ОМУР СЫНАГЫ
Атамдын буюмдарын көтөрүнүп, чыгып баратканымды көргөн экөө эле эмес, ишкананын баары мени таңыркай карап, туруп калышты.
Бир нерсе дешке деле, каршылык көрсөткөн менен, менин ким экенимди, кандай өз билемдик экенимди баары билишчүү.
Чоң каробкага салынган баардык атамдын буюмун көтөрүп, унаамды жүргүзө үйгө жөнөдүм.Барып бүтүн буюмдарын бөлмөмө алып кирип жайгаштырдым.Арасынан атамда кызмат өтөгөн бүт үн адамдардын тизмегин, алардын кызмат ордуларын,
Иш кагаздарын карап чыкканым менен, бирок эч нерсе таба албай кыйналып турдум.
— Эмне кылуум керек ? Кайдан издеп, кайдан табам аларды ? Бирок ички туюмумда атамдын өлүмү жөн эмес экенин сезип жаттым.
— Бул жерде бир сыр бар ! ... Мен аны табышым керек ! Бирок кантип...
Өз суроолорума жооп таба албай, түйшөлө бердим.
Аңгыча болбой, үйгө апам келгенин терезеден көрүп турдум.Апам унаасынан түшүп, дароо эле менин бөлмөм тарапты көздөй жөнөдү.
— Бермет бул эмне кылганың ?
Апам мени бир карап, жерде чачылуу жаткан атамдын буюмдарын бир карап алды.
— Эч нерсе ! Мага эмне болуптур?
Апама кыска гана жооп берип койуп, кагаздарга үңүлүп отурган, мени караган апамдын чыдамы кетти окшойт.
— Бермет сен башкача түшүндүң окшойт жана ?
Сен такыр өзүңдү башкача туттуң, ал деген коомдук жай эмеспи ?!
— Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Ал жерден. Кандай түшүнүүм мүмкүн эле ?... Дарыгерге кеткен апам, атамдын иш канасында пайда болуп, кайдагы бир түрү суук менен атамдын бөлмөсүндө отурса ?... Мен кантип түшүнөсөм болот ?... Эчак эле башка бирөөнүн колуна өткөн компанияда апам эмне кылуусу мүмкүн ?... Такыр андай кагаз иштери менен иши жок апам, бир күнү эле ушундай ишке кызыгып калса анда да жашыруун ???... Менин сүйүктүү апамдын жообу бар бекен ушул суроолорго ? Мага жооп бериңизчи? Анда эмне себеби бар башка ? Кандай себеби болуусу мүмкүн башка ? Кызыңыздан жашырган. Атам өлүп, кан жутуп турган убагыбызда бул киши атамдын кызматын ээледи. Мейли өлуп кетсин ал атамдын табышмактуу өлүмүчү ??? Балким атамдын өлүмүнө ушул каргыш урган компания, кызмат орду күнөөлүү эмес бекен ?...
Апама жамгырдай суроолорду жаадырып, ичимдеги болгондун баарын айтып салдым.
Апам эмне дешин биле албай, тек гана көзүн жума, бир аз бөлмөгө отура кетти.
— Бермет сен азыр эч нерсеге түшүнбөйсүн ?
— Анда түшүндүрүңүз апа ?!
Апамдын көздөрүнө тике карадым !
— Билесинби ? Бермет сен үчүн бул нерселерди билиштин кереги жок. Сен анда башка, мурунку эрке, эч нерсени билбеген Бермет боло албайсын. Бул нерселер жашооңду түп тамыры менен өзгөртүүсү толук мүмкүн.
— Мага көп көңүл бурбай калганыңыз үчүнбү сиз мени тааныбай баратасыз апаке ... Мен баштагы эрке кыз эмесмин. Эркелигим атам каза болгон күндөн баштап унутулган. Сиз өзүңүз менен болуп жүрүп унутуп койдуңуз кызыңыз мурунку эрке, эч нерсе түшүнбөгөн кыз эмес .Атамдын өлүмү эчак эле тагдырымды түп тамырынан бери өзгөртүп салган.
Апам мени ойлонуп, бир убакка дейре карап отурду.
— Эмне кылмакчысын ?
