу Алла Тааланын улуктаган соң 《Лаа илааха иллаллааху вахдахуу лаа шариика лах,лахул- мулку валахул -хамду ва хува алаа кулли шай-ин кодиир》десе, күнөөлөрдү деңиздин көбүгүнчөлүк көп болсо да,кечирилет.Бул хадистерден да тасбихаттын канчалык мааниге ээ болгондугу таасын байкалып турат . Биз кээде айрым бир себептерден улам же себепсиз намаздан кийин тасбих айтпай эле туруп кетебиз.《Кандай болгон күндө да ,тасбих айтуу-сүннөт ,парз эмес.Аны кылбасам деле болот》деген чолок ойдон арылышыбыз керек.Себеби адамдын табияты Алла Тааланы даңктап тасбих кылууга суусап турат.🍀
📚ИБАДАТТЫН СЫРЛАРЫ .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4