Апамдын күтүүсүз берген суроосу мени таң калтырды.
— Эмнени эмне кылам ? Эч нерсе кылбайм ! Мен эмнени түшүнмөк элем ? Атамдын буюмдарын болсо, бийик жерге койуп алам, жаныма сактап. Баары бир билем го алар сизге кереги жок.
Апам үн катпай, сыртты көздөй жөнөдү.
— Мен да эч нерсе дегеним жок.
Мен апамды ал киши менен бирге көрүүгө даяр эмес элем. Болгондо да атамдын иш канасында. Эмне үчүн апам мени " дарыгерге барам " деп жалган айтты да, атамдын ишканасына барды.
Мен үчүн түшүнүксүз. Апама бирок катуу айтып сурай албадым.
Мейли өз билгенимче иш жүргүзөм.
Мурункудай көчөгө да чыга элекмин. Курбу курдаш, баарын унутканмын. Ар кайсыл көңүл ачуу жайлар да эсимден чыккан.
Болгону күн өткөн сайын, мага баары татаал болуп баратты.
Убакыт зымырап учкан менен, мен эч кандай атам жөнүндө эч нерсе таппай турдум.
— Ало кандайсыңар ?
— Жакшы ким экен бул ?
Менин кимдигим силерге караңгы болуп турсун. Болгону менин сөздөрүмдү сыр сактасаң, мен көп нерсени айтып берем. Бул силердин үй бүлөөңөргө тиешелүү. Бул сен үчүн чоң жаңылык. Бирок өзүңдү абайла. Байкап калышса чоң балееге каласын.
Келген чалуудан чыккан үн сүрдүү жоон, анан да коркунучтуу угулду.Менин башка сөзүмдү укпастан туруп, ал үн телефонду койуп салды.
— Ало - ало кимсиңер өзүңөр ?
Жоопсуз кала, шалдайып отуруп калдым.
— Ээми эмне кылуум керек ? Эмнелерди билет экен бул ким болуусу мүмкүн ?
Оюмда толтура суроолор башымды айлантып, бир да жооп таба албай, кандай балекет нерсеге кабылганымды билбей турдум.
— Балким апам чын эле баарын билди бекен эле ?Биздин үйдө дагы кандай сыр болуусу мүмкүн ? Оюма бир нерсе кылт дей түштү.
— Ооба барып, бул белгисиз номер кай жактан келген чалуу экенин такташым керек ! Ордумдан туруп, кийинип алып көчөнү көздөй жөнөдүм.
Апамдын кайда барасын ?.. деген суроосун да жоопсуз калтырдым.Эгер мени ошончо сыноо күтүп турган болсо, демек анда мен да, баарына алдынан даяр болууум керек.
— Ооба бүт баарын жеңип өтүүм үчүн аракет кылышым керек . Ким билет балким эртең эмне болуп кетем ?Бирок колумдан келген нерсени жасашым керек ! Бат эле, тез эле чегинип оюндан чыгып кетсем, бул мен эмес болуп калам. Анда эле көздөгөн максатыма жетпейм . Көчө кезе, унаамда баратып, ушулардын баарын ойлоп кеттим.
— Бар тобокел !
Аракет кылуум керек.
Шаар ичинде адам көп. Унаамды токтотуп, өзүм түшө, аркы жакта жайгашкан жерге көздөй жөнөдүм.
— Чоң кыз абайлаңыз ?! Өтүп бараткан мени бей тааныш колдор, колумдан өзүнө тарта, бекем кучактады.Жанымдан зуулдаган унаа эч нерсени карабай, айдап өттү. Узун чачымды желге сапыра, шамал менен зуулдаган машина, мени койуп кетээрине аз калган.
— Сен ! ... Койуп жибер !
Мен ал жигитти жазбай тааныдым. Ооба ал ошол... Бир кезде мен, унаам менен уруп кете жаздаган жигит.
— Дагы сизби ? Абайласаңыз болмок экен ?.
Уруп кетсе эмне кылмаксыз, же сизге баары бирби ?
Мени бир карап, жанагы унаа кеткен тарапты бир карап сүйлөнүп алды.
— Ооба бирок баары бир кайра жолуктук ээ ?
Сүйлөп бүтүп алып, кайра мени карай, жылмайып колун сунду.
— Сизди кайра көргөнүмө кубанычтамын !
— Рахмат жардамыңыз үчүн .
Мен жактырбагандай түрдө, аны бир карап алып, жолумду уладым
— Бул сапар кайда аттандыңыз ? Бул жакта эмне кылып жүрөсүз ?
Ал менин артымдан калбай ээрчип кете берди.
— А сизге анын эмне кызыкчылыгы бар ?
Мен да ага каршы жооп айтып койдум.
— Ал тарапка бараткан болсоңуз ал имарат да жабык экен.Бекер эле убара болуп кереги барбы ?
Артымдан сүйлөгөн тигини да укпай, жөнөп кете бердим. Бирок чын эле имараттын сыртына кулпу салынып туруптур.
— Айтсам ишенбейсиз да.
Ал мени карап күлүп койду.Бирок мен аны караганым да жок.
Оюмда батыраак тиги белгисиз номерди тактасам.
Жанагы кеткен унааны да бекер , жөнөткөн эмес экен.
— Эмне кылуу керек эле ? Зарыл болсо жардам берүүм мүмкүн ?!
Анын айткан сөздөрүн көп этибарга албадым.
— Мен үчун жакшы бир иш кыла аласыңбы ?
— Аракет кылайын.
Менин суроомо ойлонбой туруп жооп берип, өзүн оңдонуп алды.
— Жеңил эле жумуш, мени жалгыз калтырсаңыз эле болду.
Мен анын шагын сындыра жолумду уладым.
Ал да уялып кетти көрүнөт. Мени бир карап алып уламдан, улам артымдан узап калып кетип жатты.
— Кутулдум окшойт акыры андан.
Ичимде өзүмчө жеңилдеп алган сыяктуу алды көздөй бастым.
Бир аз ары басып, бирок ал эшик да жабылып турганын байкадым.
— Бул эмнеси баары жабык ?
Башка жерди билбейм, демек башка жакка барууга туура келет.
Айла жок үйдү көздөй бет алдым. Унаам токтогон жайдан кыйла алыстап калган экенмин. Жана эле кеткен жигит, заматта эле кайра пайда боло, колумдан тартып, эл арасына карай шашыла алып жөнөдү.
— Сага эмне болду ? Кайда алып баратасын ?...
— Азыр убакыт жок !
Андыктан шашылуубуз керек ?! ...
Ал мени колумдан тарта шашылып, элди көздөй аралап кетип бараттык.
— Сага эмне болду ?Тарт колуңду
Ээн жагыраак, элден чыгып калган кезде, колумду тартып алып бакырып жибердим.
— Кайда жөнөдүң мени тынч кой ?
Мейли жөнө, бар тигил жакка, көр өз көзүң менен. Анан түшүнөсүн. Сенин өмүрүң коркунучта.
— Кара ме муну көр ?! ...
Колума вид камераны карматып таштады. Эмнеге экенин түшүнө албадым, бирок ачып көрүүнү чечтим .
— Бул эмне ? Эмне кылам муну ?
Камераны шап колумдан ала, ичиндеги сүрөттөрдү өзү көргөзүп кирди.
— Мына кара ?! ... Бул жанагы, сени уруп кете жаздаган унаа жакшылап кара ?! Ээми муну кара?.. Бул жигиттер ким деп ойлойсун ? Колундагы сүрөттү кара. Ким деп ойлойсун ?
Жакындатып, жылдырып карап алып, эки жигиттин колундагы сүрөткө көзүм түштү.Бул мен эле. Бул менин сүрөтүм эле.
— Бул эмнеси ? Таң калып карап алып, түшүнбөй турдум. Коркуп да кеттим. Негедир жүрөгүм тыз дей түштү.
— " Буларга мен эмне үчүн керекмин ?" деп ойлогончо тиги жигит менин колумдан камераны жулуп алды.
— Ээми түшүндүңбү ? Бул кыз сен, а булар жөнөкөй адамдар эмес. Сенден аларга эмне керек билбейм ! Бирок булар сени табышса, соо коюуларына көзүм жетпейт.
Көзүмө жаш келе, асманым жерге кулагансып туруп калдым.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7